Куранда 5 белгисиз нерсе деген маселе барбы?
Лукман сүрөсүндөгү бир аятка жана бул тууралуу риваят кылынган бир хадиске таянып, 5 нерсени эч качан билүүгө болбойт деп айтылууда. Бирок бүгүнкү технологиялык өнүгүүлөрдүн жарыгында билүүгө болбойт деп ырасталган нерселердин кээ бирлери белгилүү экени ачыкка чыгууда. Жаңылыш жоруулар менен жолго чыкканда илим менен Куран аяттарынын ортосунда карама-каршылык бардай сезилиши мүмкүн. Адегенде бул дооматтын булагы болгон хадисти жана аятты көрөлү, андан кийин дооматка баа берели.
Бул дооматка негиз болгон бир риваят бар. Ага ылайык бир бадави пайгамбарга келип 5 маселени сурайт. Бул суроолор мындай: “ Кыямат качан болот?, Качан жамгыр жаайт?, Аялым качан төрөйт?, Кайда өлөм? Жана Эртең эмне табам?
Хадистерге ылайык Лукман сүрөсүнүн 34 аяты ушул суроолордун негизинде түшүрүлгөн. Жана кээ бир салттуу муфассирлер аятта бул 5 суроонун жообун эч ким биле албайт деп айтылууда.
Бирок бүгүнкү күндө Эне курсагындагы түйүл технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен белгилүү же жамгырдын качан жаай турганын илимпоздор аныктай алышат.
Пайгамбарыбызга таандык кылынган хадиске таянып жорумдалган муфассирлердин жорумуна ылайык Куран буларды билүүгө болбойт дейт.
Лукман сүрөсүндөгү аят кунт коюп окулганда абал таптакыр башкача экени көрүнөт. Лукман сүрөсүндөгү аят мындай:
‘’ Кыяматтын качан келери жөнүндөгү билим Аллахтын алдында. Жамгырды Ал жаадырат, Жатындардагыны билет. Эч ким эртең эмне таба турганын билбейт, эч ким кайсы жерде өлө турганын да билбейт. Шексиз Аллах баарын билет, бардык нерседен кабардар.” (Лукман сүрөсү, 34)
Аятка ылайык Кыяматтын билими Аллахтын алдында. Жамгырды жаадыруучу Аллах, бирок аятта анын качан жаары белгисиз деген баян жок. Куранда билдирилбеген маселе ойдон чыгарылган же туура эмес түшүнүлгөн хадистердин таасири астында аяттарда билдирилгендей жорумдалууда. Ошол эле сыяктуу аятта жатындардагыны Аллах биле турганы түшүндүрүлөт. Бирок башка эч ким биле албайт деген баян аятта жок. Эне курсагындагы баланын абалы, жынысы, ДНК анализдери менен генетикалык түзүлүшү, алып жүргөн генетикалык оорулары ж.б. баары белгилүү боло алат. Аятта булар белгисиз деген сөз жок.
Аяттын уландысында билүүгө мүмкүн болбогон эки нерсе көрсөтүлөт. Булар эртең эмне таба турганыбыз жана кайда өлө турганыбыз тууралуу маселе.
Демек, Куранга карата сын айтылганда, салттуу жорууларга байланып калбай, Курандын текстин карап сын айтуу туура болот. Ошондо ырасталган карама-каршылык карама-каршылык эмес, жөн гана туура эмес жоруунун натыйжасы экени түшүнүктүү болот.