Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDAEL

Курандын кереметтери: Жандыктар дүйнөсү

Мазмуну
  1. Аалам
  2. Жер
  3. Жандыктар дүйнөсү
  4. Адам
  5. Ден соолук жана азык
  6. Келечек жөнүндө кабарлар
  7. Тарых
  8. Сандар жана стиль
  9. Эскертүүлөр

Фотосинтездин эрте менен башталышы

Белгилүү болгондой, өсүмдүктөр фотосинтез учурунда абадагы көмүр кычкыл газын, т.а. адам колдонбогон зыяндуу газды алат жана анын ордуна атмосферага кычкылтек чыгарат.

«Жаңы карарып баштаганда, түнгө ант болсун, жана дем алып баштаганда, таңга;»

Теквир Сүрөсү, 17-18

Белгилүү болгондой, өсүмдүктөр фотосинтез учурунда абадагы көмүр кычкыл газын, т.а. адам колдонбогон зыяндуу газды алат жана анын ордуна атмосферага кычкылтек чыгарат. Дем алганда жуткан, негизги жашоо булагыбыз болгон кычкылтек фотосинтездин негизги түшүмү. Атмосферадагы кычкылтектин болжол менен 30%ы кургактыктагы өсүмдүктөр тарабынан өндүрүлсө, калган 70%дык бөлүгү деңиз жана океандардагы фотосинтез жасай алган өсүмдүктөр жана бир клеткалуу жаныбарлар тарабынан өндүрүлөт.

Фотосинтез – илимпоздор бүгүнкү күндө да толук түшүндүрө албаган теңдешсиз бир процесс. Бул процессти куралсыз көз менен көрө албайбыз, себеби бул механизм иштөө үчүн атомдорду жана молекулаларды колдонот. Бирок фотосинтездин натыйжаларын дем алышыбызды камсыз кылган кычкылтек жана өмүр сүрүшүбүздү камсыздаган азыктарда көрө алабыз. Фотосинтез – бул түшүнүү кыйын болгон химиялык формулалар, күнүмдүк жашоодо эч кездешпеген кичинекей сан жана салмак бирдиктерин камтыган, абдан назик тең салмактуулуктар үстүнө курулган бир система. Айланабыздагы бардык жашыл өсүмдүктөрдө бул процесс ишке ашкан химиялык лабораториялардын триллиондогону курулган. Болгондо да өсүмдүктөр миллиондогон жылдан бери эч токтобостон, биз муктаж болгон кычкылтекти, азыктарды жана энергияны өндүрүшүүдө.

Фотосинтез эң өндүрүмдүү болгон убакыт – бул кычкылтек эң көп өндүрүлгөн убакыт. Бул болсо күн нуру эң көп болгон эрте мененки убакта ишке ашат. Күндүн чыгышы менен бирге жалбыракта тердөө жана фотосинтез жогорулап баштайт. Түштөн кийин болсо бул кубулуш тескери болот; т.а. фотосинтез жайлайт, дем алуу көбөйөт, себеби температуранын жогорулашы менен бирге тердөө да ылдамдайт. Түнкүсүн болсо температуранын төмөндөшү менен бирге тердөө жайлайт жана өсүмдүк бейпилдикке кирет.

Таквир Сүрөсүндө эрте мененки убакыт менен байланыштуу көңүл бурулган «иза тенеффесе» б.а. «дем алып баштаган убак» сүйлөмү метафоралык мааниде дем алуу, терең терең дем алуу маанилерине келет. Аятта басым жасалган бул сөз эрте менен кычкылтектин өндүрүлүп башташы, дем алуунун негизги шарты болгон кычкылтектин эң көп ушул убакта алынышы жагынан абдан терең маанилүү. Аятта эрте мененки убак жөнүндө бул абалга ант ичилиши бул жагдайдын маанисине өзгөчө басым жасоодо. 20-кылымдын маанилүү ачылыштарынан саналган фотосинтез процесси – Аллах жогорудагы аятта ишарат кылган Курандын илимий кереметтеринин бири.

