Желал Шенгөргө Жооп: “Тоолор жер титирөөнүн себеби эмес, натыйжасы”

Белгилүү болгондой, геолог (жер таануучу) Желал Шенгөр бир телепрограммада Куранда карама-каршылык бар экени тууралуу доомат койгон. ( кара https://www.youtube.com/watch?v=-uYdlsk20p8&feature=y…) Видеонун чечмелөөсүндө ‘Мырзалар, ал (Куран) мындай дейт, биз тоолорду кургактыктарды зилзаладан сактасын деп жараттык. Тескерисинче, тескерисинче! Тоолор бар жерде катуу зилзала болот, кургактыктардын күлүн көккө сапырат. Тоо болбосо, түптүз жерлерде зилзала болбойт, Кратон.’ деп, Куранда илимий ката бар экенин жана бир эле карама-каршылык да ал текстти Кудайдыкы болуудан чыгарарын айтты.
Урматтуу Шенгөр ката деп көрсөткөн аятты да жазып коёлу, окурмандар кайсы ой туура экени тууралуу жыйынтык чыгара алышсын.
(Анбия Сүрөсү, 31) Сулейманийе Фондунун Котормосу
ar: وَجَعَلْنَا فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِهِمْ وَجَعَلْنَا فِيهَا فِجَاجًا سُبُلًا لَّعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ Аларды катуу силкилдетпесин деп жердин ичинде бекиткен (отурукташкан) тоолорду пайда кылдык. Көздөгөн жерине жетишсин деп терең өрөөндөрдү, жолдорду пайда кылдык.
Süleymaniye Vakfı
Анда аятта ал багыттоого аракет кылгандай илимий карама-каршылык барбы? Же Желал Шенгөр илимий инсандыгын/визиткасын колдонуп сөз ойнотуп, берген маалыматын аят менен бири-бирине карама-каршыдай кылып баяндап жатабы?
Эгер чын ыкластан, көңүл коюп уксаңыз, угуучулардын көңүл жана билим жетишсиздигинен пайдаланып, абдан жөнөкөй алдамчылыкка/сандыракка кайрылганын оңой эле байкайсыз.
Анткени сөз болуп жаткан аятта “тоолор бар жерде жер титирөө болбойт” деп айтылбайт, “тоолор жер титирөөнүн силкинүүсүн азайтат” дейт. Анда сиз жок нерсени токтото же азайта аласызбы? албетте, жок! Чындыгында тескерисинче, “жер титирөөнү токтотот” деген сүйлөмдү түзө алышыбыз үчүн жер титирөө болушу керек. Башкача айтканда, тоолор бар жерде жер титирөө болот, атүгүл тоолор бар жерде жер титирөө болушунан табигый нерсе болушу мүмкүн эмес.
Муну абдан жөнөкөй бир нече мисал менен түшүндүрөлү; унааларда соккуларга каршы, ыктымалдуу кырсыктарга каршы коргоочу таасир катары инженерлер алдына жана артына бампер коюшат.бампер жасалат. Адатта кырсыктын натыйжасындагы соккулар бамперлер бар жерде болот. Желал агайдын логикасын колдонсок, биздин ” кайда бампер бар болсо, ошол жерде зыян бар, Бул бамперлер болбосо, зыян да болмок эмес” деп айтышыбыз акылга сыйымдуу болмок беле?
Же дагы бир мисал келтирели;
Эң көп полиция кайда болот, эң көп кылмышкер бар аймакта болот эмеспи? анда бул полиция кылмышкерлерди кылмышка үндөйт дегенди билдиреби? жок, тескерисинче полиция кылмышты токтотуу үчүн ошол жерде. Башкача айтканда, бирөөнүн “полиция кылмыштарды токтотот” деген сүйлөмү абдан туура сүйлөм эмеспи?
Чындыгында, аяттагы сөз талдоосуна өтпөй туруп эле, жасалган ой бузуулукту же сандыракты оңой түшүнүп жатабыз.

Анбия сүрөсүнүн 31-аятынын жана маани жагынан окшош башка аяттардын -темабызга байланыштуу- жалпы басымы “жер шарынын кыймылы менен адамдарды силкилдетпеш үчүн, жер бетине бекем тоолордун коюлушу.”
Желал Шенгөр чындыгында Куранда карама-каршылык жана илимге каршы маалымат тапканын ырастап жатып, бир керемет күбөсү болушубузга себеп болууда. 7-кылымда тоолор жер титирөөлөрдү азайтары белгилүү болушу мүмкүн эмес кезде, бул маалыматтын Куран тарабынан берилиши абдан кызык.
Бирок мурда тоолор жер бетинин үстүндө калган бийиктиктер гана деп ойлонулчу. Бирок окумуштуулар тоолор жер үстүндөгү бийиктиктер гана эмес экенин, тоо тамыры деп аталган бөлүктөрү менен кээде өз бийиктигинин 10-15 эсесиндей жердин астына карай созуларын байкашкан. Бул өзгөчөлүктөрү менен тоолор, мык же казык чатырды жерге бекем байлаганына окшош ролго ээ. Мисалы, чокусу жер бетинен болжол менен 9 км жогору болгон Эверест Тоосунун 125 км’ден ашык тамыры бар. (1)
Дүйнөгө белгилүү суу астындагы геологдордун бири болгон Проф. Сиаведа, тоолор жер бетине тамыр түрүндө сайылганы жөнүндө айтып жатып, мындай комментарий берген:
Континенттердеги тоолор менен океандардагы тоолордун ортосундагы негизги айырма материалында… Бирок экөөндө тең тоолорду колдогон тамырлар бар. Континенттердеги тоолордо, жеңил жана тыгыздыгы аз зат жердин ичине карай тамыр болуп созулат. Океандардагы тоолордо да, тоону тамыр сыяктуу колдогон жеңил зат бар… Тамырлардын функциясы, Архимед мыйзамы боюнча тоолорду колдоо үчүн. (2)
Андан тышкары, Америка Илимдер Академиясынын мурдагы Президенти Фрэнк Пресстин, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн университеттерде окуу китеби катары окутулган Earth (Жер) аттуу китебинде, тоолор казык түрүндө экени жана жер бетине терең көмүлгөнү айтылат. (3)
Башка Куран аяттарында болсо, тоолордун бул кызматына “казык” салыштыруусу менен мындайча ишарат кылынат:
Биз, жер бетин төшөк кылган жокпузбу? Тоолорду да бирден казык? (Набаа Сүрөсү, 6-7)
Демек, Желал Шенгөр себеп менен натыйжаны чаташтырып, жер титирөөнүн себеби тоолор сыяктуу кылып айтып сандырак кылууда, аятты бурмалап четке кагууга кайрылууда.