Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранга ылайык кимдер менен үйлөнүүгө тыюу салынган ?

Доомат:

Куранга душман чын ыкласы жок адамдардын дооматы боюнча, Ан-Ниса 23-аятында эркек киши кимдер менен үйлөнө албасы бир-бирден деталдуу көрсөтүлгөн. Ушунчалык деталь берилген, эркек киши эч кандай шартта баары бир үйлөнбөй турган энеси жана өз кызы да саналган. Ошончо саналгандардын ичинде небересинин, атасынын энесинин жана энесинин энесинин саналбашы (!) болсо таң калыштуу. Бул абал Куран же толук эмес экенине, же ахлакка каршы эркиндик бергенине далил. (Кудай сактасын)

Жооп:

Жаратканыбыз дүйнө жана акырет бактыбызды тартипке салуу максатында жиберген Куранда карама-каршылык жана ката табууну милдет кылып алган адамдардын, өзгөчө арап тилин билбеген жаштар арасында баш аламандык жаратууга багытталган жөнөкөй оюндарынын дагы бири…
Чындыгында доомат, жооп берүүгө арзыбагыдай акылга сыйбас жана жаман ниет менен жасалган. Бирок адамдар ушундай жол менен гана алданбасын деп жооп берүүгө мажбурбуз.

Адегенде темабызга тиешелүү аяттын маани котормосун жазалы.

Ан-Ниса сүрөсүнүн 23-аятынын маани котормосу

حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ أُمَّهَٰتُكُمْ وَبَنَاتُكُمْ وَأَخَوَٰتُكُمْ وَعَمَّٰتُكُمْ وَخَٰلَٰتُكُمْ وَبَنَاتُ ٱلْأَخِ وَبَنَاتُ ٱلْأُخْتِ وَأُمَّهَٰتُكُمُ ٱلَّٰتِىٓ أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَٰتُكُم مِّنَ ٱلرَّضَٰعَةِ وَأُمَّهَٰتُ نِسَآئِكُمْ وَرَبَٰٓئِبُكُمُ ٱلَّٰتِى فِى حُجُورِكُم مِّن نِّسَآئِكُمُ ٱلَّٰتِى دَخَلْتُم بِهِنَّ فَإِن لَّمْ تَكُونُوا۟ دَخَلْتُم بِهِنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ وَحَلَٰٓئِلُ أَبْنَآئِكُمُ ٱلَّذِينَ مِنْ أَصْلَٰبِكُمْ وَأَن تَجْمَعُوا۟ بَيْنَ ٱلْأُخْتَيْنِ إِلَّا مَا قَدْ سَلَفَ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَّحِيمًا

Силерге төмөнкүлөргө никелешүү арам кылынды: энелериңер, кыздарыңар, эже-карындаштарыңар, аталарыңардын эже-карындаштары, энелериңердин эже-сиңдилери, бир тууганыңардын кыздары, эже-карындашыңардын кыздары, силерди эмизген энелериңер, эмчектеш эже-карындаштарыңар, жубайларыңардын энелери, өздөрү менен кошулган жубайларыңардан болуп үйүңөрдө турган өгөй кыздарыңар. Эгер алар менен никелешип, азырынча кошула элек болсоңор, кыздарын алууңарда силерге эч кандай тоскоолдук жок. Өз белиңерден болгон уулдарыңардын жубайларын жана эки эже-сиңдини бирдей алуу да силерге арам кылынды. Бирок, өткөн өттү. Аллах абдан кечирүүчү; мээримдүү.

Абдан ачык көрүнүп тургандай, жогоруда алга сүрүлгөн доомат толугу менен бурмалоодон башка эч нерсе эмес!

Муну чыгаргандар да абдан жакшы билишет, Куранда кездешкен “Энелериңер жана Кыздарыңар” сөзү менен адамдын өз энеси жана кызы эле эмес, алардын энелери жана кыздары да, башкача айтканда бүт жогорку ата-теги көздөлөт.

Ан-Ниса сүрөсүнүн 22-аятында да

“Аталарыңар никелешкен аялдарды никелебегиле” деп айтылган.

Бул адамдын өз атасы никелешкен аялдарды камтыгандай эле, чоң атасы никелешкен аялдарды да камтыйт. Буга ылайык чоң атасы никелешкен атасынын энеси да өзү менен никелешүү арам болгон аялдардын катарына кирет…

Жалаң гана арап тилинин бул өзгөчөлүгүн билбегендердин акылын булгоого аракет кылуу максатында чыгарылган дооматтардын ээлеринин чын ыкластуу эместиги жана муну Куранга душмандык менен жасаганы абдан ачык…