Олжолор тууралуу аяттарда карама-каршылык бар деген дооматка жооп
Дагы темаларды жакшы билбей туруп жана алдын ала калыптанган көз караш менен Аллахтын сөзү Куранда карама-каршылык издеген айрым адамдардын мисал катары көп көтөргөн бир темада ‘ олжолор/ кирешелер ‘ тууралуу аяттар.
Бул карама-каршылык дооматына ылайык Курандын Анфал сүрөсүнүн 1-аятында олжолор Аллахтыкы жана элчисиники делсе, ошол эле сүрөнүн 41.аятында олжолордун бештен бири Аллахка жана элчисине таандык экени жазылган…
Бул эки аятка ылайык:
- Бул эки аяттагы сандардын ортосунда карама-каршылык барбы?
- Эмне үчүн олжолордун бир бөлүгү болсо да Аллахка жана пайгамбарына үлүш берилет? Кудай сактасын Аллахтын олжолорду алышы кандай түшүндүрүлөт?
ЖООП:
Анфал сүрөсүнүн алгачкы аятында “kulil enfâlu lillâhi ver resûl” деген сөз бар. Аят сүйлөм катары: Enfal(олжолорду) сурагандарга жооп катары айт: Алар Аллахка жана пайгамбарга деп айтылууда. Башкача айтканда айланадагы адамдар олжолордун эмне болорун пайгамбардан сурашат. Куран да буга жооп катары: “алар Аллахка жана пайгамбарга” дейт.
Бул жерде “олжолор Аллахтыкы жана пайгамбардыкы” делбейт. Аллахка деп айтылат. Мунун мааниси да “олжолордун өкүмү Аллахка жана элчисине таандык” деген сүйлөм болушу керек. Аллах жана пайгамбар эки башка өкүм булагы эмес, ансыз да “resul” деген элчи дегенди билдирет.
“Аллахтын жана элчисинин буйругу” дегени: Аллах буйруган, элчиси алып келген буйрук дегени. Аллах менен элчиси биргелешкен чечим кабыл алышпайт. Анткени андай болсо Аллах жана Мухаммед дейт эле. Бирок Мухаммеддин бул жердеги функциясы “элчи” болушу башкача айтканда Кабар алып келүү өзгөчөлүгү.
Кыскасы “Олжолорду сурашат, алардын ӨКҮМҮ Аллахка жана элчисине. Болбосо “олжонун өзү” эмес.
Башка аяттарда (41-аят) да олжонун өзү айтылып 1/5и Аллахтыкы деп айтылган. Бул жерде Аллах, элчиси бир мекеме жана мамлекет ордунда. Анткени олжо үчүн “өкүм” толугу менен мамлекеттики(Аллах жана элчиси); өлчөмдүн да бештен бири мамлекеттики. Калганы башкаларга тиешелүү болот. Бул бештен бири да, пайгамбарга, жакындарына, жетимдерге жана муктаждарга таратылат. Башкача айтканда чечим органы болгон Элчи(мамлекет сыяктуу) буларды Аллахтын атынан(ошондуктан Аллах жана элчи делет) олжодогу өкүмдө жалгыз хаким, үлүштө 5тен бир хаким. Калганы башка укук ээлерине берилет.
Бул түшүндүрмөлөр менен сөз болгон аяттардын котормолору мындай.
Анфал сүрөсү 1.аят:
Сенден олжолордун өкүмүн сурашууда. Айт: «Олжолордун өкүмү Аллахка жана Элчисине таандык. Ошондуктан силер чындап ыйман келтирген болсоңор, Аллахтан корккула, өз араңарды оңдогула, Аллахка жана Элчисине баш ийгиле!
Анфал сүрөсү 41. аят:
Ажыратуу күнүндө, эки аскер беттешкен күнү кулубузга түшүргөн нерсеге жана АЛЛАХКА ишенсеңер, билгиле, колуңарга тийген ар бир олжонун бештен бири АЛЛАХТЫКЫ жана Элчисиники. Бул үлүш, туугандардын, жетимдердин, жардылардын жана жолдо калгандардын акысы. АЛЛАХ бардык нерсеге Күчү Жетүүчү.
Жыйынтык:
Эки аятта тең, сөз анализдери жүргүзүлгөндө көрүнүп тургандай, олжолор/кирешелер маселесинде өкүм чыгаруу ыйгарымы Аллахтын жана Анын элчисинин колунда. Жана башка аятта да көргөнүбүздөй бул кирешелердин бештен бири да коомдогу муктаждардын керектөөлөрүнө жумшалуу үчүн Аллахка жана элчисине ( мамлекет системасына) таандык.
Кыскасы сөз болгон эки аяттын ортосунда эч качан карама-каршылык жок жана коомдо пайда болгон мындай кирешелердин муктаждарга берилиши максатында бештен биринин алынышы түрүндө да заманбап дүйнө менен абдан шайкеш система түзүлгөн.
Жаман ниет менен акылдарда түзүүгө аракет кылынган ар бир майда-чүйдө Аллахтын сөзүн жакшыраак түшүнүшүбүзгө пайдасы тийгендиктен өзүнчө Аллахка шүгүр кылууга себеп…..