Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда Жөөттөр Каргышка Калганбы, Артык Расабы?

Куранда кээ бир аяттарда жөөттөрдүн ааламдардан артык кылынгандыгы (Бакара 47, 122) айтылса, кээ бир аяттарда болсо каргышка калгандыгы (Ниса 46, Бакара 88) айтылат. Темага үстүртөн караганда бул аяттардын ортосунда карама-каршылык бар деп ойлонууга болот. Өзгөчө чыгыш таануучу батыш изилдөөчүлөрү жана виртуалдык талкуу аянттарында жана кээ бир атеист блогдордо бул аяттардын ортосунда карама-каршылык бардай көрсөтүлүп, Аллахтын сөзүнө сын айтууга аракет кылынат. Дагы кээ бир чөйрөлөр бул аяттардагы сөздөрдү өз максаттарына ылайык туура эмес чечмелеп, Куран расист китеп деп ырасташат. Бирок тема менен байланышкан аяттар изилденгенде, жөөттөрдүн кантип баяндалганы жакшыраак түшүнүлөт жана аяттардын ортосунда карама-каршылык жок экени так көрүнөт….

Хужурат сүрөсүнүн 13-аяты…

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَٰكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَىٰ وَجَعَلْنَٰكُمْ شُعُوبًا وَقَبَآئِلَ لِتَعَارَفُوٓا۟ إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ ٱللَّهِ أَتْقَىٰكُمْ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ

Эй адамдар! Биз силерди бир эркек менен бир ургаачыдан жараттык жана бири-бириңерди таанышыңар үчүн силерди элдерге, урууларга бөлдүк. Кабарыңар болсун, Аллахтын алдында эң урматтууңар — эң такыбаңар. Албетте, Аллах билүүчү, бардык нерседен кабардар.

Мурунку ыйык аятта “Эй ыйман келтиргендер” деп айтылса, бул ыйык аятта “Эй адамдар” деп кайрылат. Кайрылуу ыймандууларга гана эмес, бардык адамдарга. Бардык адамдар бир эне-атадан, б.а. Адам пайгамбар менен Хавадан келип чыккан. Бул жагынан бир раса экинчисине үстөмдүк кылууга укугу жок.

Жалпысынан Куранда расизм тыюу салынгандыктан, аяттардын бир бөлүгүндө жөөттөрдү улуу Аллах мактап, бир бөлүгүндө сындап жатканы абалын ачыктап көрөлү…..Бул теманы ачыктай алуу үчүн сөз болуп жаткан аяттарды контекстинен үзбөй түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек…

Муса окуясында жөөттөр жөнүндө айткан бир аятта алардын эмне себептен каргышка калганы мындайча түшүндүрүлөт:

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَٰبَ وَقَفَّيْنَا مِنۢ بَعْدِهِۦ بِٱلرُّسُلِ وَءَاتَيْنَا عِيسَى ٱبْنَ مَرْيَمَ ٱلْبَيِّنَٰتِ وَأَيَّدْنَٰهُ بِرُوحِ ٱلْقُدُسِ أَفَكُلَّمَا جَآءَكُمْ رَسُولٌۢ بِمَا لَا تَهْوَىٰٓ أَنفُسُكُمُ ٱسْتَكْبَرْتُمْ فَفَرِيقًا كَذَّبْتُمْ وَفَرِيقًا تَقْتُلُونَ وَقَالُوا۟ قُلُوبُنَا غُلْفٌۢ بَل لَّعَنَهُمُ ٱللَّهُ بِكُفْرِهِمْ فَقَلِيلًا مَّا يُؤْمِنُونَ

Ант болсун, биз Мусага китеп бердик жана андан кийин удаа-удаа элчилерди жибердик. Жана Мариям уулу Исага да ачык далилдерди бердик жана аны Жебирейил менен колдодук. Бирок силерге качан бир элчи, нафсиңер жактырбаган нерсе менен келсе, текеберлендиңер. Бир бөлүгүн жалганга чыгардыңар, бир бөлүгүн да өлтүрдүңөр. Дешти, жүрөктөрүбүз жабык. Тескерисинче, четке кагуулары себептүү Аллах аларды каргады. Ошондуктан алардын өтө азы ыйман келтирет. Бакара Сүрөсү 87,88

