Аалам 6 Күндөбү, 8 Күндөбү Жаратылган?

Атеист достор Курандагы 6 күндө жаратылуу темасын карама-каршылыктуу деп көрүшөт. Бир аятта ”жерди, асманды жана экөөнүн ортосундагыларды 6 күндө жараттым” дейт. Башка аятта ”жерди эки күндө” жаратканын билдирет. Дагы бир аятта ”асманды эки күндө” жаратканын билдирет. Дагы бир аятта да ”жерде бекем тоолорду жана ырыскыларды төрт күндө” жаратканын билдирет.
Бул аяттарга карап, 2 күн жер, 2 күн асман, 4 күн жердеги тоолор жана ырыскылар жаратылган дешет. Мунун жалпы суммасы да 6 эмес, 8 дешет. Муну карама-каршылык катары көрсөтүшөт. Бирок бул бир аз ойлонгон ар бир адам оңой түшүнө турган тема. Мисал менен түшүндүрөлү;
Мисалы, кечки тамак даярдап жатасыз. Менюда шорпо, палоо, эт, таттуу, салат бар. Мунун баарын бир саатта жасадым дейсиз.
Шорпону жарым саатта жасадым, этти жарым саатта жасадым. Палоону, салатты жана таттууну да 15 мүнөттөн жасадым дейсиз.
Караганда, 1 саат 45 мүнөттө жасагандай көрүнөсүз. Мындан эмнени түшүнөбүз? Демек, бул тамактардын айрымдарын бир убакта жасагансыз. Жана баары жалпысынан 1 саатка созулган.
Тиешелүү аяттар:
Аллах; асмандарды, жерди жана экөөнүн ортосундагыларды алты күндө жаратты, андан кийин Аршка истива кылды… (Сажда Сүрөсү, 4)
Айткын: “Чын эле силер жерди эки күндө жаратканды четке кагып, Ага кандайдыр бир теңдештерди кылып жатасыңарбы?… “ (Фуссилат Сүрөсү, 9)
Ошентип аларды эки күн ичинде жети асман кылып бүтүрдү жана ар бир асманга буйругун вахий кылды… (Фуссилат Сүрөсү, 12)
Ал жерде (жерде) анын үстүндө бекем тоолорду пайда кылды, анда берекелерди жаратты жана каалап-издегендер үчүн бирдей болуу шартында ал жердеги ырыскыларды төрт күндө белгиледи. (Фуссилат Сүрөсү, 10)
Алты Күндө Жаратылуунун Илимий Түшүндүрмөсү
Аятта айтылган 6 күн деген сөз, биз түшүнгөн маанидеги 1 жуманын бир кеми, 24 сааттык бөлүктөн турган 6 күн эмес. Этап маанисинде. Аллах убакыт менен мейкиндиктен тышкары. Аллахтын алдында бардыгы бир эле ирмемде болуп бүткөн. Убакытка жана мейкиндикке баш ийген биз…
Убакыттын салыштырмалуулугу эске алынганда, “күн” азыркы шарттары менен, Жер үстүндө кабылданган 24 сааттык убакыт бөлүгүн гана билдирбейт. Бирок ааламдын башка жеринде, башка убакта жана шартта, “күн” алда канча узак убакыт бөлүгү.
Чындыгында бул аяттарда (Сажда Сүрөсү, 4; Юнус Сүрөсү, 3; Худ Сүрөсү, 7; Фуркан Сүрөсү, 59; Хадид Сүрөсү, 4; Каф Сүрөсү, 38; Аъраф Сүрөсү, 54) айтылган 6 күн (sitteti eyyamin) деген сөздөгү “eyyamin” сөзү, “күндөр” деген мааниси менен катар “доор, мезгил, ирмем, мөөнөт” деген маанилерди да берет.
Биг Бенг учурундагы энергия, ааламдык сааттын убакыт агымынын ылдамдыгын миллион жолу миллион (10¹²) эсе жайлаткан. Аалам жаратылганда, ааламдык убакыттын агым коэффициенти -бүгүн кабылданган түрү менен- миллион жолу миллион эсе чоңураак болгон, б.а. убакыт тезирээк аккан. Ошондуктан Жерде миллион жолу миллион мүнөттү жашаган учурубузда, ааламдык саат үчүн бир гана мүнөт өтөт.
6 Күндүк убакыт бөлүгү, убакыттын салыштырмалуулугу эске алынып эсептелгенде, 6 миллион жолу миллион (триллион) күнгө туура келет. Анткени ааламдык саат, Жердеги сааттын агым ылдамдыгынан миллион жолу миллион эсе тезирээк агат. 6 триллион күнгө туура келген жылдардын саны, болжол менен 16,427 миллиард. Бул сан азыркы учурда ааламдын болжолдонгон жаш чегинде.
6.000.000.000.000 күн / 365,25 = 16.427.104.723 жыл
Жаратылуунун 6 күнүнүн ар бири -биздин убакыт кабылдообуз боюнча- бири-биринен башка убакыттарга туура келет. Мунун себеби убакыттын агым коэффициентинин ааламдын кеңейүүсүнө тескери пропорционалдуу азайышы.
Биг Бенгден бери ааламдын чоңдугу эки эсе көбөйгөн сайын, убакыттын агым коэффициенти эки эсе төмөндөгөн. Аалам чоңойгон сайын, ааламдын эки эселенүү ылдамдыгы да барган сайын жайлаган.
Бул кеңейүү катышы, Физикалык Космологиянын Негиздери аттуу окуу китептеринде баяндалган, дүйнөнүн бардык жеринде кеңири белгилүү болгон илимий чындык.
Жаратылуунун ар бир күнүн Жер убактысы менен эсептегенибизде алдыбызда төмөнкү абал чыгат:
- Убакыт башталган учурдан тартып караганда, жаратылуунун
- күнү (1. мезгил) 24 саатка созулган. Бирок бул мөөнөт, биз убакытты Жерде кабылдаган түрү боюнча 8 миллиард жылга барабар.
- Жаратылуунун 2. күнү (2. мезгил) 24 саатка созулган. Бирок бул, биздин кабылдообуз боюнча мурунку күндүн жарымындай созулган. Башкача айтканда 4 миллиард жыл.
- 3. күн (3. мезгил) болсо кайрадан мурунку күн болгон 2. күндүн жарымындай созулган. Башкача айтканда 2 миллиард жыл.
- 4. күн (4. мезгил) 1 миллиард жыл,
- 5. күн (5. мезгил) 500 миллион жыл,
- жана 6. күн (6. мезгил) 250 миллион жыл созулган.
- Жыйынтык: Жаратылуунун 6 күнү, б.а. 6 мезгили, Жер убактысы түрүндө кошулганда, 15 миллиард 750 миллион жыл болот. Бул сан азыркы болжолдор менен чоң дал келүүдө.