Америка ден-соолукту изилдөө улуттук борборунун кызматкери Давид Ларсон (David B. Larson) жана анын командасы тарабынан топтолгон изилдөө жыйынтыктары боюнча, америкалыктар арасынан ыймандуу (динге ишенген) жана ыймансыз (динге…
Америка ден-соолукту изилдөө улуттук борборунун кызматкери Давид Ларсон (David B. Larson) жана анын командасы тарабынан топтолгон изилдөө жыйынтыктары боюнча, америкалыктар арасынан ыймандуу (динге ишенген) жана ыймансыз (динге ишенбеген) адамдар арасында жасалган салыштыруулар абдан таң калыштуу жыйынтыктарды берген. Мисалы, ыймандуулардын динге ишенүүсү алсыз же такыр ишенбеген адамдарга салыштырмалуу жүрөк ооруларына 60%га аз кабылаары; өзүн-өзү өлтүрүү көрсөткүчүнүн 100%га төмөн экени; кан басымынын бузулушуна азыраак кабылышаары; тамеки чеккендер арасында бул катыштын 1/7 экендиги сыяктуу жыйынтыктар алынган.
Медицина чөйрөсүндөгү маанилүү илимий булактардын бири Tıpta Uluslararası Psikiyatri (Медицинада улуттук психиатрия) журналы басып чыгарган бир изилдөөдө болсо өздөрүн ыймансыз деп эсептеген адамдардын бир тараптан ооруларга көп чалдыгаары, экинчи тараптан кыска өмүр сүрөөрү айтылууда. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча ыймансыз адамдардын ашказан-ичеги ооруларына чалдыгуу ыктымалынын ыймандуу адамдарга салыштырмалуу эки эсе көп экени, дем алуу ооруларынан өлүү деңгээлинин болсо 66%га көп экени аныкталган.
Секуляр (ыймансыз) психологдор көбүнчө буга окшош жыйынтыктарды «психологиялык таасир» деп түшүндүрүшөт. Б.а. ишеним адамдардын маанайын көтөрөт жана маанай болсо ден-соолукка оң таасир берет дешет. Мындай пикир кандайдыр бир деңгээлде туура болушу мүмкүн, бирок бул тема изилденгенде андан да кызыктуу бир жыйынтык аныкталган. Аллахка болгон ишеним башка кандайдыр бир маанайдын таасиринен бир топ күчтүү. Гарвард медицина факультетинен Др. Герберт Бенсондун (Dr. Herbert Benson) диний ишеним менен ден-соолук арасындагы байланышты изилдеген терең изилдөөлөрү бул темада кызыктуу жыйынтыктарды берген. Бенсон ыймансыз бир адам болгонуна карабастан, Аллахка болгон ишенимдин жана ибадаттардын адамдын ден-соолугуна башка эч бир нерседе көрүлбөгөндөй күчтүү оң таасир берээрин аныктаган. Бенсон «башка эч бир ишенимдин Аллахка болгон ишенимдей аң-сезимге бейпилдик бербеши жөнүндөгү жыйынтыкка» барганын айткан.
Анда эмне үчүн ыйман менен адамдын руху жана денеси арасында мындай өзгөчө бир байланыш бар?... Секуляр бир изилдөөчү болгон Бенсон жеткен жыйынтык – бул, анын сөзү менен айтканда, адамдын денесинин жана аң-сезиминин «Аллахка ыйман келтирүүгө ылайыкталган» болушу.
Медицина дүйнөсү акырындап түшүнүп баштаган бул чындык Куранда «... Билип койгула, жүрөктөр Аллахты зикир кылуу (эстөө) менен гана тынчтанат» (Рад Сүрөсү, 28) аяты менен кабар берилген бир сыр. Аллахка ишенген, Ага дуба кылган, Ага таянган адамдардын башкаларга караганда руханий жактан да, денесинин да ден-соолукта болушунун себеби – бул алардын табиятына ылайык аракет кылышында. Адамдын табиятына терс болгон философия жана системалар адамдарга дайыма азап, кайгы, кыйналуу жана стресс алып келүүдө.
Заманбап медицина жогоруда кыскача айтылган табылгалардын көмөгү менен бул чындыкты түшүнүү жолуна түштү. Патрик Глинн (Patrick Glynn) айткандай, «заманбап медицина дарылоонун бир гана материалдык ыкмалардан башка тараптарынын да бар экенин кабыл алуу жолунда баратат.»
Кечиримдүүлүк жана анын ден-соолукка пайдалары
Куранда кеңеш берилген сонун ахлак өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул «кечиримдүү болуу»:
Куранда кеңеш берилген сонун ахлак өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул «кечиримдүү болуу»:
«Сен кечирим (же жеңилдик) жолун танда, (Исламга) ылайык болгонду буйрук кыл жана караңгы-сабатсыздардан жүзүңдү бур.»
Башка бир аятта Аллах «... кечиришсин жана токтоо болушсун. Аллахтын силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах кечиримдүү, коргоочу.» (Нур Сүрөсү, 22) деп буюрууда.
Куран ахлагынан алыс жашаган адамдар үчүн кечирүү абдан оор. Себеби кандайдыр бир ката кетирилээр замат ачууланышат. Бирок Аллах ыймандууларга кечирүүнүн жакшыраак экенин билдирген:
«Жамандыктын жообу ошону менен тең (окшош) болгон жамандык. Бирок ким кечирсе жана оңдосо (тынчтыкты орнотсо), эми анын сыйлыгы Аллахка тиешелүү...»
«аяты менен кечирүүнүн бийик бир ахлак өзгөчөлүгү экенин билдирүүдө. Ошондуктан ыймандуулар кечиримдүү, мээримдүү, токтоо (толеранттуу) адамдар жана Куранда билдирилгендей алар «ачууларын жеңгендер жана адамдар(дагы акылары)нан кечирим менен кечип коюшкандар.»
Ыймандуулардын кечиримдүүлүк түшүнүгү Куран ахлагын жашабаган адамдардыкынан такыр башкача. Кээ бир адамдар бир адамды кечирдим деп айтса да, бул адамдардын жүрөктөрүндөгү кек жана ачуудан кутулушу көп убакыт алат. Кыймыл-аракеттери көбүнчө бул ачуусун көрсөтүп турат. Ыймандуулардын кечиримдүүлүгү болсо чын жүрөктөн. Ыймандуулар адамдын бул дүйнөдө сыналып жаткан, ката жасап үйрөнүүчү бир жандык экенин билгендиктен, толеранттуу жана боорукер болушат. Мындан тышкары, ыймандуулар толугу менен акыйкат ал тарапта болуп, берки адам толугу менен туура эмес кылганда да, эч ойлонбостон кечире алышат. Кечирүүдө каталарды чоң же кичинекей деп бөлүшпөйт. Бир адам кетирген катасы менен чоң бир жоготууга себеп болушу мүмкүн. Бирок болгон ар бир окуянын Аллахтын башкаруусунда жана бир тагдырга ылайык ишке ашканын билген ыймандуулар мындай бир окуяга кабылганда, тобокелдик кылышат жана адамдык бир ачууга алдырышпайт.
Жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө америкалык илимпоздор кечиргенди билген адамдардын руханий жактан да, денесинин да ден-соолукта болоорун аныкташты. Стенфорд университетинде иштеген илимпоз Фредерик Лускин (Frederic Luskin) жана анын командасы Сан-Франциско шаарында жашаган 259 адамды изилдешкен. Сыналуучу катары катышкан адамдарды 6 жолу 1,5 сааттык маектерге чакырган бул илимпоздор жасаган маектеринде кечиримдүүлүктү үйрөтүүнү максат кылышты.
Экспериментке катышкан адамдар аларга зыян келтирген адамдарды кечирген соң азыраак азап чегип калышканын айтышкан. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр кечирүүнү үйрөнгөн адамдардын бир гана сезимдик эмес, физикалык жактан да өздөрүн жакшы сезип калышканын көрсөткөн. Мисалы, эксперимент жыйынтыгында стресстен келип чыккан жондун оорушу, уйкусуздук жана ашказан оорусу сыяктуу руханий жана физикалык көрсөткүчтөрдүн да бул адамдарда маанилүү санда азайганы аныкталган.
Стенфорд университетинде Жол көрсөтүү жана ден-соолук психологиясы тармагында доктор болгон Фредерик Лускин (Frederic Luskin) Forgive for Good (Жакшылык үчүн кечиргиле) аттуу китебин тааныштырууда кечирүү жөнүндө «ден-соолук жана бактылуулук үчүн далилденген бир рецепт» деген сөздөрүн айткан. Бул китепте кечирүүнүн ачуулануу, азап, депрессия жана стрессти азайтып, үмүт, сабыр жана өзүнө ишенүү сыяктуу позитивдүү маанайга жетүүгө өбөлгө болоору айтылат. Др. Лускиндин ою боюнча, көпкө ачуулануу адамдардын физикалык ден-соолугунда байкалаарлык терс натыйжаларга себеп болот. Др. Лускин бул жөнүндө мындай дейт:
Көпкө уланган ачуулануунун зыяны – бул денедеги термостатты нөлгө түшүрүшү. Эгер дайыма кичинекей ачууга өзүңүздү көндүрүп алсаңыз, эмненин нормалдуу экенин айырмалай албай каласыз. Адамдар көнүмүш адатка айланта турган бир адреналин чабуулуна жол ачышы мүмкүн. Денени азаптайт жана объективдүү, жакшылап ойлонууну татаалдаштырат, бул болсо абалды андан да жаман бир кейипке келтирет.
