Куранда мурастын артта калгандарга адилеттүү түрдө бөлүштүрүлүшү
Ислам Коомдорунда Өлгөндөрдүн артында калтырган балдарына Эркекке эки ургаачынын үлүшүнчө берилиши деист жана атеист чөйрөлөр тарабынан бир топ сынга алынып келет.
Чынында Бул Жерлерди жана асмандарды жараткан Аллахтын бир бөлүштүрүү долбоору. Жер жүзү Аллахтын Адилет тараткан, Жер жүзү күчтүүлөргө адилет менен мамиле кылууну буйруган жери.
Үй-бүлө жашоосу, салыштырууда ката болбосо, мектептеги директор Директордун орун басары сыяктуу. Алардын кайсы бири директор, экинчиси анын жардамчысы деп суралбаса, үй-бүлөдө да эркек менен аялдын жөндөм жана жаратылыш айырмасынан улам Аллах эркекти үй-бүлө ичинде жооптуу жана башкаруучу кылып белгилеген.
Дүйнө жашоосу ар түрдүү айырмачылыктагы мейли жыныс мейли жаратылыш айырмачылыгынан болсун өзүнө берилген күчүнүн өлчөмүнө жараша сыноого алынып жатышат.
4/32- Аллах ал аркылуу кээ бириңерди кээ бириңерден артык кылган нерсени (мал-мүлктү) самабагыла. Эркектерге тапкандарынан үлүш (болгондой эле), аялдарга да тапкандарынан үлүш бар. Аллахтан Анын фазлын (ихсанын) сурагыла. Чындыгында, Аллах бардык нерсени билүүчү.
Бир Театрда актёр жана актрисалардын ийгиликтери өз ролдорун жакшы ойноо даражасына жараша сыйланса, Аллах да Аял болсун эркек болсун ким өзүнө берилген милдетти Аллах каалагандай аткарып жатса, ошол милдетке көрсөткөн берилгендигине жана аткаруусуна жараша алардын сыйлыктарын акырет дүйнөсүндө берет. Анын үстүнө дүйнөдө эки болуп пайда болгон аял менен эркек айырмасы ал жакта болбойт, Ыйман келтирген жана Салих амалдарды кылган катары бир гана жин менен жаратылып, аларга бейиш нематтары жана жубайлар катары хурулар берилет.
Куран Үй-бүлөнүн негизин салып жатканда мусулман эркек менен мусулман аялдын Болушун сөзсүз керектүүлөрдөн катары шарт кылат. Анткени мусулман эмес эркек мусулман аялды мусулман эркекти да мусулман эмес аял отко чакырганын эскертет.
2/221- Мушрик аялдарды ыйман келтиргенге чейин никелебегиле; ыйман келтирген күң, – жагып калса да- мушрик аялдан жакшыраак. Мушрик эркектерди да ыйман келтиргенге чейин никелебегиле; ыйман келтирген кул, – жагып калса да- мушрик эркектен жакшыраак. Алар отко чакырышат, Аллах болсо Өз уруксаты менен бейишке жана кечиримге чакырат. Ал адамдарга аяттарын түшүндүрөт. Балким насаат алып- ойлонушар.
Ушул кыска дүйнөдө Акылын колдонгон адамдар үчүн түбөлүк жашоого каршы болгон бардык нерсе туура эмес жана маанисиз. Эмне кылса да сөзсүз Аллахтын ыраазылыгын таба ала турган сөз жана иштерден башка кылыктарда болбоо керек.
Аллах Үй-бүлө жашоосунда эркекти күч-кубат жабдылыш жагынан аялдан башкача жараткан. Илимпоздордун аныктоолоруна караганда аялдар менен эркектердин ортосунда кырк беш негизги айырмачылык бар.
Ушул себептен үйдө башчы, төрага, командир, өкүл ж.б. сиз эмне десеңиз да үй-бүлө жашоосунун туруктуулугу артышы үчүн эркектерди алдыга койгон. Дүйнө жашоосунда эч бир адам эч бир адамга каршы жооптуу эмес. Эркекти гана аялдан алар никеде турган мөөнөттө жооптуу кылган.
