Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда Эмне Үчүн Кээ Бир Мүнөздөр Жаныбарлардын Жүрүм-Турумуна Окшоштурулган? Муну Кордоо Катары Кароого Болобу?

Куранда кээ бир адам мүнөздөрү жаныбар мүнөздөрүнө окшоштурулуп баяндалган. Атеисттер тарабынан бул абал “ кордоо” катары кабыл алынууда жана ушул себептен бир катар терс сындар айтылууда. Анда чындап эле абал ушундайбы? Баарыбыз чогуу тиешелүү аяттарды карап чыгалы;

Адамдын жүрүм-турумун түшүнүүнүн бир жолу да жаныбарлардын жүрүм-турумун изилдөө. Адамдар кээ бир терс жүрүм-турумдарды же инсандык өзгөчөлүктөрдү жаныбарлардын жүрүм-турумуна окшоштуруп баяндоого аракет кылышат. Адамзаттын бул таасирдүү баяндоо формасы Улуу Аллах тарабынан Куранда да колдонулган.

Адамдардын маймылга айландырылганын түшүндүргөн аяттарды, басынуу комплекси, артыкчылыкка умтулуу жана сарандык өзгөчөлүгү, адамдын жүрүм-туруму эшекке окшоштурулган аяттарды, түшүнбөстүк, билим менен жүрүм-турумдун дал келбестиги жана баарлашуудагы чексиздик, адамдын жүрүм-туруму итке окшоштурулган аятты болсо, адамдын тойбостугу жана ага байланыштуу пайда болгон кыйынчылык катары карайбыз.

Аллах Куранда, адал-арамга карабаган, берилген нээматтарды акыйкат жана тең бөлүшпөгөн, бөлүштүрбөгөн ой жүгүртүүнү сындаган. Мал-мүлккө берилгендерди, мүлктү мүрзөгө алып кетчүдөй жүргөндөрдү, акча менен күч топтоп, үстөмдүк орноткондорду, акча менен өзүн артык көрсөткөндөрдү, акча жана мал-мүлк менен мактангандарды, акча менен өзүн баалуу деп ойлогондорду, акчага кул болгондорду; Ач көз пас маймылдарга жана чочколорго окшоштурат. <!-- editor -->(кара. Аль-Бакара 65, Аль-Араф 166, Аль-Маида 60. аяттар)<!-- /editor -->

Курандагы бардык тыюулар адамдардын өз нафстарына ээ болушу үчүн рухий тарбия. Тиешелүү аяттарда сөз болгон адамдар. кумарлануу, сугалактык жана ач көздүгү үчүн эч түз жолго келген жок. Мал-мүлк кумары мүнөздөрүн бузду. Акылдары тутулду, абийирлери дат басты, жүрөктөрү карарды. Берген сөздөрү менен карама-каршы келишти. Иштерине ылайык келбегенде шариаттарын (укуктарын) тебелей алышты. Каалоолоруна жана табитине ооз-моюн сала албаган мындай типтер “maymun iştahlı” болгондуктан сандалып калышты. Анткени дал маймылдай жүрүшчү. Эч нерседе туруктуулугу жок эле. Шариатты (укукту) кызыкчылыктары үчүн биринчи тебелегендер дагы эле өздөрү болчу.

Көрүнүп тургандай, маймылдык, чочколук жана тагуттук дүйнө мал-мүлкүнө чөмүлүү, тоюуну билбей, ашыгы келсе да дагы каалоо, күнөө, агрессия, арам жегичтик жана колу байлануу (сарандык) менен байланыштуу. Мындай ач көз, кумарлуу типтерге да “пас маймылдар жана чочколор” деп айтылган. Бул сөздө да кордоо эмес, тескерисинче таасирдүү баяндоо формасы бар.

Куран, кандайдыр бир мансап ээсине же байларга кулчулук кылган, ар бир айтылганга чөйчөк тосуу өзгөчөлүгүн көрсөткөн мүнөздөрдү; Тилин салаңдатып энтиккен иттерге окшоштурат.(Аль-Араф сүрөсү 176 )

Пайгамбар; мал-мүлккө, байлыкка, чөйрөгө, таасирге ээ болгон эркеленген Меккелик мушриктерге; мүлк Аллахтыкы! Башкача айтканда, табияттагы бардык нерсе бардык адамдардын жалпы мүлкү. Силерге жалгыз гана эмгегиңердин акысы болгон үлүш бар (Ан-Ниса сүрөсү 32), калганын муктаждар менен бөлүшүп, бөлүштүрүшүңөр керек дейт. Аллах, Фуссилат сүрөсүнүн 10-аятында да мындай дейт.

وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِىَ مِن فَوْقِهَا وَبَٰرَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَآ أَقْوَٰتَهَا فِىٓ أَرْبَعَةِ أَيَّامٍ سَوَآءً لِّلسَّآئِلِينَ

Ал жерде (жерде) анын үстүндө бекем тоолорду жаратты, анда берекелерди жаратты жана сурап издегендер үчүн ТЕҢ БОЛУШУ ҮЧҮН андагы ырыскыларды төрт күндө белгиледи.

Меккелик мушриктер Пайгамбардан өздөрүнө гана таандык, Аллахтан атайын барак талап кылышат (аль-исра сүрөсү 91-93). Эскертмелерден жана ескертүүлөрдөн жүз бурушат. Бирок пайгамбар жана анын достору, булардын кылган зулум жана адилетсиздиктерин ашкерелеп, алардын каршысында Акыйкат менен турганда иштер өзгөрөт, алар дээрлик аларды көздөрү менен кулатып жибергендей карашат жана ыймандуулардын “жазгаруучунун жазгаруусунан коркпогон” бекем турушунун алдында үркүшөт. Мына Куран мындай мүнөздөргө да; Арстандан качкан үрккөн жапайы эшектер деген сөздү колдонот. (Аль-Муддассир сүрөсү 50-51 аяттар)

Мындан тышкары Куранда билими менен амал кылбагандар, башкаларга насаат берип, өз нафсин унуткандар, Китеп жүктөлгөн эшектерге окшоштурулат. (Аль-Жумуа сүрөсү 5. аят)

Бул жазыбызда сөз кылган бардык маселелер менен бирге Курандын кайра тирилүү салыштыруусу үчүн “чегирткелер сыяктуу” деген сөздү колдонушу да абдан маанилүү.

خُشَّعًا أَبْصَٰرُهُمْ يَخْرُجُونَ مِنَ ٱلْأَجْدَاثِ كَأَنَّهُمْ جَرَادٌ مُّنتَشِرٌ

Баары төмөн түшкөн көздөр менен мүрзөлөрүнөн чыгышат. Дал жайылган чегирткелер сыяктуу. (Аль-Камар сүрөсү 7)

Куран, кайра тирилүү күнү адамдардын мүрзөлөрүнөн чыгышын чегирткелерге окшоштурууда. Анда эмне үчүн чегирткелерге? Акыркы кылымда курт-кумурскалар боюнча микро камералар жана системалуу байкоолор менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр, эмне үчүн чегирткелер мисал катары көрсөтүлгөнүн түшүнүүбүзгө жардам берүүдө. Чегирткелер жумурткаларын жердин ичине үрөн сыяктуу жайгаштырышат жана чегиртке личинкалары узак убакыт жер астында калгандан кийин жер бетине чыгышат. Кайдан чыгышат? Жердин астынан… Башкача айтканда, чегирткелер менен адамдар окшош түрдө.

Куранда насаат алышыбыз үчүн мисалдар берилет. Бул мисалдардын үстүндө ойлонушубуз, Аллах берген мисалдардын сулуулугун да, бул мисалдар менен көздөлгөн маанилерди да түшүнүүбүзгө мүмкүнчүлүк берет.

Мына булар биздин адамдарга берген мисалдарыбыз. Бирок билим ээлеринен башкасы буларды акылга сыйдыра албайт. (Аль-Анкабут сүрөсү 43)
Бул ааламдын бир ээси бар болсо жана бул дүйнөдө чогуу жашап жатсак, анда бири-бирибизге карата жоопкерчилигибизди түшүнүшүбүз керек. Адамгерчиликтин талабы катары “бөлүшүүнү, жардамдашууну, урматты жана сүйүүнү” алдыңкы планда кармашыбыз керек. Аллахка ишенбей коюшуңар мүмкүн, бирок өзүңөрдү артык көрө албайсыңар жана эч кимге “сарандык, текеберлик...ж.б. сыяктуу” жаныбарлык өзгөчөлүктөр менен зулум жана адилетсиздик кыла албайсыңар. Бул дүйнөдө баары тең.