Куранда сүйүү жөнүндө айтылбайбы?

Куран Аллах адамдарды көркөм ахлакка жеткирүү үчүн түшүргөн Чындык Китеп. Бул ахлак сүйүүнү, мээримди, сабырдуулукту жана сөздүн эң көркөмүн негиз кылган пайдубалдарга курулган. ”Ислам” сөзү арапча ”тынчтык” сөзүнөн келип чыккан. Аллах Исламды адамдар сүйүүгө жана тынчтыкка негизделген жашоо өткөрүшү үчүн жиберген.
Эй, ыйман келтиргендер, баарыңар чогуу “тынчтыкка жана коопсуздукка (Silm’ге, Исламга) киргиле жана шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Анткени ал силерге ачык душман. (Аль-Бакара сүрөсү, 208)
Аллах адамдарды ишенимдери боюнча эркин калтырган. ”Динде мажбурлоо (жана кысым) жок.” (Аль-Бакара сүрөсү, 256) Каалаган адам каалаганына ишенет. Мусулмандын милдети жумшак жана жакшы сөз менен адамдарга ”жакшылыкты буйруп, жамандыктан сактандыруу”. Аллах Фараон сыяктуу чекен өткөн адамга да “Ага жумшак сөз айткыла, балким насаат алып-ойлонор же ичи титиреп-коркор.” (Таха сүрөсү, 44) дейт. Куранда дайыма жумшак мүнөздүү болуу, орой жана таш боор болуудан сактануу жана жакшылык кылуу насаат кылынат.
”Аллахтан болгон бир ырайым себебинен аларга жумшак мамиле кылдың. Эгер орой, таш боор болгонуңда алар айланаңдан тарап кетишмек…” (Аали Имран сүрөсү, 159) Жумшак жана сабырдуу стиль бириктирет; орой жана таш боор болуу болсо биримдикти бузган жүрүм-турум.
Китеп ээлерине сүйүү
Мусулмандар Куранда ‘Китеп ээлери’ деп аталган Мусанын жана Исанын жолдоочуларына терең сүйүү, мээрим жана адилеттүүлүк менен мамиле кылышат. “Аллах силер менен дин боюнча согушпаган, силерди мекениңерден кууп-чыгарбагандарга жакшылык кылууңардан жана аларга адилеттүү мамиле кылууңардан силерди тыйбайт. Анткени Аллах адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт.” (Аль-Мумтахина сүрөсү, 8) Аяттан да түшүнүлгөндөй, дин боюнча мусулмандар менен терс күрөштө болбогондорго жакшылык жана адилеттүүлүк менен мамиле кылынат. Башка бир аятта Аллах, ”Алардын ичинен ыйман келтиргендерге сүйүү жагынан эң жакын катары: “Биз христианбыз” дегендерди табасың.” (Аль-Маида сүрөсү, 82) дейт.
Жубайлардын ортосундагы сүйүү
Аллах бейиште жубайлардын бири-бирине сүйүү менен берилгени жөнүндө айтат. ”Жубайларына сүйүү менен берилген (жана) дайыма теңтуш…” (Аль-Вакиа сүрөсү, 37) Бейиш ахлагын дүйнөдө жашоого аракет кылган ыймандуулар дүйнөдөгү жубайларына да сүйүү жана мээрим сезимдери менен байланган болушат.
”Анда ‘тынчтык таап, жай алышыңар’ үчүн, силерге өз нафстарыңардан жубайларды жаратканы жана араңарда сүйүү менен мээрим кылганы да Анын аяттарынан… ” (Ар-Рум сүрөсү, 21) Чыныгы сүйүүгө Куран ахлагына ылайык жашоо менен жетишилет. Мээрим сүйүүнүн бир бөлүгү. Адам сүйгөнүнө мээрим кылат, мээрим кылганына да сүйүү сезет.