Мындан тышкары, Др. Лускин дене ачуулануу жана стресс учурунда белгилүү энзимдерди чыгаргандыктан, холестерол жана кан басымынын жогорулаарын, мунун болсо денеде көпкө болбошу керек болгон бир абал экенин айтат.
Healing Currents Magazine журналынын 1996-ж. сентябрь-октябрь санында жарыкка чыккан «Кечирүү» аттуу макалада болсо бир адамга же окуяга карата болгон ачуулануунун адамдарда негативдүү сезимдерге жол ачаары, руханий тең салмактуулугун, ал турган физикалык ден-соолугун бузаары айтылган. Ушул эле макалада адамдардын ачуулануудан улам башынан өткөргөн терс жагдайларды убакыттын өтүшү менен түшүнөөрү жана бузулган мамилелерин оңдоо, көйгөйдү чечүү үчүн кечирүү чечимин алышаары жөнүндө да айтылууда. Башынан өткөргөн жагдайлардан соң баалуу убакыт жана өмүрлөрүн ачуулануу менен өткөргүлөрү келбегени, ошондуктан өздөрүн жана башкаларды кечирүү жолун тандашканы айтылган.
Ошондой эле, 1500 адамды камтыган бир изилдөөдө дин тутунган адамдарда депрессия, стресс жана акыл ооруларынын аз болоору аныкталган. Изилдөөнүн жүргүзгөн Др. Герберт Бенсон (Dr. Herbert Benson) бул абалды диндердин «кечиримдүүлүккө» чыкырышына байланыштырган жана мындай деген:
Диндер адамдарды башка кишилерди кечирүүгө чакырат. Ошондуктан диний ишеними бар адамдар көйгөйлөрүн ичтеринде сакташпайт жана жашоодо жеңил жашашат. Бул болсо депрессия жана стресс сыяктуу ооруларга азыраак чалдыгышын камсыздайт.
Гарвард университетинде жарыкка чыккан «Ачуулануу жүрөгүңүздүн душманы» аттуу макалада орун алган маалыматтар боюнча, ачуулануу жүрөк оорусу жагынан абдан зыян. Медицина тармагында ассистент профессор болгон Ичиро Кавачи (Ichiro Kawachi) жана кесиптештери бул чындыкты ар кандай тест жана өлчөөлөр менен илимий далилдешкен. Жасаган изилдөөлөрү жыйынтыгында жаман кыялдуу карыялардын жоошураак өзү теңдүүлөрдөн үч эсе көп жүрөк оорусу рискине ээ экенин аныкташкан. Кавачинин ою боюнча, «катуу ачуулануу жана буюмдарды сындыруу же бир адамга урушуу учурунда залака келтирүү каалоосу мындай рисктерди жогорулатууда.»114 Себеби ачуулануу учурунда стресс гормондору көбөйүп, жүрөк булчуңдарындагы клеткалардын көбүрөөк кычкылтекке муктаж болушуна жана кандагы тромбоциттердин жабышчаактыгынын жогорулап коюлушуна жол ачышына себеп болууда. Бул болсо жүрөккө терс таасир тийгизүүдө. Мындан тышкары, ачуулануу учурунда жүрөктүн согушу норманын үстүнө чыгат жана тамырларда кан басымынын жогорулашына, ошондуктан жүрөк кризиси рискинин жогорулашына себеп болот.
Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, ачуулануу жана душмандык канда инфекция менен байланыштуу протеиндердин өндүрүлүшүнө да түрткү болушу мүмкүн. Psychosomatic Medicine (Психосоматикалык медицина) аттуу журналда ашыкча ачуулануунун инфекцияга себеп болуучу протеиндердин өндүрүлүшүн жогорулатаары, мунун болсо артериялардын катуулашына, натыйжада тромбофлебитке жана жүрөк кризисине себеп болоору айтылган. Түндүк Каролина аймагындагы Дюк (Duke) университетинен ассистент профессор Эдвард Суарездин (Edward Suarez) ою боюнча interleukin 6 (IL-6) протеини абдан ачуулуу жана маанайы жаман адамдарда кадимки деңгээлинен жогору табылган. Кандагы көп сандагы IL-6 болсо артериялардын капталдарында майдын топтолушуна, бул болсо тромбофлебитке себеп болууда. Жыйынтыктасак, Суарездин ою боюнча жүрөк оорулары тамеки чегүү, жогорку кан басымы, ашыкча салмактуулук жана жогорку холестерол сыяктуу факторлор менен бирге депрессия, ачуулануу жана душмандык сыяктуу психологиялык маанайлар менен да тыгыз байланыштуу.115 The Times'да жарык көргөн «Ачуулануу жүрөк кризиси рискин жогорулатат» аттуу макалада бат ачуулануунун жүрөк кризисине кыска бир жол экени, стресске ачуулануу менен жооп берген адамдардын жүрөк ооруларына үч эсе көп, эрте болчу жүрөк кризисине болсо беш эсе көп чалдыгуу риски астында экендиги айтылууда. Мэриланд Балтимордогу (Maryland, Baltimore) Жон Хопкинс (John Hopkins) университетинин илимпоздорунун эмгектери боюнча, бат ачууланган адамдар үй-бүлөсүндө жүрөк оорулары кездешпесе да, риск астында болушат.
Изилдөөлөрдүн баары ачуулануунун адамдын эң биринчиден ден-соолугуна олуттуу терс таасир берген бир маанай экенин көрсөтүүдө. Кечиримдүүлүк болсо адамга оор сезилсе да, ачуулануунун бардык терс натыйжаларын жок кылган, адамдын физикалык да, руханий да ден-соолукта жашашына көмөкчү болгон сонун бир кыймыл-аракет жана ахлак өзгөчөлүгү. Албетте, кечиримдүүлүк ден-соолукта болууга себепчи болгон мамилелердин бири жана бүт адамдар кылышы керек болгон бир өзгөчөлүк. Бирок кечирүүдө негизги максат – бул, бүт башка нерселердеги сыяктуу, Аллахтын ыраазычылыгына туура келген ахлакта жашоо болушу керек. Пайдалары илим тарабынан учурда аныкталган бул ахлак өзгөчөлүгүнүн Куранда көп аяттар аркылуу билдирилиши – Курандагы терең сырлардын бирөөсү гана.
Дубалардын оорулуулардын айыгышын ылдамдатышы
Ыймансыз адамдар болсо бир ооруга чалдыкканда аларды айыктыра турган бул докторлор, дары же оорукананын жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрү деп ойлошот.
«Раббиңер айтты: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп берейин. Чынында Мага ибадат кылуудан текеберленгендер (бой көтөргөндөр) тозокко моюндары бүгүлгөн абалда киришет.»
Мүмин Сүрөсү, 60
«Чакыруу, үн салуу, каалоо, жардам суроо» маанилерине келген дуба – бул Куранда билдирилгендей, «адамдын чын жүрөктөн Аллахка кайрылышы, Ага муктаж бир жандык экенин билип түшүнүү менен чексиз күч-кудуреттүү, Рахман жана Рахим болгон Аллахтан жардам сурашы». Ооруган кездер адам мындай алсыздыгын даанараак сезген, Аллахка жакындаган учурлардын бири. Мындан тышкары, оорулар – бул Аллахтын каалоосу менен болгон абдан терең сырдуу бир сыноо, дүйнө жашоосунун убактылуу жана кемчиликтүү экенин эстеткен бир эскертүү, сабыр кылган жана тобокел кылгандар үчүн акыретте бир сыйлыктын себеби.
Ыймансыз адамдар болсо бир ооруга чалдыкканда аларды айыктыра турган бул докторлор, дары же оорукананын жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрү деп ойлошот. Ден-соолугу жайында кезинде денелериндеги системаны иштеткендин, ооруганда шыпаа берүүчүнүн, керектүү дары, докторду жараткандын Аллах экенин ойлонушпайт. Көп адамдар доктор жана дарылар жетишсиз болуп калды деген ойго келгенде гана Аллахка кайрылат. Мындай абалдагы бир адам ал оор абалдан аны бир гана Аллах куткара алаарын түшүнүп, бир гана Аллахтан жардам сурайт. Аллах мындай мүнөздү бир аятта мындайча билдирет:
«Адамга бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч (жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Өлчөөнү бузгандарга кылган иштери мына ушундай кооздолгон.»
Чынында болсо адамдын ден-соолугу чың кезде да же бир кыйынчылык, азап ичинде болбогон кезде да дуба кылышы, Аллах ага берген бейпилдик, ден-соолук жана башка бардык немат-жакшылыктары үчүн шүгүр кылышы керек.
Дуба жөнүндөгү абдан маанилүү бир жагдай төмөнкүдөй: сөз менен кылган дуба менен бирге адамдын кыймыл-аракети менен да дуба катары аракет кылышы абдан маанилүү. Кыймыл-аракет дубасы – бул адамдын кандайдыр бир каалоосуна жетүү үчүн колунан келген бүт нерсени кылышы. Мисалы, оорулуу бир адам сөз менен кылган дуба менен бирге сөзсүз адис бир докторго кайрылышы, ага пайдалуу боло турган дарыларды колдонушу, керек болсо ооруканада дарыланышы, абдан жакшылап кароого алынышы керек болушу мүмкүн. Себеби Аллах бул дүйнөдө ишке ашкан бардык окуяларды белгилүү себептерге байланыштуу кылып койгон. Дүйнөдөгү жана ааламдагы бүт нерсе Аллах койгон мыйзам жана эрежелер боюнча иштейт. Ошондуктан адамдын да ушул себептерге ылайык керектүү чараларды көрүшү, бирок буларды натыйжалуу кыла тургандын Аллах экенин билип, тобокелчилик, баш ийүүчүлүк жана сабырдуулук менен жыйынтыкты Аллахтан күтүшү зарыл.
