Пайгамбарлык Ибрахим пайгамбардын тукумунанбы, жокпу?
Курандагы аяттарда бири-бири менен туугандык байланышы бар пайгамбарлар жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, бир аят мындай.
Ага (Ибрахимге) Исхак менен Якубду тартуу кылдык. Тукумуна пайгамбарлык жана китеп бердик. Сыйлыгын бул дүйнөдө бердик жана акыретте да изгилер менен бирге болот. (29 Аль-Анкабут сүрөсү, 27)
Башка бир аятта болсо ар бир элге бир элчи жиберилгени мындайча билдирилет:
Ар бир коом үчүн да, “Аллахка кулчулук кылгыла жана бутпарастыктан сактангыла,” деген бир элчи жибердик. Алардан кээ бирине Аллах жол көрсөттү, кээ бири адашууда калууга мажбур болду. Жер бетин кыдырып, жалганга чыгаргандардын акыры кандай болгонуна көңүл бургула. (16 Ан-Нахл сүрөсү – 36)
Бул жердеги туюнтмалардан улам, эгерде бардык пайгамбарлар бир үй-бүлөдөн болсо, кантип ар бир элге бир элчинин жиберилиши мүмкүн экени деген доомат карама-каршылык катары алга сүрүлүүгө аракет кылынат. Бул суроо аяттардагы туюнтмалар кылдат окулбаганынан келип чыгат. Аль-Анкабут сүрөсүнүн 27. аятында айтылган нерсе Ибрахим пайгамбардын тукумуна пайгамбарлык берилгени деген чындык. Бирок “бардык пайгамбарлар Ибрахимдин тукумунан чыгат” деген шарт бул жерде коюлган эмес. Ибрахимдин тукумунан тышкары да башка пайгамбарлар жиберилген. Ан-Нахл сүрөсүнүн 36. аятында бул билдирилет. Ар бир элге да Аллахтын буйруктарын жеткире турган бир элчи жиберилген. Эки аяттагы туюнтманын ортосунда карама-каршылык жок.