Мурда асман жаратылганбы же жерби?

Назиат жана Фуссилат сүрөлөрүндөгү сөздөрдөн улам, эки башка жерде жердин жана асмандын жаратылышы тууралуу ар башка ырааттуулук бар деген доомат айтылууда. Бул айырма карама-каршылык деп айтылганы менен, чындык дооматта айтылгандай эмес. Чынында жерлер менен асмандардын жаратылышында ырааттуулук жок. Экөө тең бир убакта жаратылган. Анбия сүрөсүндөгү бир аятта мындай деп билдирилет:
Ошол четке кагуучулар көрүшпөйбү, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышып турганда, биз аларды ажыраттык …. (21 Анбия, 30) Бул аятта асмандар менен жер эки сөз катары катар келгенде Аалам-Баары деген мааниде. Чексиз тыгыздыкка жана нөл көлөмгө ээ БИР чекиттин жарылышы менен (BIGBANG) жаратылууну баяндаган Куран керемети.
Дүйнөнүн жана башка планеталардын жаратылуу иши кийинки баскычта аткарылганы сөз болот. Башка аяттар да кылдат окулганда мындай ырааттуулук жасалбаганы көрүнөт. Адегенде Фуссилат сүрөсүндөгү аяттарды карасак, муну жакшыраак көрө алабыз.
Анда (жерде) анын үстүндө бекем тоолорду пайда кылды, анда берекелерди жаратты жана сурап-издегендер үчүн бирдей болуп, андагы ырыскыларды төрт күндө ченеп белгиледи. Андан соң, түтүн абалындагы асманга багыт алды; ошентип ага жана жерге айтты: “Каалап же каалабай келгиле.” Экөө тең: “Каалап (баш ийип) келдик” дешти. (41 Фуссилат сүрөсү – 10-11)
10-аятты карасак, жердин жаратылышы тууралуу сөз болот. 11-аятта болсо “андан соң түтүн абалында асманга багыт алды” деген сөз бар. Башкача айтканда, бул жерде асмандын кийинчерээк жаратылышы сөз болгон жок. Асман мурунтан эле бар. Болгону — түтүн абалындагы асманга багыт алуу. Жана 12-аятта мындайча уланат:
Ошентип аларды эки күндүн ичинде жети асман кылып бүтүрдү жана ар бир асманга өз буйругун вахий кылды. Биз дүйнө асманын да чырактар менен кооздоп-жасалгаладык жана коргоо (астына алдык). Мына бул, үстүн жана күчтүү, билүүчү (Аллах)тын ченеп белгилегени. (41 Фуссилат сүрөсү, 12)
Бул жерде сөз болуп жаткан нерсе — түтүн абалында бар болгон асмандын, жер жаратылгандан кийин 7 кат асман болуп катмарланышы. Жаңы жаратылыш сөз болгон жок. Болгону иретке келтирүү сөз болот.
Атмосферанын пайда болушуна байланыштуу илимий теорияларды карасак, бул сөздүн аны менен дал келгени, атмосфера башында түтүн абалында болуп кийинчерээк бүт атмосфера 7 түрдүү катмар түрүндө калыптанганы илимий теорияларда мурунтан эле айтылып жатат. Азыр биздин атмосфера да аятта билдирилгендей 7 өзүнчө катмардан турат. Назиат сүрөсүндөгү аяттарды караганыбызда, дагы ушуга окшош абал бар экенин көрөбүз. Бул жерде асмандын жаратылышы тууралуу сөз болот. Булар баяндалгандан кийин жер тууралуу мындай деп билдирилет: ‘Мындан кийин жер бетин иретке келтирди.’ (79 Назиат сүрөсү, 30)
Бул жерде да жердин жаратылышы тууралуу сөз болбойт. Жер мурунтан эле бар. Бул жерде сөз болуп жаткан нерсе — жердин иретке келтирилиши. Башкача айтканда жаратылыш жок. Назиат жана Фуссилат сүрөлөрүндөгү аяттарда баяндалган жер менен асмандар бирге жаратылган. Андан кийин жер жана асман иретке келтирилген. Фуссилат сүрөсүнүн 11-аятында жерлер менен асмандардын бирге кыймылдашы “Ошентип ага жана жерге айтты: “Каалап же каалабай келгиле.” Экөө тең: “Каалап (баш ийип) келдик” дешти.” түрүндө билдирилет.
Дагы жердин алгачкы пайда болушуна байланыштуу илимий иштерди карасак, бардык континенттерин бирге бир кургактык бөлүгү болгону, кийин кургактыктарды түзгөн катмарлар кыймылдаганы, бул кыймылдар учурунда континенттер бири-биринен алыстап жер бетине жайылганы, тоолор убакыт өткөн сайын калыптанганы баяндалат:
Жерди да Биз төшөп-жайдык; кандай сонун төшөөчү(бүз). (51 Зарият сүрөсү – 48)
Бул аятта да ушул илимий чындык билдирилип жатат. Көрүнүп тургандай, эки топ аятта асмандардын жана жердин жаратылышынын биринен мурун же кийин жаратылганы айтылбайт. Бул жерде сөз болуп жаткандар — жаратылган асмандын жана жаратылган жердин иретке келтирилиши. Бул иретке келтирүүнүн да дал илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында ачылган чындыктарда айтылгандай пайда болгону. Бул аяттарда да карама-каршылык турмак, болгону акыркы кылымда ачылган илимий чындыктар билдирилип жатат.