Пайгамбарыбыздын Зейддин жубайы менен никеси
Атеист достордун эң көп илинип алган аяттарынын бири, пайгамбарыбыздын асырап алган баласы Зейддин жубайына үйлөнүү маселеси. Бул аятка карап алар Куранды Мухаммед пайгамбар өзүнүн жеке кызыкчылыктарына ылайык жазган Китеп деп айтышат. (Кудай сактасын)
Биринчиден, биз атеисттер атеизмди өтө жакшы билишпейт деген пикирдебиз. Анткени атеизмдин адабиятында “адеп-ахлак” түшүнүгү жок жана ал адеп-ахлакты негиздей албайт. Атеизм менен адеп-ахлактын ортосунда эч качан корреляция түзүүгө болбойт. Атеизм адеп-ахлак эрежелери боюнча “жакшы жана жаман” деген эч кандай пикир билдире албайт. Эч кандай баа бере албайт. Анткени адеп-ахлак эрежелери динге негизделген. Дин адептүү адамдарды тарбиялоо үчүн бар. Ал адамдын жаратылышына эң ылайыктуу жашоо образын сунуштайт.
Пайгамбардын асырап алган баласы Зейддин, жубайынан ажырашкандан кийин үйлөнүүсү да адепсиздик эмес. Бул эң жакын досуңуздун же жакыныңыздын ажырашкан жубайына үйлөнүүңүздөй эле табигый нерсе. Мойнуна албаса да, көп адам досунун ж.б... жубайын жактырып жүрүшү да мүмкүн. Бул анормалдуу эмес, адепсиздик да эмес. Адепсиздик, ал айым турмушта турганда аны менен мамиледе болушуңуз.
Жакынкы убакка чейин гомосексуал дегенде адамдар лакап тагып коюшчу. Бирок азыр, күчтүү сиңдирүүнүн натыйжасында коомдо бул абал нормалдуу болуп калды. Ал эми бул, Куранда мусулмандар “жек көрүп каршы турган” иш жана жийиркеничтүү мамиле, ар бир мусулман бул абалдан Аллахтан пана сурайт. Мындай мамилелерди нормалдуу көрүп ”бул алардын тандоосу жана эркиндиги” деп коргогондордун, пайгамбардын асырап алган баласынын жубайына үйлөнүшүнө ушунчалык илинип жатышы кызык абал. Анын үстүнө Зейд, пайгамбарыбыздын өз баласы да эмес. Башкача айтканда, эч кандай кан байланышы жок.
Башка маселеге келе турган болсок; Тиешелүү аят, окуя болуп бүткөндөн кийинкисин баяндайт. Башкача айтканда, аят келип, андан кийин Зейд жубайы менен ажырашат деген абал жок. Аяттын биринчи бөлүгүн карайлы; ”Эсиңдеби, сен Аллах нээмат берген жана сен да нээмат берген кишиге: “Жубайыңды жаныңда карма жана Аллахтан сак бол” дечү элең; адамдардан тартынып, Аллах ашкере кыла турган нерсени өз напсиңде жашырып жүрдүң; чындыгында Аллах, андан тартынууңа алда канча татыктуу эле. ” (Аль-Ахзаб сүрөсү 37) Пайгамбар Зейдге насаат берип жатат. ”Жубайыңды жаныңда карма жана Аллахтан сак бол”. Жубайын жанында кармоого насаат бергенине караганда, алардын ортосунда келишпестик болушу ыктымал.
Тиешелүү аяттын экинчи бөлүгүн карайлы; ”Эми Зейд, аны менен байланышын үзгөндө, Биз аны сага никелеп бердик; ушундайча асыранды балдары алар менен байланышын үзгөн (аялдарын ажырашкан) кезде, аларга үйлөнүү жагынан ыймандууларга кыйынчылык болбосун. Аллахтын буйругу аткарылган.” (Аль-Ахзаб сүрөсү 37) Биринчи бөлүктө Пайгамбар, Зейдге жубайын жанында кармоого насаат берген эле. Бирок бул ишке ашкан эмес жана Зейд, жубайынан ажырашкан. Ажырашкандан кийин Пайгамбар менен нике ишке ашкан. Жана нике ишке ашкандан кийин аят келген. Анткени аят, болуп бүткөн окуяны баяндайт. Боло турган абалды эмес. Андай болсо атеисттер коргогондой, Пайгамбардын өз напсиси үчүн мындай аятты ойлоп чыгарышы жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес (Кудай сактасын).
Чындыгында пайгамбар мындай ниетте болуп жана Куранды өзү жазса (Кудай сактасын), ”Мындан кийин (башка) аялдар жана буларды башка жубайларга алмаштыруу -алардын сулуулугу сага жакса да- сага адал болбойт; ” (Аль-Ахзаб сүрөсү, 52) аяты менен өзүнүн никелерине чек койбос эле. (Эң тууранын Аллах билет)