Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранга ылайык тозоктуктардын тамагы заккумбу, darı тикенеби, ириңби?

لَّيْسَ لَهُمْ طَعَامٌ إِلَّا مِن ضَرِيعٍ

– Алар үчүн darı’дан (кургак тикенден) башка тамак жок (Аль-Гашия сүрөсүнүн 6-аяты)

وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنْ غِسْلِينٍ

– Ириңден башка тамак да жок. (Аль-Хакка сүрөсүнүн 36-аяты)

إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ طَعَامُ ٱلْأَثِيمِ

– Шексиз, заккум дарагы күнөөкөрлөрдүн тамагы. (Ад-Духан сүрөсүнүн 43-44-аяттары )

Үч башка аятта 3 башка тамак жөнүндө айтылат. Бул аяттарда карама-каршылык жокпу?

Атеисттердин доомату:

Тозоктогулар заккум, darı тикени (бул экөө таптакыр башка өсүмдүктөр) же ириң жешеби? Куранда бир жерге бара турган адамдар үчүн үч башка тамактан башка тамак жок деп айтылган экен, бул абал аяттардын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтөт.

ЖООП:

Дагы эле Курандан арга-аргасыз карама-каршылык издеген адамдардын бир алдамчылыгы… Мындай дооматтар толук эмес маалыматтан келип чыкпаса, бүтүндөй чын ыкластуу эмес акылдын жемиши. Бул аяттарда сөзсүз карама-каршылык жок. Бир нерсе карама-каршылык болушу үчүн шарттар таптакыр бирдей болушу керек. Анда бул 3 башка тамак бир эле адамдар үчүн экени айтылабы?

Аллах Аль-Хижр сүрөсүнүн 44-аятында мындай дейт: ”Тозоктун жети дарбазасы бар. Алардын ар бир дарбазасы үчүн бирден топ бөлүнгөн.”

Ар бир тозоктук тозоктун бир эле жерине барбайт. Адам кылган күнөөсүнө жараша тозоктун белгилүү бир катмарына барат. Мисалы, мунафыктар тозоктун эң төмөнкү катмарына барышат.

إِنَّ ٱلْمُنَٰفِقِينَ فِى ٱلدَّرْكِ ٱلْأَسْفَلِ مِنَ ٱلنَّارِ وَلَن تَجِدَ لَهُمْ نَصِيرًا

”Шексиз мунафыктар тозоктун эң төмөнкү катмарында.” (Ан-Ниса сүрөсү 145)

Катмарларды бири-биринен эмне айырмалайт? жазалар. Башка жаза дегени башка ”тамак” дегенди билдирет. Тозоктун бардык катмарларынын жазалары бирдей болбогон учурда бул аяттарда карама-каршылык бар деп кантип ырастоого болот?

Тозокко барган ар бир адамга бирдей жаза колдонулат деп эсептелсе, албетте жаңылыш жыйынтыкка келишет. Бул абал Куран аяттарында абдан ачык болгонуна карабастан, мындай карама-каршылык дооматтарын айтуу көбүнчө чын ыкластуу эмес, арга-аргасыз каралоо аракеттери…. Анткени Курандын Аллахтын каламы экени абдан ачык….