Кысас аятында карама-каршылык жок
Аль-Бакара сүрөсү 178де: “Эй, ыйман келтиргендер, өлтүрүлгөндөр жөнүндө силерге кысас парз кылынды; эркинге эркин, кулга кул, аялга аял. Бирок өлтүргөн адам өлтүрүлгөндүн бир тууганы тарабынан кечирилсе, салтка ылайык түрдө кунду жакшылык менен төлөшү керек. Бул Раббиңерден жеңилдетүү жана ырайым. Мындан кийин ким чектен чыкса, ал үчүн жанды ачыткан азап бар.”
Аяттын контекстин эске албастан, сөздүк мааниси менен которулганда, жогоруда берилген маани туура маани болуп саналат. Бирок контекст эске алынганда, айтылган нерсе башка мааниге ээ болот. Эгер жөн гана сөздүк маанисин карманса; эгер эркинди эркин эмес, кул өлтүрсө же аялды аял эмес, эркек өлтүрсө, анда эмне болот деген суроолордун жообун бере алышыбыз мүмкүн болбойт.
Бирок контекст эске алынганда эч кандай көйгөй калбайт. Анткени аят сөздүк мааниси менен “эркинге эркин, кулга кул, аялга аял” деген болсо да, контекст эске алынганда маани; “эркин болсо эркин, кул болсо кул, аял болсо аял; ким өлтүргөн болсо, ошол өлтүрүлөт” болот. Башкача айтканда, өлтүргөндүн ордуна башка бирөө өлтүрүлбөйт.
Анткени Жахилият доорунда айрым кылмыштарда өлтүргөн адамдын ордуна кун катары башка бирөө өлтүрүлүшү мүмкүн эле. Мисалы, өлтүргөн адам күчтүү уруудан болсо, анын ордуна ошол урууга таандык кандайдыр бир кул кун катары өлтүрүлчү.