Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Күйөөсү өлгөн аял канча убакыт идда күтөт?

Күйөөсү өлгөн аялдын абалы тууралуу айрым өкүмдөр Куранда билдирилүүдө. Бул маселеде өкүмдөр билдирилген аяттарда карама-каршылык бар деп ырасталууда. Бул аяттардын биринде бир жылдык мөөнөт жөнүндө сөз болсо, башкасында төрт ай он күндүк мөөнөт жөнүндө сөз болот. Мөөнөттөр ар башка болушу карама-каршылык катары көрсөтүлүүгө аракет кылынса да, аяттарда баяндалган темаларды караганда карама-каршылык жок экени көрүнөт. Анткени мөөнөттөрдүн ар башка болушунун себеби, жесир калган аялдар үчүн ар башка маселелерде ар башка мөөнөттөр билдирилгенинен келип чыгат. Бул маселеге байланыштуу аяттар мындай:

وَٱلَّذِينَ يُتَوَفَّوْنَ مِنكُمْ وَيَذَرُونَ أَزْوَٰجًا وَصِيَّةً لِّأَزْوَٰجِهِم مَّتَٰعًا إِلَى ٱلْحَوْلِ غَيْرَ إِخْرَاجٍ فَإِنْ خَرَجْنَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ فِى مَا فَعَلْنَ فِىٓ أَنفُسِهِنَّ مِن مَّعْرُوفٍ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Өлүп, артында жубайларын калтырган эркектериңер, жубайларынын үйлөрүнөн чыгарылбастан бир жыл бою күнүмдүгү камсыз кылынышын керээз кылсын. Чыгып кетишсе, өздөрү үчүн ылайыктуусун кылганына силер жооптуу эмессиңер. Аллах Күчтүү, Акылман. (Бакара сүрөсү, 240)

Араңардан өлгөн эркектердин артында калган жубайлары төрт ай жана он (күн) күтүшөт. Мөөнөтүн толтурганда, өздөрү үчүн ылайыктуусун кылганына силерге жоопкерчилик жок. Аллах кылгандарыңардан Кабардар. (Бакара сүрөсү, 234)
Бакара сүрөсүнүн 240-аятында билдирилген тема жесир калган аялдардын күйөөлөрүнүн үйүндө бир жыл калуу укугу бар экени билдирилиши. Күйөөсү өлгөндөн кийин мурас бөлүштүрүүдө күйөөгө таандык үй ар башка адамдарга мурас болуп калышы мүмкүн. Бул учурда аялдын бул үйдө бир жыл жашоо укугу бар. Ошондой эле анын күнүмдүгү да камсыз кылынышы керек. Бакара сүрөсүнүн 234-аятында болсо күйөөлөрү өлгөн аялдардын төрт ай он күн бою күтүшү жана бул мөөнөт ичинде турмушка чыкпашы буюрулат. Демек, эки аятта аял үчүн ар башка эки абал жөнүндө өкүм билдирилгени көрүнөт. Аяттар темалары менен кылдат изилденгенде карама-каршылык жок экени ачык.