Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Ибрахим пайгамбардын уулдары кимдер?

Куранда карама-каршылык болушу керек деген алдын ала ой менен жолго чыккандар көбүнчө бул туруктуу ойлорунан улам түшүнүү жөндөмүнөн ажырап калышат. Худ сүрөсүнүн 71-аяты менен Ибрахим сүрөсүнүн 39-аяттарынын ортосунда карама-каршылык бар деген ой да алардын бири жана орточо акылга жана абийирге ээ ар бир адам абдан оңой түшүнө турган маселе. Дооматка ылайык Ибрахим пайгамбар Худ сүрөсүндө уулдары Исхак жана Якуб менен сүйүнчүлөнсө, Ибрахим сүрөсүндө болсо Исмаил жана Исхак менен сүйүнчүлөнгөн. Атеисттик доомат: эки аятта аттары аталган жана Ибрахим пайгамбардын балдарынын аттары, Кудай сактасын, чаташтырылып, Куранга ушундайча жазылган. Бул доомат канчалык логикалуу жана чын эле мындай карама-каршылык барбы экен?

Адегенде аяттарды жазалы жана аталган эки аяттын ортосунда ырасталгандай карама-каршылык барбы, карап көрөлү:

Аялы турган эле, ушуга байланыштуу күлдү. Биз ага Исхакты, Исхактын артынан да Якубду сүйүнчүлөдүк. (Худ сүрөсү 71) Бул аятта Ибрахим пайгамбар эки перзент менен сүйүнчүлөнүүдө.

Эми Ибрахим сүрөсүндөгү аятты карап көрөлү; “Мактоо Аллахка таандык, Ал мага карыганыма карабастан Исмаилди жана Исхакты белек кылды. Шексиз Раббим чындап эле дубаны угуучу.” (Ибрахим сүрөсү 39) бул аятта болсо Ибрахим пайгамбар Аллах ага ыроолгон уулдарынан улам Аллахка шүгүр кылып, Ага болгон сүйүүсүн жана урматын билдирүүдө.

Биринчи аятта Аллах тарабынан Ибрахим пайгамбарга берилген сүйүнчүлүү кабар болсо, башка аятта болсо сүйүнчүлүү кабар эмес, Аллах ага берген уулдарынан улам шүгүр бар. Эки башка аятта ар кандай айкалыштар менен үч перзентинин аталышы карама-каршылык эмес, тескерисинче Курандын балагаты (тил өзгөчөлүгү-артыкчылыгы) Курандан карама-каршылык издегендер бул аракеттеринен улам дүйнөдө бекер убара болушат, акыретте болсо абдан чоң зыянга учурашат.