Төмөнкү графикте фотосинтез менен нурдун көлөмү арасындагы байланыш көрсөтүлгөн.

Ургаачы бал аары

Бүт аарылар көптөгөн милдеттерди аркалаган аары колонияларында эркек аарылар өзгөчө болуп саналат. Эркек аарылар уянын корголушуна да, тазалыгына да, азык топтоого да, уюк же бал жасоого да эч көмөкчү болушпайт.

«Раббиң бал аарысына вахий кылды:

тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар.»

Нахл Сүрөсү, 68-69

Бүт аарылар көптөгөн милдеттерди аркалаган аары колонияларында эркек аарылар өзгөчө болуп саналат. Эркек аарылар уянын корголушуна да, тазалыгына да, азык топтоого да, уюк же бал жасоого да эч көмөкчү болушпайт. Эркек аарылардын уюктагы жалгыз кызматы – бул ханыша аарыны уруктандыруу.66 Жупташуу органдарынан тышкары башка аарылардагы өзгөчөлүктөрдүн дээрлик эч бирине ээ болушпагандыктан, эркек аарылардын ханыша аарыны уруктандыруудан башка бир жумуш аткарышы да мүмкүн эмес.

Колониянын бардык жүгү мойнуна жүктөлгөн жумушчу аарылардын болсо, ханыша аарылар сыяктуу ургаачы болгонуна карабастан, жумурткалыктары өнүккөн эмес, б.а. алар кысыр (туубас). Уюктун тазалыгы, аары личинкаларын жана балдарын кароо, ханыша аары жана эркек аарыларды азыктандыруу, бал жасоо, уюктарды куруу жана оңдоо иштери, уюкту желдетүү, уюктун коопсуздугу, нектар (бал маңызы), чаңча (гүл чаңчасы), суу, смола сыяктуу материалдарды топтоо жана аларды уюкта кампалоо сыяктуу кызматтары бар.

Арап тилинде этиш эки түрдө колдонулат жана этиштердин колдонулушуна жараша сүйлөмдүн ээсинин (зат атоочтун) эркек же ургаачы экенин түшүнүүгө болот. Жогорудагы аяттарда аары үчүн колдонулган этиштер (асты сызылган сөздөр) этиштин ургаачы үчүн колдонулчу формасында колдонулган. Ушундайча Куранда бал жасоодо иштеген аарылардын ургаачы экенине ишарат кылынууда.67 Аарылар жөнүндөгү бул чындыктын мындан 1400 жыл мурда билинишинин мүмкүн эмес экенин унутпаш керек. Бирок Аллах бул чындыкка көңүл буруу менен Курандын дагы бир кереметин бизге көрсөткөн.

Микроскопиялык жашоонун бар болушу

Бул аяттарда Куран түшүрүлгөн учурда адамдар билбеген жашоо түрлөрүнүн бар экенине ишарат кылынууда. Микроскоптун табылышы менен бирге адамдын көзүнө көрүнбөгөн кичинекей жаңы жандыктар аныкталган.

«Жерде өскөндөрдөн, алардын напсилеринен жана али билбеген канча нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улук.»

Ясин Сүрөсү, 36

«... дагы силер билбеген эмнелерди жаратууда?»

Нахл Сүрөсү, 8

Бул аяттарда Куран түшүрүлгөн учурда адамдар билбеген жашоо түрлөрүнүн бар экенине ишарат кылынууда. Микроскоптун табылышы менен бирге адамдын көзүнө көрүнбөгөн кичинекей жаңы жандыктар аныкталган. Ушундайча Куранда көңүл бурулган мындай жандыктардын бар экени жөнүндө адамдар маалыматка ээ боло башташты. Куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон жана көбүнчө бир гана клеткадан турган микро жандыктардын бар экенине ишарат кылган башка аяттар болсо төмөнкүлөр:

«... Асмандарда жана жерде кыпындай (атомдой) оордуктагы эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).»

Себе Сүрөсү, 3

«... Жерде жана асманда кыпындай (атом салмагында) болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу).»

