“Куран Исламга чейин жазылган ырлардан таасирленген” деген дооматка жооп
Өзгөчө Исламга каршы көптөгөн блог сайттарында жана китептерде; ” Куранды Мухаммед пайгамбар жазган жана булак катары кээ бир акындардын сөздөрүнөн таасирленген / кээ бир сөздөрдү цитаталап алган” деп ырасталууда.
Бул дооматтардын эң белгилүүсү болсо “Кыямат жакындады жана ай жарылды” (54/1) деген маанидеги аятта орун алган сөз Имрул Кайстын “Muallakat-ı Seb’a”сынан цитаталанып алынган деген жалаа. Исламга чейинки ырлар Кааба дубалына илинип, эл тарабынан окулган деген маалыматтын туура эместигине токтолбой, маселени башка жагынан түшүндүргүм келет.
Имрул-Кайстын 81 бейттик Муаллакатында “Кыямат жакындады жана ай жарылды.” дегенди билдирген эч кандай сөз жок. Биз аталган касыйданы башынан аягына чейин окуп изилдедик, мындай сөзгө туш келбедик.[1] Мындан бул доомат ачык жалаа экени түшүнүктүү болот.
Жок бейтти, түшүнүктүү болгондой, Куранга каршы адамдар кийин ойлоп чыгарган (!)
Чынында эле кандайдыр бир жазма текстте бул арабча сөз айкашы бар болгон күндө да, онсуз да арабча сүйлөгөн адамдардын арасында кайра-кайра колдонулушу мындай жалган маалымдоого татыбасы ачык болуп турганда, жалган булак ойлоп чыгаруу жана бул абалды билип туруп таратуу эң жумшак сөз менен айтканда жалаа.
Эскертүү: (Бул чындыкты билгенден кийин сайтында оңдоо киргизген dinsizdeist аттуу блог сайтынын администраторуна ыраазычылык билдирем. Бирок көптөгөн Исламга каршы адамдар сыяктуу Ариф Текиндин да булак көрсөтпөстөн мындай негизсиз дооматты “Bilinmeyen Yönleriyle Kuran: Kuran’ın Kökeni 2” аттуу китебинде дагы эле кармап турушу чоң акыл алсыздыгы. )
Булак 1: http://www.onlinearabic.net/forum/forum_posts.asp?TID=11141