Тозок ээлеринин китептери кайсы тарабынан берилет?
Тозок ээлеринин эсеп күнүндө китептеринин берилиши тууралуу аяттарда карама-каршылык бар деп доомат кылынат. Дооматтар дайымкыдай алдын ала калыптанган көз караштан жана билимсиздиктен келип чыгат.
Куранга байланыштуу тема же суроо дагы Курандын ичинде жооп табышы, чечилиши керек. Анткени Куран бүтүн жана өзүн өзү тафсир кылуу өзгөчөлүгүнө ээ кемчиликсиз Китеп.
Карама-каршылык бар деп доомат кылынган, тозок ээлеринин эсеп күнүндө китептеринин берилиши тууралуу аяттарды изилдейли;
Кимге да китеби артынан берилсе, (Иншикак сүрөсү, 10)
Китеби сол колуна берилген болсо; ал да, айтат: “Мага кана эми китебим берилбесе. (Хаакка сүрөсү, 25)
Иншикак сүрөсүнүн 10-аятында китеби артынан берилгендер тууралуу сөз болот. Бул жерде тозок ээлеринин китеби арт жагынан сунулганы түшүнүлөт.
Хаакка сүрөсүнүн 25-аятында болсо китеп тозок ээлеринин сол колдоруна берилери айтылган. Бул эки аяттын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Биринде китеп сунулган багыт болгон ‘’арт жагынан’’ деген сөз менен белгиленет, экинчисинде болсо китептин тозок ээлеринин сол колдоруна берилиши тууралуу сөз болот. Башкача айтканда тозок ээлеринин китеби арт жагынан сунулуп сол колдоруна берилет. Карама-каршылык турмак, эки аятта айтылган сөздөр бири-бирин толуктайт. Анткени Куранда эч бир аятта тозок ээлери үчүн китеп оң тараптан берилери жазылган эмес.
Дептерлери оң тараптан берилгендер, Куранда “ashâbu’l-yemîn”; арт жагынан сунулуп сол тараптан берилгендер “ashâbu’ş-şimal” деп аталат (Хаакка сүрөсү.19,25; Иншикак сүрөсү, /7,10). Дептердин оң тараптан берилиши сүйүнчүлүү кабар, сол тараптан же арт жагынан берилиши болсо коркуу жана азап белгиси.
Мындан тышкары Куранда жеке адамдардын гана эмес, элдердин жана коомдордун да “китеп” деп аталган амал дептерлери бар экени жана эсеп күнүндө ар бир эл өз китебин окууга чакырылары да белгиленет. (Жасия сүрөсү, /28-29).
Куран ырааттуулугу текшерилиши мүмкүн болгон түрдө дизайн кылынган китеп. Аллах абдан аз сөз колдонуп жасаган сүйлөм айкалыштары менен Куранга тиешелүү суроолоруңарга дагы Курандан жооп таба ала тургандай кемчиликсиз китеп түзгөн. Жана Куранда эч качан карама-каршылык жок.