Ыймандын жана дубанын оорулууларга болгон оң таасири, дарылоо процессин ылдамдатышы докторлор да көңүлүн бурган, алар да кеңеш берген нерсе. АКШда жарык көрчү атактуу кабар журналы Newsweek 2003-жылдын 10-ноябрь санында «Аллах жана ден-соолук: дин жакшы бир дарыбы? Илим эмне үчүн ишенип баштады?» (God & Health: Is Religion Good Medicine? Why Science is Starting to Believe?) деген темада диндин айыктыруучу таасирин журналдын сырткы бетинин темасы кылган. Аллахка болгон ишенимдин адамдын маанайын көтөрүп, оорудан оңойураак айыктыраары жөнүндө сөз болгон макалада илимдин да ыймандуу адамдардын оорулардан оңой жана бат кутулаарына ишенип баштаганын билдирген. Newsweek'тин сурамжылоосу боюнча, адамдардын 72%ы дуба кылуу менен оорудан батыраак кутулаарына, дубанын айыгууну жеңилдетээрине ишенишүүдө. АКШ жана Англияда жасалган изилдөөлөрдө болсо оорулуулар үчүн дуба кылуунун оорулуулардын кыйналуу белгилерин азайтаары жана айыгуу процессин ылдамдатаары аныкталган.
Мичиган университетинин изилдөөсү боюнча, динге ишенген адамдарда депрессия жана стресс азыраак кездешсе, Чикагодогу Раш (Rush) университетинин изилдөөсү боюнча, дайыма ибадат жана дуба кылгандардын эрте өлүү деңгээлинин дин карманбагандардыкына караганда 25% аз экени аныкталган. Дюк (Duke) университетинин ангина операциясын башынан өткөргөн 750 оорулуу изилденген бир изилдөөсүндө болсо «дубанын айыктыруучу күчү» илимий тараптан далилденген. Дуба кылган жүрөк оорулууларынын операциядан соң бир канча жыл ичинде өлүм деңгээлинин 30% аз экени аныкталган.
Аллах Куранда билдирген дубалардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
«Жана Айубду да эсте. Ал Раббисине:
«Мени зыян каптады. Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуураагысың.» деп дуба кылды. Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат ирээтинде жана (сабырдуу) ибадатчыларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик.»
Энбия Сүрөсү, 83-84
«Зуннунду (Йунусту) да эстегин. Бир кезде ал ачууланып, (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон. Ал караңгылыктарда (калып):
«Өзүңдөн башка илах жок. (Оо, Раббим,) Сен Аруу-Таза Кудайсың. Мен заалымдардан болуп калдым.» деп жалбарды. Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз момун адамдарды мына ушинтип куткарабыз.»
Энбия Сүрөсү, 87-88
«Жана Закарияны эсте:
ал Раббисине: «Оо, Раббим. Мени жалгыз (туяксыз) калтырба, Өзүң мурас алуучулардын эң жакшышысың.» деп дуба кылганда, Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана туубас аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып, (жамандыктардан) коркуп, дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон.»
Энбия Сүрөсү, 89-90
«Ант болсун, Нух Бизге дуба кылды, Биз эң жакшы жооп бердик.»
Мурда да айтылгандай, дуба бир гана оорудан же дүнүйөлүк азап, кыйынчылыктардан кутулуу үчүн кылынбашы керек. Чын ыкластан ыйман келтирген бир адам дайыма Аллахка дуба кылышы зарыл жана Аллахтан келе турган ар кандай жоопко ыраазы болушу керек. Куранда көптөгөн аят аркылуу билдирилген дуба ибадатынын учурда илимий тараптан да пайдаларынын далилдениши Курандын кереметтүү өзгөчөлүгүн дагы бир жолу көрсөтүүдө:
«Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар.»
«Аллах кимди хидаятка (туура жолго) жеткиргиси келсе, анын көкүрөгүн Исламга ачат; кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана машакаттуу кылат. Аллах ыйман келтирбегендердин үстүнө мына ушундай жамандыкты түшүрөт.»
Дин ахлагын жашабаган адамдардын Аллахка таянып, өздөрүн тапшырбашы алардын дайыма кайгы, капа жана стресс ичинде жашашына себеп болот. Ошондуктан психологиялык фактор себеп болгон көптөгөн ооруларга чалдыгышат, денелери абдан бат бузулуп, кыска убакытта картайып чөгүшөт. Руханий азаптардын таасири денелеринин ар бир чекитинде байкалат.
Ыймандуулар болсо психологиялык жактан бейпил болгондуктан, стресске, кайгыга, үмүтсүздүккө кабылышпагандыктан, алардын денелери да чың жана жаш көрүнүштө болот. Аллахка тобокел кылуунун, ишенип таянуунун, бүт нерседе бир жакшылык бар деген көз-карашта болуунун, Аллахтын аларга болгон сонун убада жана сүйүнүчтүү кабарларынын кубанычын дайыма ичтеринде алып жүрүүнүн оң таасири денесине да чагылат. Албетте, бул абал динди толугу менен түшүнгөн жана абийирин толук колдонуп, Куран ахлагын толук жашаган адамдарга тиешелүү. Албетте, алар да ооруларга чалдыгышат жана улгайышат, бирок бул башка адамдардагы сыяктуу психологиялык себептен келип чыккан бир чөгүү эмес.
Учурда ушул замандын оорулары деп аталган «стресс жана депрессия» адамга бир гана психологиялык жактан зыян берип тим болбостон, денесинде да ар кандай таасирлерге себеп болууда. Стресс жана депрессиянын негизинде келип чыккан оорулардын негизгилери – бул кээ бир акыл оорулары, баңгизаттан көз-каранды болуу, уйкусуздук, тери, ашказан, кан басымы оорулары, тумоо, мигрень, сөөктөр менен байланыштуу бир катар оорулар, бөйрөктүн иштешинин бузулушу, дем алуунун бузулушу, аллергиялар, жүрөк кризиси, мээде чоңойуунун пайда болушу сыяктуу көйгөйлөр. Албетте, бардык мындай оорулардын пайда болуу себеби дайыма стресс же депрессия болбошу мүмкүн. Бирок илим тарабынан далилденгендей, булардын пайда болуу тамыры көбүнчө психологиялык себептер.
Адамдарда көп кездешчү «стресс» - бул коркуу, тынчсыздануу, үмүтсүздүк, ашыкча толкундануу, кооптонуу сыяктуу сезимдер денедеги тең салмактуулукту бузуп, денеде пайда кылган жалпы бир тынчсыздануу абалы. Адамдар стресске киргенде, денелери буга реакция берет жана коңгуроо чалып баштайт. Денеде ар түрдүү биохимиялык реакциялар башталат: кандагы адреналин деңгээли көтөрүлөт; энергия коротуу жана дене реакциялары максимум деңгээлге жетет; шекер, холестерол жана май кислоталары жогорулайт, бул болсо дене үчүн коркунуч дегенди билдирет.
Өзгөчө дайыма кайталанып турган стресс дене функцияларын өзгөрткөндүктөн, абдан чоң зыяндарга себеп болушу мүмкүн. Стресс себебинен денедеги адреналин жана кортизол көлөмү ашыкча жогорулайт. Көпкө уланган стрессте кортизол гормонунун көтөрүлүшү кээ бир оорулардын - мисалы шекер оорусу, жүрөк оорулары, кан басымынын жогору болушу, рак, жара, дем алуу оорулары, экзема жана псориаз сыяктуу тери оорулары, иммундук системага байланыштуу кээ бир оорулар- жаш кезден пайда болушуна себеп болууда. Кортизолдун жогору болушунун мээдеги клеткаларды өлтүрүүгө чейин барган таасирлери бар. Стресс себеп болгон оорулар бир китепте мындайча баяндалат:
Стресс жана стресс себеп болгон тынчсыздануу менен оорунун арасында маанилүү бир байланыш бар. Стресс себеп болгон тынчсыздануу тамырлардын кысылышына, баштын белгилүү аймактарына барчу кан агымынын бузулушуна жана ал аймакка барчу кандын бир топко азайышына жол ачат. Ошондой эле, бир кыртыштын кансыз калышы түздөн-түз ооруга себеп болот. Себеби бир тараптан тынчсызданган кыртыштын көбүрөөк кычкылтекке муктаж болушу, экинчи тараптан кыртыштын ансыз деле жетишсиз кан менен азыктанышы атайын оору кабылдагычтарга сигнал берет. Ошол эле учурда адреналин жана норадреналин сыяктуу стресс учурунда нерв системасына таасир этүүчү заттар да чыгарылган болот. Булар болсо түздөн-түз же кыйыр жол менен булчуңдардын чымырканышын жогорулатат жана ылдамдатат. Натыйжада оору тынчсызданууга (чымырканууга), тынчсыздануу кайгырууга, кайгыруу болсо оорунун күчөшүнө жол ачат.