4/34- Адептүү аялдар (Аллахтын мыйзамына) моюн сунушат жана Аллах коргоону буйруган нерсени (ар-намыс жана аруулугун) жалгыз болсо да коргошот. Ар-намысы жана абийири боюнча тынчсызданган аялдарга насаат бергиле, төшөктөрүңөрдү бөлгүлө, акыры чыгаргыла. Бирок силерди угуп, токтоп калышса, аларга каршы жол издебегиле…
Биз Мурастын эркек жана кыз балдарда эркекке эки ургаачынын үлүшүнчө болушунун Даанышмандыктарын түшүндүрүп жатканда узун-узун түшүндүрбөйбүз. Бул өзүнчө макаланын темасы. Себептердин айрымдарына гана токтолуп өтөбүз.
1- Эркек менен аял үйлөнө турганда эркек үйлөнө турган аялына махр берет.
2/4- Аялдарга махрларын чын дилден каалап (жана укук катары) бергиле, бирок алар көңүл кубанычы менен силерге андан бир нерсени белекке беришсе, аны да ырахаттанып, тынч көңүл менен жегиле.
2- Балдарды багуу жана чыгымдары эркекке таандык болгондой эле, ошол эле учурда эркек менен аял ажырашканда эмчек энеге беришсе баланы эмчек энеге күндүн шартына жараша акысын эркек төлөйт.
2/233 Эмизүүнү толуктоону каалагандар үчүн энелер балдарын эки толук жыл эмизишет. Алардын (энелердин) тамагы, кийими белгилүү (салт)ка ылайык, бала өзүнүкү болгонго (атага) таандык. Эч кимге күчү жеткенден тышкары (жүк жана жоопкерчилик) жүктөлбөйт. Эне баласы, бала өзүнүкү болгон ата да баласы себебинен зыянга учуратылбасын; мураскордун үстүндө(гү жоопкерчилик жана милдет) да ушундай. Эгер (эне жана ата) өз ара ыраазылык менен жана кеңешип (баланы эки жыл толгонго чейин) эмчектен ажыратууну каалашса, экөөнө да кыйынчылык жок. Жана эгер балдарыңарды (эмчек энеге) эмизтүүнү кааласаңар, бере турганыңарды салтка ылайык төлөгөндөн кийин силерге жоопкерчилик жок. Аллахтан коркуп- сактангыла жана билгиле, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү.
4/11- Балдарыңар жөнүндө Аллах, эркекке эки ургаачынын үлүшүнчө сунуштайт.
Эгер алар экиден көп аял болсо, (өлгөндүн) артында калтырганынын үчтөн экиси алардыкы. Аял (же кыз) бир гана болсо, бул учурда жарымы аныкы.
(Өлгөндүн) Бир эркек баласы болсо, артында калтырганынан эне жана атанын ар бири үчүн алтыдан бир,
Баласы жок болуп, эне жана ата ага мураскор болсо, бул учурда энеси үчүн үчтөн бир бар.
Анын бир туугандары болсо, анда энеси үчүн алтыдан бир’дир. (Бирок бул өкүмдөр, өлгөндүн) Кылган осуяты же (бар болсо) карызы чегерилгенден кийин.
Аталарыңар, уулдарыңар, силер алардын кайсынысы пайда жагынан силерге жакыныраак экенин билбейсиңер. (Булар) Аллахтан бир парз. Албетте Аллах билүүчү, өкүм жана даанышмандык ээси.
4/12- Жубайларыңардын, эгер балдары жок болсо, артында калтыргандарынын жарымы силердики.
Эгер балдары бар болсо, – аны менен кыла турган осуяттан же (бөлө турган)
Карыздан кийин- бул учурда калтыргандарынын төрттөн бири силердики.
Силердин балаңар жок болсо, артта калтыргандарыңардан төрттөн бири алардын (аялдарыңардын)кы.
Эгер силердин балаңар бар болсо, артта калтыргандарыңардан сегизден бири алардын (аялдарыңардын)кы.
(Дагы бул өкүмдөр,) Кыла турган осуятыңар же (бар болсо) карызыңар чегерилгенден кийин.
Мурасы изделген эркек же аял, баласы жана атасы жок киши болуп, эркек же кыз бир тууганы болсо, алардын ар бири үчүн алтыдан бир бар. Эгер мындан көп болушса, бул учурда – аны менен кылынган осуяттан же (бар болсо) карыздан кийин- үчтөн бир’де – зыянга учуратылбастан аларга шерик болушат. (Бул силерге) Аллахтан осуят, Аллах билүүчү, (пенделерге) жумшак мамиле кылуучу.
