Куран түшүнүүгө кыйын китеппи?

Кээ бир атеист жана салттуу түшүнүккө ээ киши/лер “Куран түшүнүүгө кыйын Китеп экени, аяттары жабык, ачык-айкын эмес экени тууралуу бир катар дооматтарды алга сүрүшөт. Бул дооматтар чынында акыркы мезгилде айтылган дооматтар болбосо да, кылымдар мурдатан бүгүнкү күнгө чейин келген, абдан туура эмес, негизсиз жана чын ыкластан алыс дооматтар. Анткени Куран, ар бир курактагы жана маданияттагы адам оңой түшүнө турган тилге жана баяндоо өзгөчөлүгүнө ээ.
Куранга ылайык, Курандын өзү “beyyine” (ачык далил). Beyyine сөзү Куранда АЧЫК ДАЛИЛ катары колдонулган. “Beyyine” сөзү кездешкен Аль-Анфал сүрөсүнүн 42-аятын изилдейли;
Ошентип, кыйрай турган киши АЧЫК-АЙКЫН ДАЛИЛДЕН (beyyine) кийин кыйрасын, тирүү кала турган киши АЧЫК-АЙКЫН ДАЛИЛДЕН (beyyine) кийин тирүү калсын. (Аль-Анфал сүрөсү, 42)
Куранга ылайык адам, “beyyine” (ачык далил) үстүндө болушу керек. Башкача айтканда салттардан улам, “Ушундай көрдүк, биз да ушундай кылабыз” логикасы менен жасалган иштер, көпчүлүктүн кабыл алуулары менен чындыкты табуулар Куран баяндаган Ислам менен дал келбейт. Куранга ылайык, Курандын өзү “beyyine” (ачык далил). Ошондуктан Куранды диндин жалгыз булагы кылгандар гана ачык далилге баш ийген болушат.
Куранда аяттар muhkem жана müteşabih аяттар болуп экиге бөлүнөт (Али Имран сүрөсү,7). Куран тили менен muhkem аяттардын баары ачык, түшүнүктүү, сарих жана муфассал. Анда müteşabih аяттар үчүн да ушул эле нерселерди айта алабызбы? Аллах жиберген аяттарын экиге бөлүп жатат жана бул боюнча түшүндүрмө берип жатат. Силер жооптуу болгон muhkem аяттар, ачык, түшүнүктүү жана бардык нерседен көп мисалдар менен түшүндүрүп жибердик, баяндадык түшүнүшүңөр үчүн деп буюруп жатат. Бул аяттардын өкүмдөрү менен өзүбүзгө багыт беришибизди каалап жатат. Мындан тышкары бул аяттар диндин энеси, негизи экени тууралуу түшүндүрмө да берип жатат. Аты айтып тургандай MUHKEM АЯТ, ШЕКТЕНБЕГИДЕЙ БЕКЕМ, АЧЫК ТҮШҮНДҮРҮЛГӨН. Чынында эле Раббибиз улуу аяттарында мындай кабар берет;
Элиф, Лам, Ра. (Бул,) АЯТТАРЫ muhkem кылынган, анан өкүм жана даанышмандык ээси жана бардык нерседен кабардар болгон (АЛЛАХ) ТАРАБЫНАН БИР-БИРДЕН (бөлүм-бөлүм) ТҮШҮНДҮРҮЛГӨН (fussilet) КИТЕП.(Худ сүрөсү,1)
Ант болсун, силерге ТҮШҮНДҮРҮҮЧҮ/АЧЫК ДАЛИЛ (beyyine) АЯТТАРДЫ, силерден мурда өтүп кеткендерден мисалдарды жана сактанып, тартынгандар үчүн да насаатты түшүрдүк (Ан-Нур сүрөсү, 34). [Кара. Аль-Исра сүрөсү 41,Аль-Исра сүрөсү 89, Аль-Анам сүрөсү, 65, Аль-Араф сүрөсү, 5]
Аллах, Куран түшүнүлүшүн, аяттары үстүндө кылдат ойлонулушун каалайт. Бирок аяттар үстүндө ойлонуп жатканда ката кетирилбеши үчүн, өзгөчө müteşabih аяттар боюнча алда канча этият болууну буйруйт.
