Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Мариям менен канча периште сүйлөшүп жаткан?

Аллахтын каламы болгон Куранга багытталган чын дилдүүлүктөн жана акылдан алыс бир доомат да Мариям сүрөсү 17-19 менен Али Имран сүрөсү 45-аят ортосундагы карама-каршылык дооматы. Бул доомат боюнча, биринчи сүрөдө Мариямга жалгыз периште көрүнгөнү жазылган болсо, экинчи сүрөдө болсо көрүнгөн периштелер көптүк түрүндө кездешкени; ошондуктан бул эки сүрөнүн ортосунда карама-каршылык бар экени дооматы.

Бул доомат эмне экенин түшүнүү үчүн, сөз болуп жаткан аяттарды төмөнгө жазалы….

Мариям сүрөсү 16-17-18-19

وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَٰبِ مَرْيَمَ إِذِ ٱنتَبَذَتْ مِنْ أَهْلِهَا مَكَانًا شَرْقِيًّا

Китепте Мариямды да эскер. Үй-бүлөсүнөн бөлүнүп, чыгыш тараптагы бир жерге чегинген эле.

فَٱتَّخَذَتْ مِن دُونِهِمْ حِجَابًا فَأَرْسَلْنَآ إِلَيْهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرًا سَوِيًّا قَالَ إِنَّمَآ أَنَا۠ رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَٰمًا زَكِيًّا

Өзү менен алардын ортосуна парда тарткан эле. Бул абалда ага Рухубузду жибердик жана анын алдында кемчиликсиз адам болуп калыптанды.
(Периште:) ‘Мен, сага тап-таза эркек бала берүү үчүн дайындалган Раббиңдин элчисимин,’ деди.

Али Имран сүрөсү 42-43-44- 45

وَإِذْ قَالَتِ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ يَٰمَرْيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصْطَفَىٰكِ وَطَهَّرَكِ وَٱصْطَفَىٰكِ عَلَىٰ نِسَآءِ ٱلْعَٰلَمِينَ يَٰمَرْيَمُ ٱقْنُتِى لِرَبِّكِ وَٱسْجُدِى وَٱرْكَعِى مَعَ ٱلرَّٰكِعِينَ

Периштелер мындай деген эле: ‘Мариям, АЛЛАХ сени тандап алып, тазалады; сени бүт аялдардын үстүнөн тандады.
Эй, Мариям! Раббиңе ибадат кыл; сажда кыл, (Анын алдында) ийилгендер менен бирге сен да ийил.

ذَٰلِكَ مِنْ أَنۢبَآءِ ٱلْغَيْبِ نُوحِيهِ إِلَيْكَ وَمَا كُنتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يُلْقُونَ أَقْلَٰمَهُمْ أَيُّهُمْ يَكْفُلُ مَرْيَمَ وَمَا كُنتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يَخْتَصِمُونَ

Булар, сага вахий кылган кайып кабарларыбыздан. Мариямга кимиси кепил болот деп чүкө ташташып жатканда сен алардын жанында эмес элең; талашып жатышканда да сен алардын жанында эмес элең.

إِذْ قَالَتِ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ يَٰمَرْيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٍ مِّنْهُ ٱسْمُهُ ٱلْمَسِيحُ عِيسَى ٱبْنُ مَرْيَمَ وَجِيهًا فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ وَمِنَ ٱلْمُقَرَّبِينَ

Периштелер мындай деген эле: ‘Мариям, АЛЛАХ сени Өзүнөн бир Сөз менен сүйүнтөт. Анын аты Мариям уулу Иса Масих. Дүйнөдө да, акыретте да жетекчилерден жана (Кудайга) жакын болгондордон.

————-

Бул эки аят тобу окулганда эки башка окуя баяндалганы көрүнөт. Мариям сүрөсүндөгү аяттарда Мариямдын Жебирейил менен жолугушуусу тууралуу айтылат. Али Имран сүрөсүндөгү аяттарда болсо баяндалган нерсе башка окуя. Бул жерде башка бир жерде, башка бир убакта Мариям менен периштелердин сүйлөшүүсү тууралуу айтылууда.

Демек, бир жерде КӨПТҮК периштелер тууралуу айтылышы менен экинчи жерде ЖАЛГЫЗ рух (Жебирейил) тууралуу айтылышынын ортосунда карама-каршылык жок.