Юнус Сүрөсү, 61

Жер бетинин бүт тарабына таркаган мындай жашыруун дүйнөнүн мүчөлөрү, т.а. микроорганизмдер жер бетиндеги жаныбарлардан 20 эсе көп. Көзгө көрүнбөгөн кичинекей мындай микроорганизмдер тобу бактериялар, вирустар, козу карындар, суу балырлары жана мителерден турат. Бул микро жандыктар жер бетиндеги жашоо тең салмактуулугунун маанилүү бир элементи. Мисалы, жер бетинде жашоонун пайда болушун камсыздаган негизги элементтердин бири болгон азоттун айланышы бактериялар тарабынан камсыз кылынат. Өсүмдүктөрдүн топурактагы минералдарды ала алышын камсыз кылган эң маанилүү элемент болсо – бул тамыр козу карындары. Салат же эт сыяктуу нитраты бар азыктардан ууланып калышыбыздан болсо тилибиздеги бактериялар коргойт. Ошол эле учурда кээ бир бактериялар жана балырлар дүйнөдө жандуулуктун бар болушунун негизги элементи болгон фотосинтез кыла алуу жөндөмүнө ээ жана бул кызматты өсүмдүктөр менен бөлүшүшөт. Кээ бир мите түрлөрү органикалык заттарды майдалап, азыктарды өсүмдүктөр колдоно ала турган абалга айланта алышат. Байкалгандай, биз технологиялык аспаптар менен гана алар жөнүндө маалымат ала алган бул кичинекей жандыктар адамдын жашоосу үчүн орду толгус мааниге ээ.

Куранда кылымдар мурда биздин көзүбүзгө көрүнгөн ааламдардан башка да жандыктар бар экенине көңүл бурулган болушу – бул албетте Курандын дагы бир керемети.

Жаныбар коомдорунун бар болушу

Учурда жаныбар жана канаттууларга жасалган байкоолор натыйжасында бардык жаныбарлардын жана канаттуулардын өзүнчө коомдор абалында жашашаары аныкталды.

«Жер бетиндеги жандык жана эки канаты менен учкан канаттуулардын бүт баары силер сыяктуу үммөттөр...»

Энам Сүрөсү, 38

Учурда жаныбар жана канаттууларга жасалган байкоолор натыйжасында бардык жаныбарлардын жана канаттуулардын өзүнчө коомдор абалында жашашаары аныкталды. Көпкө созулган, кеңири масштабдуу изилдөөлөр натыйжасында жаныбарлар жөнүндө алынган маалыматтар жаныбарлар арасында абдан системалуу бир социалдык түзүлүштүн бар экенин аныктады.

Мисалы, коомдук жашоосу менен илимпоздорду таң калтырган бал аарылар колониялар абалында дарак коңулдарында же ошол сыяктуу жерлерде өздөрүнө уюк жасашат. Бир аары колониясы бир ханыша, бир канча жүз эркек жана 10-80 миң жумушчу аарыдан турат. Мурда да айтылгандай, аары колонияларынын ар биринде бир гана ханыша болот жана ханышанын негизги кызматы – бул жумурткалоо. Мындан тышкары, колониянын биримдигин жана уюктагы системанын иштешин камсыз кылуучу маанилүү заттарды да чыгарат. Эркектердин болсо жалгыз кызматы – бул ханышаны төлдөтүү (уруктандыруу). Уюкту жасоо, азык чогултуу, аары сүтүн өндүрүү, уюктун жылуулугун жөнгө салуу, тазалык, коргонуу сыяктуу акылга келген бардык иштерди болсо жумушчу аарылар жасашат. Аары уюгундагы жашоонун ар бир баскычында бир система бар. Личинкаларды кароодон баштап уюктун жалпы муктаждыктарын камсыз кылууга чейинки бүт иштер эч кемчиликсиз жасалат.

