Куранга ылайык биринчи мусулман ким?
Куранда көпчүлүк пайгамбарларга байланыштуу төмөнкү сөз кездешет.
“Мага чындап эле мусулман болгондордун биринчиси болуу буйрулду жана: Эч качан мушриктерден болбо.” (деп айтылды.) [Аль-Анам сүрөсү (6/14)]
“Анын эч кандай шериги жок. Мен ушундай буйрук алдым жана мен мусулман болгондордун биринчисимин.” [Аль-Анам сүрөсү (6/163)]
“Чындыгында биз, ыйман келтиргендердин биринчиси болгонубуз үчүн Раббибиз биздин каталарыбызды кечирет деп үмүттөнөбүз.” [Аш-Шуара сүрөсү (26/51)]
“Жана мага мусулмандардын биринчиси болуу да буйрулду.” [Аз-Зумар сүрөсү (39/12)]
Бул аяттарда ар башка Пайгамбарлар “мусулмандардын биринчиси болуу да буйрулду” дешет. Куранга ылайык ар бир Пайгамбар мусулман. Адам пайгамбардан бери Аллах пайгамбарларга Исламды вахий кылган жана алардын мусулман болушун талап кылган. Бирок ар бир пайгамбар дүйнөдөн өткөндөн кийин мушриктер динге миңдеген харамдарды кошуп, пайгамбарларды (Кудай сактасын) кудайлаштырган, өзүнчө устаздарын жана шейхтерин кудай туткан. Ошондон кийин Аллах кайра-кайра Пайгамбар жиберген.
Атеисттер ойлогонго карама-каршы, пайгамбарлар тыюу салып, атеисттерге согуш ачуу үчүн эмес, атеисттер жек көргөн жана мусулман деп ойлогон мушриктердин тобу динди пайдаланып жасаган алдамчылыктарын ашкерелеп, жалгыз Аллахка ишенүүгө жана ибадатка чакыруу үчүн келишкен.
Мисалы, Мухаммед пайгамбар келип Арабиядагы адамдарды Исламга чакырганда ал жердеги мушриктер өздөрүн онсуз да Ибрахим пайгамбардын жолунда экенбиз дешкен. Ошондон кийин аят түшкөн;
Айт: “Аллах чындыкты айтты. Андай болсо Аллахты бир деп тааныган (Hanif)дер катары Ибрахимдин динине ээрчигиле. Ал мушриктерден эмес болчу.” [Аал Имран сүрөсү (3/95)]
Суроонун жообуна келели : Ар бир Пайгамбар келгенде өз доорунун биринчи мусулманы. Анткени адамдардын жалпысы мушрик, бир бөлүгү четке кагуучу.
Жыйынтыгында, биринчи мусулман биринчи пайгамбар да болгон Адам пайгамбар. Бирок Куран логикасына ылайык, келген бардык элчилер да өз коомдорунун биринчи мусулмандары…Бул жөнөкөй логиканы түшүнүп караганыбызда Куран аяттарынын ортосунда эч качан эч кандай карама-каршылык жок экени көрүнөт….