Курандын Балагат Өнөрүнүн Мисалдарын Карама-каршылык Деп Ойлоо

Балагат; кайрылган кишилерге ылайык, так өз ордунда, туура жана чындыкка жараша сонун сөз сүйлөө өнөрү. Куран, ар бир акылга, ар бир жашка, ар бир маданиятка жана географияга кайрылгандыктан, универсалдуу Китеп. Ошондуктан бир киши Куранга карата кандай мамиле тутса, Куранда ага жараша кайрылат.
Курандын бул жагын али билбеген же билгиси келбеген кээ бир кишилер Ниса Сүрөсүнүн 157-аяты үчүн, жөөттөр анын элчи экенине ишенбесе, Куранда эмне үчүн Иса пайгамбар тууралуу; ‘Аллахтын Элчиси Мариям уулу Иса Масих’ деп сүйлөгөнү билдирилет? ” деп, Куранда карама-каршылык бар деп ырасташат.

Куранда бул абалды İSTİHZA деп аташат. Түрк тилинде да колдонулган müstehzi (шылдыңчыл) түшүнүгү да келип чыккан тамырдан болгон сөз.
“Биз, Аллахтын Элчиси Мариям уулу Иса Масихти өлтүрдүк” дегендери үчүн. Чындыгында аны өлтүрүшкөн жок, аны аскан да жок; ал аларга окшош көрсөтүлдү гана. Ал тууралуу талашка киргендер, ал жөнүндө толук шекте. Алардын ал тууралуу билими жок; божомолго гана ээрчишет. Аны такыр өлтүрүшкөн жок.” (Ниса Сүрөсү 157-аят)
Аяттан да түшүнүлгөндөй, жөөттөрдүн мушриктери, албетте, Иса пайгамбарды элчи катары көрбөгөнү абдан ачык. Андай болсо, ыймандуу катары хавариларга кошулмак. Андан тышкары алар бул теманы шылдыңга алып -силер ошондой деп ойлогон элчини да биз өлтүрдүк- дешет. Окшош балагат өнөрүнүн мисалы Курандын көптөгөн аяттарында да орун алган. Мисалы;
Дешти: “Эй өзүнө вахий келген адам! Сен сөзсүз жиндерге чалдыккан бирөөсүң!” (Хижр Сүрөсү 6-аят)
(Фираун) Деди: «Шексиз силерге жиберилген Элчиңер, чындыгында жинди.» (Шуара Сүрөсү 27-аят)