Курандын ушул түшүндүрмөлөрүнө карабастан риваят дининин өкүлдөрү Ан-Нахл сүрөсүнүн 44 жана 64-аяттарын Пайгамбар Куранды түшүндүргөнүнө жана ушул себептен (Кудай сактасын) Куран түшүндүрүлүүгө муктаж экенине далил катары сунушташат. Бул негизсиз дооматтын туура эмес экенин дагы Курандан далилдейбиз.
Бул үчүн ушул аяттарда алгач “litubeyyine” сөзү эмнени билдирерин көрүү үчүн Куран боюнча кантип колдонулганын кароо жетиштүү болот.
“Litubeyyine” сөзү Куранда колдонулган маанилер;
Бул сөз Али Имран сүрөсүндө (187) жана Аль-Маида сүрөсүндө (15)
“бир нерсени жашыруу; өзүнө сактоо” терминдеринин каршысы катары колдонулган.
“Аллах, өздөрүнө китеп берилгендерден мындай жол менен убада алган эле: ‘Аны адамдарга сөзсүз ачык-айкын билдиресиңер, аны жашырбайсыңар.’ Бирок алар Китепти аркаларына ыргытышты, арзыбаган акыга аны сатышты. Кандай жаман нерсени сатып алып жатышат!” (Али Имран сүрөсү, 187)
“Эй Китеп ээлери! Элчибиз силерге келди. Китептен жашырып келгендериңердин көбүн силерге түшүндүрүп жатат; көбүнөн өтүп да жатат. Бул бир чындык, силерге Аллахтан бир нур жана ачык-айкын Китеп келди.” (Аль-Маида сүрөсү, 15)
Акырында сөздүн, Аль-Бакара сүрөсүндөгү колдонулушун изилдейли:
“Динде зордук жок. Туура билимге негизделген жетүү, бузук билимге негизделген адашуудан ачык түрдө бөлүнгөн.” (Аль-Бакара сүрөсү, 256)
Аяттар ачык көрсөткөндөй “litubeyyine” сөзү, Куран боюнча “ачык”, “жашыруун эмес” жана “жашыруун сакталгандын тескериси” катары колдонулган.
Аллах, Куранда бардык нерсени түшүндүргөн. Жана Куран жеңилдетилген. Абал ушундай болгондо Куранды баары эле түшүнбөйт деп айтуу туура эмес. Аллах, адамды эң жакшы билүүчү. (Ан-Нажм, 32). Аллах бардык адамдар караңгылыктардан нурга чыгышы үчүн ар бир теманын түшүндүрмөсүн жана чечимин Куранда билдирген
Анан албетте аны (Куранды) (beyânehu) ТҮШҮНДҮРҮҮ БИЗГЕ ТААНДЫК ИШ” (Аль-Кыяма сүрөсү, 19)
Кээ бирөөлөр болсо muhkem аяттарды түшүнүүгө болот, бирок müteşabih аяттардын маанилерин түшүнүүгө аракет кылуу туура эмес деп ойлошот жана алар түшүнүксүз деп алга сүрүшөт. Куранда болсо абал такыр эле айтылгандай эмес. Анткени müteşabih аяттарды түшүнүү үчүн керектүү илимий методду сактоо жана алдын ала чечимдерден алыс болуу керек.
Жана акырында эгер Куранды түшүнгүңөр келсе;
Куран жетиштүү жана толук экенин эсиңерден чыгарбайсыңар. Куранды борборуңарга алып, айланасын тазалайсыңар.
Окуй баштаганда түшүнгөн тилиңерде окуп, бизге кандай билдирүүлөрдү берип жатат деген суроого жооп издейсиңер. Куранда акылдан ашкан маалыматтар сөзсүз бар, бирок бул маалыматтар эч качан акылга каршы келбейт.
Акырын-акырын өзүңөргө жеңил келген жерден окуй баштап, анын үстүндө ойлоносуңар. “Эй Раббим! Илимимди арттыр” деп дуба кылууну унутпай, эч качан шашылбайсыңар.
Аллах, акыл ээлерине кайрылат. Дагы эле түшүнбөй жетишсиз деп эсептесеңер, кемчиликти да Курандан эмес, өзүңөрдөн издейсиңер.
Баарынан маанилүүсү, түшүнбөгөн тилде окуп абада үн термелүүсүн пайда кылып сооп табасыңарга эмес, жашооңорго багыт берген жана аны жашоо керек экенин түшүнүү экенин унутпайсыңар…