Бирок стресс себеп болгон эң олуттуу оорулардын бири – бул жүрөк кризиси. Изилдөөлөр агрессивдүү, паникалуу, тынчсызданган, сабырсыз, атаандашкан, кекчил, ачуусу чукул адамдардын жүрөк кризиси деңгээлинин мындай кыймыл-аракеттерди аз жасаган адамдарга караганда жогору экенин көрсөтүүдө. Мунун себеби төмөнкүчө:
Гипоталамус баштаган симпатикалык нерв системасына ашыкча сигнал берилиши ошол эле учурда ашыкча инсулиндин чыгарылышына жана натыйжада бул инсулиндин канда чогулушуна себеп болот. Мына ушул абал ден-соолук үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби коронардык жүрөк оорусуна жол ачуучу шарттардын эч бири кандагы ашыкча сандагы инсулин сыяктуу так жана кыйратуучу бир рол ойнобойт.126 Илимпоздор стресс деңгээли канчалык жогору болсо, кандагы лейкоциттердин реакциясынын ошончолук алсыз болоорун айтышууда. Оксфорд университетинин технология которуу бөлүмүндө эмгектенген Линда Нейлор (Linda Naylor) башчылык кылган команда иштеп чыккан тесттин урматында стресс деңгээлинин иммундук системага болгон терс таасирин өлчөөгө мүмкүндүк пайда болгон.
Стресс менен иммундук система арасында да жакын бир байланыш бар. Физиологиялык стресс иммундук системага маанилүү таасир берет жана иммундук системаны кыйратууга аракет кылат. Стресс астындагы мээ денеде кортизол гормонунун өндүрүшүн жогорулатат жана иммундук системаны алсыздантат. Башкача айтканда, мээ, иммундук система жана гормондор бири-бири менен тыгыз байланышта. Бул жөнүндө адистер мындай дешүүдө:
Психологиялык же физикалык стресс темасындагы изилдөөлөр көпкө уланган бир стресске кабылганда, гормоналдык тең салмактуулукка байланыштуу иммундук реакциянын төмөндөөрүн аныктаган. Бир катар оорулардын, анын ичинде рактын да, пайда болушунун жана күчөшүнүн жашоо стресси менен байланыштуу экени белгилүү.
Кыскача айтканда, стресс адамдын табигый тең салмактуулугун бузуучу нерсе. Мындай табиятка туура келбеген абалдын дайыма кайталынышы дененин ден-соолугун бузуп, ар кандай ооруларга жол ачат. Адистер стресстин адамдын денесине болгон терс таасирлерин төмөнкүдөй негизги топторго топтошот:
Кайгыруу жана паника: иштер башкаруудан чыкты деген сезимге кабылуу
Тердөөнүн тынымсыз өсүшү
Үндүн өзгөрүшү: кекечтенүү, титиреп сүйлөө
Гиперактивдүүлүк: кокус энергия өсүшү, алсыз диабет башкаруусу
Уктоодо кыйналуу: жаман түш көрүү
Тери оорулары: бүдүр, температура, псориоз жана экзема
Ашказан-ичегидеги белгилер: тамак сиңирүүнүн начардыгы, ашказан оорусу, ашказан жарасы Булчуң кан басымдары: кычырдаган же катуу жабышкан тиштер, жаактын оорушу, жон, моюн жана далыларда оору Төмөнкү даражалуу инфекциялар: тумоо ж.б.
Мигрень
Жүрөктүн бат согушу, көкүрөк оорусу, кан басымынын жогору болушу
Бөйрөктүн иштөө калыбынын бузулушу, суу кармоо
Дем алуунун бузулушу, бат дем алуу
Аллергиялар
Ашыктардын оорусу
Ооз жана тамактын кургашы
Жүрөк кризиси
Иммундук системанын алсыздашы
Мээ аймагында кичирейүү
Өзүн күнөөлүү сезүү, өзүнө ишенбөө
Ойлордун чаташышы, туура жоромол жасай албоо, жакшы ойлоно албоо, эс тутумдун начарлашы Ашыкча пессимизм, бүт нерсе жаман болот деп ойлоо Бир жерде кыймылдабастан турганда кыйналуу, сөзсүз кыймылдап туруу Ойду топтой албоо же ойду топтоодо кыйналуу Бат ачуулануу, бат капалануу Логикасыздык Өзүн жардамсыз, үмүтсүз сезүү Аппетиттин ачылышы же жабылышы Дин ахлагынан алыс жашаган адамдардын «стресс» деп аталган азапта жашашы Аллах Куранда билдирген бир абал:
«Ким Мени эстөөдөн (зикирден) баш тартса, эми ал үчүн азаптуу бир жашоо бар...»
Башка бир аятта болсо Аллах «... ошончо кеңдигине карабастан, жер жүзү аларга тар келген эле, напсилери да аларга тар (азаптуу) келген эле жана Андан тышкары (кайра эле) Аллахтан башка бир кайрыла тургандын жок экенин жакшылап түшүнүштү...» (Тообо Сүрөсү, 118) деп буюрууда. Мындай азаптуу –учурдагы тил менен айтканда стресстүү- жашоо ыйман келтирбегендердин ыйман тартуулай турган сонун ахлактан алыс жашашынын бир натыйжасы. Учурда докторлор стресстин таасирлеринен коргонуу үчүн бейпил жана жоош бир мүнөзгө, бейпил, коопсуз жана тынчсыздануулардан алыс бир психологияга ээ болуу керек экенин айтышууда. Бейпил жана көңүл ток бир психология болсо бир гана Куранга ылайык жашоо менен мүмкүн болот. Куранда Аллах көп аятта ыйман келтиргендерге «ишеним сезимин жана бейпилдикти» түшүргөнүн билдирүүдө (Бакара Сүрөсү, 248; Тообо Сүрөсү, 26, 40; Фатих Сүрөсү, 4, 18). Раббибиздин ыйман келтирген пенделерине болгон убадасы болсо бир аятта мындайча билдирилүүдө:
«Эркек болсун, аял болсун, бир момун (ыймандуу) катары ким ыкластуу бир амал (иш-аракет) жасаса, албетте, Биз аны сонун бир жашоо менен жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз.»
Эненин сүтү – бул наристенин азык муктаждыктарын кемчиликсиз камсыздоо жана наристени ыктымалдуу инфекциялардан коргоо үчүн Аллах жараткан теңдешсиз бир аралашма.
«Биз адамга эне жана атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) насаат кылдык. Энеси аны абдан кыйынчылык менен (курсагында) көтөрүп жүргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде (болот). «Мага да, эне жана атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.»
Эненин сүтү – бул наристенин азык муктаждыктарын кемчиликсиз камсыздоо жана наристени ыктымалдуу инфекциялардан коргоо үчүн Аллах жараткан теңдешсиз бир аралашма. Эне сүтүндөгү азыктык заттардын тең салмактуулугу эң идеалдуу өлчөмдөрдө жана наристенин али жетиле элек дене системалары үчүн эң сонун формада. Ал камтыган азыктардын наристе үчүн идеалдуу өлчөмдөрдө болушу себебинен «кереметтүү аралашма» деп атоого боло турган эне сүтү наристенин мээ клеткаларынын чоңойушун камсыз кылуучу жана нерв системасынын өрчүшүн ылдамдатуучу азыктарга абдан бай. Учурдун эң акыркы технологиясы менен даярдалган жасалма наристе азыктары да бул кереметтүү азыкка жете албай келүүдө.
Изилдөөлөр жыйынтыгында эне сүтүнүн наристеге болгон пайдаларына күн сайын жаңылары кошулууда. Мисалы, эне сүтү менен эмизилген наристелердин өзгөчө дем алуу жана тамак сиңирүү каналынын инфекциялардан корголоору аныкталган. Себеби эне сүтүндөгү антителолор инфекциядан түздөн-түз калканыч болушат. Эне сүтүнүн башка инфекцияга каршы өзгөчөлүктөрү болсо – бул «нормалдуу флора» деп аталган «жакшы» бактерияларга достой «мамиле кылып», зыяндуу бактериялар, вирустар же паразиттердин жашашына болсо тоскоол болушу. Мындан тышкары, эне сүтүндө жугуштуу ооруларга карата иммундук системаны жөнгө салган жана жакшы иштешин камсыздаган факторлор да аныкталган.
Эне сүтү наристе эң оңой сиңире ала турган азык. Азыктарга абдан бай болгонуна карабастан, наристелердин назик системаларына ылайыктуу болуп сиңиши оңой. Натыйжада наристе азыктарды сиңирүүгө азыраак энергия короткондуктан, энергиясын дененин башка кыймыл-аракеттерине, чоңойууга жана органдарынын өнүгүшүнө каржаган болот.
Эрте төрөгөн энелердин сүтүндө кереметтүү абалда наристенин муктаждыгына ылайык көбүрөөк май, протеин, натрий, хлорид жана темир болот. Өз энелеринин сүтү менен азыктанган эрте төрөлгөн (недоношенный) наристелерде көз функцияларынын жакшыраак өнүгүшү, мээ тесттеринде ийгиликтүүрөөк болуу сыяктуу көптөгөн артыкчылыктар аныкталган.
Эне сүтүнүн жаңы төрөлгөн наристелердин өнүгүшүндөгү маанилеринин бири – бул омега-3 май кислоталарын камтышы. Омега-3 май кислоталары адамдын мээси жана көз торчосунун маанилүү бир компоненти болгондуктан, өзгөчө жаңы төрөлгөн наристелер үчүн мааниси чоң. Омега-3 өзгөчө кош бойлуулук периоду боюнча жана наристелик периоддун баштарында мээ жана нервдердин жетиштүү өрчүшү үчүн да абдан маанилүү. Эне сүтү болсо табигый жана кемчиликсиз бир омега-3 кампасы болгондуктан, илимпоздор эне сүтүнүн маанисине өзгөчө басым жасашууда.
