Куранга ылайык Жер жалпакпы же тоголокпу?

Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты. Түндү күндүздүн үстүнө ороп-жабат, күндүздү да түндүн үстүнө ороп жабат… (Аз-Зумар сүрөсү, 5)
Курандын ааламды тааныштырган аяттарында колдонулган сөздөр абдан көңүл бурарлык. Жогорудагы аятта “ороп жабат” деп которулган арабча сөз “yukevviru”. Бул сөздүн түркчө мааниси “тоголок нерсенин үстүнө бир нерсени ороо”. (Мисалы, арабча сөздүктөрдө “башка селде ороо” сыяктуу тоголок нерселерди камтыган этиштер үчүн бул сөз колдонулат.) Аятта түн менен күндүздүн бири-биринин үстүн ороп-жабышы (tekvir кылышы) тууралуу берилген маалымат, ошол эле учурда Жердин формасы тууралуу так маалыматты камтыйт. Жер тоголок болгондо гана бул аятта билдирилген аракет ишке ашышы мүмкүн. Башкача айтканда, 7-кылымда түшүрүлгөн Куранда Жер тоголок экенине ишарат кылынган.
Мындан кийин жерди жумуртка формасына келтирди. (Ан-Назиат сүрөсү, 30)
Байыркы муфассирлер Жерди жалпак деп ойлогондуктан, ”жумуртка формасына келтирди” дегенди билдирген ”DaHHA” сөзүн ”тартипке келтирди, төшөдү” деп жорушкан.
Түндүк Африкада арабча сүйлөгөн элдин арасында жумурткага ”dahhy”, ал эми инкубацияга ”medhhy” дешет. Жана бул сөздөрдүн уңгусу ”DHHY” болуп саналат.
Унутпоо керек, ошол мезгилдеги астрономиялык түшүнүктө Жер башкача кабылданчу. Ал мезгилде Жер жалпак бет деп ойлонулуп, бардык илимий эсептөөлөр менен түшүндүрмөлөр да ага жараша жүргүзүлчү. Бирок Куран Аллахтын сөзү болгондуктан, ааламды сүрөттөөдө мүмкүн болгон эң так сөздөр колдонулган. Ал эми Куран аяттарында бизге жакынкы кылымда гана үйрөнгөн бул маалыматтарды 1400 жыл мурдатан кабарланууда.