Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Элчи менен жолугушуудан мурун садака берүү эмнени билдирет?

Аллахтын сөзү Куранда карама-каршылык издеген адамдардын чын ыкласы жок жасаган сындарынын бири да Аль-Мужадала сүрөсүнүн 12-аятында Аллахтын Элчиси менен жолугушуудан мурун адамдардын садака бериши жөнүндөгү маселе. Элчи жолугушууну сурагандардан садака сурагандай кылып маани берген аяттын чыныгы мааниси түшүнүлгөндө бул абсурд жалаа да ашкереленген болот го. Доомат кылынган тиешелүү аяттар мындай;

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا نَٰجَيْتُمُ ٱلرَّسُولَ فَقَدِّمُوا۟ بَيْنَ يَدَىْ نَجْوَىٰكُمْ صَدَقَةً ذَٰلِكَ خَيْرٌ لَّكُمْ وَأَطْهَرُ فَإِن لَّمْ تَجِدُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Эй, ыйман келтиргендер! Элчи менен жашыруун сүйлөшө турган болсоңор, бул жашыруун сүйлөшүүңөрдөн мурун садака бергиле! Бул, силер үчүн жакшыраак жана тазараак. Эгер бул мүмкүнчүлүктү таппасаңар, билгиле, Аллах Гафур, Рахим.
(Аль-Мужадала сүрөсү,12)

ءَأَشْفَقْتُمْ أَن تُقَدِّمُوا۟ بَيْنَ يَدَىْ نَجْوَىٰكُمْ صَدَقَٰتٍ فَإِذْ لَمْ تَفْعَلُوا۟ وَتَابَ ٱللَّهُ عَلَيْكُمْ فَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَٱللَّهُ خَبِيرٌۢ بِمَا تَعْمَلُونَ

Жашыруун сүйлөшүүңөрдөн мурун, садакалар берүүдөн чочуладыңарбы? Анткени жасаган жоксуңар. Аллах силерге тообо насип кылды. Эми намазды окугула, зекетти бергиле, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Аллах, кылып жаткандарыңардан кабардар. (Аль-Мужадала сүрөсү,13)

Биринчиден, “Sadaka” сөзү эмнени билдирерин билүү керек. Sadaka эмнени билдирчү эле, бир эстеп көрөлү;

(صدق) Sa-De-Qa Бул уңгу сөз эң сонун сөздөрдүн бири. KEZEBE=Калп айтуу, жалганга чыгаруу сөзүнүн карама-каршысы болгон бул сөз чын айтуу, туура болуу, ырастоо дегенди билдирет. Бул сөздүн көп туундусу бар: SADIK = туура киши
SADİK = Чын ыкластуу дос (бир кишиге туура мамиле кылган киши)
TASDİK = Тастыктоо, ырастоо
SIDK = тууралык
SADAKA = тууралыгын, чын ыкластуулугун, достугун, далилдөө үчүн берилген мал-мүлк
MUSADDIK = Ырастоочу

إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلْفُقَرَآءِ وَٱلْمَسَٰكِينِ وَٱلْعَٰمِلِينَ عَلَيْهَا وَٱلْمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمْ وَفِى ٱلرِّقَابِ وَٱلْغَٰرِمِينَ وَفِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبْنِ ٱلسَّبِيلِ فَرِيضَةً مِّنَ ٱللَّهِ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Садакалар, -Аллахтан бир парз катары- жалаң гана кедейлер, алсыздар, (зекет) ишинде кызмат кылгандар, жүрөктөрү жылытыла тургандар, кулдар, карыздарлар, Аллах жолунда (болгондор) жана жолдо калган(дар) үчүн. Аллах билүүчү, өкүм жана даанышмандык ээси.(Ат-Тооба сүрөсү,60)

Демек, Ат-Тооба сүрөсүнүн 60.аятында буюрулгандай, биз тууралыгыбызды, чын ыкласыбызды;

– кедейлерге,
– бечараларга,
– жардыларга,
– жумушсуздарга,
– ошол иште иштеген кызматкерлерге,
– жүрөктөрү сүйүү менен толтурула тургандарга.
– эркиндикке чыгарыла турган моюнтурук астындагыларга,
– оор карыз астындагыларга,
– Аллах жолундагыларга,
– жолдо калгандарга далилдөөгө тийишбиз.

Мына ошондуктан көрсөтүлгөн адамдарга SADAKA беришибиз керек. Мындан тышкары дагы бир маанилүү жагдай бар, ал; бизде бар нээматтардын эң жакшысын садака катары беришибиз керек.

Кыскача жыйынтыктай турган болсок, Аль-Мужадала сүрөсүнүн 12-аятында пайгамбар менен жолугушуу өткөрүүдөн мурун ЧЫН ЫКЛАСТУУ ЭКЕНИҢЕРДИ ДАЛИЛДЕГИЛЕ деп буюрулууда. Ага акча бергиле деп айтылган жок. Чындыгында Ясин сүрөсүнүн 21-аяты боюнча да, Курандагы көп аяттар боюнча да Элчилердин/Элчилердин акы алып дааватташы тыюу салынган. Албетте Элчилер гана эмес, эч бир ыймандуу акы үчүн динди дааватташ кыла албайт. Куран боюнча бул абал арам. Демек, бул кыска баяндоодон да түшүнүлгөндөй, алга сүрүлгөн дооматтар толугу менен жалаа жана чын ыкластан куру.