Мындан тышкары, Бристол (Bristol) университетинин илимпоздору жасаган изилдөөлөрдө эне сүтү менен тамактануунун узун мөөнөттүү пайдалары арасында кан басымына оң таасири бар экени жана натыйжада жүрөк кризиси рисктеринин азайаары аныкталган. Изилдөөнү жасаган топ эне сүтүнүн коргоочу өзгөчөлүгү анын курамы менен байланыштуу дешет. Circulation аттуу медицина журналында жарык көргөн изилдөө жыйынтыктары боюнча, эне сүтү менен азыктанган наристелердин жүрөк ооруларына чалдыгуу риски төмөнүрөөк. Эне сүтүндө кан-тамырдын катуулугуна тоскоол болуучу май кислоталарынын болушу себебинен эне сүтү менен азыктанган наристелер азыраак натрий алышкандыктан жана ашыкча салмак топтошпогондуктан, эне сүтүнүн жүрөк ооруларынын рискин азайтаары аныкталган.
Мындан тышкары, АКШдагы Цинциннати (Cincinnati) университетине караштуу балдар ооруканасынын кызматкери Лиза Мартин (Lisa Martin) башчылык кылган топ эне сүтүндө көп санда «адипонектина» аттуу протеин гормонун табышты. Канда көп санда адипонектинанын болушу жүрөк кризиси рискинин төмөндөшү менен байланыштуу деп айтылат. Толук (ашыкча салмактуу)
жана жүрөк кризиси жогору болгон адамдарда болсо кандагы адипонектинанын саны аз. Ошондуктан эне сүтү менен азыктанган наристелердин келечекте толук (ашыкча салмактуу) болуу рискинин ушул гормондун негизинде азайаары аныкталды. Мындан тышкары, эне сүтүндө лептина деп аталган жана май метаболизмасында абдан маанилүү бир рол ойногон дагы бир гормондун бар экени аныкталган. Илимпоздордун ою боюнча, лептина денедеги май жөнүндө мээге жөнөтүлгөн бир сигнал. Ошондуктан Др. Мартиндин түшүндүрмөлөрү боюнча наристе кезинде эне сүтү аркылуу алынган бул гормондор келечекте ашыкча салмактуулук (семирүү), 2-тип шекер оорусу, инсулинге резустуулук жана жүрөк оорусу сыяктуу оорулардын рискин төмөндөтүүдө.
«Эң жаңы азык» жөнүндөгү чындыктар Эне сүтү жөнүндөгү чындыктар булар менен эле чектелбейт. Эне сүтүнүн балага пайдалары наристенин чоңойушуна жараша өзгөрөт жана наристенин кайсы жашта кандай азыкка муктаждыгы болсо, сүттүн ичиндеги компоненттери да жашына жараша өзгөрүп турат. Идеалдуу температурада дайыма даяр турган эне сүтү ичиндеги шекер жана май менен мээнин өрчүшүндө да маанилүү бир рол ойнойт. Ошондой эле, сүттүн ичиндеги кальций сыяктуу элементтер наристенин сөөктөрүнүн өрчүшүндө чоң мааниге ээ.
Бул кереметтүү аралашма сүт деп аталса да, негизи эне сүтүнүн 90%ы суудан турат. Бул дагы абдан маанилүү бир өзгөчөлүк. Себеби наристелер азык менен бирге суюктук катары сууга да муктаж болушат. Эне сүтүнөн тышкары ичиле турган суу же башка суюктуктар толугу менен гигиеналык таза болбошу мүмкүн. Ал эми 90%ы суу болгон эне сүтү аркылуу наристенин суу муктаждыгы да эң гигиеналык негизде камсыздалууда.
Эне сүтү жана мээ
Илимий изилдөөлөр эне сүтүн эмген наристелердин мээсинин өрчүшүнүн эне сүтүн эмбеген наристелерге салыштырмалуу жакшыраак экенин көрсөтүүдө. Кентукки (Kentucky) университетинин адистеринен Жейм Андерсондун (Jame Anderson) эне сүтү менен азыктанган балдар менен бутылка менен азыктангандар арасында салыштыруу жасаган изилдөөсү натыйжасында «эне сүтү менен тамактанган балдардын IQ'ларынын бутылка менен тамактанган балдардыкына салыштырмалуу 5 баллга жогору экени» аныкталган. Бул изилдөө жыйынтыгында наристенин мээсинин эне сүтү менен өнүгүшүнүн 6 айга чейин болушу мүмкүн экени, 8 жумадан аз эне сүтүн эмген балдарда болсо эне сүтүнүн мээге пайда бербеши да аныкталган.
Эне сүтү ракка дарыбы? Жүргүзүлгөн изилдөөлөр натыйжасында ал жөнүндө жүздөгөн макала жазылган эне сүтүнүн эң аягында наристелерди рактан коргоору далилденген, бирок мунун механизми али толук түшүнүлө элек. Изилдөөчүлөр лабораторияда чоңойтулган рак клеткаларын эне сүтүнүн өлтүрөөрүнүн далилдениши менен чоң бир потенциалдын аныкталганын айтышкан. Швецияда Лунд (Lund)
университетинде доктор жана иммунолог катары эмгектенген Катарина Свенборг (Catharina Svanborg) эне сүтүндөгү мындай кереметтүү сырларды ачкан топто бар эле. Лунд университетиндеги бул топ кадимки эне сүтүнүн рактын ар кандай түрүнөн бир калканыч экенине кереметтүү бир ачылыш деп баа берген.
Алгач жаңы төрөлгөн наристелерден алган ичеги-ыйлаакча кабыкчасы клеткаларын эне сүтү менен чайкаган изилдөөчүлөр натыйжада Pnemococcus бактериясы тарабынан пайда кылынган жана пневмония деп аталган ооруну эне сүтүнүн абдан жакшы токтотконун көрүшкөн. Мындан тышкары, эне сүтү менен азыктанган наристелер бутылка менен азыктангандарга караганда угуу проблемасына да азыраак кабылышкан жана дем алуу системасы инфекцияларына аз чалдыгышкан эле. Көпкө уланган изилдөөлөр натыйжасында эне сүтүнүн рактан да бир калканыч экенин көрүштү. (Балалык кезде кездешүүчү лимфа рагы рискинин бутылка менен тамактанган балдарда тогуз эсе көп экенин көрсөткөн соң, ушундай эле жыйынтыктын башка рак түрлөрүнө да тиешелүү экенин байкашкан). Алынган жыйынтык боюнча, эне сүтү рагы бар клеткалардын ордун толук аныктап, андан соң аларды өлтүрөт. Рагы бар клеткалардын ордун аныктап өлтүргөн нерсе болсо – бул эне сүтүндө көп санда кездешүүчү альфа-лак (alphalactalbumin) деп аталган зат. Альфа-лак сүттүн ичиндеги лактоза шекеринин өндүрүлүшүнө жардам берген бир протеин тарабынан жасалууда.
Бул теңдешсиз немат Улуу Аллахтын бир тартуусу...
Эне сүтү менен байланыштуу дагы бир кереметтүү өзгөчөлүк болсо – бул наристенин эне сүтү менен 2 жыл бою азыктанышынын абдан пайдалуу экендиги. Илим жаңы гана аныктаган бул маанилүү маалыматты Аллах бизге Куранда «Толук эмизүүнү каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет...» (Бакара Сүрөсү, 233) аяты менен 14 кылым мурда билдирген.
Коргоого, тамактанууга муктаж болуп төрөлгөн наристе үчүн эне ага эң идеалдуу азык болгон эне сүтүн, денесинде өзү чечим кабыл алып чыгарбаган сыяктуу эле, сүттүн өзгөрүп туруучу азык баалуулуктарын да, албетте эне өзү аныктабайт. Ар бир жандыктын муктаждыгын билген жана аларга ырыскы тартуулаган Улуу Аллах эне сүтүн эненин денесинде наристе үчүн жаратууда.
Балдагы шыпаа
Бал, бул аяттарда айтылгандай, «адамдарга шыпаа» болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Илимде алдыңкы катарларда турган өлкөлөрдө балдын адамдын ден-соолугундагы маанисинен улам аары багуу жана аары продукттары эми өз башынча бир изилдөө…
«Раббиң бал аарысына вахий кылды:
тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар.»
Бал, бул аяттарда айтылгандай, «адамдарга шыпаа» болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Илимде алдыңкы катарларда турган өлкөлөрдө балдын адамдын ден-соолугундагы маанисинен улам аары багуу жана аары продукттары эми өз башынча бир изилдөө тармагына айланды. Балдын пайдалары жалпысынан төмөнкүлөр:
Оңой сиңирилет: ичиндеги шекерлердин башка бир түрдөгү шекерге (фруктозанын глюкозага) айлануу өзгөчөлүгүнөн улам бал, көп санда кислотага ээ болгонуна карабастан, эң назик ашказандар тарабынан да оңой сиңирилет. Ошондой эле, ичегилердин жана бөйрөктөрдүн жакшыраак иштешине жардам берет.
Канга бат аралашат, ыкчам энергия булагы: бал жылуу суу менен аралаштырылганда 7 мүнөт ичинде канга аралашат. Ичиндеги эркин шекерлерден улам мээнин иштеши жеңилдейт. Бал фруктоза жана глюкоза сыяктуу жөнөкөй шекерлердин табигый бир аралашмасы. Акыркы изилдөөлөр боюнча, шекерлердин мындай өзүнө тиешелүү аралашмасы чарчоонун жазылышында эң натыйжалуу ыкма жана атлетикалык кубатты жогорулатат.