Кумурскалар да дүйнөнүн эң көп калкына ээ болушканына карабастан, технология, коллективдик иштөө, аскердик стратегия, өнүккөн байланыш тармагы, иерархиялык система, дисциплина, кемчиликсиз бир шаар пландоо сыяктуу көптөгөн тармакта адамдарга мисал боло тургандай бир тартипти көрсөтүшөт. «Колониялар» деп аталган коомдор абалында жашаган кумурскалар ушунчалык өнүккөн бир тартипте болушкандыктан, бул жагынан адамдардыкына окшош бир цивилизацияга ээ деп айтууга болот.

Кумурскалар азыктарын өндүрүп кампалашат, балдарын кайтарышат, колонияларын коргошот жана согушушат. Ал тургай, «тигүүчүлүк» кылышып, «айыл-чарба» менен алектенген, «айбан баккан» колониялар да бар. Араларында абдан күчтүү бир байланыш тармагы бар болгон бул жандыктар коомдук уюшуу жана адистешүү жагынан караганда, эч бир жаныбарга салыштырууга мүмкүн болбогондой жогору.

Топ-топ болуп жашаган жандыктар системалуу жашоо менен бирге коркунучтарга да чогуу каршы турушат. Мисалы, кичинекей канаттуулар бүркүт же бай уулу сыяктуу жырткыч канаттуулар алардын аймагына киргенде, чогуулап бул жандыктарды орошот. Ошол эле учурда айланадагы башка канаттууларды да аймакка чакыруу үчүн атайын бир үн чыгарышат. Кичинекей канаттуулардын чогуулап кол салышы жырткыч канаттууларды көбүнчө ал аймактан качууга мажбур кылат.

Топ болуп учкан бир канаттуу үйүрү да ошол сыяктуу бардык үйүр мүчөлөрү үчүн калкан болот. Мисалы, үйүр болуп учкан чыйырчыктар араларында кенен бир аралык калтырып учушат. Бирок бир бүркүт көрүшкөндө, араларындагы боштукту жабышат. Натыйжада бүркүттүн үйүрдүн арасына киришин оор кылышат, бүркүт кол салса да канаттарын майып кылып алат жана аңчылык кыла албайт.68 Сүт эмүүчү жаныбарлар да үйүрлөрүнө бир кол салуу болгондо, чогуу аракет кылышат. Мисалы, зебралар душмандарынан качып баратышып, балдарын үйүрдүн ортосуна алышат. Дельфиндер болсо дайыма топ-топ болуп жүрүшөт жана эң чоң душмандары болгон акулалардан тобу менен коргонушат.

Жаныбарлардын коомдук жашоосу жөнүндө сансыз мисал жана көптөгөн детальдарды айтып берүүгө болот. Жаныбарлар жөнүндө алынган бул маалыматтар көп жылдар бою жасалган терең изилдөөлөр натыйжасында алынган. Байкалгандай, башка тармактардагы сыяктуу эле жаныбарлар жөнүндө Куранда берилген маалыматтар да анын Аллахтын сөзү экенин көрсөтүүдө.

Биомиметика: жандыктардагы долбоорлорду өрнөк алуу

Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз.

Нахл сүрөсү, 66

Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз.

Нахл сүрөсү, 66

Чындыгында жаныбарларда да силер үчүн бир сабак (насаат) бар; курсактарынын ичиндегилерден силерге ичирүүдөбүз жана аларда силер үчүн дагы көптөгөн пайдалар бар. Силер аларды жейсиңер. Алардын үстүндө жана кемелерде жол жүрөсүңөр.

Мүминун Сүрөсү, 21-22

Учурда көптөгөн илимпоз жана изилдөө-өнүктүрүү (R&D) адиси долбоорун баштоодон мурда мунун жаныбарлардагы өрнөктөрүн изилдөөдө жана алардагы система жана долбоорлорду тууроодо. Башкача айтканда, илимпоздор Аллах табиятта жараткан долбоорлорду көрүп изилдешүүдө жана алардан илхам алышып, жаңы технологияларды иштеп чыгышууда.