Эскертүү Бул жерде акыркы бөлүктө мураскор жубай, эне жана бир туугандар.
4/176- Сенден фатва сурашат. Айт:
Жубайлар жок болгондогу бөлүшүү.
“Аллах, ‘баласы жок жана атасы жок кишинин (kelle’нин)’ мурасына байланыштуу өкүмдү түшүндүрөт. Өлгөн кишинин баласы жок, кыз бир тууганы бар болсо, артында калтыргандарынын жарымы кыз бир тууганыныкы.
Бул жерде мураска укугу бар болгондор эне жана өлгөндүн бир туугандары гана. Башкача айтканда өлгөндүн бир гана кыз бир тууганы жана энеси калса, булар мурасты тең бөлүшүшкөн болот
Бирок (өлгөн) кыз бир тууганынын баласы жок болсо, өзү (эркек бир тууганы) ага мураскор болот.
Эгер кыз бир тууганы эки болсо, артында калтыргандарынын үчтөн экиси алардыкы. Бирок (мураскорлор) эркектер жана кыз бир туугандар болсо, бул учурда эркек үчүн ургаачынын эки үлүшү бар.
Куранда бөлүштүрүүнүн алгач Түрүнө токтолуп, кимге качан мурастан үлүш тиерин аныктоого аракет кылалы.
Ан-Ниса 11, 12, жана 176-аяттар бөлүштүрүү шарттарынын жана өлчөмдөрүн аныктайт.
1- ОН БИРИНЧИ АЯТТА ЖУБАЙЛАР ЖОК БОЛГОНДО МУРАС КАНТИП БӨЛҮШТҮРҮЛӨРҮН КАРАЙТ.
a)- Аллах балдардан эркектер үчүн эки ургаачынын үлүшүнчө сунуштайт.
b)- Бул аятта жубайлар жок болгон бөлүштүрүүдөн сөз кылат. Башкача айтканда Мураскор болгон балдардын кыз, эркек эне жана Ата, жана бир туугандар болгондо мурас кантип бөлүшүлөрү жөнүндө маалымат берет.
c)- кыз эки же экиден көп болгондо мурастын 2/3 бөлүгүнө ээ болушат. Ата жана эне мурастын калган бөлүгүнө башкача айтканда 1/3 үлүштүн эне 1/3 ата болсо 2/3 үлүшкө ээ. Анткени эркек Эркек, бала болгондо мураскор ата жана эне ар бири үчүн 1/6 болуп жаткан.
Бөлүштүрүү өлчөмдөрүн математикалык түрдө мисалдар келтирип түшүндүрүүгө аракет кылалы.
Осуят жана карыз чегерилгенден кийин өлгөн жубайлар 10000 ТЛ. Мурас калтырды Бөлүштүрүү кандай болот? Дагы шарттарга жараша суроолор берип бөлүштүрүүнү жасоого аракет кылалы.
Мурас дайыма осуят жана карыз чегерилгенден кийин калган өлчөмдөн жасалат.
Суроо- 1= мураска укугу бар үч кыз бала жана эне ата бар канча мурас алышат.
Калган өлчөм= 10000 ТЛ.
Кыз бала экиден көп болгондуктан 2/3 бөлүгүнө ээ болушат
10000/2/3=6666 Үч кыздын алган өлчөмү. Ар бири 2222 ТЛ. бөлүшүшөт.
Калган өлчөм эне жана ата.
10000/1/3= 3333 ТЛ. болот. Бул өлчөм 2/3 = 2222 ТЛ. атага 1/3 =1111 ТЛ. энеге бөлүштүрүлөт.
Эгер булар эркек бала болгон болсо эне жана атанын үлүшү 1/6 өлчөмүндө болмок. Кыз бала жана бала жок болгондо ата 2/3 эне болсо 1/3 өлчөмүндө үлүш алышат.
Текшерсек кыздарга 6667+3333= 100000 ТЛ. натыйжа туура чыгат.
Суроо- 2- Бир гана кыз жана эне ата бар болсо мурастын бөлүштүрүү түрү Кандай болушу керек.
Өлчөм= 10000 ТЛ.
Кыз бир гана болгондо мурастын ½ бөлүгүн алат 10000/1/2 =5000 ТЛ кыздын алган үлүшү.
Башка калган өлчөм башкача айтканда ½ эне жана атага таандык. Кыз бала болгондо ата калган мурастын 2/3 бөлүгүнө эне болсо 1/3 бөлүгүнө ээ болушкан.
