Шамал менен кыймылдаган кемелер

Куран аяттарында ар түрдүү темаларда мисалдар келтирилет. Алардын бири — кемелердин шамалдын таасири менен деңиз үстүндөгү кыймылдары. Шура сүрөсүндөгү аятта Раббибиз мындай дейт.
Деңизде бийик тоолордой сүзүп жүргөн кемелер Анын аяттарынан. Эгер кааласа, шамалды токтотот, ошентип анын үстүндө турган боюнча калышат. Шексиз, мында көп сабыр кылган, көп шүгүр кылган адам үчүн чындап эле аяттар бар. (42 Шура сүрөсү, 32-33)
Куранга сын айткан чөйрөлөр бул аятты колдонушат. Бул дооматка ылайык “бүгүнкү күндө кемелер технология берген мүмкүнчүлүктөр менен эми шамал менен эмес, кыймылдаткычтын күчү менен кыймылдайт. Демек бул мисал жараксыз. Келечек тууралуу бул абал алдын ала көрүлбөгөндүктөн туура эмес мисал келтирилген.”
Баарынан мурда бул доомат абдан зорлоп айтылган экенин белгилегим келет. Бул аятта айтылган кеме ошол доордо адамдар көргөн жана шамал менен кыймылдаган кемелер экени түшүнүлөт. Мындан тышкары аятта кездешкен “кеме” сөзү изилденгенде маселе жакшыраак түшүнүлөт. Арап тилинде жалпы мааниде “кеме” сөзүнүн маанилеши “el- sefinu”. Бирок бул аятта “el-cevari” сөзү колдонулган. Которулганда бул сөз да котормолордо кеме деп которулат. Бул сөз агым болуу, агуу маанисиндеги “Cerea” этишинен келип чыгат. Эски түрк тилинде колдонулган “ceryanda (шамалда)kalmak да ушул түптөн келип чыгат. Harfi cer менен колдонулса “cereyne” сөзү да “кемелерди жагымдуу шамал алып кеткени.” дегенди билдирет. Дагы ошол эле түптөн келип чыккан “cariyetün” сөзү болсо кеме, булут, шамал маанилеринде колдонулат. (Булак: Kuran’ı Kerim Lügatı, Timaş Yayınları, б.:121)
Демек бул сөздү жөн гана кеме деп которуу анын толук маанисин бербейт. Түрк тилинен мисал келтире турган болсок, “yelkenli” сөзү кеменин бир түрү. Бирок бул сөздүн ичинде ошол кеменин кантип кыймылдаары да баяндалат. Yelkenli дегенде мындай кемелердин шамал менен кыймылдаары билдирилген болот. Ушул сыяктуу эле жогорудагы аятта кеме деп которулган “el-cevari” сөзүнүн ичинде шамал менен кыймылдаары тууралуу маани мурунтан эле бар. Бул маани сөздүн түбүндө бар. Жыйынтыгында аятта билдирилгени — ошол доордо адамдар көргөн, шамал менен кыймылдаган кемелер. Ансыз да ошол аятта колдонулган жана кеме деп которулган сөздүн өзү да шамал менен кыймылдаган кеме дегенди билдирет. Бул маселе боюнча айтылган сындар туура эмес экени ачык. Бул сындын айтылышынын себеби — арап тилин билбегендик жана алдын ала калыптанган көз караш. Эгер аят алдын ала калыптанган көз карашсыз каралса, айтылган маани оңой түшүнүлөт. Мындан тышкары кыскасы аятта кездешкен сөздүн түбү изилденсе, көрүнүп тургандай маселе оңой чечилет.
Ансыз да аятта берилгиси келген кабар ачык. Эгер бул турмушубузда бир нерселерди жасай алсак, же бир нерселер болуп жатса, анын бир себеби бар. Эгер муну камсыз кылган нерсе жок кылынса, ал иш-болуш да турган боюнча калат.
Бүгүнкү күндө кемелер мейли күн энергиясы менен кыймылдашсын. Дагы деле өзгөргөн эч нерсе жок. Бул жолу күндүн жарыгы токтотулса, дүйнөбүзгө жетпесе күн нуру, кемебиз турган боюнча калат.
Же кеме калактар менен кыймылдаса, бул жолу ушул жол менен кыймылды камсыз кылган физика мыйзамдары жок болсо, кеме кыймылсыз калат.
Албетте, бул жерде баяндалган нерсе жашоонун бардык тармагына да тиешелүү. Өтө маанилүү бир органыбыз токтосо, жашообуз да уланбайт. Учактын же куштун абада турушун камсыз кылган физика мыйзамдары жок болсо, алар уча алышпайт.
Кыскасы бул жердеги “желкендүү кеме” “желкендүү кемени” да, “башка бардык технологиялык каражаттарды” да, турмушубуздагы “биз ишке ашырган же ишке ашкан бардык иштерди” да баяндайт.
Бүтүндүн бир кичинекей бөлүгү берилип, ошол бүтүн көз алдыга келтирилет.
Өзүбүз жасадык же өзүнөн-өзү ишке ашты деп ойлогон нерселердин баары, чынында Аллах жараткан тартип жана/же жараткан башка нерселер менен ишке аша алат. Же башкача айтканда, буларды Раббибиз ишке ашырат.