Бул жаңы бир илим тармагын пайда кылды: «биомиметика». «Табияттагы жандууларды тууроо» маанисине келген бул илим тармагы өзгөчө акыркы убактарда технология дүйнөсүндө кеңири таркады. Куранда Мүминун Сүрөсүнүн 21-аятында жана Нахл Сүрөсүнүн 66-аятында «сабак алуу, маани, маанилүү нерсе, өрнөк» маанилерине келген «ибретен» сөзүнүн колдонулушу бул жагынан абдан терең мааниге ээ.

Биомиметика – бул адамдар табияттагы системаларды туурап жасаган буюмдардын, аспаптардын, механизм жана системалардын баарын камтыган бир термин. Табияттагы долбоорлор өрнөк алынып жасалган аспаптарга өзгөчө нанотехнология, робот технологиясы, жасалма мээ (AI), медицина индустриясы жана аскердик жабдыктар сыяктуу тармактарда колдонулуу үчүн муктаждык болууда.

Биомиметика (биомимикрия) – алгачкы жолу Монтаналык бир автор жана илим изилдөөчү Жанин М. Бенюз (Janine M. Benyus) тарабынан чыгарылган бир түшүнүк. Кыргызча «био-тууроо» маанисине келген бул түшүнүк буга чейин көп адамдар тарабынан жоромолдонуп, ишке ашырылды. Биомиметика жөнүндө жасалган жоромолдордун бири төмөнкүдөй:

Биомимикрия табияттан модел, критерий жана акыл катары өрнөк ала турган көп нерсебиз бар экенин көрсөтөт. Мындай изилдөөлөрдүн орток чекити – бул табияттагы долбоорлорго урмат көрсөтүшү жана адамдардын кабылган көйгөйлөрдү чечүүдө буларды колдонуп илхам алышы.

Продукттун сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда табияттан пайдаланган фирмалардын бири болгон Интерфейстин продукт стратеги Давид Оаклей (David Oakley)

биомиметика жөнүндө мындай дейт:

Табият менин жумуш жана долбоор темаларында акыл мугалимим, жашоо стилим үчүн бир модел. Табияттын системасы миллиондогон жылдан бери иштөөдө... Биотууроо табияттан үйрөнүүнүн бир жолу.

Акыркы жылдары илимпоздор ылдам тараган бул көз-карашты кабыл алышты; алдыларындагы теңдешсиз жана кемчиликсиз моделдерди өрнөк алышып, иштерине ылдамдык кошушту. Табияттагы долбоорлор эң аз каражат жана энергия менен эң көп натыйжа алышы, өзүн-өзү оңдоо өзгөчөлүгү, кайра иштетүүгө мүмкүн болгон жана табият-досу болушу, үнсүз тынч иштеши, кооз, чыдамкай жана узун өмүрлүү болушу жагынан технологиялык эмгектерге өрнөк болушат. High Country News аттуу бир гезитте биомиметикага илимий бир кыймыл катары аныктама берилген жана мындай бир жоромол жасалган:

Табигый системаларды модел алып, учурда биз колдонуп жатканыбыздан бир топ узун мөөнөттүү технологияларды жасоого болот.

Табиятта көргөн кемчиликсиз системалар жөнүндө ойлонуп, табияттагы моделдерди тууроо керек деп ойлогон Жанин М. Бенюз Biomimicry (Биомимикрия) аттуу китебинде берген мисалдарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:

Бул жерде бир канча гана мисалы берилген табияттагы таң калтырган ушул сыяктуу механизм жана долбоорлор технологиянын көптөгөн тармагын байытуу потенциалына ээ. Маалыматыбыздын көбөйүшү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен бирге бул потенциал күн сайын улам жакшыраак көрүнүүдө.

Жаныбарлардын ар бири адамдарды таң калтырган көптөгөн жаратылуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Кээ бирлери сууда кыймылдоосун камсыз кылуучу эң идеалдуу формага (гидродинамикага) ээ болсо, кээ бирлери биз үчүн абдан жат болгон сезүү органдарын колдонушат. Булардын көпчүлүгү адамдар алгачкы жолу көргөн, тагыраак айтканда, эми байкаган өзгөчөлүктөр. Кээде бир жандыктын бир эле өзгөчөлүгүн тууроо үчүн компьютер, механика, электроника, математика, физика, химия жана биология сыяктуу илим тармактарынын алдыңкы илимпоздорунун чогулушу керек болууда.