Пайгамбарлардын жана ыйман келтиргендердин сүйүүдө сезимтал болушу
Мухаммед пайгамбардын мээрими, ыймандууларга болгон сүйүүсү жана берилгендиги мусулмандар үчүн абдан көркөм үлгү түзөт. Аллах Куранда Мухаммед пайгамбардын бул жогорку ахлагы жөнүндө мындай дейт:
Ант болсун, силерге өз араңардан, кыйынчылыкка кабылганыңар Ага оор тийген, силерге абдан берилген, ыймандууларга боорукер жана мээримдүү бир элчи келди. (Ат-Тавба сүрөсү, 128)
Куранда Яхья пайгамбар үчүн Аллах, ”Өз алдыбыздан ага сүйүү сезимталдыгын жана тазалыкты (да бердик). Ал абдан такыба адам эле.” (Мариям сүрөсү, 13) дейт. Сүйүү сезимталдыгы жана тазалык ыймандуунун белгиси.

”Ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга болсо Рахман (болгон Аллах) алар үчүн бир сүйүү кылат.” (Мариям сүрөсү, 96) Аяттан түшүнүлгөндөй, Аллах ыйман келтиргендердин ичинде сүйүү пайда кылат.
Көркөм сөз, жакшылык, сабыр жана мээрим сүйүүгө себеп болот
Исламдын көркөм ахлагын бардык адамдарга таблиг кылууну ниет кылган адамдын өзүндө ошол ахлак болушу керек. Анткени эң көркөм таблиг үлгү болуу. ”Жакшылык менен жамандык тең болбойт. Сен эң көркөм болгон жол менен (жамандыкты) алыстат; ошондо (көрөсүң) сени менен анын ортосунда душмандык бар адам кадимки ысык дос(уң) болуп калат.” (Фуссилат сүрөсү, 34) Аяттан да түшүнүлгөндөй, жамандыкты эң көркөм жол менен алыстатуу, жакшылыкты негиз кылуу, сага душман адам менен араңарда сүйүү пайда кыла турган натыйжага себеп болот.
Аллах ”Кулдарыма айт, сөздүн эң көркөмүн айтышсын. Анткени шайтан алардын арасын ачып бузууда.” (Аль-Исра сүрөсү, 53) дейт. Аятта сөздүн жалаң гана көркөмүн айтуу буйрулбайт. Эң көркөмүн айткыла делет. Бул да намаз сыяктуу ибадат. Жана ыймандуулар адам ажыратпай, атеистке, буддистке, Китеп ээсине, байга, кедейге… сөздүн эң көркөмүн айтууга милдеттүү. Бул алгач адамдардын, андан соң коомдордун ортосундагы сүйүү байланыштарынын бекемделишине себеп болот.
Көрбөдүңбү, Аллах кандай мисал келтирди: Көркөм сөз көркөм дарак сыяктуу, анын тамыры бекем, бутагы болсо асманда. (Ибрахим сүрөсү, 24)
Жаман (арам) сөз болсо, жаман дарак сыяктуу. Анын тамыры жердин үстүнөн жулунган, туруктуулугу (ордунда туруу, кармануу мүмкүнчүлүгү) калган эмес. (Ибрахим сүрөсү, 26)
Ыйман келтиргендер үчүн ”сабырды бири-бирине насаат кылгандардан, мээримди бири-бирине насаат кылгандардан болуу.” (Аль-Балад сүрөсү, 17) маанилүү маселе.
Кечирүү сүйүүгө себеп болот
Ар бир көйгөй сүйүү, мээрим, сабыр жана түшүнүү менен чечилет. Аллах Куранда адамдарга кечиримдүү болуу кереги жөнүндө мындай насаат кылат:
Силердин ичиңерден артыкчылыктуу жана бай адамдар жакындарга, кедейлерге жана Аллахтын жолунда хижрат кылгандарга берүүнү азайтпасын, кечирсин жана кечиримдүү болсун. Аллахтын силерди кечиришин сүйбөйсүңөрбү? Аллах кечирүүчү, мээримдүү. (Ан-Нур сүрөсү, 22)
… Алардын аз гана бөлүгүнөн башкасынан дайыма чыккынчылык көрө бересиң. Ошентсе да аларды кечир, көңүл бурба. Шексиз, Аллах жакшылык кылгандарды сүйөт. (Аль-Маида сүрөсү, 13)
Таблиг үчүн ”сүйүүдөн” башка акы алынбашы
Исламдын көркөм ахлагын адамдарга таблиг кылуу, жакшылыкты насаат кылып, жамандыктан сактандыруу, адилеттүүлүктү, сабырды жана мээримди насаат кылуу, кедейди тамактандырууга үндөө ибадат. Бул ибадаттын акысы/сыйы Аллахтын алдында. Адамдан күтүлгөнү жалаң гана сүйүү.
