Куран боюнча динден кайткандын жазасы өлүм эмес
Дининен кайткан кишини mürted дешет. Ортодоксалдык ислам түшүнүгүндө дининен кайткандын жазасы өлүм. Куранга жат бул практикага, “Динин өзгөрткөндү өлтүргүлө” (Бухари, Жихад, 149) деген жалган хадисти далил кылышат. Бирок өкүм маселелери, парздар, арамдар, жазалар… Курандан гана үйрөнүлөт. Куранда төлгөсү жок же Куранга карама-каршы келген сөз, пайгамбарыбызга таандык эмес.
Аллах “…Өз өкүмүндө эч кимди шерик кылбайт.” (Аль-Кахф сүрөсү 26) аятынын талабы боюнча, өкүм маселесинде пайгамбарга бийлик берген эмес. ”Өкүм, жалаң гана Аллахка таандык…” (Юсуф сүрөсү, 40) Өкүм ээси болгон Аллах да Куранда, дининен кайткан үчүн дүйнөлүк жаза билдирген эмес.
Куран, ар бир көз карашка жана ишенимге сабырдуу мамилеге ээ. ”Динде мажбурлоо (жана кысым) жок.” (Аль-Бакара сүрөсү, 256) Эч ким өзүндөй ойлобогонго мажбурлоо жана кысым көрсөтүүгө укугу жок. Каалаган киши каалаганына ишенүүгө эркин. ”… Алар ыймандуу болгонго чейин адамдарды сен мажбурлайсыңбы?” (Юнус сүрөсү, 99) аятынан да түшүнүлгөндөй, адамдарды ыйман келтирүүгө мажбурлоо, исламда кабыл алынган мамиле эмес. ”Ошондуктан, эгер ‘насаат жана эскертүү’ пайда алып келе турган болсо, насаат берип эскерт.” (Аль-Аъла сүрөсү, 9) Пайда бербесе да “Силердин дининер өзүңөргө, менин динм мага.” (Аль-Кафирун сүрөсү, 6) деп айтып, өтүп кетесиз.
… Силерден ким дининен кайтып жана капыр болуп өлсө, алардын жасаган бардык иштери (амалдары) дүйнөдө да, акыретте да текке кеткен жана алар оттун элдери, анда мөөнөтсүз калышат. (Аль-Бакара сүрөсү, 217) Аяттан да түшүнүлгөндөй, адамдар диндеринен кайтса, бул алардын өз тандоосу. Бул дүйнөдө өз тандоолору менен жашашат жана бир күнү өлүшөт. Динден кайтканга чейин жасаган амалдары текке кетет жана эсеби акыретке калат. Дүйнөдө эч кандай жаза же чара колдонулбайт.
Чындык мындай, ыйман келтирип анан четке кагууга тайгандар, анан кайра ыйман келтирип анан четке кагууга тайгандар анан четке кагуулары күчөгөндөр, Аллах аларды кечире турган эмес… (Ан-Ниса сүрөсү, 137) Аятты көңүл коюп окусаңыз, ыйман келтирип анан тайган кээ бирөөлөр жөнүндө сөз болуп жатат. Бул кишилер четке кагууга тайгандан кийин өлтүрүлгөн эмес. Анан кайра ыйман келтиришкен. Жана кайрадан четке кагууга тайышкан. Бул жараян жана андан кийинки үчүн Аллах эч кандай жазалык чара койгон эмес.
Ким бир жанды, башка бир жанга же жер бетиндеги бир бузукулукка каршылык болбостон (адилетсиз) өлтүрсө, ал бүт адамдарды өлтүргөндөй болот. (Аль-Маида сүрөсү, 32) Аяттын өкүмү абдан ачык. Кысас жана согуш шартынан тышкары өлүм жөнүндө өкүм жок. Тескерисинче, кысас жана согуш шартынан тышкары бир максат менен бирөө башкасын өлтүрсө, бул бүт адамдарды өлтүрүү менен тең кылынган. Ыймандан кийин тайган кишинин зыяны өзүнө. Жана жөн гана ишенимин өзгөрткөнү үчүн бирөөнү өлтүрүү да, өлтүргөн үчүн зыян. Аллах өлтүрүүнү эмес, тирилтүүнү жакшы көрөт. Ченемден чыккандарды жана чектен ашкандарды жактырбайт…
Ким да аны (өлтүрүлүшүнө тоскоол болуп) тирилтсе, бүт адамдарды тирилткендей болот. Ант болсун, Биздин элчилерибиз аларга ачык-айкын далилдер менен келишкен. Андан кийин мунун артынан алардын көбү жер бетинде ченемден чыккандар. (Аль-Маида сүрөсү, 32)