Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куран Мухаммед пайгамбардын вафатынан кийин китеп түрүнө келтирилгенби?

Ислам дүйнөсүндө, өзгөчө жакынкы сүнний аймакта Курандын биздин күнгө чейин кандай жеткени тууралуу кеңири тараган пикир мындай. Улуу Аллахтан алган вахийди Мухаммед пайгамбар өзү ишенген сахабаларга жаттаткан, ал кээ бир сөөк сыныктарына, тери жана пергамент бөлүктөрүнө чачыранды түрдө жазылып сакталган. Элчинин вафатынан кийин адегенде Абу Бакр тарабынан ар кандай сахабалардын үйлөрүндө бөлүк-бөлүк болуп турган бул материалдар чогултулуп китеп түрүнө келтирилген, андан кийин Өмөр тарабынан көбөйтүлүшү камсыз кылынган жана жаңы мусулман болгон аймактарда жашаган адамдарга нускалар жеткирилген.

Кыскача түшүндүргөн бул процесстин айланасында да жүздөгөн риваяттардын жана бири-бирине да, нерселердин табиятына да карама-каршы окуялардын баяндалышынын эң критикалык чекити, Куран Аллахтын элчиси Мухаммед пайгамбардын вафатынан мурун китеп түрүнө келтирилген эмес деген доомат….

Анда диндин жалгыз сахих булагы Куранда бул абал кандай баяндалат. Куран чын эле Пайгамбардын вафатынан кийин китеп түрүнө келтирилгенби?

Биринчиден Аллахтын элчиси, Аллахтан вахий алып жатканда жана анын чоң жоопкерчилигин ааламдарга ырайым элчи болушунун өзгөчөлүгү менен зор кылдаттык менен жана Аллахтын жардамы жана коргоосу астында адамзатка жеткирүү баскычында эч кандай күмөн жок, ал, Кудай сактасын, кем, ашык же туура эмес жеткирсин…Анткени бул абал Куранда абдан ачык билдирилгендей, Аллах өз мойнуна алган чоң иш.

لَا تُحَرِّكْ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعْجَلَ بِهِۦٓ إِنَّ عَلَيْنَا جَمْعَهُۥ وَقُرْءَانَهُۥ فَإِذَا قَرَأْنَٰهُ فَٱتَّبِعْ قُرْءَانَهُۥ ثُمَّ إِنَّ عَلَيْنَا بَيَانَهُۥ وَلَوْ تَقَوَّلَ عَلَيْنَا بَعْضَ ٱلْأَقَاوِيلِ لَأَخَذْنَا مِنْهُ بِٱلْيَمِينِ ثُمَّ لَقَطَعْنَا مِنْهُ ٱلْوَتِينَ فَمَا مِنكُم مِّنْ أَحَدٍ عَنْهُ حَٰجِزِينَ

“Аны (Куранды, түшүнүп жаттап алуу үчүн) шашылып тилиңди аны менен кыймылдата- бербе. Албетте, аны (жүрөгүңдө) чогултуу жана аны (сага) окутуу Бизге таандык (бир иш). Ошондуктан, Биз аны окуганыбызда, сен да анын окулушун ээрчи. Андан соң сөзсүз аны түшүндүрүү Бизге таандык (бир иш).” (Кыяма сүрөсү, 16-19)
“Эгер ал Пайгамбар кээ бир сөздөрдү ойлоп таап, бизге таңууга аракет кылганда, албетте биз аны күч менен кармамакпыз (жана андан өч алмакпыз). Андан соң албетте, анын жүрөк тамырын кесмекпиз. Ошондо силерден эч ким Аны коргой албайт”

“Сага окуйбуз жана сен Аллахтын уруксаты менен унутпайсың.”(Аьла, 87/6)
Риваят маданиятынын баяны ушул чекиттен кийин ишке кирет дал… Курандын көп аяттарында Аллахтан алган вахийди Мухаммед пайгамбар өзү китеп түрүнө келтиргени жөнүндө маалыматтар бар. Бул маселеде эң ачык аяттардын бири …

Муззаммил сүрөсү, 4-аят:

Ev zid ‘aleyhi ve rettil-il-kur’ane tertiylen

Rettil: Иреттөө, тууралоо, жолго коюу, даярдоо, оңдоо, чечүү; пландоо, чечим кабыл алуу, тизүү, катарга коюу, аранжировка кылуу…

Re-te-le чогуу марш кылган аскер бөлүктөрү үчүн колдонулат. Аскер бөлүктөрү наам катары боюнча иреттелет. Бул сөз кооз тизилген тиштер үчүн да колдонулат.