Илимпоздор күн сайын табиятта байкаган теңдешсиз түзүлүштөр жана системалар алдында айраң калышууда жана буларга болгон таң калууларын адамзаттын пайдасына жаңы технологияларды өндүрүү үчүн колдонуу аркылуу көрсөтүшүүдө. Табияттагы кемчиликсиз системалардын, колдонулган кереметтүү ыкмалардын илимпоздордун илими жана акылынан бир топ жогору экенин, көйгөйлөргө теңдешсиз чечүү жолдорду сунганын түшүнгөн илимпоздор эми жылдар бою алектенип чече албаган көп темада табияттагы долбоорлордон жардам алышууда. Мунун натыйжасында кыска мөөнөттө ийгиликтүү натыйжаларга жетүү мүмкүн болууда. Мындан тышкары, табиятты тууроо менен илимпоздор убакыт, эмгек күчү жана ошондой эле материалдык булактарды натыйжалуу пайдалануу жагынан маанилүү ийгиликтерге жетишүүдө.

Учурда өнүккөн технологиянын жаратылуу кереметтерин бир-бирден ачып көрсөтүп жатканын жана «биомиметика» илиминдеги сыяктуу жандыктардагы кереметтүү долбоорлорду өрнөк алып адамзатка кызмат кылып жатканын көрүүдөбүз. Жанин М. Бенюз да табиятты туурасак, тамак-аш жана энергия өндүрүшү, маалымат жыйноо, саламаттыкты сактоо сыяктуу көп тармактарда өзүбүздү оңой гана өнүктүрө алаарыбызды айткан. Бул темаларды колго алган көптөгөн илимий макалалардын бир канчасы төмөнкүлөр:

19-кылымда табиятты тууроо бир гана кооздук чөйрөсүндө жасалчу. Ошол доордун сүрөтчү жана архитекторлору табияттагы кооздуктардан таасирленип, жасаган эмгектеринде бул түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүштөрүн өрнөк алышкан эле. Бирок табияттагы долбоорлордун кереметтүүлүгү жана аларды тууроо адамдарга пайда алып келээри табияттагы механизмдердин молекулярдык деңгээлде изилденип башташы менен гана -20-кылымда- башталган. Учурда илимпоздор жана изилдөөчүлөр, Куранда болжол менен 1400 жыл мурда билдирилгендей, жандыктардан «сабак (өрнөк)» алышууда.

Топ-топ болуп жүрүүчү чегирткелер

Бул аятта ыйман кылбагандардын акыреттеги абалдары сүрөттөлүүдө. Жашап өткөн бардык миллиарддаган адамдардын тобу менен тирилиши жайылган чегирткелерге окшотулууда. Албетте, Аллахтын бул мисалды беришинин көп терең маанилери бар.

«Көздөрү «басмырлангандан жана коркуудан жер карап», «жайылган» чегирткелер сыяктуу кабырларынан чыгышат.»

Камер Сүрөсү, 7

Бул аятта ыйман кылбагандардын акыреттеги абалдары сүрөттөлүүдө. Жашап өткөн бардык миллиарддаган адамдардын тобу менен тирилиши жайылган чегирткелерге окшотулууда. Албетте, Аллахтын бул мисалды беришинин көп терең маанилери бар.

20-кылымда чегирткелерге микро камералар менен жасалган терең изилдөөлөр учурунда көп маалыматтар алынган. Чегиртке топтору абдан коюу, жыш болушат, бирок бир дене сыяктуу кыймылдашат. Миллиарддаган чегиртке чогулушуп, узундугу жана туурасы киллометрлерге созулган капкара бир жамгыр булуту сыяктуу болуп калышат. Бул топтордун кээ бирлеринин туурасынын 3-5 киллометр жана тереңдигинин бир канча метрге чейин жетээри аныкталган. Чегиртке топтору мынчалык жыштыктан улам абанын карарып булут баскан сыяктуу көрүнүшүнө себеп болушат.