5000/3=1666 ТЛ. эненин эки эсеси 3334 атага таандык.
Суроо 3= Бир эркек бала бар болсо эне жана атанын ар бири үчүн 1/6 үлүш бар.
10000/1/6 энеге=1667 Атага !/6=1667 ТЛ. калган өлчөм =6666 ТЛ. эркек балага таандык.
Эркек бала болгондо эне жана ата бирдей өлчөмдө 1/6 өлчөмүндө алышат кыз бала болгондо эне 1/3 ата болсо 2/3 Өлчөмүндө үлүшкө ээ болушат муну билүү керек.
Суроо 4= Өлгөндөрдүн балдары жок болсо эне жана ата гана ага мураскор болушса. Бул учурда дагы ата мурастын 2/3 бөлүгүнө эне болсо 1/3 бөлүгүнө ээ.
10000/1/3 3333 эненики 6667 атага таандык
Суроо 5 Өлгөн жубайлардан эки кыз бир тууган жана бир эне мураскор болсо үлүш кантип жасалышы керек?
10000/1/6 эненики 1667 чамасында. Калган өлчөм эки кыз бир туугандыкы.
10000- 1667= 8333 ТЛэкиси/1/2=4166;5 ТЛ. Ар бирине эгер Үч Кыз бир тууган болгон болсо калган өлчөм үч бөлүккө бөлүнмөк. Үч кыз бир тууган эки эркек бир тууган болгон болсо эркек эки ургаачынын үлүшүнчө алмак.
d)- Эгер кыз балдар бир гана болсо мурастын ½ кыз балага башка калган 1/2 эне жана атага берилет. Ата бул жерде 2/3 – эне болсо калган өлчөмдүн 1/3 үлүшүнө ээ.
e)- жубайлардын бир эркек баласы бар болсо эне ата ар бири үчүн 1/6 үлүшкө ээ калган өлчөм эркек баланыкы.
f)- Өлгөн жубайлардын экөөнүн тең балдары жок болуп, эне ата гана ага мураскор болсо баарын алышат. эне үчүн 1/3 – ата да 2/3 өлчөмүндө мурастын баарына укуктуу болушат.
g)- Аталары жана балдары жок болуп, энелери гана бар болсо анда бир туугандары да укуктуу болот. Бул учурда энеге тийген үлүш 1/6 өлчөмүндө. Калган өлчөм бир туугандарыныкы.
2- ЖУБАЙЛАРДЫН КАЙСЫ БИРИ ТИРҮҮ БОЛГОНДО ПАЙДА БОЛГОН БӨЛҮШТҮРҮҮ.
12-Аят бул абалды түшүндүрөт.
a)- Эгер аял өлүп эркек ага мураскор калса жана балдары жок эне жана ата ага мураскор болсо мурастын жарымы эркек жубайдыкы. Эгер балдары бар болсо бул учурда ¼ эркек жубайга таандык. Калган өлчөм балдарга сыпатталган өлчөмдө бөлүшүү үчүн балдарга таандык.
10000 ТЛ. осуят жана карыз чегерилгенден кийин калган өлчөм. Бала жок болсо ½ жубайга кетет башка калган өлчөм эне жана атага калат.
10000/1/2= 5000 ТЛ эркек жубайдыкы
10000- 5000= 5000 ТЛ Эне жана атага бул өлчөм 1/3 =1667 энеге 2/3 = 3334 ТЛ атага тиет.
Балдары бар болсо эркек жубайга мурастын ¼ өлчөмүндө үлүш алат калган өлчөмдүн баары Балдарга калат эне жана атага жубай жана балдар болгондо үлүш тийбейт.
Суроо= жубайлардан эркек өлдү артында үч эркек эки кыз жана бир жубай калды кантип бөлүштүрүлөт.
10000/1/8 аял жубай үлүш алат.ал да 1250.ТЛ. калган өлчөм балдарга эркектерге эки ургаачынын үлүшү өлчөмүндө бөлүштүрүлөт.
Үч эркек болгондуктан алты ургаачы үлүшүн алышат. Анда калган өлчөмдү сегизге бөлгөндө бир ургаачы үлүшүнө тийгенди тапкан болобуз.