Кандын жасалышына көмөкчү болот: бал кан жасоо үчүн дене муктаж болгон энергиянын маанилүү бир бөлүгүн камсыз кылат. Мындан тышкары, кандын тазаланышына да көмөкчү болот. Кандын айланышын жөнгө салуучу жана жеңилдетүүчү багытта таасири бар. Артериосклероздон коргойт.
Микропко каршы: микропко каршы факторлор белгилүү бактериялардын, ачыткычтын жана көктүн чоңойушуна тоскоол болот. Балдын бактериянын жашашына мүмкүнчүлүк бербеген өзгөчөлүгү «коргоочу таасири» деп аталат. Балдын микроптон коргоо өзгөчөлүгүн камсыздаган көп себептер бар. Булардын арасында микроорганизмдер чоңойуу үчүн муктаж болгон суу көлөмүн чектөөчү көп шекерди камтышы, кислотанын жогору болушу (pH төмөн), бактерияларды чоңойуу үчүн муктаж болгон азоттон тосуучу компонентин саноого болот. Балдагы суутек перекиси (перекись водорода) жана балдын ичиндеги антиоксиданттар болсо бактериянын көбөйүшүнө тоскоол болот.
Антиоксидант: ден-соолукта жашагысы келгендердин баары өзгөчө антиоксидант керектеши керек. Антиоксиданттар – бул клеткаларда нормалдуу метаболизманын калдыктарын тазалоочу кошулмалар. Булар азыктардын бузулушуна жол ачуучу жана көптөгөн айыкпас (хроникалык) ооруларга себеп болуучу кыйратуучу химиялык реакцияларды жайлатуучу элементтер. Адистер антиоксидантка бай азыктар жүрөк ооруларынын жана рак сыяктуу оорулардын алдын ала алат дешет. Балдын ичинде да күчтүү антиоксиданттар бар: рinocembrin, pinobaxin, chrisin жана galagin.
Булардын арасынан pinocembrin бир гана балда кездешүүчү бир антиоксидант.139 Витамин жана минерал кампасы: бал фруктоза жана глюкоза сыяктуу шекерлер менен бирге магний, калий, кальций, натрий хлор, күкүрт, темир жана фосфор сыяктуу минералдарга ээ. Нектар жана чаңча булактарынын сыпатына жараша өзгөрүү менен бирге балда B1, B2, C, B6, B5 жана B3 витаминдери бар. Мындан тышкары, жез, иод, темир жана цинк да аз санда бар.
Жараларды дарылоодо колдонулат:
жараларды дарылоодо колдонулганда, балдын абадан ным тартуу өзгөчөлүгү айыгууну ылдамдатып, жара изинин калышынын алдын алат. Себеби бал жаранын бетин каптаган жаңы терини түзгөн эпителий клеткалардын чоңойушун ылдамдатат. Ошондуктан чоң жараларда да бал колдонулганда, кыртыш жамоо муктаждыгы жоголот.
бал айыгуу процессине тиешелүү кыртыштарды кайрадан чоңойушу үчүн стимулдайт. Жаңы капиллярлардын калыптанышын ылдамдатып, теринин тереңирээктеги байланыш кыртышынын ордун ээлеген фибробласттардын чоңойушун стимулдайт жана айыгуунун күчүн жогорулатуучу коллаген жипчелеринин өндүрүшүн ылдамдатат.
балдын жаранын айланасындагы шишикти азайтуучу «урунууга (воспаление) каршы» бир таасири бар. Бул кан айланууну жогорулатат; натыйжада айыгуу процесси ылдамдайт жана оору сезүү азайат.
бал жаранын астындагы кыртыштарга жабышпайт; ошондуктан жаңы пайда болгон кыртыштар айрылбайт жана оорубайт.
радиациялык дарылоо жасалган рак оорулууларынын денелеринде пайда болгон жара жана язваларды дарылоодо ийгиликтүү колдонулууда.
мындан тышкары, балдын, мурда да айтылгандай, антимикроптук таасиринен улам, бал инфекциянын пайда болушунун алдын алуучу бир коргоо пайда кылат. Бар болгон инфекцияларды да жаралардан ылдам тазалайт. Бактериялардын антибиотикке каршы чыдамдуулук өзгөчөлүктөрүнө да таасирдүү. Антисептиктер жана антибиотиктерге окшоп жарадагы кыртыштарга тескери таасир бербейт.140 Бул маалыматтардан да байкалгандай, бал – бул «шыпаа» тарабы абдан күчтүү бир азык. Албетте, бул да чексиз күч-кудурет ээси Аллах түшүргөн Курандын кереметтеринин бири. Төмөнкү таблицада балдын азыктык баалуулугу көрсөтүлгөн.
Куранда көңүл бурулган курма жана анын пайдалары
Курма – бул Куранда көп аяттарда айтылган бейиш нематтары арасында «теңдешсиз-курма»
Курма – бул Куранда көп аяттарда айтылган бейиш нематтары арасында «теңдешсиз-курма»
(Рахман Сүрөсү, 68) сүйлөмү менен сыпатталган бир мөмө. Аллах Куранда билдирген бул мөмө анализ кылынганда, көптөгөн маанилүү өзгөчөлүгү ортого чыгууда. Белгилүү болгон эң байыркы өсүмдүк түрлөрүнөн болгон курма учурда сонун даамынан тышкары азыктык өзгөчөлүгү себебинен да бир азык катары көңүлдөргө жагууда. Күн сайын аныкталып жаткан пайдалары курманы азык катары да, дары катары да колдонулган бир азык абалына алып келди. Курманын мындай өзгөчөлүктөрүнө Мерйем Сүрөсүндө көңүл бурулган.
Анан толгоо аны бир курма дарагына алып келди. «Кана эми мындан мурда өлгөнүмдө, (жана) унутулуп калганымда» деди. Ылдый жактан (бир үн) ага:
«Кайгырба, Раббиң сенин ылдый (тараб)ыңда бир суу агызып койду.» деп кайрылды. Курма бутагын өзүңдү көздөй силксең, жаңы жетилген курма түшөт.» Эми жеп-ичип, кубан...
Марйам Сүрөсү, 23-26
Аллахтын Аз. Марйамга «курма жешин» билдиришинин көптөгөн терең сырлары бар. Аллах Аз. Марйамдын төрөтүн жеңилдетүү үчүн сунган нематтардын бири болгон курманын өзгөчө кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн мааниси жана пайдалары учурда илимде белгилүү. Курма 60-65% менен эң көп шекерге ээ мөмөлөрдүн бири. Докторлор кош бойлуу аялдарга төрөгөн күнү шекери бар тамактар берилиши керек деп айтышат. Мунун максаты эненин алсыз болуп калган денесине энергия жана жандуулук берүү, ошондой эле жаңы төрөлгөн наристеге керектүү болгон сүттүн пайда болушу үчүн сүт гормондорун стимулдоо жана эне сүтүн көбөйтүү.
Мындан тышкары, төрөт учурундагы кан жоготуу дененин шекеринин төмөндөшүнө себеп болот. Курма денеге кайрадан шекердин киришин камсыздайт жана кан басымынын төмөндөшүнө тоскоол болот. Калория баалуулугу абдан жогору болгондуктан, оорудан алсыздаган же чарчаган адамдар үчүн өзгөчө абдан пайдалуу.
Бул маалыматтар Аллахтын Аз. Марйамга бир тараптан ага энергия жана күч-кубат бере турган, экинчи тараптан наристенин жалгыз азыгы болгон сүттүн пайда болушун камсыздай турган «курмадан» жешин билдиришиндеги терең сырларды ортого койууда. Мисалы, курма адам денесинин ден-соолукта жана күчтүү болушу үчүн абдан маанилүү болгон 10дон ашуун элементти камтыйт. Ушул себептен учурда илимпоздор адамдын бир гана курма жана суу менен көп жылдар бою жашай алаарын айтышууда.144 Бул темада таанылган адистердин бири болгон Доусон (V. H. W. Dowson) болсо бир курма жана бир чыны сүттүн бир адамдын күнүмдүк азык муктаждыгын камсыздоого жетээрин айтууда.
Курмадагы окситоцин заты да заманбап медицинада төрөттү жеңилдетүүчү бир дары катары колдонулууда. Окситоцин төрөттү жеңилдетүүчү таасири себебинен көп булакта «rapid birth», башкача айтканда, «ыкчам төрөт» деп аталууда. Төрөттөн соң болсо эне сүтүн көбөйтүүчү таасирге ээ. Окситоцин негизи мээде чыгарылган, төрөт ишараттарын баштоочу бир гормон. Төрөт алдындагы дененин бардык даярдыктары ушул гормон урматында башталат. Гормондун таасири эне жатынын түзгөн булчуңдарга жана эне сүтүнүн чыгарылышын камсыздаган булчуң түзүлүшүндөгү клеткаларга тийет. Төрөт учурунда эне жатынынын жакшы кысылышы төрөттүн ишке ашышы үчүн абдан маанилүү. Окситоцин жатынды түзгөн булчуңдардын абдан күчтүү кысылышын камсыздайт. Мындан тышкары, окситоцин жаңы төрөлгөн наристенин азыктанышы үчүн эне сүтүнүн чыгарылышын баштатат. Курманын ушул эле өзгөчөлүгү –окситоцинге ээ болушу- да Курандын Аллахтын вахийи экендигинин маанилүү бир далили. Курманын медициналык жактан пайдаларынын аныкталышы жакында гана мүмкүн болду. Ал эми Куранда болсо болжол менен 1400 жыл мурда Аллахтын Аз. Марйамга кош бойлуулук учурунда курма менен азыктанышын вахий кылганы билдирилүүдө.