Бул жандыктар жөнүндө алынган дагы бир маалымат болсо – бул алардын жумурткаларын топурактын ичине урук сыяктуу жайгаштырышы жана чегиртке личинкаларынын бир топ мөөнөт жердин астында жаткан соң жер бетине тобу менен чыгышы. Ургаачы чегирткелер топурактын астына 10-15 сантиметрлик бир туннель казган соң бир жолкуда 95-158 личинка ташташат. Бир чегиртке бул процессти болжол менен үч жолу кайталайт. Личинкалар жетилгенде –абанын температурасына жараша 10-65 күн ичинде- чогуу жердин астынан чыгышат. 1 м2'тык бир аянтта 1000 жумуртка чуңкуру болушу мүмкүн. Чегиртке топтору бир канча жүз км2'тык аянтты каптай турганчалык көп. Бир км2ка туура келген чегиртке саны болсо 40-80 миллионго чейин болот. Чегирткелердин жердин астында болушу, бир топ убакыт бою ал жерде жаткан соң тобу менен жана абдан жыш абалда жер бетине чыгышы кыямат күнү адамдардын тирилишине окшош көрүнүштө болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)

Учурда чегирткелерди изилдөө үчүн атайын бөлүмдөр курулган жана бул изилдөөлөрдүн кээ бирлеринде алыстан башкарылуучу камера системалары колдонулууда. Ал тургай НАСАнын спутниктик маалыматтары да Африкада чөл чегиртке топтору жашаган аймактарды аныктоо максатында колдонулууда. Спутник маалыматтары жардамында 18 миллион км2'тык аянттарда жерден жана абадан терең изилдөөлөрдү жасоо мүмкүн болууда.

Байкалгандай, чегирткелер жөнүндө мындай маалыматтарды алуу үчүн колдонулган бул технологиялар жок бир доордо мындай бир окшоштуруунун жасалышы Курандын бүт нерсени билген Аллахтын вахийи экендигинин далилдеринин бири.

Кумурскалардын байланыш курушу

Куранда Аз. Сулаймандын аскерлери жөнүндө айтылып жатып, кумурскалар арасында бир «байланыш системасынын бар экенине ишарат кылынууда:

Куранда Аз. Сулаймандын аскерлери жөнүндө айтылып жатып, кумурскалар арасында бир «байланыш системасынын бар экенине ишарат кылынууда:

«Анан кумурска өрөөнүнө келишкенде, бир ургаачы кумурска:

«Эй кумурска коому, уяларыңарга киргиле, Сулайман менен ордолору (аскерлери) байкабастан силерди эзип кетпесин» деди.»

Немл Сүрөсү, 18

20-кылымда кумурскаларга жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр бул кичинекей жандыктардын абдан уюшумдуу бир коомдук жашоосу бар экенин жана мындай уюшумдуулуктун бир талабы катары өз ара абдан комплекстүү бир байланыш тармагына ээ экенин аныктаган. National Geographic журналында жарык көргөн бир макалада бул жөнүндө мындайча айтылат:

Чоң же кичине кандайдыр бир кумурска башындагы татаал сезүү органдары аркылуу миллиондогон, ал тургай андан да көп химиялык жана көрүү сигналдарын кармайт. Мээ 500000 нерв клеткасын камтыйт; көздөр бириккен; антеналар адамдагы мурун жана манжа учу сыяктуу кыймылдайт. Ооздун астындагы проекциялар даамды кабылдайт, кылдар тийүүгө жооп берет.

Биз байкабасак да, кумурскалар назик сезүү органдары жардамында абдан көп түрдүү байланыш ыкмаларын колдонушат. Олжосун табуудан бири-бирин ээрчүүгө, уяларын куруудан согушууга чейин жашоолорунун ар бир көз ирмеминде бул сезүү органдарынан пайдаланышат. 2-3 миллиметр квадраттык денелеринин ичине батырылган 500000 нерв клеткалары менен адамдарды таң калтыра турган бир байланыш системасына ээ.