10000- 1250=8750/8=1093,75 тл. бир ургаачы үлүшү булардан эркектер үчүн эки ургаачы үлүшү болгондо ар бир эркек 2187.5 үлүшкө ээ болушат.
Суроо- эркек өлдү күйөөнүн балдары жок болсо аял жубай мурастын ¼ бөлүгүн алат. калган өлчөм эне жана атага калат алар да 1/3- эне 2/3 калган өлчөмдү ата алат.
10000/1/4= 2500 энеге тийген өлчөм.
10000- 2500=7500 ТЛ. Эне жана атанын алган өлчөмү Ата 7500/2/3=5000 ТЛ. Алат эне да 7500/1/3=2500. ТЛ.
b)Эгер эркек жубай өлүп аял жубай тирүү болсо жана балдары жок эне жана атасы бар болсо мурастын ¼ ага калган башка өлчөм эне жана атага таандык.
c) Дагы эркек жубай өлүп аял жубай мураскор болсо өлгөн жубайдын балдары да бар болсо бул учурда жубай калган мурастын 1/8 бөлүгүн алат калган өлчөм балдарга сыпатталган ургаачыга берилгендин эки эсеси эркекке берилмек болуп бөлүштүрүлөт.
d)- жубайлардын кайсы бири бар болсо бала жана ата жок болсо бир туугандары бар болсо эркек жана кыз бир тууган бар болсо 1/6 бир туугандарга 1/6 энеге калган өлчөм да жубайына болот.
Суроо:- жубайлардан эркек өлдү бала жана ата жок болсо бир эне эки кыз жана эркек бир тууган жана бир жубай калды кантип бөлүштүрүлөт?
10000/1/4 =2500 ТЛ. Жубайга калган өлчөм анткени баласы жок ушул себептен ¼ өлчөмүнө ээ.
Бир туугандары бар болсо эркек жана кыз бир тууган мурастын 1/6 үлүшүнө ээ.
Кыз бир тууган10000/1/6=1667
Эркек бир тууган10000/1/6=1667 ТЛ.
Калган өлчөм да эненики.4166 ТЛ. Энеге тийген өлчөм.
Суроо, Аял жубай өлүп атасы жана баласы жок болсо мурас бир туугандар эне жана күйөө арасында бөлүштүрүлөт.
10000/1/2= 5000 ТЛ. Күйөөгө тиет.
Эркек Бир тууганга= 1667 ТЛ.
Кыз бир тууганга =1667 ТЛ.
Калган өлчөм да энеге тиет.
1667+1667+5000=8334 Жалпы – 10000=1666 энеге тийген өлчөм.
e)- Эгер бир туугандар бирден көп кыздар жана эркектер болсо бул учурда калган мурастын 1/3 өлчөмүндө тең бөлүшүшөт. 1/6 энеге жана калган өлчөм да калган жубайга калат. Бул жерде унутпоо керек болгон жубай баласыз жана атасыз болсо эркек эл мураскор болсо калган мурастын жарымын аял жубай калса калган мурастын осуят жана карыз чегерилгенден кийин ¼ бөлүгүнө укуктуу.
Суроо- = бирден көп кыздар жана эркектер болгон учурда эки кыз бир тууган бир эркек бир тууган калган жубай жана энеге тийген үлүш канча?
10000/1/3= 3333 ТЛ. Бир туугандарга тийген үлүш
Ар бир бир тууганга кыз эркек айырмасы кылынбастан 1111 ТЛ. катары алышат.
Жубайлардан мураскор эркек болсо 10000/1/2 үлүшүн алат. Ал да 5000 ТЛ. болот.
Калган өлчөм да эненики.5000+3334= 8834- 10000= 1666 ТЛ. катары укук алат.
Жубайлардан Күйөө өлсө жубай, эне, жана бир туугандар мураска укуктуу болушса. Кандай бөлүштүрүү жасалат?
10000/1/4 = 2500 ТЛ. жубайга таандык тийген өлчөм.
Бир туугандарга тийген үлүш 10000/1/3= 3334/3= ар бир бир тууганга тийген үлүш 1111 тл.
Энеге тийген үлүшКалган өлчөм. 2500+3334=5834- 10000=4166 ТЛ. катары укук алат.
3- АН-НИСА 176-АЯТ ЖУБАЙЛАР ЖАНА БАЛДАР ЖАНА АТА ЖОК БОЛГОН МУРАСТЫН БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮНӨН СӨЗ КЫЛАТ.
a)—Өлгөн кишилердин баласы атасы жана жубайы жок болсо бир гана кыз бар болсо ½ кыз бир тууганга калган өлчөм да энеге калат ал да ½ өлчөмүндө.
