Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда четке кагуучулар менен согуштун чектери – Басып алуу согушу доомату

Курандагы согушка байланыштуу аяттар четке кагуучулар тарабынан атайылап бурмаланып колдонулууга аракет кылынууда. Аяттардагы сөздөр тексттин негизги агымынан ажыратылып башкача чечмеленет. Чындыгында бул аяттар Курандын жалпы логикасына жана теманын агымына жараша бааланса абал андан да ачык болот. Тавба сүрөсүндөгү аят мындай:

قَٰتِلُوا۟ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَلَا بِٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ وَلَا يُحَرِّمُونَ مَا حَرَّمَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَلَا يَدِينُونَ دِينَ ٱلْحَقِّ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ حَتَّىٰ يُعْطُوا۟ ٱلْجِزْيَةَ عَن يَدٍ وَهُمْ صَٰغِرُونَ

Өздөрүнө китеп берилгендерден, Аллахка жана акырет күнүнө ишенбеген, Аллах жана Анын Элчиси харам кылганды харам деп тааныбаган жана чыныгы динди (Исламды) дин кылып албагандар менен, кор болуп жизьяны өз колдору менен бергенге чейин согушкула. (9 Тавба сүрөсү, 29)

Аяттагы сөзгө көңүл бурулса, бул жерде согушуу буйрулган адамдар бардык китеп ээлери эмес. Булар китеп берилгендерден бир топ. Алар менен согушуу талап кылынышынын себеби дагы алардын мусулмандар менен согушканынан улам. Эгер Тавба сүрөсү башынан баштап окулса тема жакшыраак түшүнүлөт.

Согушка байланыштуу аяттарды Курандын бүтүндүгүндө баалоо керек. Бул дооматтардын баарынын тескерисинче, Куранга ылайык согуш коргонуу максатында жүргүзүлүшү керек. Башка адамдардын жерлерин басып алуу үчүн жүргүзүлгөн согуш Куранга ылайык диний согуш боло албайт. Тарых бою басып алуу максатында Ислам мамлекеттери кээ бир согуштарды жүргүзгөн болушу мүмкүн. Бирок алардын баары диний согуштар эмес, саясий согуштар. Аллах мындай согушка тыюу салууда. Бакара сүрөсүндө мындай буюрулат:

وَقَٰتِلُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ ٱلَّذِينَ يُقَٰتِلُونَكُمْ وَلَا تَعْتَدُوٓا۟ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلْمُعْتَدِينَ وَٱقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُم مِّنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ وَٱلْفِتْنَةُ أَشَدُّ مِنَ ٱلْقَتْلِ وَلَا تُقَٰتِلُوهُمْ عِندَ ٱلْمَسْجِدِ ٱلْحَرَامِ حَتَّىٰ يُقَٰتِلُوكُمْ فِيهِ فَإِن قَٰتَلُوكُمْ فَٱقْتُلُوهُمْ كَذَٰلِكَ جَزَآءُ ٱلْكَٰفِرِينَ فَإِنِ ٱنتَهَوْا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ وَقَٰتِلُوهُمْ حَتَّىٰ لَا تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ ٱلدِّينُ لِلَّهِ فَإِنِ ٱنتَهَوْا۟ فَلَا عُدْوَٰنَ إِلَّا عَلَى ٱلظَّٰلِمِينَ

Силер менен согушкандарга каршы Аллахтын жолунда согушкула, (бирок) чектен чыкпагыла. Албетте, Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт. Аларды, тапкан жериңерде өлтүргүлө жана силерди чыгарган жерден силер да аларды чыгаргыла. Фитна, өлтүрүүдөн жаман. Алар, силерге каршы согушканга чейин силер, Масжид аль-Харамдын жанында алар менен согушпагыла. Силер менен согушса силер да алар менен согушкула. Каапырлардын жазасы мына ушундай. Алар, (согушка) чекит коюшса (силер да чекит койгула); албетте Аллах, кечирүүчү, мээримдүү. (Жер жүзүндө) Фитна калбаганга жана дин (бир гана) Аллахка таандык болгонго чейин алар менен согушкула. Эгер баш тартышса, анда зулум кылгандардан башкага каршы душмандык жок. (2 Бакара сүрөсү, 190-193)

Бул аяттардан түшүнүлгөндөй согуш согушкандарга каршы гана жүргүзүлөт. Анын үстүнө бул согушта чектен чыгылбашы үчүн Аллах, ишенгендерди эскертүүдө. Согуш учурунда каршы тарап согушка чекит коюп аман тилесе, мусулмандар буга баш ийип согушка чекит коюшат. Согуштан көрүлгөн зыянга ылайык жизья алынат. Жизья Ceza тамырынан келет жана согушта төлөнгөн компенсация, салык эмес. Жизья, басып алуу согушу жүргүзүлбөгөнүнүн да далили. Анткени басып алуу согушу болсо компенсация талап кылынбайт. II Дүйнөлүк согуштан кийин агрессор Германия төлөгөн согуш компенсациясы да жизья. Жизья, жарандык укукта да бар болгон жаза.

