Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда тоолордун бекем да, сүрүлүүчү да экени жөнүндөгү маалымат

Тоолордун бекем болушу

Куранда тоолордун маанилүү геологиялык милдетине көңүл бурулат:

وَجَعَلْنَا فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِهِمْ وَجَعَلْنَا فِيهَا فِجَاجًا سُبُلًا لَّعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ

Жер бетинде, аларды силкинтпесин деп, бекем тоолорду жараттык… (Аль-Анбия сүрөсү, 31)

Көңүл бурулса, аятта тоолордун жер бетиндеги силкинүүлөрдү алдын алуучу касиети бар экени кабар берилүүдө. Куран түшүрүлгөн мезгилде эч бир адамга белгисиз болгон бул чындык бүгүнкү күндө заманбап геологиянын табылгаларынын натыйжасында ачылган.

Мурда тоолор жер бетинин үстүндө гана калган бийиктиктер деп ойлонулчу. Бирок илимпоздор тоолор жалаң гана беттеги бийиктиктер эмес экенин, тоо тамыры деп аталган бөлүктөрү менен кээде өз бийиктигинин 10-15 эсесиндей жердин астына карай созулганын байкашты. Бул касиеттери менен тоолор, так эле мыктын же казыктын чатырды жерге бекем байлаганына окшош ролду ойнойт. Мисалы, чокусу жер бетинен болжол менен 9 км жогору турган Эверест тоосунун 125 кмден ашык тамыры бар. (1)

Мындан тышкары, тоолор жер кыртышын түзгөн абдан чоң катмарлардын кыймылдарынын жана кагылышууларынын натыйжасында пайда болот. Эки катмар кагылышканда, бышыгыраагы экинчисинин астына кирет. Үстүндө калган катмар бүгүлүп көтөрүлөт жана тоолорду пайда кылат. Астында калган катмар болсо жер астында илгерилеп, ылдый карай терең уландыны пайда кылат. Демек, мурда да белгилегенибиздей, тоолордун жер бетинде биз көргөн массаларындай эле, жер астына карай илгерилеген терең уландысы да бар.

Дүйнөгө белгилүү суу астындагы геологдордун бири проф. Сиаведа болсо, тоолор жер бетине тамырлар түрүндө сайылганы жөнүндө айтып, мындай пикир билдирген:

Континенттердеги тоолор менен океандардагы тоолордун негизги айырмасы материалында… Бирок экөөндө тең тоолорду колдогон тамырлар бар. Континенттердеги тоолордо жеңил жана тыгыздыгы аз зат жердин ичине карай тамыр катары созулат. Океандардагы тоолордо да тоону тамыр сыяктуу колдогон жеңил зат бар… Тамырлардын функциясы Архимед мыйзамына ылайык тоолорду колдоо үчүн. (2)

Мындан тышкары, Америка Илимдер академиясынын мурдагы президенти Фрэнк Пресстин дүйнө жүзү боюнча көп университеттерде окуу китеби катары окутулган Earth (Жер) аттуу китебинде тоолор казык түрүндө экени жана жер бетине терең көмүлгөнү айтылат. (3)

Башка Куран аяттарында болсо тоолордун бул милдетине “казык” салыштыруусу менен мындай ишарат кылынат:

أَلَمْ نَجْعَلِ ٱلْأَرْضَ مِهَٰدًا وَٱلْجِبَالَ أَوْتَادًا

Биз жер бетин төшөк кылган жок белек? Тоолорду да бирден казык? (Ан-Наба сүрөсү, 6-7)

Дагы бир башка аятта Аллах “Тоолорун тигип-орнотту” (Ан-Назиат сүрөсү, 32) деп билдирүүдө. Бул аятта кездешкен “ersayha” сөзү “тамырлуу кылды, бекем кылды, анкерледи, жерге какты” деген маанилерди билдирет. Бул касиеттеринин аркасында тоолор жер бетиндеги катмарлардын биригүү чекиттеринде жердин үстүнө жана астына карай созулуп, бул катмарларды бири-бирине бекитет. Ушундайча, жер кыртышын бекитип, магма катмарынын үстүндө же өз катмарларынын ортосунда жылышын алдын алат. Кыскасы, тоолорду тактайларды бирге кармаган мыктарга салыштыра алабыз.

Көрүнүп тургандай, заманбап геологиялык жана сейсмикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында ачылган тоолордун абдан маанилүү милдети кылымдар мурун түшүрүлгөн Курани Каримде Аллахтын жаратуусундагы жогорку даанышмандыкка мисал катары келтирилген. Бир аятта мындай деп айтылат:

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيْرِ عَمَدٍ تَرَوْنَهَا وَأَلْقَىٰ فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِكُمْ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٍ وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍ كَرِيمٍ

… Жерде да, силерди силкинтет деп, силкинбес тоолорду калтырды… (Лукман сүрөсү, 10)

Тоолордун сүрүлүшү

وَتَرَى ٱلْجِبَالَ تَحْسَبُهَا جَامِدَةً وَهِىَ تَمُرُّ مَرَّ ٱلسَّحَابِ صُنْعَ ٱللَّهِ ٱلَّذِىٓ أَتْقَنَ كُلَّ شَىْءٍ إِنَّهُۥ خَبِيرٌۢ بِمَا تَفْعَلُونَ

Тоолорду көрөсүң да, тоңуп калган деп ойлойсуң; чындыгында алар булуттардын сүрүлүшү сыяктуу сүрүлүп жүрөт… (Ан-Намл сүрөсү, 88)

Тоолордун бул кыймылы алар турган жер кыртышынын кыймылынан келип чыгат. Жер кыртышы өзүнөн тыгызыраак мантия катмарынын үстүндө кадимки эле сүзгөндөй кыймылдайт. Алгач 20-кылымдын башында Альфред Вегенер аттуу немис илимпозу жер бетиндеги континенттер Жердин алгачкы мезгилдеринде бирге болгонун, кийин ар кайсы тарапка сүрүлүп, бири-биринен бөлүнүп алыстаганын алга сүргөн.

