Мусанын таягы жыланбы, ажыдаарбы?
Жыланбы, Ажыдаарбы?…Куранда кетирилген катабы бул?..Анын үстүнө мутешабих болгон бул аяттардын башка жоруму болушу мүмкүнбү?
Муса баянына тиешелүү эки аятта кездешкен сөздөрдө да карама-каршылык бар деген доомат бар. Аяттар төмөнкүдөй:
Ошентип (Муса) таягын ыргытканда, ошол замат ачык-айкын ажыдаар боло калды. (7 Аль-Араф сүрөсү, 107)
Ошентип, аны ыргытты; (бир көрсө) ал дароо тез чуркаган (чоң) жылан (боло калыптыр). (20 Таха сүрөсү, 20)
Аль-Араф сүрөсүндө Муса таягын ыргытканда ажыдаарга айланганы айтылса, Таха сүрөсүндө болсо чоң жыланга айланганы айтылат. Бул эки аятта айланган жаныбардын аттары ар башка кездешет.
Бул жерде көңүл бура турган биринчи нерсе, Аль-Араф сүрөсүндөгү жана Таха сүрөсүндөгү баяндалган эки окуя бири-биринен айырмаланат. Бир эле маселе жөнүндө сөз болгон жок. Эгер тиешелүү аяттан мурунку бир нече аят окулса, муну оңой эле көрүүгө болот.
Аль-Араф сүрөсүнүн 107. аятында фираун менен жолугушуу учурунда болгон окуя баяндалат жана ага каршы Муса таягын ыргытат. Таха сүрөсүнүн 20. аятында болсо Фираунга барардан мурун Аллах Мусага берген керемттерин көрсөтүп жатканда, таягын ыргытуусун сурайт. Эки башка абалда өлчөмү жагынан бири-биринен айырмаланган жаныбарларга айланган болушу мүмкүн. Окуялар ар башка болгондуктан, карама-каршылык жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн эмес.
Мындан тышкары эки аятта кездешкен сөздөр бири-биринен айырмаланса да, жалпы сөздүк маанилери бар. Сөздүккө караганда экөөнүн тең “жылан” деген мааниси бар экени көрүнөт. Мисалы, Таха 20да кездешкен “Hayyatun” сөзүнүн мааниси “жылан”. ( Булак: Kuran’ı Kerim Lügatı, Timaş басмасы бет, 160)
Аль-Араф 107деги “Suaba” сөзүнүн да ”жылан” деген мааниси бар. ( Булак: Kuran’ı Kerim Lügatı, Timaş басмасы бет, 112) Бирок кээ бир котормочулар жылан маанисин эмес, башка маанисин котормосунда колдонушкан. Булар маанилеш сөздөр. Бул жагынан караганда да ортодо карама-каршылык жок экени түшүнүлөт.
Ар бир доордо жашаган жана жашай турган четке кагуучу жана кысымчыл режимдерди символдоштурган фираун жана анын колдоочулары менен Муса пайгамбар менен символдоштурулган жаратылыш жана таухид коргоочуларынын ортосунда өтөт бул баян. Фираун, биздин заманда жашаган материалист/эволюцияга ишенгендер сыяктуу жаратылышты четке кагат жана Нил дарыясында жашоо кокустан башталды деп элге таңуулайт. Башкача айтканда, азыркы эволюционисттер сыяктуу жаратылышты четке кагат.
Мына фираундун колдоочулары ортого таштаган жана илимий кылып кап кийгизген бул четке кагуу системасы жылан менен сүрөттөлөт. Ал эми пайгамбар менен жиберилген чындык бул эмес. Азыркы жаратылышчылар ортого таштаган чыныгы илим да фираундун калптарын жок кылат. Аят кыскача ушул. Силер да билесиңер, илим/медицина ар бир доордо жылан/ажыдаар түрүндө символдоштурулган. Эң тууранын Аллах билет.