Каба Коопсуз Жерби? Бул Тууралуу Аятты Кантип Түшүнүшүбүз Керек?

Доомат:
Куран Каба коопсуз деп билдирет. Бирок анда-санда сел сыяктуу кырсыктарга кабыларын билебиз. Селге кабылганына же чагылган тийиши мүмкүн экенине караганда, Каба коопсуз деп белгилеген сөз болуп жаткан аят карама-каршылыктуу. Бул да Куран (Кудай сактасын) Аллахтын сөзү эмес экенин көрсөтөт.
Жооп:
Сөз болуп жаткан аят — Али Имран сүрөсүнүн 97-аяты. Бул аятта мындай деп жазылган:
Аяттын түркчө транскрипциясы:
Fîhi âyâtun beyyinâtun makâmu ibrâhîm(ibrâhîme), ve men dahalehu kâne âminâ(âminen), ve lillâhi alen nâsi hiccul beyti menistetâa ileyhi sebîlâ(sebîlen), ve men kefere fe innallâhe ganiyyun anil âlemîn(âlemîne).
Аяттын Сөздүк талдоосу:
- fîhi: ал жерде
- âyâtun: аяттар, далилдер, күбөлөр
- beyyinâtun: ачык бейинелер
- makâmu ibrâhîme: Ибрахим пайгамбардын макамы
- ve men: жана ким (…болсо)
- dahale-hu: ал жерге кирди
- kâne: болду (болот)
- âminen: аман-эсендикте, аман
- ve li allâhi: жана Аллах үчүн
- alâ en nâsi: адамдардын үстү (үстүндө жоопкерчилик)
- hiccu el beyti: beyt’ тин ажылык кылынышы
- men istetâa: күчү жеткен киши
- ileyhi: ага
- sebîlen: жол, жол табуу
- ve men: жана ким
- kefere: четке какты
- fe inne allâhe: анда, эми сөзсүз Аллах
- ganiyyun: ганий, эч нерсеге муктаж эмес
- an el âlemîne: ааламдардан
Аяттын котормосу:
Ал жерде ачык белгилер бар: Ибрахимдин (бутпарастыкка каршы) турган жери. Ал жерге кирген коопсуздукта болот. Элден сапарга күчү жеткендер ал Үйдү (Кабаны) АЛЛАХ үчүн ажылык кылууга милдеттүү. Ким четке кагса, билсин, АЛЛАХ эч кимге муктаж эмес.
Аятта кездешкен жана КООПСУЗДУК маанисин берген AMİNEN түшүнүгүнүн эмне экенин так түшүнгөнүбүздө, чындыгында доомат канчалык алсыз негизде экенин да түшүнгөн болобуз. Мындай каршылыктар жалаң гана ТҮРКЧӨ логика менен ойлонуп, сөздүн башка маанисин оюна келтирбеген кишилердин жөөлүүлөрү.
Бул аятта колдонулган ”aminen” сөзүнүн Курандын ошол эле сөз кездешкен башка аяттарын карасак, кандай маанилерди берери жакшыраак түшүнүлөт. Бул сөз Куранда ушул түрү менен так 6 жолу кездешет.
Бул жердеги аман-эсендик/коопсуздук үчүн колдонулган ”aminen” сөзүндө эмне көздөлгөнү бул 6 аяттын арасындагы эки аятта абдан оңой түшүнүлөт.
Мисалы, Фуссилат сүрөсүнүн 40-аятын карап көрөлү:
Арабчасы (aminen сөзүнө көңүл бургула):
(İnnellezîne yulhıdûne fî âyâtinâ lâ yahfevne aleynâ, e fe men yulkâ fîn nâri hayrun em men ye’tî AMİNEN yevmel kıyâmeh)
Котормосу:
”Аяттарыбыз жөнүндө тууралыктан четтеп, четке кагууга бургандар бизге жашыруун калбайт. Анда отко ташталган жакшыбы, же кыямат күнү КООПСУЗДУК ичинде бизге келгенби?”
Бул аятта коопсуздуктун кандай мааниде колдонулганы абдан оңой түшүнүлөт. Сөз болуп жаткан физикалык коопсуздук эмес. Сөз болуп жаткан нерсе — акырет аман-эсендиги. Кабага барган Аллахтын ыраазылыгы үчүн барат жана Аллахтын жолундагы адам коопсуздукта. Өлүм же кандайдыр бир физикалык зыян бул кишиге эч кандай туруктуу зыян келтире албайт.
Теманы ачыктаган дагы бир аят — Ибрахим сүрөсүнүн 35-аяты. Бул аятта Ибрахим пайгамбардын дубасы берилет:
Арабчасы:
(Ve iz kâle ibrâhîmu rabbic’al hâzel belede AMİNEN vecnubnî ve beniyye en na’budel asnâm)
Котормосу:
Эстегиле, Ибрахим мындай деген: ”Раббим, бул шаарды (каба жана анын айланасын) коопсуз кыл, мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан сакта.”
Бул аятта болсо коопсуздуктан туура жолдо болуу көздөлгөнү түшүнүлөт. Ибрахим пайгамбар каба жана анын айланасы акыретин куткарган (коопсуздукта болгон) адамдардын шаары болушун каалайт.
Андан тышкары, классикалык араб сөздүктөрүндө бул сөздүн ”коркуудан сакталуу” жана ”жамандыктан сакталуу” сыяктуу маанилерди берери да жазылган. (кара: Классикалык араб сөздүгү ”Lane’s lexicon”, 1-том, 101-бет)
Көрүп тургандай, коопсуздук сөзү көп маанилерде колдонулушу мүмкүн. Коопсуздук сөзүн белгилүү бир маани менен чектеп, Куран катачыл деп айтуу акылсыздыктын туу чокусу.
Каба физикалык жактан эч кандай кырсыкка кабылбайт, селге жана чагылганга учурабайт деп айтуу сыноонун сырына да каршы. Аллах, албетте, бардык нерсеге күчү жетүүчү. Кабаны же каалаган кайсы бир жерди физикалык жактан да коргой алат жана муну сөзүндө өзүнчө билдирген болушу мүмкүн эле, бирок Суннатуллах мындай иштебейт жана акылдын эрки алынбастан адамдар сыноого туш болушат.