Христиандардын жана жөөттөрдүн акыреттеги абалы кандай болот? Алар да бейишке бара алышабы?
Христиандар жана жөөттөр тууралуу аяттардагы сөздөрдүн ортосунда карама-каршылык бар деп доомат кылынат. Айрым аяттарда жөөттөр менен христиандардын айрымдары макталса, айрым аяттарда болсо сынга алынат. Бул аяттардагы сөздөр тексттин жалпы агымынан ажыратылып түшүндүрүлгөндө туура эмес жыйынтыктарга келишет. Чынында аяттар тема бүтүндүгү үчүн да бааланса, эч кандай карама-каршылык жок экени көрүнөт. Баарынан мурда билүү керек болгон чындык — Аллахтын алдында дин Ислам экени.
Ислам сөзү өзгөчө ат болуу менен катар сын атооч. Аллахка баш ийүү дегенди билдирет. Төмөнкү аятта ушул чындык билдирилет. Аллахтан башкага баш ийилген, көп кудайлуу диндер бул аятта ачык четке кагылат.
Ким Исламдан башка дин издесе, андан эч качан кабыл алынбайт. Ал акыретте да зыянга учурагандардан. (Али Имран сүрөсү – 5)
Аллах мурун да көптөгөн элчилерди жана китептерди жиберген. Буларда да адамдар Аллахка баш ийүүгө чакырылган. Ислам дини жана бул сын атооч пайгамбарыбызга гана таандык дин жана сын атооч эмес. Бардык пайгамбарлар жана аларга ээрчигендер да мусулман.
Жакшылык кылып өзүн Аллахка баш ийдирген (Ислам болгон) жана ханиф (таухиддик) болгон Ибрахимдин динине ээрчиген адамдан ким дини сонунураак? Аллах Ибрахимди дос туткан. (4 Ниса сүрөсү – 125)
Бул жагынан тарых бою адамдар ар башка аталыштагы диндерге ыйман келтиришкени менен, өзүн Аллахка баш ийдирген (Ислам болгон) көптөгөн адамдар болгон. Бул жагынан Аллах алардын кылган жакшылыгынын кайтарымын сөзсүз берет:
Шексиз, ыйман келтиргендер(менен) жөөттөр, христиандар жана сабийлер (ден ким) Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирип, салих амалдар кылса, анда алардын Аллахтын алдында сыйлыктары бар. Аларга коркуу жок жана алар капа болушпайт. (2 Бакара сүрөсү – 62)
Чындык мындай, ыйман келтиргендер менен жөөттөр, сабийлер жана христиандардан Аллахка, акырет күнүнө ишенген жана салих амалдар кылгандар; алар үчүн коркуу жок, алар капа да болушпайт. (5 Маида сүрөсү – 69)
Бирок булардын ичинен Аллахка баш ийбеген, Анын жанында башка кудайларды кабыл алгандар болсо ачык эле четке кагууга түшкөн. Булар да өз кылгандарынын кайтарымын эсеп күнү көрүшөт. Бул чындык да аятта мындайча баса белгиленет:
Ант болсун, “Шексиз Аллах, Мариям уулу Масих” дегендер куфрга түшкөн. Чынында Масихтин айтканы (мындай:) “Эй Израил уулдары, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка ибадат кылгыла. Анткени Ал, Ага шерик кошкон адамга шексиз бейишти харам кылган, анын баш калкалоочу жери от. Залимдерге жардамчы жок.” (5 Маида сүрөсү – 72)
Жөөттөр: “Узайыр Аллахтын уулу” дешти; христиандар да: “Масих Аллахтын уулу” дешти. Бул алардын ооздору менен айтканы; алар мындан мурунку четке кагуучулардын сөздөрүн тууроодо. Аллах аларды кырсын; кантип да бурулуп жатышат? (9 Тообо сүрөсү – 30)
Жыйынтыгында эки топ аяттын ортосунда карама-каршылык жок. Туура эмес түшүнүктөр аркылуу түшүндүрмөлөр жасалгандыктан жеткен жыйынтыктар да туура эмес болгон. Аллахка баш ийүү, тарых бою көптөгөн ар башка диндеги адамдар тарабынан кабыл алынган. Мисалы Иса пайгамбарга ээрчиген хавариялар, Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиришкен. Аллах алардын кылган салих амалдарынын кайтарымын берет. Бирок мындан тышкары Иса пайгамбарды кудайдын ордуна койгон жана ага сыйынгандар да болгон. Булардын кайтарымын да Аллах берет. Аяттарда да ушул чындыктар баяндалат. Көрүнүп тургандай Куранда бул тема өтө ачык жана карама-каршылыксыз түрдө орун алган.