Китеп ээлери (христиандар жана Мусанын жолдоочулары) менен дос боло албайбызбы?
Китеп ээлери дос боло албайбы? Китеп ээлеринин аялдарына үйлөнсө болот, бирок дос болууга болбойбу?
Бир катар адамдар ырастагандай, китеп ээлерин дос тутпай, душмандык сактап жана алар менен мамиле кылбоо Куранга жана Аллахтын адатына каршы мамиле. Бул адамдар дооматтарын негиздеген Маида сүрөсү 51-аятта Раббибиз ‘Эй ыйман келтиргендер, жөөттөрдү жана христиандарды достор (veliler) кылып албагыла; алар бири-биринин досу. Силерден ким аларды дос кылса, шексиз алардан болот. Шексиз Аллах зулумкорлор коомуна туура жол көрсөтпөйт.’ деп буюрган.
Аятта кездешкен достор сөзү эки жолу кездешет. Бири “evliyau” сөзү, “коргоочулар, мыйзам алдында жооптуулар, олуялар, мырзалар, ээлер, кожоюндар” маанисинде. Экинчиси болсо “Yetevellehum”. Бул да “камкордугун өзүнө алат, үстөм абалга өтөт, башкарууну колго алат”маанисинде. Бул аятта кездешкен “дос, veli” сөзү “башкаруу” маанисин билдирет. Аллах мусулмандарга христиандардын жана Мусанын жолдоочуларынын башкаруусуна кирбегиле деп билдирүүдө. Башкача айтканда, кээ бир адамдар айткандай, бул аятта Мусанын жолдоочулары же христиандар менен жакшы мамиледе болбоо, аларга душмандык сактоо мааниси жок.
Раббибиздин абдан ачык аяттары бар, китеп ээлеринин баары бирдей эмес. Мусулман эмес бардык адамды душман кылышыбыз керек болсо, Аллах бул аяттарды бизге билдирмек эмес. Ошондой эле дагы мусулман эместердин баары душманыбыз болсо, Аллах алардын тамагын жана аялдарын үйлөнүү үчүн адал кылмак эмес. Анткени Пайгамбарыбыздын өзү да китеп ээлеринен бир айымга үйлөнгөн. Китеп ээлеринин тоюна барылат, сөөк коюусуна барылат, тамактары желет, соода кылынат, аралаш, достук, жолдоштук, бир туугандык жашоо бар. Пайгамбарыбыздын иш-аракеттеринде бул ачык көрүнөт. Бул биргелик дүйнөлүк бир туугандык, достук, дин бир туугандыгы эмес. Болбосо ишенбеген, душмандык сезген бирөө менен адам кантип үйлөнө алат, дасторконуна кантип отура алат? Маселеге байланыштуу Маида сүрөсү 51-аятты көрүп, китеп ээлерине байланыштуу башка аяттарды көрмөксөнгө салгандар үчүн бир нече аятты эскерткибиз келет.
– Алардын баары бирдей эмес. Китеп Ээлеринен бир топ бар, түн маалында тик туруп Аллахтын аяттарын окуп, саждага жыгылышат. (Али Имран сүрөсү, 113)
Алардын баары бирдей эмес!
– …китеп ээлеринен андайы бар, бир кантар аманат калтырсаң, аны сага кайтарып берет; … (Али Имран сүрөсү, 75)
– Шексиз, китеп ээлеринен Аллахка; силерге түшүрүлгөнгө жана өздөрүнө түшүрүлгөнгө -Аллахка терең урмат көрсөткөндөр катары- ишенгендер бар. Алар Аллахтын аяттарына каршылык катары аз бир баа сатып алышпайт. Мына ушулардын Раббисинин Алдында сыйлыктары бар… (Али Имран сүрөсү, 199)
– Бүгүн силерге таза нерселер адал кылынды. (Өздөрүнө) Китеп берилгендердин тамагы силерге адал, силердин да тамагыңар аларга адал. Ыймандуулардан эркин жана ариеттүү аялдар менен силерден мурда (өздөрүнө) китеп берилгендерден эркин жана ариеттүү аялдар да, абийирдүү, бузукулук кылбаган жана жашыруун достор кылбаган болуп -аларга акыларын (мехирлерин) төлөгөн шартта- силерге (адал кылынды.) Ким ыйманды тааныбай, каапырлыкка кетсе, албетте анын кылганы текке кеткен. Ал акыретте зыянга учурагандардан. (Маида сүрөсү, 5)
– …Алардан, ыйман келтиргендерге сүйүү жагынан эң жакын деп: “христианбыз” дегендерди табасың. Бул алардан (бир катар)поптор жана кечилдер болгону жана алардын чынында текебердик кылбаганы себептүү. (Маида сүрөсү, 82)
– Шексиз, ыйман келтиргендер(менен) жөөттөр, христиандар жана сабийлер(ден ким) Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирип, салих амал кылса, алардын Аллахтын алдында сыйлыктары бар. Аларга коркунуч жок жана алар кайгыга батпайт. (Бакара сүрөсү, 62)
Аллах, силер менен дин маселесинде согушпаган, силерди мекениңерден сүрүп чыгарбагандарга жакшылык кылууңардан жана аларга адилеттүү мамиле кылууңардан силерди тыйбайт. Анткени Аллах адилеттик кылгандарды сүйөт. (Мумтахина сүрөсү, 8) аятына ылайык Аллах, динибиз маселесинде биз менен согушпагандарга адилеттик менен өкүм кылууну буйруйт. …Бир коомго болгон кегиңер силерди адилеттиктен кармабасын. адилеттик кылгыла. Ал такыбалыкка жакыныраак. (Маида сүрөсү, 8) деп буюрат.
Кошумча маалымат:
Бул аятта Аллах бизге жөөттөрдү жана христиандарды дос кылбагыла дебейт, аларды VELİ кылбагыла дейт деген биз жасаган түшүндүрмөгө ишенгиси келбеген адамдар;
Бакара 282 де кездешкен бул сүйлөмдү кантип которушкан экен? Бул аятта EVLİYA сөзүн ДОСТОР деп которушса, маани эмне болот, бул аятта VELİ маанисин бергендер маселе жөөттөр жана христиандар менен мамилени баяндаган бөлүшүү темасы болгон аятка келгенде эмне үчүн ДОС маанисин тандашкан.
”ev lâ yestatîu en yumille huve felyumlil veliyyuhu bil adl(adli)”
Бул жерде кездешкен VELî сөзүнө эмне дешкен?
Өзү аны жаза албай турган абалда болсо, анда анын ДОСУ жаздырсын дейби аят? Же VELİси?