Бала Куракта Никелешүү Куранда Жок
Айшанын жашын шылтоо кылып пайгамбарыбызга кол салган жана Куранда бала куракта никелешүү эркин деп ырастаган адамдарга эскертилиши керек болгон биринчи тема, өкүмдөр жалгыз Курандан үйрөнүлөөрү жана Куран менен дал келбеген булактарга ишеним артпашы керектиги. Аллах, ”Биз китепте эч нерсени кем калтырган жокпуз…” (Аль-Анам сүрөсү, 38) дейт. Кемчилиги жок Куранда, никелешүү сыяктуу маанилүү теманын убактысына да албетте ишарат кылынган.
Жетимдерди никеге жете турган куракка чейин сынагыла; эгерде аларда бир (rüşd) жетилүү көрсөңөр, дароо аларга мал-мүлктөрүн бергиле. .. (Ан-Ниса сүрөсү, 6)
“жетимдин мал-мүлкүнө, ал жетилгендик курагына жеткенге чейин -эң жакшы (жолдон) тышкары- жакындабагыла…” (Аль-Анам сүрөсү, 152)
Аяттарды көңүл коюп окусаңар, жетимдерди ”никеге жете турган куракка чейин” сынагыла дейт. Эгерде аларда ”жетилгендик” көрсөңөр, аларга мал-мүлктөрүн бергиле дейт. Экинчи аятта да жетимдин мал-мүлкүнө, ”ал мал-мүлкүн көзөмөлдөй ала турган жетилгендик жашына жеткенге чейин” эң жакшы жолдон тышкары тийбегиле деп айтылат. Кичинекей бала акча түшүнүгүн билбейт. Үнөмдөө деген эмне, эсептүү соода деген эмне, акчасын кайсы тармакта пайдаланса көбөйтө алат, буларды биле албайт. Баланын колуна акча берсеңер, аны менен же кант алат, же шоколад. Демек, мал-мүлкүн көзөмөлдөй турган курак дене эмес, акыл жетилгендик курагы. Ошол сыяктуу эле никеге жете турган курак да, дене жактан жетилүүгө жеткен өспүрүмдүк мезгил эмес, мал-мүлкүн көзөмөлдөй ала турган, акыл жактан жетилүүгө жеткен жетилгендик/жаштык курагы.
Аятта “ruşden” сөзү кездешет. Аял менен эркек “Reşit” болушу керек деген маанини билдирет.
“Rüşd: Туура жолду таба билүү жөндөмү
Reşid: Туура жолду башкаларга көрсөткөн адам.
Raşid: Туура жолго келе ала турган деңгээлге жеткен адам.
Mürşid: Туура жолго баштаган, тарбиялаган, агартуучу”
Махр, Ислам Укугунда эркектин үйлөнүп жатканда аялга берген акчасы же мал-мүлкү. Махр аялдын үй-бүлөсүнө эмес, түз эле аялга берилет. Жогорудагы аяттарга ылайык мал-мүлктөрдүн ээсине тапшырылуу курагы, ошол адам мал-мүлкүн көзөмөлдөй ала турган жаш. Демек, махр алган аял бул мал-мүлктү же акчаны көзөмөлдөй ала турган жашта болушу керек.
Айшанын 6-9 жашында никеге тургандыгы жөнүндөгү ырастоолор, Куранда никелешүү үчүн белгиленген жаш менен дал келбейт. Куранда ишарат кылынган никелешүү жашы, азыркы Жарандык Кодексибиздеги жаш чеги менен толук дал келет. Мындан тышкары, Айшанын жашы риваят кылынган булактардын кайрылган автору Бухари, пайгамбарыбыздан 238 жыл кийин, Муслим 243 жыл, Тирмизи 260 жыл, Абу Дауд 256 жыл, Насаи 238 жыл, Ибн Мажа 263 жыл кийин жашашкан. Айшанын жашы кээ бир булакта 6, кээ биринде 9, кээ биринде да 18 деп риваят кылынган. Жалпысынан никелешүү жашы маселесинде таяныч Куран. Куран, нике үчүн акыл жетилгендик курагына ишарат кылат.
Бирок бул ачык далилди көрмөксөн болгон кээ бир атеисттер, Ат-Талак сүрөсүнүн 4-аятында, “айыз көрбөгөн” деген сөз кичинекей балага ишарат кылат деп ырасташат.
”Аялдарыңардан (менопауза мезгилине кирип) айыздан токтогондордун иддасында күмөн санасаңар, алардын идда мөөнөттөрү үч ай. Айыз көрбөгөндөрдүн да мөөнөттөрү ушундай. Кош бойлуу аялдардын иддасы, балдарын төрөгөн убакта бүтөт. Ким Аллахты урматтап, Ага каршы чыгуудан сактанса, Аллах анын ишинде жеңилдик берет.” (Ат-Талак, 4)
Айыздан токтогон, башкача айтканда менопауза мезгилине кирген аялдардын күтүү мөөнөтү 3 ай деп айтылат. 3 ай эмне үчүн күтүлөт? Кош бойлуу же кош бойлуу эмес экени түшүнүлүшү үчүн. Айыз көрбөгөн бала кош бойлуу боло алабы? Жок. Анда 3 ай күтүүнүн да кереги жок. Кош бойлуу болгон аял айыз көрбөйт. Бирок кош бойлуу экени түшүнүлүшүнө убакыт керек. Бул абалдагы аялдар үчүн да күтүү мөөнөтү 3 ай. Кош бойлуулугу так болгондор болсо төрөткө чейин күтөт.
Котормолордо айыз көрбөгөн кыздар деп которулган ‘vellai lem yahidne’ сөзү медициналык жактан “экинчилик аменорея” деп аталган абал. Башкача айтканда, айыз тартиби бузулгандыктан айыз көрбөгөн (кадимкидей айыз көргөнү менен ар кандай себептерден улам 3 ай же андан узак мезгилде айыз көрбөгөн) аялдарды билдирет.
Ат-Талак сүрөсүнүн 4-аятында кээ бир котормолордо кезиктирген “али айыз көрө элек” деген сөз кездешпейт. Али айыз көрө элек деп айтуу үчүн ”ellaaiii lemma yahidne ” сөзү кездешиши керек.
Lem: Эч качан болбойт, же эч качан болгон эмес деген маани берет.
Lemma: Али боло элек, бирок болот деген маани берет.
Аятта кездешкен “Nisa” сөзү бойго жеткен аялдар үчүн колдонулган сөз. Айыз көрбөгөн адам эгерде бала болсо, анда ” Vildan, Veled, Benat…” сөздөрү кездешиши керек эле. Бирок аятта бойго жеткен аялдар аныкталган “Nisa” сөзү кездешет.
Жыйынтыктап айтканда, Куран бала никесине уруксат бербейт. Мындай жаңылыш практиканы Курандан алыс коомдор гана колдонот. Жаңылыш жана атайылап жасалган котормолордун себебинен атеисттер жана фанаттар Ислам бала никесине уруксат берет деп ырасташат. Балдар боорукердик көрсөтүлүшү керек болгон жандыктар, эч ким бузук көз караштарына Курандан далил таба албайт.