Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда эркектер аялдардан артыкпы?

Атеист жана салтчыл дин түшүнүгүнө ээ достордун эркектин аялдан артыктыгына далил катары көрсөткөн эки аяты бар. Темага байланыштуу алгач Ан-Ниса сүрөсүнүн 34-аятын карап чыгалы.

ٱلرِّجَالُ قَوَّٰمُونَ عَلَى ٱلنِّسَآءِ بِمَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ وَبِمَآ أَنفَقُوا۟ مِنْ أَمْوَٰلِهِمْ فَٱلصَّٰلِحَٰتُ قَٰنِتَٰتٌ حَٰفِظَٰتٌ لِّلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ ٱللَّهُ وَٱلَّٰتِى تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظُوهُنَّ وَٱهْجُرُوهُنَّ فِى ٱلْمَضَاجِعِ وَٱضْرِبُوهُنَّ فَإِنْ أَطَعْنَكُمْ فَلَا تَبْغُوا۟ عَلَيْهِنَّ سَبِيلًا إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيًّا كَبِيرًا

Эркектер аялдардын үстүнөн өкүм сүрүшөт. Ошол себептен Аллах алардын кимисин (эркектерди) кимисинен (аялдардан) артык кылган. (Ан-Ниса сүрөсү, 34)

Аятта кездешкен ”erricalü kavvamune alennisai” сөз айкашы ”эркектер аялдарга кам көрөт” же ”эркектер аялдардын жашоо-тиричилигине жооптуу” деген мааниде которулушу керек болсо да, көпчүлүк котормолордо эркек аялдын үстүнөн бийлик/өкүм сүрүүчү деп которулган.

Котормо жазгандардын көбү бул аятта кездешкен ”kavvam” сөзүн ”башкаруучу, өкүм сүрүүчү” деп которгонуна карабастан, кандай гана акылмандык болсо да, ошол эле сөз кездешкен Ан-Ниса сүрөсүнүн 135-аятында жана Аль-Маида сүрөсүнүн 8-аятында ”адилеттикти бекем кармагыла, адилеттикке кам көргүлө” деп которулган.

Дагы ошол эле аятта ”feddelellahu badehum ala badin” сөз айкашынын мааниси ” ар бирине ар башка жөндөмдөрдү жана касиеттерди бердик” дегенди билдирет. Бирок көп котормолордо эмнегедир ”Аллах кээ бирлерин (эркектерди), кээ бирлеринен (аялдардан) артык кылган” деп которулган.
Аятта ”Аллах эркектерди аялдардан артык кылган” деп жазылса, мындай болушу керек эле; faddalellahur ricae alen nisai.

Аятта кездешкен ”badehum” (кээ бирлери) сөзүндөгү ”hum” ат атоочун жалаң эркектерге багыттасаңар, маани мындай болот: Аллах эркектердин кээ бирин кээ биринен артык кылган. Бул болсо аят турган текстке туура келбейт.
Hum ат атоочун эркектер менен аялдардан турган аралаш топко багыттасаңар, маани мындай болот: Аллах эркектер менен аялдардын кээ бирин кээ биринен артык кылган.

Ан-Ниса сүрөсүнүн 32-аятында жана Ар-Рад сүрөсүнүн 4-аятында ошол эле сөздөр кездешет. Бирок кандай гана акылмандык болсо да, бул жерде ”кимиңерди кимиңерден артык кылды” деп которулган. Аяттын мааниси ”Аллах ар бирине ар башка жөндөмдөрдү жана касиеттерди берген” дегенди билдирет. Жынысты бөлүү жок. Аяттын туура котормосу төмөнкүдөй.