Tertiylen: Туура иреттөө, туура тууралоо; туура тизилиш, жакшы тартип, тертип, катар, катарга тизүү, даярдык, аранжировка, келишим, план

Ушунчалык ачык түрдө Пайгамбар тирүү кезинде жана өзүнүн көзөмөлү жана текшерүүсү астында аяттардын жана сүрөлөрдүн иреттелиши бар болуп турганда, риваят маданиятынын алсыз булактарына ишенип, Куран элчинин вафатынан кийин китеп түрүнө келтирилген деп айтуу абдан туура эмес болот.

Аллахтын ачык буйругу турганда, Мухаммед пайгамбар бул иреттөө буйругун, Кудай сактасын, аткарбай, сахабалардан башка бирөөлөр бул ишти аяктаган деп айтуу ачыктан-ачык чоң жаңылыштык…

Бул маселеде ошол доорго шилтеме кылынган шылтоолордун да мааниси жок. Вахийди ( Куранды ) китеп түрүнө келтирип, жеткирүү ишин жасоо элчи үчүн эң маанилүү иштердин бири. Муну жасоодо доордун мүмкүнчүлүктөрүн шылтоо катары саноо да анчалык туура болбойт. Башында ооба, бирок кийин мусулмандар экономикалык жактан жайлуу абалга келишкен жана Мисирден папирус же Кытайдан кагаз алдырууга мүмкүн болгон абалда болушкан. Эл аралык соода кылган адамдар бул материалдарга жете албай, аяттарды сөөк же бутак сыныктарына жазган деп айтуу риваят маданиятынын логикасына гана туура келет…. Булар турсун, Меккеде Каабанын дубалдарына араб акындары муаллакаат деп атаган ыр жазылган кагаздарды көргөзүшкөнү ошол эле булактардын өзүндө айтылат…

Тур сүрөсү 2-аят:

Ve kitabim mestur

وَكِتَٰبٍ مَّسْطُورٍ

Жана Сап-сап кылынган Китепке

Бул аятта да Куран саптарга түшүрүлгөнү/китеп кылынганы абдан ачык…

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ نٓ وَٱلْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ

Нун сүрөсү 1: Калемге жана сап-сап жазгандарына ант болсун

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَٱلطُّورِ وَكِتَٰبٍ مَّسْطُورٍ فِى رَقٍّ مَّنشُورٍ

Тур 1-3 Турга, жайылган жука тери беттерге тартип менен жазылган китепке

Бул аяттарга эмне дейбиз. Эмне үчүн хадистерде кездешкен сөөк сыныктары жөнүндө айткан аяттар жок?…

“Жок, албетте ал улуу кагаздарда жазылган жана каалаган адам үстүндө ой жүгүртө турган насаат.”(Абаса, 80/11-14)
Андан тышкары Аллах вахийин бүтүрмөйүнчө Мухаммед пайгамбарды вафат кылбасы ачык турганда, элчи уланып жаткан вахийди күтүп Куранды китеп түрүнө келтирбегени да ойго келбейт…

… Бүгүн силерге диниңерди бышыктадым, силерге нематымды толуктадым жана силерге дин катары исламды жактырдым…. (Маида сүрөсү, 3)

Кыскача жыйынтыктасак, Куранга жүздөгөн аяттарда ”КИТЕП” деп сүрөттөлүшү жагынан да карасак, абдан ачык көрөбүз, Аллахтын сөзү Куран Мухаммед пайгамбардын вафатынан мурун элчинин өзү тарабынан китеп кылынган жана акыркы чекити коюлган ыйык кабар… Куран мунун эң чоң күбөсү… Риваят маданиятынын аңгемелерине ишенүүгө милдеттүү эмеспиз. Биз эң туура маалыматка Аллахтын сөзүнөн өзүнөн жетүүгө жоопкербиз…

Кошумча археологиялык маалымат:

Кээ бир ориенталисттер жана тарыхчылар коргогон нерсе, элчинин өлүмүнөн жүздөгөн жылдан кийин Куран китеп кылынган деген дооматы, илимий жактан да чоң жараат алды… Азырга чейин табылган эң байыркы Куран, Пайгамбардын өлүмүнөн 20-40 жыл кийинкиге [649-675] таандык жана Германиянын Тюбинген шаарындагы Университеттин китепканасында турат. 649-675 аралыгына таандык деп даталанган жана Али заманына таандык болушу мүмкүн деп айтылууда… Демек, эң кечинде Мухаммед пайгамбардын вафатынан болгону 20 жыл кийин жазылган нускага жетишилген…Кол жазмада Курандын 17-сүрөсү Исра сүрөсүнөн баштап Курандын 36-сүрөсү Ясин сүрөсүнүн 57-аятына чейин бар.. Бул так маалымат, Куран элчинин заманында китеп кылынган деген дооматка жакыныраак табылга…. бирок башка дооматты талкалаган далил…….. Көрүүнү жана компьютерине жүктөп алууну каалаган достор үчүн: http://idb.ub.uni-tuebingen.de/diglit/MaVI165/0001…

Кошумча археологиялык Маалымат 2

Пайгамбар дооруна таандык Куран табылды

Германиянын борбору Берлиндеги Мамлекеттик Китепканада, Пайгамбар доорунда жазылган деп болжолдонгон Курани Карим барактары табылды. Жети жалбырак пергаментке жазылган Куран нускалары 606 менен 652-жылдардын аралыгындагы жылдардан калганы болжолдонууда.
Курандын биринчи жазма нускасы Берлинде табылды. Германиянын борбору Берлиндеги Мамлекеттик Китепканада, Пайгамбар доорунда жазылган деп болжолдонгон Курани Карим барактары табылды
Берлин Мамлекеттик Китепканасында сакталган жана көптөн бери Пайгамбардын тирүү кезинде жазылган деп болжолдонгон нускалар ошол доорго таандык экени илимий жактан далилденди. Цюрихте бир лабораторияда изилденген, жети жалбырак пергаментке жазылган Куран нускалары 606 менен 652-жылдардын аралыгындагы жылдардан калганы аныкталды.
‘Maerkische Allgemeine Zeitung’ аттуу гезиттин кабарына ылайык, Мамлекеттик Китепкананын басма сөз катчысы Jeanette Lamble, нускалар ‘Corpus Coranicusm’ аттуу кеңири көлөмдүү жана узак мөөнөттүү изилдөө долбоорунун алкагында Цюрихтеги бир лабораторияда изилденгенин билдирди. Бул долбоор, бүт Европада турган Курани Карим нускаларын илимий жактан изилдейт.
Берлиндеги бул Куран нускалары болжол менен жүз жылдан бери Мамлекеттик Китепканада турганы белгиленүүдө. Мисирдин борбору Каирде жашаган бир илимпозго мурас калган нускалар, 19-кылымдын аягында же 20-кылымдын башында Германияга алып келингени болжолдонууда.

БЕРЛИН КИТЕПКАНАСЫНЫН БАСМА СӨЗ БӨЛҮМҮНҮН БИЛДИРҮҮСҮ
http://staatsbibliothek-berlin.de/…/article/2015-04-07-9177/

Нусканын санариптик сүрөт
төрү 7 бет

http://digital.staatsbibliothek-berlin.de/werkansicht/?PP…

Кошумча археологиялык Маалымат 3

Дүйнөнүн эң байыркы Кураны болушу мүмкүн болгон кол жазмалар, Англиядагы Бирмингем Университети тарабынан ачыкка чыгарылды.Жасалган КӨМҮРТЕК 14 тести менен кол жазмалар -эң аз 1370- жылдык экени аныкталды. BBCнин кабарына ылайык; Куранга таандык барактар, болжол менен бир кылымдан бери университеттин китепканасында байкалбай турган. Бир докторанттын барактарды изилдегенинен кийин Оксфорд Университетинде КӨМҮРТЕК ТЕСТИНЕ алынган кол жазмалар, кой же эчки терисине жазылганы аныкталды. Англиянын Бирмингем Университетинин Китепканасында сакталган жана Мухаммед пайгамбар тирүү кезинде жазылган деп болжолдонгон нускалар ошол доорго таандык экени жасалган Carbon 14 жана мусхаф анализ тесттери менен илимий жактан далилденди. Жасалган лабораториялык изилдөөлөрдө эчки же кой терисине жазылган Куран нускалары 568 менен 645-жылдардын аралыгына таандык экени болжолдонууда.

Бул абалга карата British Library’нин ыйык китептер боюнча адиси Dr. Muhammad Isa Waley болсо сезимдерин; “кызыктуу бул ачылыш Ислам дүйнөсүн кубандырарын” деп билдирүүдө

Демек, археологиялык далилдер Куран жана логика жарыгында бааланганда жасалган дооматтар жараксыз экени илимий жактан түшүндүрүлгөн.

Булак үчүн; http://www.bbc.com/news/business-33436021?SThisFB