Суроо:- өлгөн жубайлардын баласы жана атасы жок 1 Кыз бир тууганы бар болсо эне жана кыз бир тууганга канча үлүш башка
Кыз бир тууганга10000/1/2=5000 Т.
Энеге 10000/1/2= 50000 ТЛ. Катары укук алышат.
b)- өлгөн кишинин кыз бир тууганы жок болсо эне гана бар болсо калган мурастын баары энеге таандык.
Өлгөн кишинин кыз бир тууганы жок болсо энеси гана бар болсо мурастын баарын энеси алат.
Энеге 10000/1/1= 10000 ТЛ.
Өлгөн кишинин энеси жок болсо бир гана бир тууганы бар болсо баарын мурастын бир тууганы алат.
10000/1/1=10000 ТЛ.
c)- Өлгөн кишинин кыз бир тууганы эки болсо бул учурда мурастын осуят жана карыз чегерилгенден кийин2/3 өлчөмү кыз бир туугандарыныкы 1(3 өлчөмү да энеге таандык.
Өлгөн кишилердин кыз бир туугандары эки болсо Мурастын 2/3 бөлүгүнө ээ.
10000/2/3=6666 ТЛ. Эки кыз бир тууган жалпысы ал да эки бөлүккө бөлүнсө ар бир кыз бир тууган 3333 тл. укук ээси.
Энеге да 1/3 Өлчөм калат.
10000/1/3= 3333 энеге тийген өлчөм.
d)- Эгер бир туугандар ургаачылуу эркектүү экиден көп болсо дагы мурастын 2/3 өлчөмүндө эркекке ургаачынын эки үлүшү катары бөлүштүрүлөт. Калган 1/3 үлүш энеге таандык болот. Дагы булар осуят жана карыз чегерилгенден кийин.
Суроо:2- кыз үч эркек жана бир эне бар болсо канча мурас алышат?
10000/2/3= 6666 Бир туугандарга тийген үлүш эркектүү ургаачылуу болгондо үлүштөрүнө тийген өлчөм сегизге бөлүнөт. Анткени ар бир эркек бир тууган ургаачынын бул жерде эки үлүшүнчө алат.
Бир кызга тийген үлүш 833 ТЛ.
Ар бир эркекке тийген үлүш эки ургаачынын үлүшү болгондо 1666 ТЛ.
Энеге тийген үлүш артта калганы. 10000- 6666=3334 ТЛ.
Жыйынтык:
1- Өлгөндөрдөн артта калгандардан мураска укуктуулар, Балдар, жубайлар,эне, ата, жана бир туугандар.
2- Балдар жана жубайлардан эгер бирөө бар болсо калган мурас балдар жана жубайлар арасында гана бөлүштүрүлөт,
3- өлгөн жубайлардан эгер атасы жана баласы жок болсо энелери гана бар болсо анда бир туугандарга да мурас тиет.
4- Ата жана эне бар болсо жубай жана балдары да жок болсо мураска ата жана эне гана укуктуу.
5- Күйөө өлсө жана баласы да жок болсо аял жубай же жубайлар мурастын ¼ бөлүгүнө укуктуу. Эгер балдары бар болсо мурастын 1/8 бөлүгүнө укуктуу. Калган өлчөм Бала жок болсо эне жана атага бар болсо башка балдар мураска ургаачылар бир эркектер эки үлүш катары бөлүшүшөт.
6- саналгандардын ичинен мураска укуктуу бир гана эне болсо мурастын баарына эне ээ болот. Эгер бир гана кыз же эркек бир тууган бар болсо мурастын баарына бир гана эркек же кыз бир тууган ээ болот.
7- Ата жубай жана балдар жок болгон убакытка бир туугандарга гана үлүш тиет.
8- Жубай ата жана балдар жок болгондо бир туугандардан эркектерге ургаачынын эки үлүшүнчө тиет.
9- эгер жубайлардан бири тирүү болсо балдары жана атасы да жок болсо кыз бир туугандар жана эркек бир туугандар 1/6 өлчөмүндө үлүшкө ээ болушат.
10- Мурас бөлүнүп жатканда сөзсүз осуят жана карыздар чегерилгенден кийин болушу керек.