Куранда ”Айт, Айткын” деген сөз кездешпеген аяттар карама-каршылыктуу эмес
Куранда кээ бир аяттарда “Айткын” деген сөздүн колдонулбаганын өздөрүнө аргумент кылган достор изилдебестен сокурларча сын айтып жатышат деп айта алабыз… Мисалы; Аль-Анам сүрөсүнүн 104. жана Ан-Намл сүрөсүнүн 91. аяттары жана ушул сыяктуулар үчүн да “Айткын” деген сөз жашыруун түрдө бар. Бул Куранга таандык стилдик өзгөчөлүк. Араб тилинин даамын сезген адам бул тексттерде эч качан төмөндүк, кемчилик сезбейт. Сөздүн табигый агымынан; бул сөз, Аллахтын сөзү экенин түшүнөт. Чындыгында, батыштыктар тарабынан жасалгандарын да кошо алганда, дээрлик бардык Куран котормолорунда “Айткын” деген сөз кашаанын ичинде көрсөтүлгөн.
“Айткын” буйругу менен башталган аяттарда сөз калыбы, Аллахтан Кулга карай багытталган түрдө калыптанган. Эгер сөз калыбынын мындай болушу, ал сөздүн Аллахтын сөзү экенин далилдөөгө жетиштүү болсо, бул жагдайды Куран болжол менен үч жүз жолу ортого койгон болот. Дагы эгер бул жагдай, Куран Аллахтын сөзү же эмес экенин көрсөтүү жагынан өмүрлүк мааниге ээ болсо, (Куран Мухаммед пайгамбардын сөзү деген доомат боюнча (!)) Мухаммед пайгамбар муну билет жана ага болжол менен үч жүз жерде көңүл бурган. Андай болсо бир нече жерде эмнеге көңүл бурбай калмак эле? Ошентип ал унутуп калган деген доомат да жараксыз. Анткени анын, дайыма окуп, даават кылган Кудай сактасын Курандагы бул кемчиликти (!) байкабашы мүмкүн эмес.
Анын үстүнө, Куран өз тилинде түшкөн, мушрик арабдар, Куранга болгон бардык душмандыгына карабастан мындай каршылыкка эч качан батынышкан эмес. Каршылык айтуу кайда, Курандын бардык өжөр талаптарына жана чакырыктарына карабастан, ага окшош китеп, анын сүрөлөрүнүн бири сыяктуу бир сүрө, бир аят, бир сөз алып келе алышкан жок. Куран пайгамбардын сөзү болсо, аны менен бир уруу, бир коом жана чөйрөнү бөлүшкөн, бир тилде сүйлөгөн, социалдык абалы жагынан андан жогору турган араб мушриктери да, мындай китепти ортого коймок. Бирок муну ишке ашыра алышкан жок. Анткени “Ал, напсинин каалоосу менен сүйлөбөйт. Ал (Куран) ага билдирилген бир вахий гана” [Ан-Нажм сүрөсү 3-4]
Эгер Курандын сөз түзүлүшүндө каршылык айтууга боло турган, адабий даамга жана логикага карама-каршы келген жагдай болсо, бир сөз болсо да арабча билбегендерден мурун, муну Курандын алгачкы даректери болгон мушрик арабдар өздөрү жасамак. Алар табигый түрдө, ата-бабаларынын динин жок кылууну максат кылган мындай китепти элдин көзүнөн түшүрүү үчүн, андагы кемчиликтерди санап чыгууга, аны сындоого киришмек. Бирок адабий даамдын чокусунда турган арабдар мындай нерсе жасашкан жок. Атүгүл Курандын адабий артыкчылыгына суктанышты жана бул суктанууларын, “Бул (Куран) ачык-айкын сыйкырдан башка эч нерсе эмес.” [Саба сүрөсү, 43] түрүндө билдиришкен. Куран пайгамбардын сөзү деп ырастагандарды болсо, бул китептин жогорку адабий күчүн көрсөтө тургандай пайгамбар жөнүндө “...жок, аны өзү ойлоп чыгарган; жок, ал акын.”деген баа түрүндө суктанууларын билдиришкен…