Бул аятта абдан так көрүнүп тургандай, каргышка калган адамдар бүт жөөт расасы эмес экени түшүнүлөт. Аяттын кайрылган адамдары — Муса а.с.га андан кийин келген көптөгөн пайгамбарларга жана Иса а.с.га ыйман келтирбеген, жалганга чыгарган жана өлтүрүүгө аракет кылган кишилер. Бүт жөөт расасын камтыган абал болбогондой эле, ошол мезгилде жашаган жөөттөрдүн баарына да кайрылбайт….Айтылган мезгилде жашаган жана четке каккан жөөттөрдү гана камтыйт. Бул адамдардын сындалышынын себеби жөөт болгондугунда эмес, динге тийиштүү түрдө баш ийбегендигинде. Тооратка баш ийген жакшы жөөт болбогону үчүн Аллах бул кишилерди сындаган. Куранда каргышка калган кишилер жөөт расасынан болгон кишилер гана эмес. Аллах бардык четке кагуучуларды каргаганын Али Имран сүрөсүндө мындайча түшүндүрөт:

كَيْفَ يَهْدِى ٱللَّهُ قَوْمًا كَفَرُوا۟ بَعْدَ إِيمَٰنِهِمْ وَشَهِدُوٓا۟ أَنَّ ٱلرَّسُولَ حَقٌّ وَجَآءَهُمُ ٱلْبَيِّنَٰتُ وَٱللَّهُ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلظَّٰلِمِينَ أُو۟لَٰٓئِكَ جَزَآؤُهُمْ أَنَّ عَلَيْهِمْ لَعْنَةَ ٱللَّهِ وَٱلْمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلنَّاسِ أَجْمَعِينَ

Ыймандарынан кийин каапыр болгон коомду Аллах кантип туура жолго салат? Алар элчинин акыйкат экенине күбө болушкан жана аларга ачык далилдер келген. Аллах залым коомду туура жолго салбайт. Мындайлардын жазасы — Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын каргышынын үстүлөрүндө болушу. Али Имран Сүрөсү 86,87

Чындыгында жөөттөр өздөрүнө жиберилген элчилерге баш ийгенде, Аллах аларды ааламдардан артык кылган.Жөөттөрдү артык раса катары көрсөтүү үчүн туура эмес тафсир кылынган аятта бул абал түшүндүрүлөт да….

يَٰبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٱذْكُرُوا۟ نِعْمَتِىَ ٱلَّتِىٓ أَنْعَمْتُ عَلَيْكُمْ وَأَنِّى فَضَّلْتُكُمْ عَلَى ٱلْعَٰلَمِينَ يَٰبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٱذْكُرُوا۟ نِعْمَتِىَ ٱلَّتِىٓ أَنْعَمْتُ عَلَيْكُمْ وَأَنِّى فَضَّلْتُكُمْ عَلَى ٱلْعَٰلَمِينَ

Эй Исраил уулдары, силерге белек кылган нээматымды жана силерди ааламдардан артык кылганымды эстегиле. Бакара Сүрөсү 47,122

Бул жерде унутпоо керек болгон эң маанилүү жагдай — Закария, Яхья, Якуб сыяктуу пайгамбарлар да жөөт тегинен экендиги! Булар абийирдүү, чын ыкластуу жөөттөрдүкү сыяктуу эле биздин да пайгамбарларыбыз. Баары Аллахтын элчиси жана биз үчүн үлгү адамдар. Пайгамбарлар гана эмес, Иса а.с.нын энеси Мариям да жөөт расасынан жана биздин да энебиз. Аллах аны такыбалыгы үчүн (расасы үчүн эмес), бардык аялдардан артык кылган:

وَإِذْ قَالَتِ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ يَٰمَرْيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصْطَفَىٰكِ وَطَهَّرَكِ وَٱصْطَفَىٰكِ عَلَىٰ نِسَآءِ ٱلْعَٰلَمِينَ

Периштелер, эй Мариям! Шексиз Аллах сени тандады, сени тазалады жана сени дүйнө аялдарынан артык кылды, дешти. Али Имран Сүрөсү 42

Аяттардын түшүндүрмөлөрүнөн так көрүнгөндөй, Куранда жөөттөр раса катары не каргышка калган, не башка адамдардан артык эмес. Аллах жараткан бардык адамдар сыяктуу эле, алардын да абалын расасына жараша эмес, такыбалыгына жараша (Аллахка болгон жакындык, изгилик) баалаган….

Бул жагынан Аллахтын сөзүндө жөөттөрдүн кээ бир аяттарда мактоого алынып, кээ биринде сындалышы, бул аяттардын контексттери изилденгенде эч качан бири-бирине карама-каршы келбейт. Аллахтын сөзү Куранда карама-каршылык болбойт да……..