Аллах эмне үчүн аял пайгамбар жибербеген?
Атеисттер көп берген суроолордун бири — исламда эмне үчүн аял пайгамбар жок экени. Аял пайгамбар жок болгондуктан, исламдын эркекке жана аялга бирдей көз карашы жок деп доомат кылышат.
Пайгамбарлар Хак динди жеткирүү үчүн келишет. Алардан мурун келген пайгамбарлар жеткирген, бирок мушриктер тарабынан өзөгүнөн алыстатылган динди өзөгүнө кайтарууга милдеттүү. Пайгамбарлардын динди жеткирүү учурундагы эң агрессивдүү каршылаштары — мушриктер. Мушриктер жашаган дин вахийге негизделген Хак дин эмес. Алардын божомолго курулган салттуу дин түшүнүгү бар. Аллах ”адамдардын ичинен ыймандууларга эң катуу душман катары жөөттөрдү жана мушриктерди табасың.” (Маида сүрөсү, 82) дейт.
Башка бир аятта ”Аллах, (мушриктердин чабуулун жана жашыруун тузактарын) ыйман келтиргендерден алыстатат. Чындыгында Аллах, чыккынчы жана шүгүрсүз адамды сүйбөйт.” (Хаж сүрөсү, 38) деп, мушриктер шүгүрсүз жана чыккынчы экенин, жашыруун тузактар менен кол салышарын билдирет. Мушриктердин дагы бир өзгөчөлүгү — кордошу, кыйноочу оор сөздөр менен ыймандууларды кысымга алышы. ”… Ширк кылып жаткандардан сөзсүз көп кыйноочу (сөздөрдү) угасыңар…” (Али Имран сүрөсү, 186)
Демек пайгамбарлык оңой милдет эмес. Исламды, жеткен ар бир адамга жеткирүү үчүн аракет кылып жатканда кордоо, кысым, коркутуу сыяктуу психологиялык согуш ыкмаларына дуушар болушат. ”Ошол четке кагуучулар, зикирди (Куранды) укканда, сени дээрлик көздөрү менен кулата жаздашты. “Ал, чынында, жинди” дешет.” (Калем сүрөсү, 51) Ар бир доордо жиберилген пайгамбарларга ”Дешти: “Сен болгону сыйкырлангандарданcың.” (Шуара сүрөсү, 153)
Пайгамбарлар психологиялык гана эмес, физикалык жактан да согушууга мажбур болушу мүмкүн. Бир аятта ” … Пайгамбарларды негизсиз өлтүргөндөр жана адамдардан адилеттикти буйругандарды өлтүргөндөр…” (Али Имран сүрөсү, 3-21) бар экени кабарланат. Пайгамбардын жаны, мал-мүлкү ар дайым коркунучта. Мисалы Анкабут сүрөсү 24-аятта Ибрахим пайгамбардын эли анын өлтүрүлүшүнө же отко ташталышына өкүм кылган. ” Элинин Ибрахимге жообу болгону мындай деп айтуу болду: “Муну өлтүргүлө, же өрттөгүлө!” Бирок Аллах аны оттон куткарды.” (Анкабут сүрөсү, 24)
Пайгамбарлардын башынан өткөн кыйынчылыктарды баяндаган бир нече гана аятты коштум. Жүздөгөн аяттарда пайгамбарларга жабылган абийирсиздик жалаалары, жиндилик жана сыйкырлангандык айыптоолору, кордоо жана чабуулдар баяндалат. Демек Аллахтын аялдарга пайгамбарлык милдетин -бербегени эмес- жүктөбөгөнү, Аллахтын аялдарга болгон ырайымынын жана коргоосунун далили. Куранда аял дайыма корголгон. ”Эркектерге тапкандарынан үлүш (болгондой эле), аялдарга да тапкандарынан үлүш бар. ” (Ниса сүрөсү, 32) ” Чынында эркектер үйдүн тиричилигине жооптуу.” (Ниса сүрөсү, 34) Аяттардан да түшүнүлгөндөй, аял да иштеп акча таба алат… Бирок үйдүн тиричилик жоопкерчилиги эркекке берилет. Аял психологиялык жана дене кысымына дуушар боло турган ар кандай чөйрөдө корголот/камкордукка алынат. Эгерде Аллах мынчалык оор жоопкерчиликти аялдарга да берген болсо, атеист достор анда да ”эркектер турганда аялга кантип мындай милдет жүктөлөт” дешмек. Каршылыктын чеги жок…
History Channel’да көрсөтүлгөн ”Дене тили” даректүү тасмасында, аял жана эркек саясатчылардын адамдарга тийгизген таасири илимий жактан баяндалат. Илимпоздордун жүргүзгөн изилдөөлөрү аялдын үнү эркек мээсинин сезим бөлүгүнө таасир этерин көрсөтөт. Ошондуктан эркектер, аялдар сүйлөгөндө ”алар сезимтал деп ойлошот” делет. Аялдар сөздөрү менен аялдарга гана таасир эте алат экен. Бирок эркектер аялдарга да, эркектерге да таасирдүү болот экен. Адамдарга жеткирүүдө эң таасирдүү боло турган жыныс илимий жактан да эркектер сыяктуу көрүнөт. Бул да Куран баарын билген, кабардар Аллах тарабынан жиберилген Хак Китеп экенинин далилдеринин бири болот.
Биз сенден мурун өздөрүнө вахий кылган эркектерден башка (пайгамбарларды) жибербедик. Эгер билбесеңер, зикир ээлеринен сурагыла. (Нахл сүрөсү, 43)