Бул жандыктардын байланыштарындагы реакциялар белгилүү категорияларга бөлүнгөн: сигнал берүү, чогулуу, азыктын ордун кабар берүү, тазалануу, суюк азык алмашуусу, топтошуу, таануу, максат аныктоо...

Системалуу бир коомду түзгөн кумурскалардын бул реакциялар аркылуу бири-бирине кабар жөнөтүү системасына таянган бир жашоолору бар. Кумурскалар маалымат алып-берүүдө кээде адамдар сүйлөшүп чече албаган багыттарда (чогулуу, бөлүшүү, тазалык, коргонуу сыяктуу) бир топ жакшы байланыш курушат.

Кумурскалар көбүнчө химиялык бир байланыш курушат. Кумурскалар байланыш куруу максатында колдонгон химиялык заттар – бул жарым-химикаттар (semiochemicals) катары белгилүү болгон «феромендер». Жыт катары кабылданган жана ички бездер тарабынан чыгарылган бир суюктук болгон «феромендер» кумурска топторунун уюшуусунда эң маанилүү ролду аткарат. Бир кумурска сигнал катары бул суюктукту чыгарганда, башкалары жыт же даам сезүү органы аркылуу кабарды алышат жана жооп беришет. Кумурска феромендери жөнүндө жасалган изилдөөлөр бардык сигналдардын кумурска тобунун муктаждыктарына жараша чыгарылаарын аныктаган. Ошондой эле, кумурскалар чыгарган феромендин көлөмү абалдын канчалык зарыл экенине жараша өзгөрүүдө.

Байкалгандай, кумурскалар кылган иштерди кыла алуу үчүн терең бир химия илимине муктаждык бар. 14 кылым мурда, кумурскалар жөнүндө мынчалык терең маалымат болбогон бир доордо, кумурскалардын байланыш системасына көңүл бурулушу Курандын илимий кереметтеринин бири.

Азыктын айланышы

Бул аятта Куран түшүрүлгөн доордо билүү мүмкүн болбогон бир азык айлануусуна көңүл бурулган.

«Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүктөн чыгарат, өлүктү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр?»

Энам Сүрөсү, 95

Бул аятта Куран түшүрүлгөн доордо билүү мүмкүн болбогон бир азык айлануусуна көңүл бурулган.

Бир жандык өлгөндө, микроорганизмдер аны абдан бат майдалашат. Натыйжада өлүү дене органикалык молекулаларга айланган болот. Бул молекулалар топуракка аралашып, өсүмдүк жана жаныбарлардын, жана натыйжада адамдардын негизги азык булагы болот. Эгер мындай айлануу болбосо, жашоо да мүмкүн болбой калмак.

Бактериялар болсо жандыктардын муктаждыгы болгон минерал жана азыктарды даярдоо милдетин аткарышат. Кыш бою дээрлик өлүк абалда болгон өсүмдүк жана кээ бир жаныбарлар жазында кайрадан жанданып жатканда муктаж болгон бардык азык жана минералдар кышындагы бактериялардын иш-аракеттери менен камсыз кылынат. Кыш бою бактериялар органикалык калдыктарды, б.а. жаныбар жана өсүмдүк өлүктөрүн майдалап, минералдарга айландырышат.87 Натыйжада жандыктар жазында ойгонушканда азыктары даяр болгон болот. Бактериялар урматында бир тараптан алар жашаган чөйрөдө бир «жаз тазалыгы» жасалган болсо, экинчи тараптан жазда кайрадан жанданган табият үчүн жетиштүү көлөмдө азык даярдалган болот.

Байкалгандай, өлгөн жандыктар жаңы жандыктардын жашашында биринчи даражадагы ролго ээ. Ошентип Аллах аятта «тирүүнү өлүктөн чыгарат, өлүктү болсо тирүүдөн чыгарат» сүйлөмү менен көңүл бурган бул айлануу эч кемчиликсиз ишке ашкан болот. Куранда мынчалык детальдуу бир маалыматка кылымдар мурда көңүл бурулушу – Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин бири.