Ошондой эле, курмада адамдын денесине көп санда кыймыл жана жылуулук энергиясын берүүчү, денеде майдаланып колдонулушу оңой болгон бир шекер түрү да бар. Болгондо да бул шекер кандын шекерин ыкчам жогорулатуучу глюкоза эмес, мөмө шекери фруктоза. Өзгөчө шекер оорулууларында кан шекеринин ыкчам жогорулашы көп органдарга терс таасир берет, өзгөчө эң көп көз, бөйрөк, жүрөк-тамыр системасы жана нерв системалары жабыр тартат. Көздүн көрбөй калышына чейин алпарчу оорулар, жүрөк кризиси, бөйрөк жетишпестиги сыяктуу көптөгөн олуттуу оорулардын эң маанилүү себептеринин бири – бул кан шекеринин жогору болушу.
Курма көптөгөн ар түрдүү витамин жана минералдарга ээ. Жипче, май жана протеиндер жагынан да абдан бай. Курмада натрий, калий, кальций, магний, темир, күкүрт, фосфор жана хлор да бар. Курма, мындан тышкары, А витамини, бетакаротен, B1, B2, B3 жана B6 витаминдерине да ээ. Курмадагы витамин жана минералдардын кадимки адам денесине болгон жана кош бойлуулук учурундагы пайдаларынын кээ бирлерин мындайча санасак болот:
*Курманын азыктык күчү анын ичиндеги минерал тең салмактуулугуна байланыштуу. Курмада кош бойлуулук учурунда аялдар алышы керек болгон бир В витамини- фолик кислотасы (фолиевая кислота) да бар. Фолик кислотасы (B9) – бул денеде жаңы кан клеткаларын жасоодо, дененин курулуш материалы болгон амино-кислоталарды жасоодо жана клеткаларды жаңылоодо маанилүү кызматтарды аткаруучу бир витамин. Ошондуктан, кош бойлуулук учурунда Фолик кислотасы муктаждыгы бир топко жогорулайт жана күнүмдүк муктаждык эки эсеге көтөрүлөт. Фолик кислотасынын деңгээли жетишсиз болгондо түзүлүшү жагынан кадимкиден чоң, бирок функциялары төмөн эритроцит клеткалары пайда болот жана кандын азайуу белгилери жаралат. Өзгөчө клетканын бөлүнүшүндө жана клетканын генетикалык түзүлүшүнүн калыптанышында маанилүү рол ойногон фолик кислотасы кош бойлуулук учурунда зарылдыгы эки эсе өсүүчү бир зат. Курма болсо фолик кислотасына абдан бай азык.
*Ошондой эле кош бойлуулукта болуучу узун мөөнөттүү жүрөк айлануу жана физикалык реакциялар себебинен калий жетишсиздиги да пайда болот жана калийди бышыктоо керек болот. Курмада көп санда бар болгон калий ушул тараптан абдан маанилүү болгон сыяктуу, денедеги суу тең салмактуулугунун сакталышында да абдан маанилүү. Ошондой эле, калий мээге кычкылтектин барышына да көмөкчү болуп, жакшы ойлонууну камсыздайт. Мындан тышкары, дене суюктуктары үчүн ылайыктуу щелочтук өзгөчөлүктү камсыз кылат. Уулуу дене калдыктарын сыртка чыгарышы үчүн бөйрөктөрдү стимулдайт. Кан басымынын жогорулугун төмөндөтүүгө жардам берет жана теринин жакшы калыптанышын камсыз кылат.
*Курманын ичиндеги темир кызыл-кан клеткаларындагы гемоглобин синтезин контрольдойт жана бул болсо кош бойлуулук учурунда кандын аздыгына тоскоол болот жана наристенин өрчүшү үчүн абдан маанилүү болгон кандагы эритроциттердин тең салмактуулунун ылайыктуу абалга алып келет. Белгилүү болгондой, эритроциттер канда кычкылтек жана көмүр кычкыл газын ташып, клеткалардын жандуулугун улантышында кызмат кылышат. Көп санда темирге ээ болгондуктан, бир адам күнүнө 15 даана курма жеп, денесинин темир муктаждыгын камсыздай алат жана темир жетишсиздигинен келип чыгуучу оорулардан сактанган болот.
*Курмадагы кальций жана фосфат болсо скелет түзүлүшү жана дененин сөөк түзүлүшүнүн тең салмактуулугу үчүн абдан маанилүү элементтер. Курма курамындагы көп сандагы фосфор жана кальций менен денени сөөктүн алсыздыгынан коргойт жана бул оорулардын азайышына көмөкчү болот.
*Илимпоздор курманын стресс жана маанайсыздыкты жоюучу таасирине да көңүл бурушууда. Беркли университетинин адистери жасаган изилдөөлөр нервдерди бекемдөөчү В6 витамининин жана булчуңдардын иштешинде маанилүү ролго ээ магний минералынын курмада көп санда бар экенин аныкташкан. Курма, ошондой эле, ичиндеги магний менен бөйрөктөр үчүн да абдан маанилүү. Бир адам күнүнө 2-3 даана курма жеп денесинин магний муктаждыгын камсыздай алат.
*Ичиндеги В1 витамини менен нерв системасынын чың болушун жеңилдетет. Денедеги углеводдордун энергияга айлантылышына, протеин жана майлардын дененин башка муктаждыктарына колдонулушуна көмөкчү болот. В2 витамини менен болсо дененин энергия чыгарышы жана клеткалардын жаңыланышы үчүн протеин, углевод жана майлардын ээритилишине жардамчы болот.
*Кош бойлуулук учурунда А витаминине да муктаждык өсөт. Курма ичиндеги А витамини урматында көрүү күчү жана иммунитетти жогорулатат, сөөк жана тиштерди бекемдейт. Курма бетакаротенге да абдан бай.145 Бетакаротендин клеткаларга кол салган молекулаларды башкарып, рактын алдын алуучу өзгөчөлүгү бар.
*Мындан тышкары, башка мөмөлөр адатта протеин жагынан жетишсиз, ал эми курма болсо протеинге да ээ.146 Мындай өзгөчөлүгү урматында дененин оору жана инфекциялардан корголушун камсыздайт, клеткаларды жаңылайт жана дене суюктугун тең салмакка салат. Мисалы, эт да пайдалуу бир азык, бирок өзгөчө мындай учурда жаңы бир мөмө болгон курмадай пайда бере албашы мүмкүн. Ал тургай, мындай учурда этти көп жеш дененин ууланышына себеп болушу мүмкүн. Сиңиши оңой болгон, жеңил жашылча-жемиш, мөмө түрүндөгү тамактарды тандоо туура болот.
Курма жөнүндөгү бул маалыматтардын баары Аллахтын чексиз илимин жана адамдарга болгон мээримин көрсөтүүдө. Байкалгандай, заманбап медицина биздин доордо гана аныктай алган курманын, өзгөчө кош бойлуулук учурундагы, пайдаларына Куранда 14 кылым мурда ишарат кылынган.
Сонун бир мөмө: инжир
Тин Сүрөсүнүн биринчи аятында Аллахтын инжирге «ант болсун» деп айтышы бул мөмөнүн пайдалары жагынан абдан терең мааниге ээ.
Тин Сүрөсүнүн биринчи аятында Аллахтын инжирге «ант болсун» деп айтышы бул мөмөнүн пайдалары жагынан абдан терең мааниге ээ.
Инжирдин адамдын ден-соолугуна пайдалары:
Инжир ар кандай мөмө же жашылчага караганда эң көп жипчеге ээ. 1 даана эле кургак инжир 2 грамм жипче берет, бул болсо сунушталган күнүмдүк муктаждыктын 20%ын түзөт. Акыркы 10-15 жылда жасалган изилдөөлөр өсүмдүк азыктарындагы жипчелердин тамак сиңирүү системасынын жакшы иштеши үчүн абдан маанилүү экенин аныктады. Азык катары алынган жипченин тамак сиңирүүгө көмөкчү болоору жана кээ бир рак түрлөрүнүн рискин төмөндөтүүдө маанилүү экени белгилүү. Тамактануу адистери жипче алууну жогорулатуунун идеалдуу жолу катары жипчеге бай болгон инжирди жешти сунушташууда.
Жипчелүү азыктар ээрүүчү жана ээрибес болуп экиге бөлүнүшөт. Ээрибес жипчеге бай азыктар денеден чыгарыла турган заттарга суу берип ичегилерден өтүшүн жеңилдетет. Натыйжада тамак сиңирүү системасын ылдамдатып, жакшы иштешин камсыздайт. Ошондой эле, ээрибес жипчелүү азыктардын жоон ичеги рагынан коргоору да аныкталган. Ээрүүчү жипчеге бай азыктардын болсо кандагы холестерол деңгээлин 20%дан ашыкка төмөндөтөөрү аныкталган. Ошондуктан жүрөк ооруларынын рискин төмөндөтүү үчүн абдан маанилүү. Эгер канда көп санда холестерол бар болсо, бул кан-тамырларда чогулат жана кан-тамырлардын катуулашына, тарайышына жол ачат. Холестерол кайсы органдын тамырында чогулса, ошол органга тиешелүү оорулар пайда болот. Мисалы, жүрөктү азыктандырган артерияларда холестерол чогулса, көкүрөк оорусу, жүрөк кризиси сыяктуу көйгөйлөр пайда болот. Бөйрөк тамырларында холестерол чогулушу болсо кан басымынын жогорулашы жана бөйрөк жетишсиздигине себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле, ээрүүчү жипчелерди керектөө ашказанды бошотуп, кан шекерин жөнгө салышы жагынан да маанилүү, себеби кан шекериндеги кокус өзгөрүүлөр өмүрдү коркунучка салчу ооруларга себеп болушу мүмкүн. Чынында эле жипчеге бай азыктанган коомдордун рак жана жүрөк оорулары сыяктуу ооруларга аз чалдыгаары аныкталган.
