Мухаммед пайгамбар көп аялдуу никелер кылуу үчүн аят жазган деген дооматка жооп
Мухаммед пайгамбар рисалат алган 40 жашына чейин өзү жашаган коомдо ”emin”, башкача айтканда, ишенимдүү деп белгилүү, урматтуу адам эле. Ал 25 жашында 40 жаштагы Хадичага үйлөнгөн жана Хадича дүйнөдөн өткөнгө чейин болжол менен 25 жыл никеде турушкан. Хадича бай ишкер аял болчу. Мухаммед пайгамбардын максаты байлык жана аял болсо, Хадичага үйлөнгөндөн кийин тапкан байлыгынын артынан ажырашып, жаш айымдарга үйлөнмөк. Анын үстүнө ал мезгилде көп аял алуу онсуз да мыйзамдуу болчу. Жубайы дүйнөдөн өткөндө болсо ал жаштык мезгилин артта калтырган, 50 жаштагы эркек эле.
Мушрик системага ылайык эркектин чексиз жубай алуу укугу онсуз да бар болчу. Башкача айтканда, Мухаммед пайгамбардын көп аялдуу болуш үчүн кошумча аракет жумшашынын кажети жок эле. Анда ”Мындан кийин (башка) аялдар жана буларды башка жубайлар менен алмаштыруу – сулуулугу сага жакса да – сага адал болбойт…” (Аль-Ахзаб сүрөсү, 52) аяты менен никелерине чек коюунун логикасы эмне? Онсуз да чексиз жубай алуу укугу бар туруп, эмне үчүн өзүн чектей турган аят жазмак эле?
Тооратта Лут пайгамбардын кыздары имиш тукуму уланган үчүн өз аталары уктап жатканда аны менен жыныстык катнашка киргени жазылган. Лут пайгамбар кандай абалга келтирилгенин карап көрөсүңөрбү?
Өткөн коомдордун мындай ойдон чыгаруулары жана имиш хадис деп айтылган хурафаттар да эске алынса, жаңылыш айтууларга жол бербей тургандай кылып Мухаммед пайгамбардын никелери, жубайларынын кийими, бөтөн эркектер менен сүйлөшүү ыкмаларынын … ачык жана толук баяндалышы абдан кадимки нерсе. Бүгүн атеисттер менен деисттердин ойдон чыгарылган хадистерден улам булганган акылдары бул ачык аяттар болбосо, кандай хурафаттар менен кирденмек экенин ойлонуп көргүлө…