Бирок геологдор Вегенердин туура экенин анын өлүмүнөн 50 жыл кийин, башкача айтканда, 1980-жылдары гана түшүнө алышты. Вегенер 1915-жылы жарыяланган макаласында белгилегендей; жер бетиндеги кургактыктар болжол менен 500 миллион жыл мурун бири-бирине туташкан жана Пангея деп аталган бул чоң кургактык Түштүк уюлда жайгашкан. Болжол менен 180 миллион жыл мурун Пангея экиге бөлүнгөн. Ар кайсы тарапка сүрүлгөн бул эки алп континенттин биринчиси Африканы, Австралияны, Антарктиданы жана Индияны камтыган Гондвана болгон. Экинчиси болсо Европадан, Түндүк Америкадан жана Индиясыз Азиядан турган Лавразия болгон. Бул бөлүнүүдөн кийинки болжол менен 150 миллион жылдын ичинде ар кандай мезгилдерде Гондвана менен Лавразия майда бөлүктөргө бөлүнгөн.

Мына ушул Пангеянын бөлүнүшү менен пайда болгон бул континенттер кургактык менен деңиздин ортосундагы бөлүштүрүлүштү үзгүлтүксүз өзгөртүп, жылына бир нече сантиметр ылдамдыкта Жердин бетинде сүрүлүп жатат.

20-кылымдын башында жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында ачылган жер кыртышынын бул кыймылы илимий булактарда мындай түшүндүрүлөт:

Жер кыртышынан жана үстүңкү мантиядан турган 100 км калыңдыктагы Жердин бети “катмар” деп аталган бөлүктөрдөн турат. Жердин бетин түзгөн алты чоң катмар жана сансыз майда катмарлар бар. “Катмар тектоникасы” деп аталган теорияга ылайык бул катмарлар континенттерди жана океан түбүн да бирге алып жүрүп, Жердин үстүндө кыймылдайт… Континенттик кыймыл жылына 1 менен 5 см чамасында экени эсептелген. Катмарлар ушундай кыймылдаган сайын Жердин географиясында өзгөрүүлөр болот. Мисалы, Атлантика океаны жыл сайын бир аз кеңейүүдө. (4)

Бул жерде белгилей турган дагы бир маанилүү жагдай мындай: Аллах тоолордун кыймылын аятта “сүрүлүү” деп билдирген. Чынында эле илимпоздордун бүгүн бул кыймыл үчүн колдонгон англисче термини да “continental drift”, башкача айтканда “континенттик сүрүлүү”. (5)

Континенттердин жылышы Куран түшүрүлгөн мезгилде байкоого мүмкүн болбогон маалымат жана Аллах аяттагы “тоолорду көрөсүң да, тоңуп калган деп ойлойсуң” деген сөз менен адамдар бул маселеге кандай баа берерин алдын ала билдирген. Бирок андан кийин бир чындыкты түшүндүрүп, тоолор булуттар сүрүлгөндөй сүрүлүп жүргөнүн кабар берген. Көрүнүп тургандай, аятта тоолор жайгашкан катмардын кыймылдуулугуна ачык көңүл бурулган.

Илим жаңы эле ачкан бул илимий чындыктын, аалам жана жаратылыш жөнүндөгү көз караштар хурафаттарга, жалган ишенимдерге жана уламыштарга таянган 7-кылымда Куранда кабар берилиши шексиз чоң керемет. Жана Куран Аллахтын сөзү экендигинин абдан маанилүү далили.

ЖЫЙЫНТЫК: Тоолор тамырларынын аркасында мыктай жерге кагылып бекем турат. Караганыбызда чындап эле аларды тоңуп калган/бекем көрөбүз. Бирок биз көз менен сезе албаган түрдө булуттардын сүрүлүшү сыяктуу жылына 1 менен 5 см чамасында сүрүлүп жүрөт. Бул эки маалымат бири-бирине карама-каршы келбейт, ошондой эле Куранда орун алган эки илимий кереметтин далили болуп саналат.

Булактар:

1- Prof. Zighloul Raghib El-Naggar сүйлөгөн сөзүнөн.
2- http://www.beconvinced.com/science/QURANMOUNTAIN.htm
3- Frank Press, Raymond Siever, Earth, 3. басылыш, W. H. Freeman & Company, San Francisco, 1982.
4- Carolyn Sheets, Robert Gardner, Samuel F. Howe, General Science, Allyn & Bacon Inc. Newton, Massachusetts, 1985, б. 305.
5- Powers of Nature, National Geographic Society, Washington D. C., 1978, бб. 12-13.