Фираун чөктүбү? Кутулдубу?
Куранга каршы айтылган дооматтардын бири да Фираундун чөгүшү жөнүндө. Бул доомат боюнча, айрым аяттарда Фираун чөккөнү айтылганы менен, айрымдарында кутулганы айтылат. Бул маселедеги доомат да башкалары сыяктуу эле чындыкты чагылдырбайт. Бул маселеге тиешелүү аяттар төмөнкүдөй:
“Асмандардын жана жердин Раббинен башкасы бул далилдерди түшүрбөгөнүн жакшы билесиң. Фираун, мен сени кыйраган адам катары көрүп жатам!” Аларды жер бетинен жок кылууну каалаганда, аны жана аны менен болгондордун баарын чогуу сууга чөктүрдүк. (17 Аль-Исра сүрөсү, 102-103)
“Өтө кеч! Мурун баш көтөрүп, бузукулардан болгон элең. Сенден кийинки муундарга сабак болушуң үчүн бүгүн сенин сөөгүңдү сактайбыз. Бирок адамдардын көпчүлүгү белгилерибизден кабарсыз.” (10 Юнус сүрөсү, 91-92)
Аль-Исра сүрөсүндөгү аяттарды карасак, Фираун жана аны менен бирге болгондор чөккөнү айтылат. Юнус сүрөсүндө болсо айтылган нерсе анын сөөгүнүн сакталганы. Бул жерде сакталган нерсе тирүү түрдөгү денеси эмес.
Мусанын артынан аны куугунтуктоо үчүн жарылган деңизге кирген Фираун, деңиз кайра жабылганда чөгүп өлгөн. Бирок анын өлүк денеси бул учурда жоголгон эмес жана сакталган. Бул сакталган сөөк мумияланган түрдө биздин күнгө чейин да жеткен. Демек, бул аяттар да Фираун тирүү түрдө сакталганы жөнүндө туюнтма жок. Аяттардын ортосунда да эч кандай карама-каршылык жок.