Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

“Куран таза арабча, бирок эмне үчүн Курандын ичинде кээ бир сөздөр араб тектүү эмес?” деген дооматка жооп

Аллахтын сөзү Куранга байланыштуу жасалган жакшы ниеттен куру башка бир сын да, анын таза арабча тилде жазылганы айтылганына карабастан тексттин ичинде арабча эмес кээ бир сөздөрдүн болушу.
Куран албетте арабча вахий кылынган. Бирок бул дооматтагыдай аяттарда өзүнүн ”таза арабча” экени эч качан айтылбайт. Чынында дүйнөдө колдонулган тилдердин бири да таза болуу дооматын кыла албайт. Социологиялык жактан ар бир тил башка тилдерден сөздөрдү жана түшүнүктөрдү алат жана берет. Бул алмашуу, чынында, тил илими абдан так ачып берген чындык.

Куран ачык-айкын арабча китеп. Башкача айтканда араб тилин билген ар ким Куранда айтылгандарды түшүнөт. Куранда араб тилине мурдатан башка тилдерден өткөн сөздөр болушу мүмкүн, бирок алар да чынында арабча. Араб тилинде бар сөздөр. Бул жерде тил илими эске алынбастан, жөн гана доомат кылуу үчүн ортого ташталган айыптоо бар. Бул өзгөчөлүк жалаң араб тилинде эмес, ар бир тилде бар. Ар бир тилге башка тилдерден сөздөр өтөт жана бул тилге орношот. Ушул эле нерсе түрк тилинде да жарактуу. Мисалы, “ Kemal, final imtihanında kopya çektiği için fakülte konseyi kararıyla üniversiteden uzaklaştırıldı”. Бул сүйлөм түркчө сүйлөм. Ар бир окуган бул сүйлөмдү түшүнөт, бирок бул сүйлөмдөгү сөздөрдүн дээрлик баары башка тилдерден түрк тилине өткөн сөздөр. Сөздөрдүн башка тилдерден өткөнү бул сүйлөмдүн түркчө эмес экенин билдирбейт. Тескерисинче, бул сүйлөмдүн ичиндеги сөздөрдүн дээрлик баары чет тилдерден өткөн сөздөр болсо да, ар ким түшүнө ала турган ачык түркчө. Куранда ушундай түшүнүктүү арабча менен жазылган китеп. Аяттарда да Курандын бул жагы ачык баса белгиленет.

Андан тышкары, Аллахтын вахийинде Курандан мурдагы мезгилдерге таандык албетте абдан көп маалымат бар. Анткени Курандагы маалыматтар алгачкы адамдан бери келе жатат. Аллах алгачкы адамдан баштап адамзатка элчилерди жана китептерди жөнөткөн. Алгачкы элчи Адам пайгамбардан тартып буйруктар менен тыюулар, ибадат ыкмалары менен убакыттары же элчилердин окуялары сыяктуу маселелерде кездешкен ысымдар менен түшүнүктөр албетте бул тексттерде жалпы ысымдар менен сөздөрдүн болушун билдирет.

Атеизмде эң көп колдонулган аргументтердин бири болгон Куранда кездешкен сөздөрдүн, окуялардын же баяндоолордун бир бөлүгүнүн мурдагы цивилизациялардын же коомдордун булактарында да кездешишинин артында турган чындык да ушул. Атеист достор бул абалдан Куран байыркы цивилизациялардагы маалыматтардан түзүлгөн деп доомат кылышат. Бирок бул толугу менен ойдон чыгарылган доомат.

Куран боюнча Ислам Адам пайгамбардан башталат жана миңдеген жыл ичинде жөнөтүлгөн көптөгөн пайгамбарлардын аркасында ар кандай цивилизацияда Аллахтын ысымдары, жана диний терминдер орун алган, Курандагы окуялар пайгамбарлардын коомдоруна баяндашы менен жазуу эстеликтерине да, тарыхый булактарына да өткөн. Мындан табигый эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Бул да атеизмге эмес, Курандагы “дин Адам пайгамбардан башталган” деген чындыкка далил.

Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди “мусулмандар” деп атаган. [Аль-Хаж сүрөсү 22/78]

ТИЕШЕЛҮҮ АЯТТАР

Ан-Нахл сүрөсү 103-аят;

وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّهُمْ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُۥ بَشَرٌ لِّسَانُ ٱلَّذِى يُلْحِدُونَ إِلَيْهِ أَعْجَمِىٌّ وَهَٰذَا لِسَانٌ عَرَبِىٌّ مُّبِينٌ

“Жана ант болсун, Биз алардын: Бирок Аны, ага шексиз бир адам үйрөтүп жатат. дегенин билебиз. Алар ага таңган адамдын тили ажами. Бул тил болсо ачык-айкын арабча.

Аз-Зумар сүрөсү 28-аят;

قُرْءَانًا عَرَبِيًّا غَيْرَ ذِى عِوَجٍ لَّعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

“Арабча, кемчиликсиз бир Куран, балким изги болушат”

Юсуф сүрөсү 2-аят;

إِنَّآ أَنزَلْنَٰهُ قُرْءَٰنًا عَرَبِيًّا لَّعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ

“Биз аны, түшүнсүн деп, арабча бир Куран кылып түшүрдүк.”

Аз-Зухруф сүрөсү 3-аят;

إِنَّا جَعَلْنَٰهُ قُرْءَٰنًا عَرَبِيًّا لَّعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ

“Биз, акылыңарды колдонсун деп, арабча бир Куран түшүрдүк.”

Аш-Шура сүрөсү 7-аят;

وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ قُرْءَانًا عَرَبِيًّا لِّتُنذِرَ أُمَّ ٱلْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا وَتُنذِرَ يَوْمَ ٱلْجَمْعِ لَا رَيْبَ فِيهِ فَرِيقٌ فِى ٱلْجَنَّةِ وَفَرِيقٌ فِى ٱلسَّعِيرِ

“Шаарлардын энесин жана анын айланасындагыларды эскертишиң үчүн жана эч шек жок чогулуу күнү менен аларды коркутушуң үчүн, сага ушинтип арабча бир Куран вахий кылдык. Бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү да жалындуу тозокто.”

Таха сүрөсү 113-аят

وَكَذَٰلِكَ أَنزَلْنَٰهُ قُرْءَانًا عَرَبِيًّا وَصَرَّفْنَا فِيهِ مِنَ ٱلْوَعِيدِ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ أَوْ يُحْدِثُ لَهُمْ ذِكْرًا

“Жана ушинтип Куранды арабча түшүрдүк жана анда убада кылынгандарды түшүндүрдүк. Ошентип такыба болушат же алар үчүн зикир болот.