Куранда согуш коргонуу максатында гана экенин жогорудагы аяттарда көргөн элек. Мындан тышкары чабуул болгондо болсо Аллах мусулмандардын бул агрессияга каршы жооп беришин жана бүт күчү менен бул агрессорлор менен согушушун талап кылат. Тавба сүрөсүндөгү аяттар мындай:

أَلَا تُقَٰتِلُونَ قَوْمًا نَّكَثُوٓا۟ أَيْمَٰنَهُمْ وَهَمُّوا۟ بِإِخْرَاجِ ٱلرَّسُولِ وَهُم بَدَءُوكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ أَتَخْشَوْنَهُمْ فَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخْشَوْهُ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ قَٰتِلُوهُمْ يُعَذِّبْهُمُ ٱللَّهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُّؤْمِنِينَ وَيُذْهِبْ غَيْظَ قُلُوبِهِمْ وَيَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Анттарын бузган, элчини (мекенинен) сүрүп чыгарууга аракет кылган жана силер менен биринчи жолу (согушту) баштаган коом менен согушпайсыңарбы? Алардан коркуп жатасыңарбы? Эгер ишенсеңер, Өзүнөн коркушуңарга Аллах татыктуураак. Алар менен кармашкыла. Аллах, аларды силердин колдоруңар менен жазгырсын, кор жана пас кылсын жана аларга каршы силерге жеңиш берсин, ыймандуулар коомунун төшүнө шыпаа берсин. Жана жүрөктөрүндөгү ачууну кетирсин. Аллах каалаганынын тообосун кабыл алат. Аллах билүүчү, өкүм жана даанышмандык ээси. (9 Тавба сүрөсү, 13-15)

Согушта чечкиндүү жана күчтүү болуу согуштун тезирээк бүтүшүн камсыз кылары да, ыктымалдуу согуштар үчүн тыюучу үлгү түзөрү да ачык. Агрессорлорго жооп берүү жана аларды бул аракеттерине өкүндүрүү акыры тынчтыкты коргоо үчүн эң туура жол болот.

Мындан тышкары дагы Аллах, мусулмандардан алсыз калтырылган, азап чеккен, муктаж адамдар үчүн дагы аларды коргоо максатында согушка уруксат берүүдө:
Силерге эмне болду, Аллахтын жолунда жана: “Раббибиз, бизди эли залым болгон бул өлкөдөн чыгар, бизге Өз алдыңдан бир вали (коргоочу ээ) жибер, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жөнөт” деген эркектер, аялдар жана балдардан алсыз калтырылгандар үчүн согушпай жатасыңар? (4 Ниса сүрөсү, 75)

Мындай согуш да зордук-зомбулуктан эмес, тескерисинче мээримден келип чыгат. Залымдыкка каршы Ислам, мазлумду курчап коргоочу болууну ишенгендерге насаат кылат. Тынчтык абалында болсо Аллах, ыйман келтиргендерден жакшылыкты жана адилеттүүлүктү талап кылат. Бул жерде максат согушка каршы тынчтыктын корголуп сакталышы:

لَّا يَنْهَىٰكُمُ ٱللَّهُ عَنِ ٱلَّذِينَ لَمْ يُقَٰتِلُوكُمْ فِى ٱلدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُم مِّن دِيَٰرِكُمْ أَن تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوٓا۟ إِلَيْهِمْ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلْمُقْسِطِينَ

Аллах, силер менен дин маселесинде согушпаган, силерди мекендериңерден сүрүп чыгарбагандарга жакшылык кылууңардан жана аларга адилеттүү мамиле кылууңардан силерди тыйбайт. Анткени Аллах, адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт. (60 Мумтахина сүрөсү, 8)

Каршыңардагы топ кайсы динден болбосун эгер тынчтыкта жашагысы келсе, аларга карата ишенгендердин мамилеси Куранга ылайык достук мамиле гана болушу мүмкүн. Демек бул аяттар бүтүндүктө окулуп бааланганда ортодо карама-каршылык жок.