Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда бир гана эркекке кайрылуу жасалабы?

Атеисттердин Куранга карата айткан сындарынын бири да “Куранда дайыма эркектерге кайрылуу жасалат” деген жаңылыштык. Эч бир далили жок болсо да, “Куран эркектерге кайрылат, аялды адам катары да санабайт” дешет.

Чынында, Куранда кайрылуу “Эй, ыйман келтиргендер”, “Эй, адамдар”, “Ыймандуу аялдарга жана ыймандуу эркектерге айт” түрүндө теңчиликке негизделген. ”Эй, ыйман келтиргендер” кайрылуусу болжол менен 90 аятта, “Эй, адамдар” кайрылуусу болжол менен 20 аятта кездешет. Аялдарга тиешелүү маселеде бир гана аялга, эркекке тиешелүү маселеде да бир гана эркекке кайрылуу бар.

إِنَّ ٱلْمُسْلِمِينَ وَٱلْمُسْلِمَٰتِ وَٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَٰتِ وَٱلْقَٰنِتِينَ وَٱلْقَٰنِتَٰتِ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلصَّٰدِقَٰتِ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰبِرَٰتِ وَٱلْخَٰشِعِينَ وَٱلْخَٰشِعَٰتِ وَٱلْمُتَصَدِّقِينَ وَٱلْمُتَصَدِّقَٰتِ وَٱلصَّٰٓئِمِينَ وَٱلصَّٰٓئِمَٰتِ وَٱلْحَٰفِظِينَ فُرُوجَهُمْ وَٱلْحَٰفِظَٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرًا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغْفِرَةً وَأَجْرًا عَظِيمًا

Эч шексиз, мусулман эркектер жана мусулман аялдар, ыймандуу эркектер жана ыймандуу аялдар, чын жүрөктөн (Аллахка) моюн сунган эркектер жана чын жүрөктөн (Аллахка) моюн сунган аялдар, чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар, сабыр кылган эркектер жана сабыр кылган аялдар, урмат менен (Аллахтан) корккон эркектер жана урмат менен (Аллахтан) корккон аялдар, садака берген эркектер жана садака берген аялдар, орозо кармаган эркектер жана орозо кармаган аялдар, ар-намысын сактаган эркектер жана (ар-намысын) сактаган аялдар, Аллахты көп зикир кылган эркектер жана (Аллахты көп) зикир кылган аялдар; (мына) булар үчүн Аллах кечирим жана чоң сыйлык даярдаган. (Аль-Ахзаб сүрөсү, 35)

Аяттан да түшүнүлгөндөй, кайрылуу жана натыйжа эки жыныс үчүн тең адилеттүү жана теңчиликке негизделген. Эркек менен аял амал жагынан толук тең.

Аялдын алсыз жаратылганын, акылы жарым экенин ырастаган фанатик ой жүгүртүү. Аллах жынысты көрсөтпөстөн “Адам алсыз болуп жаратылган.” (Ан-Ниса сүрөсү, 28) дейт.