Эркектер аялдарга кам көрүүгө милдеттүү. Анткени Аллах ар бирине ар башка жөндөмдөрдү жана касиеттерди берген. Чынында эркек үйдүн жашоо-тиричилигине жооптуу… (Ан-Ниса сүрөсү, 34) (Edip Yüksel)

Edip Yüksel

Эркектин артыктыгына далил катары көрсөтүлгөн башка аят болсо Аль-Бакара 228. Аяттын акыркы бөлүгүн алынып, биринчи бөлүгү этибарга алынбаса, эркек аялдан артык болгондой жыйынтык чыгат. Бирок аятты бүтүн окуганыңарда, мындай мааниге алыстан-жакындан эч тиешеси жок экенин көрөсүңөр. Аятка карап көрөлү;

وَٱلْمُطَلَّقَٰتُ يَتَرَبَّصْنَ بِأَنفُسِهِنَّ ثَلَٰثَةَ قُرُوٓءٍ وَلَا يَحِلُّ لَهُنَّ أَن يَكْتُمْنَ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ فِىٓ أَرْحَامِهِنَّ إِن كُنَّ يُؤْمِنَّ بِٱللَّهِ وَٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ وَبُعُولَتُهُنَّ أَحَقُّ بِرَدِّهِنَّ فِى ذَٰلِكَ إِنْ أَرَادُوٓا۟ إِصْلَٰحًا وَلَهُنَّ مِثْلُ ٱلَّذِى عَلَيْهِنَّ بِٱلْمَعْرُوفِ وَلِلرِّجَالِ عَلَيْهِنَّ دَرَجَةٌ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Ажырашкан аялдар, никеге турбастан үч айыз мезгили бою күтүшөт. Эгер Аллахка жана акырет күнүнө ишенишсе, жатындарында Аллах жараткан нерсени жашыруу аларга адал эмес. Ушул мөөнөт ичинде элдешүүнү каалашса, күйөөлөрүнүн аларды кайра алууга биринчи кезекте укугу бар. Эркектердин адилеттик өлчөмдөрү боюнча аялдардын үстүндө укуктары болгондой эле, аялдардын да эркектердин үстүндө укуктары бар. Күйөөлөр жубайларынын үстүнөн артыкчылыкка ээ. Аллах кудурет жана даанышмандык ээси.. (Аль-Бакара сүрөсү, 228)

Аятта ажырашкан эркек менен аялдын абалы баяндалат. Ажырашкандан кийин аялдын үч айыз мезгили күтүшү керектиги, ушул мөөнөт ичинде кош бойлуу экени билинсе, баланын атасы болгон мурдагы күйөөсүнүн аялга үйлөнүү жагынан башка эркектерге караганда артыкчылыгы/үстөмдүгү бар экени билдирилет.

Аллах аятта ”Эркекпи, аялбы, ыймандуу катары ким жакшы амал кылса, эч шек жок Биз аны сонун жашоо менен жашатабыз жана алардын сыйлыгын кылгандарынын эң жакшысы менен сөзсүз беребиз.” (Ан-Нахл сүрөсү, 97) дейт. Эркек менен аял амал жагынан толук тең. ”Аллахтын алдында силердин эң артыгыңар (расасы же теги боюнча эмес) такыбалыкта эң алдыда болгонуңар.” (Аль-Хужурат сүрөсү, 13)

Жыйынтыгында эркек аялдын өкүм сүрүүчүсү эмес, аны коргоп, ага кам көрүүчүсү. Куранда кайрылуу ”ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга айт” түрүндө болот. Эч ким эч кимден артык эмес. Артыкчылык жалаң такыбалыкка жараша. Бул да Аллахтын алдында.

وَٱلْمُؤْمِنُونَ وَٱلْمُؤْمِنَٰتُ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَآءُ بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِٱلْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ ٱلْمُنكَرِ وَيُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤْتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَيُطِيعُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ أُو۟لَٰٓئِكَ سَيَرْحَمُهُمُ ٱللَّهُ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-биринин достору. Жакшылыкка буйрушат, жамандыктан тыйышат, намазды толук окушат, зекет беришет жана Аллахка жана Анын Элчисине баш ийишет. Мына Аллах ырайым кыла тургандар ушулар… ( Ат-Тавба сүрөсү, 71)