Айт: “Мен буга каршы жакындыктагы сүйүүдөн башка силерден эч кандай акы сурабайм.” Ким жакшылык тапса, Биз андагы жакшылыкты арттырабыз. Чындыгында Аллах кечирүүчү, шүгүр кылганга сыйын берүүчү. (Аш-Шура сүрөсү, 23)
Мал-мүлккө болгон сүйүү
Аллах Аль-Бакара сүрөсүнүн 177-аятында ыйман ээлери ”мал-мүлккө болгон сүйүүсүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, кедейлерге, жолдо калгандарга, сурап-кайыр тилегендерге жана кулдарга (эркиндиги үчүн) берген” экенин билдирет. Башка бир аятта болсо ”Өздөрү ага болгон сүйүүсүнө карабастан тамакты кедейге, жетимге жана туткунга жедиришет.” (Аль-Инсан сүрөсү, 8) делет. Бул аятта сүйүү жана мээрим эң жогору болгон ахлакка ишарат кылынат. Адам ага болгон сүйүүсүнө же каалоосуна карабастан тамакты жаңы эле өзүн өлтүргүсү келген туткунга жедирет делет.
Байлык да кедейлик сыяктуу сынак маселеси. Мүлктүн ээси ”Аллах каалаганына ырыскыны кеңейтип-жайылтат жана тарытат да.” (Ар-Раад сүрөсү, 26) Сулайман пайгамбардын “Чындыгында мен мал-мүлк (же ат) сүйүүсүн Раббимди зикир кылгандыктан тандадым…” (Сад сүрөсү, 32) деген сөздөрү үлгү кылынып, дүйнөлүк байлык Аллах көрсөткөн жолдор үчүн колдонулса, адамдар ортосундагы сүйүү, ынтымак жана мээрим да артат.
Жыйынтык
Чыныгы сүйүү өз ара болушу үчүн адамдар алгач Аллахты терең сүйүү менен сүйүшү, ашыктык менен байланышы жана Аллахтын сүйүүсүнө жете ала турган ахлак көрсөтүшү керек. Аллах сүйгөн кулдарынын жүрөгүнө сүйүүнү жайгаштырат жана башка адамдардын жүрөгүндө да аларга карата сүйүү пайда кылат. Сүйүүнүн чыныгы булагы жана ээси жалаң гана Аллах.
Адамдардын ичинде Аллахтан башкасын ‘теңдеш жана шерик’ кылгандар бар, алар (буларды) Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыйман келтиргендердин болсо Аллахка болгон сүйүүсү күчтүүрөөк… (Аль-Бакара сүрөсү, 165)
Аллах адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт. (Аль-Мумтахина сүрөсү, 8)
Аллах тазалангандарды сүйөт. (Ат-Тавба сүрөсү, 108)
Аллах такыбаларды сүйөт. (Ат-Тавба сүрөсү, 7)
Аллах жакшылык кылгандарды сүйөт. (Аль-Маида сүрөсү, 93)
Аллах адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзгөндөрдү сүйөт. (Аль-Маида сүрөсү, 42)
Аллах таваккул кылгандарды сүйөт. (Аали Имран сүрөсү, 159)
Аллах сабыр кылгандарды сүйөт. (Аали Имран сүрөсү, 146)
Аллах тообо кылгандарды сүйөт, тазалангандарды да сүйөт. (Аль-Бакара сүрөсү, 222)
Аллах да сактангандарды сүйөт. (Аали Имран сүрөсү, 76)