Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда ойлонуу органы эмне үчүн жүрөк?

Бул абал араб тилинин өзгөчөлүгүнөн келип чыгат. Ар бир тилдин өзүнө таандык туюнтуу жолу бар. Akıl сөзү түрк тилине өткөн арабча сөз. Akıl сөзүнүн негизги мааниси “байлоо”. Акылдуу адам ката кетирбөө туура жүрүү үчүн өзүн байлайт. Түрк тилинде akıl сөзүнүн маанилеши “us” сөзү. Uslu çocuk дегенде тарбиялуу жана жакшы жүргөн баланы түшүнөбүз.

Akıllanma, uslanma, жакшы жүрүү көбүнчө жүрөккө байланыштуу жүрүм-турумдар. Мүнөзү жакшы адамдардын да, мүнөзү жаман адамдардын да мээси бар. Бирок жаман жүрүп башкаларга зыян келтирген кишини ”мээсиз” эмес, “жүрөксүз” дейбиз. Ката кетирип өзүнө өзү зыян келтирген кишини да ”жүрөксүз” эмес, “мээсиз” дейбиз.

وَٱخْتَارَ مُوسَىٰ قَوْمَهُۥ سَبْعِينَ رَجُلًا لِّمِيقَٰتِنَا فَلَمَّآ أَخَذَتْهُمُ ٱلرَّجْفَةُ قَالَ رَبِّ لَوْ شِئْتَ أَهْلَكْتَهُم مِّن قَبْلُ وَإِيَّٰىَ أَتُهْلِكُنَا بِمَا فَعَلَ ٱلسُّفَهَآءُ مِنَّآ إِنْ هِىَ إِلَّا فِتْنَتُكَ تُضِلُّ بِهَا مَن تَشَآءُ وَتَهْدِى مَن تَشَآءُ أَنتَ وَلِيُّنَا فَٱغْفِرْ لَنَا وَٱرْحَمْنَا وَأَنتَ خَيْرُ ٱلْغَٰفِرِينَ

Арабыздагы мээсиздердин кылгандары үчүн бизди кыйратасыңбы?.. (Аль-Араф сүрөсү, 155)

وَأَنَّهُۥ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى ٱللَّهِ شَطَطًا

“Чындыгында мындай: Биздин мээсиздерибиз, Аллахка карата ‘толгон маанисиз нерселерди’ айтышкан.” (Аль-Жин сүрөсү, 4)

سَيَقُولُ ٱلسُّفَهَآءُ مِنَ ٱلنَّاسِ مَا وَلَّىٰهُمْ عَن قِبْلَتِهِمُ ٱلَّتِى كَانُوا۟ عَلَيْهَا قُل لِّلَّهِ ٱلْمَشْرِقُ وَٱلْمَغْرِبُ يَهْدِى مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٍ مُّسْتَقِيمٍ

Кээ бир мээсиз адамдар: “Аларды мурунку кыблаларынан буруп жиберген эмне?” “ (Аль-Бакара сүрөсү, 142)

Черкес тилинде да, дал араб тилиндегидей ойлонуу жана түшүнүү иши жүрөккө байланат. Бул, тилдин түзүлүшүндөгү өзгөчөлүк. Куран черкес тилинде түшкөндө ойлонуу органы катары “жүрөк” сөзү колдонулмак. Бирок түрк тилинде түшкөндө “мээ” сөзү колдонулмак.

Коомдо акыл менен зээн бирдей деп ойлонулат. Зээн, мээнин ичиндеги уюшулууга байланыштуу абал. Акыл болсо адамдын абийирин акырына чейин колдонуп, жашоосунун ар бир учурунда Аллах эң ыраазы боло турган жана Куранга эң ылайыктуу мамилени тандашы жана мунун натыйжасында бүт жашоосун камтыган ой жана мамиле кемчиликсиздигине ээ болушу. Мээге байланыштуу зээн менен, жүрөктүн түшүнүүсүнө жана абийирге байланыштуу акыл башка-башка түшүнүктөр.

Аллах аятта, ”… Жүрөктөр Аллахты зикир кылуу менен гана мутмаин (канааттанган) болот.” (Ар-Раад сүрөсү, 28) дейт. Башка бир аятта жүрөктөрү канааттанган жана насаат алгандар таза акыл ээси ыймандуулар экенин билдирет. Акылдын таза болушу, напсинин эмес, абийирдин алдыга чыгышы менен жетиле турган өзгөчөлүк. Абийир да мээ менен эмес, жүрөктүн түшүнүгү менен байланыштуу абал. Напси, абийирдин карама-каршысы болгон түшүнүк. Напси менен абийир дайыма кагылышат. Абийири менен иш кылбаган кишилердин ”…Жүрөктөрүндө оору бар…” (Аль-Бакара сүрөсү, 10) Напсини алдыга чыгаргандыктан абийиринин үнүн уга албай калышат жана ”Ошентип жүрөктөрүнүн үстүн мөөрлөгөн, эми алар түшүнө алышпайт.” (Аль-Мунафикун сүрөсү, 3)

Акыл/абийир жүрөктө экени жана “акылсыз”дардын жүрөктөрү жабык болгондуктан акыл жүгүртө алышпаганы бир аятта мындай туюнтулат:

أَفَلَمْ يَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَتَكُونَ لَهُمْ قُلُوبٌ يَعْقِلُونَ بِهَآ أَوْ ءَاذَانٌ يَسْمَعُونَ بِهَا فَإِنَّهَا لَا تَعْمَى ٱلْأَبْصَٰرُ وَلَٰكِن تَعْمَى ٱلْقُلُوبُ ٱلَّتِى فِى ٱلصُّدُورِ

Жер бетинде кыдырып жүрүшпөйбү, ошентип алардын акыл жүгүртө турган жүрөктөрү жана уга турган кулактары боло калсын? Анткени чындыгында, көздөр сокур болбойт, бирок төштөгү жүрөктөр сокур болот. (Аль-Хаж сүрөсү, 46)

وَلَقَدْ ذَرَأْنَا لِجَهَنَّمَ كَثِيرًا مِّنَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ لَهُمْ قُلُوبٌ لَّا يَفْقَهُونَ بِهَا وَلَهُمْ أَعْيُنٌ لَّا يُبْصِرُونَ بِهَا وَلَهُمْ ءَاذَانٌ لَّا يَسْمَعُونَ بِهَآ أُو۟لَٰٓئِكَ كَٱلْأَنْعَٰمِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ أُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْغَٰفِلُونَ

Жүрөктөрү бар, аны менен түшүнүп-аңдашпайт, көздөрү бар, аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, аны менен угушпайт. (Аль-Араф сүрөсү, 179)