Уюлдарда намаз жана орозо убактысы кантип аныкталат?

Кээ бир адамдар тарабынан чын ыкластан суралса да, көбүнчө Исламдан кемчилик издөө максатында берилген бул суроо чындыгында бир нече техникалык маалыматтын жетишсиздигинен келип чыгат. Аллах аяттарында намаз жана орозого байланыштуу убакыттарды түшүнүү үчүн Күндүн кыймылдарынан убакыт аныктамасын берген.
Уюлдарга байланыштуу “6 ай күндүз, 6 ай түн” деген сөз чындыгында туура эмес. Тууралыгы “6 ай жарык, 6 ай караңгы күндөр”. Атүгүл ушул жаңылыш сөздөн улам кээ бир адамдар уюлдарда 6 ай бою Күн бир жерде турат, калган 6 ай да башка бир жерде кыймылсыз турат жана уюлдарда Күндүн эч кандай кыймылы байкалбайт деп ойлошот.
Бул таптакыр жаңылыш доомат. Сүрөттө уюлдардагы Күндүн кыймылдары бар. Чөйрө жарык болгонуна карабастан Күн дайыма кыймылда жана кечти менен эртеңди көрсөткөн убакыт аралыктары абдан оңой түшүнүлөт. Күндүн эң төмөн түшкөн жери түн катары, эң жогору турган жери күндүн ортосу катары кабыл алынат.
6 ай караңгы болгон мезгилде да, Күн горизонт сызыгынын астында болгонуна карабастан, анын 24 сааттын ичиндеги кыймылдары абдан оңой аныкталат. Ага ылайык намаз убакыттары да, орозо убакыттары да абдан оңой аныкталышы мүмкүн. Жана атүгүл ал жерде жашаган миңдеген мусулмандар онсуз да ушул кыймылдарга ылайык намаздарын окуп, орозолорун кармашат.
Бирок негизги унутулган маселе, Куранда Аллахтын бизден талап кылган нерсеси такыбалык, чын ыкластуулук экени. Мисалы, Куранда курмандык ибадаты боюнча Аллах мындай дейт;
Алардын эттери да, кандары да Аллахка эч качан жетпейт, бирок Ага силерден такыбалык жетет. (Аль-Хаж сүрөсү, 22/37)
Башкача айтканда, Аллах ибадаттардын материалдык бөлүгү менен эмес, такыбалык бөлүгү менен кызыгат.
Алар намаздарында хушуу ичинде болгондор; (Аль-Муминун сүрөсү, 23 /2)
Ошондуктан Курандан кемчилик издөө аракеттери текке кетет. Куранда кандайдыр бир кемчилик же карама-каршылык жок. Куран толук-төкүс, ачык-айкын жана кемчиликсиз.
Дүйнөнүн бардык жерине тиешелүү, Куранга ылайык түзүлгөн имсакияга төмөнкү шилтемеден жете аласыз….