Баары жуптар түрүндө жаратылганбы?

Атеисттердин доомату:
Аз-Зарият сүрөсүнүн 49-аяты илимий жактан ката. Бул аятта ар бир ТИРҮҮнүн жуптар түрүндө жаратылганы айтылат жана бүгүн биз ар бир тирүүнүн жуптардан турбасын билебиз.
Бул аят боюнча бактерия сыяктуу жыныссыз көбөйүүчү (башкача айтканда жуптардан турбаган) тирүүлөр эмне болот? Бул аят илимге карама-каршы келбейби?
Жооп………….
Аллахтын сөзү Куранда илимге каршы эч качан аят табылбайт. Анткени илимге тема болгон ааламды да, Куранды да жараткан Аллах жана жараткан нерселеринин ортосунда карама-каршылык болбой турганы абдан ачык чындык.
Кээ бирлери бул аятты атайылап бурмалашат, кээ бирлери болсо чындап эле кылдат карабагандыктан бул аятта ката бар деп ойлошот. Аяттагы деталдарга көңүл буруу абдан маанилүү.
Аяттын толук түшүндүрмөсү төмөнкүдөй.
Аз-Зарият (51) сүрөсүнүн 49-аяты:
Түркчө транскрипциясы…..

Vemin kulli şey-in ḣalaknâ zevceyni le’allekum teżekkerûn(e)
- ve: жана
- min kulli şey’in: ар нерседен
- halaknâ: биз жараттык
- zevceynî: экилик, жуп
- lealle-kum: ошентип балким силер
- tezekkerûne: tezekkür кыласыңар, насаат алып ойлоносуңар
Котормосу
Насаат алышыңар үчүн да ар нерсени жуптар түрүндө жараттык.
Бул аятта тирүү деген сөз такыр кездешпейт (котормолордо да, арабчасында да). Тирүүнү арабчада билдирген сөз ”hayyin” болот. Бул сөз мисалы, Аль-Анбия сүрөсүнүн 30-аятында кездешет. Чынында түркчөдөгү ”hayat” сөзү араб тектүү сөз жана ошол эле уңгудан келет.
Бирок Аз-Зарият сүрөсүнүн 49-аятында ”ар нерсе” (min kulli şey’in) деп кездешет. Аллах ”ар нерсени жуптар түрүндө жараттык” дейт. Эгер аятта тирүү көздөлсө, бул дал башка аяттарда кездешкендей ачык жазылмак. Демек, Аллах бул жерде башка нерсени көздөп жатат. Аллах бул аятта жалпы эле ар нерсени көздөйт. Ар нерсе заттан тургандыктан, бул аят зат жөнүндө айтат.
Дагы бир аятта зат көздөлгөнү оңой эле түшүнүлөт. Ясин сүрөсүнүн 36-аятында Аллах мындай дейт:
”Жер өстүргөндөрдөн, өз түрлөрүнөн жана дагы билбеген көптөгөн нерселерден ар түрдүү жуптарды жараткан Аллах таза.”
Бул аят 1400 жыл мурда келечекте биле турган жуптарыбыз жөнүндө айтып жаткан. Бүгүн илимдин өнүгүшү менен заттын жуптардан турганы белгилүү. Жуптардан турбаган тирүүлөр да заттан тургандыктан, бул аятта ката жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.
Кошумча маалымат;
НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫН АЛЫП КЕЛГЕН АЧЫЛЫШ: ЗАТ-АНТИЗАТ/ ЖУПТАР / ТҮГӨЙЛӨР ТҮРҮНДӨ ЖАРАТУУ
1928-жылы физик Пол Дирак салыштырмалуулук теориясын кванттык физика менен шайкеш кылуу үчүн өзгөртүү киргизип, электрондордун жүрүм-турумун түшүндүргөн атактуу Дирак теңдемесин түзгөн эле.
Теңдеме кененирээк чечмелене баштагандан кийин ар бир электрондун массасы бирдей, бирок заряды карама-каршы эгизи бар экени түшүнүлдү. Бул антибөлүкчөгө позитрон деген ат берилди. Акыркы кылымдын эң маанилүү ачылыштарынын бирин жараткан Дирак теңдемеси менен бирге антизат чындыгы да жаралды. Позитрон деп аталган антиэлектрон биринчи жолу дагы ошол эле жылы 1932′де космостук нурларда байкалган. Буга ылайык жаратылыштагы ар бир негизги бөлүкчөгө коштолгон антибөлүкчө бар. Бул ачылыштары менен Эрвин Шрёдингер жана Пол Адриен Морис Дирак 1933-жылы Нобель физика сыйлыгын бөлүшкөн. Бул ачылышка ылайык;
Ар бир негизги бөлүкчө үчүн, аны менен массасы жана спини бирдей, бирок заряды карама-каршы бөлүкчө бар.
Эксперименттер менен байкалган 3 антибөлүкчө бар. Булар позитрон, антипротон жана антинейтрон.
Протонго каршы антипротон, нейтронго каршы антинейтрон нейтриного каршы антинейтрино ж.б. бар. Буга ылайык ар бир бөлүкчөнүн карама-каршы эгизи бар. Жана электрон, протон жана нейтрондор затты түзгөнү сыяктуу эле, антибөлүкчөлөр да антизатты пайда кылат.
Жогорудагы маалыматтардын жарыгында ойлонулганда, аятта баса белгиленген жуптар түрүндө жаратууга 1400 жыл мурда ишарат кылынышынын кереметтүүлүгү ачык түрдө өзүн көрсөтөт.