Ээрүүчү жана ээрибес жипчелердин экөөсүнүн тең бирге болушу болсо ден-соолук жагынан бир артыкчылык: эки жипче түрүнүн тең бирге болушунун рактын алдын алууда жалгыз болгонго караганда натыйжалуураак экени аныкталган. Инжирде эки жипче түрүнүн –ээрүүчү жана ээрибес жипчелердин- бирге болушу аны абдан маанилүү бир азык кылууда.
Жорж Вашингтон университетинин медицина борборунда оорулардан коргонуу институтунун башчысы Др. Оливер Алабастер (Oliver Alabaster) инжир жөнүндө мындай дейт:
... бул жерде чыныгы мааниде пайдалуу жана көп жипчеге ээ бир азыкты кошуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Инжирлерди жана башка көп жипчеге ээ азыктарды көп керектөө... өмүр бою ден-соолукта болушуңуз үчүн маанилүү.
Калифорния инжир кеңешинин (California Fig Advisory Board) ою боюнча, мөмөлөрдө жана жашылчалардагы антиоксиданттардын адамдарды бир топ оорулардан коргоору айтылат. Антиоксиданттар денебиздеги химиялык реакциялардын натыйжасында пайда болгон же сырттан алынган зыяндуу заттарды (эркин радикалдарды) таасирсиз кылышат жана клетканын бузулушуна тоскоол болушат.
Скрентон (Scranton) университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө кургак инжирдин антиоксидантка бай фенол кошулмасына башка мөмөлөргө караганда көбүрөөк ээ экени айтылган. Фенол микроорганизмдерди өлтүрүүчү –антисептик- бир зат катары колдонулууда. Скрентон университетиндеги анализдер боюнча, инжирдеги фенол көлөмү башка мөмөлөргө салыштырмалуу бир топ жогору.
Нью-Жерсидеги Рутгерс университети тарабынан жасалган изилдөөдө болсо кургак инжирдеги омега-3, омега-6 май кислоталары (EFA: Essential fatty acids: дене үчүн зарыл майлар) менен фитостерол (өсүмдүктөрдөгү май сымал зат) урматында холестеролду төмөндөтүүчү таасири жагынан да маанилүү экени аныкталган.
Белгилүү болгондой, омега-3 жана омега-6 май кислоталары денеде өндүрүлбөйт жана тамак-аш аркылуу алуу керек болот. Ошондой эле, бул майлар өзгөчө жүрөк, мээ жана нерв системасынын жакшы иштеши үчүн абдан чоң мааниге ээ. Фитостерол болсо жаныбар азыктарындагы жүрөк жана кан-тамырдын чың болушу жагынан кооптуу болгон холестеролдун жолун тосуп, канга аралашпастан денеден чыгышын камсыз кылат.
Калифорния инжир кеңеши тарабынан «дээрлик табияттын эң кемчиликсиз мөмөсү» деп сөз кылынган инжир адамзат билген эң байыркы мөмөлөрдүн бири болгонуна карабастан, тамак-аш өндүрүүчүлөр тарабынан кайрадан ачылууда. Себеби азыктык баалуулугунун жогору болушу, ден-соолукка пайдалары бул мөмөнү өзгөчө маанилүү кылууда.
Инжир дээрлик ар бир диетанын бир бөлүгү боло алат: инжир табиятынан май, натрий жана холестеролу жок жана жипче саны көп болгондуктан, салмагын азайтууга аракет кылган адамдар үчүн да ылайыктуу бир азык. Ошондой эле, инжир белгилүү болгон бардык мөмөлөргө караганда эң көп минералга ээ. 40 грамм инжир 244 мг калий (күнүмдүк муктаждыктын 7%ы), 53 мг кальций (күнүмдүк муктаждыктын 6%ы) жана 1,2 мг темирге (күнүмдүк муктаждыктын 6%ы) ээ.151 Инжирде кальций деңгээли абдан жогору; мөмөлөр арасынан кальцийге бай болуу жагынан апельсинден соң экинчи орунда турат. Бир чыны кургак инжир бир чыны сүт менен бирдей санда кальций берет.
Инжирди көпкө уланган оорулардан соң бат айыгууга көмөкчү болуучу, күч-кубат берүүчү бир дары катары кабыл алууга болот. Физикалык жана мээнин кыйналышын жок кылат жана денеге энергия жана күч берет. Инжирдин эң маанилүү азыктык элементи – бул бүт мөмөнүн 51-74%ын түзгөн шекер, жана бүт мөмөлөр арасында эң көп шекерге ээ. Ошондой эле, инжир астма, жөтөл жана суук тийүү сыяктуу учурларда да дары катары сунушталууда.
Бул жерде бираз гана бөлүгүнө токтолгон инжирдин пайдалары Аллахтын адамдарга болгон мээриминин бир көрсөткүчү. Раббибиз ырахат менен желчү бул мөмөнүн ичинде адамдын муктаждыгы болгон заттарды, анын ден-соолугуна ыңгайлуу бир тең салмактуулук менен, атайын пакеттелгендей абалда пайдаланууга берүүдө. Аллахтын бул өзгөчө нематты Куранда зикир кылышы да инжирдин адамдар үчүн маанисине ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Инжирдин азыктык баалуулугунун, адамдын ден-соолугуна болгон маанисинин алдыңкы медицина жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен гана аныктала алышы – албетте, Курандын бүт нерсени билүүчү Аллахтын сөзү экендигинин көрсөткүчтөрүнүн бири.
Баалуу бир азык: балык
Жүрөк ооруларына чалдыккан жана ушул себептен өлүмгө кабылган адамдардын орточо жашынын күн өткөн сайын төмөндөшү жүрөктүн чың болушуна маани берүүнү жогорулатты.
«Деңиз аңчылыгы жана аны жеш силерге жана (жер бетинде) жашагандарга бир пайда катары адал кылынды...»
Жүрөк ооруларына чалдыккан жана ушул себептен өлүмгө кабылган адамдардын орточо жашынын күн өткөн сайын төмөндөшү жүрөктүн чың болушуна маани берүүнү жогорулатты. Медицинада жүрөк ооруларын дарылоо боюнча көптөгөн жаңы өнүгүүлөр болсо да, адистердин негизги сунушу – бул ооруга чалдыгуудан мурун алдын алуучу чаралардын жакшылап көрүлүшү болууда. Адистер жүрөктүн чың иштешинде жана оорулардын алдын алууда маанилүү бир азыкты сунушташууда: балык.
Балыктын маанилүү бир азык болушунун себеби – бул анын бир тараптан адамдын денеси үчүн керектүү заттарды камсыздашы, экинчи тараптан болсо денени ар кандай оору рисктеринен мүмкүн болушунча алыс кармай турган курамга ээ болушу. Мисалы, курамындагы омега-3 кислотасы менен ден-соолук үчүн бир калкандай кызмат аткарган балык дайыма керектелип турса, жүрөк оорулары рискинин азайаары жана иммундук системанын күчтөнөөрү аныкталган.
Илим тарабынан пайдалары жаңы гана далилденген балыктын баалуу бир азык экендиги мындан болжол менен 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Куранда да билдирилүүдө. Улуу Аллах Куранда деңиз продукттарын «Деңизди да силердин буйругуңарга Ал берген, андан жаңы эт жейсиңер... (Нахл Сүрөсү, 14), Деңиз аңчылыгы жана аны жеш силерге жана (жер бетинде) жашагандарга бир пайда катары адал кылынды... (Маида Сүрөсү, 96) аяттары менен кабар берүүдө. Ошондой эле, Кехф Сүрөсүндө да балыкка атайын көңүл бурулган. Бул сүрөдө Аз. Муса жана жаш жардамчысынын узак бир сапарга чыкканы жана жанына азык катары балык алганы айтылган:
«Ошентип экөө эки (деңиз) кошулган жерге жеткенде балыктарын унутуп коюшту; (балык) деңизде бир агымды көздөй өз жолуна түштү. (Жетиши керек болгон жерге келип) Өтүшкөндө (Муса) жаш жардамчысына:
«Тамагыбызды бизге алып кел, ант болсун, бул сапарыбыздан чынында чарчадык.» деди. (Жаш жардамчысы:) «Көрдүңбү, аскага киргенибизде мен балыкты унуттум...»
Кехф Сүрөсүндө алыс бир сапар учурунда чарчаган соң азык катары атайын балыктын тандалган болушу абдан терең маанилүү. Ошондуктан бул окуядагы терең сырлардын бири катары балыктын пайдаларына, азыктык жагына ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)
Чынында эле балыктын азыктык өзгөчөлүктөрүн изилдегенибизде кызыктуу маалыматтарды көрөбүз. Раббибиздин бизге чоң бир нематы болгон балыктар өзгөчө протеин, D витамини жана чыгарма элементтер (денеде абдан аз санда кездешүүчү, бирок дене үчүн абдан маанилүү кээ бир элементтер) жагынан кемчиликсиз бир азык. Курамындагы фосфор, сульфиддик кошулма, ванадий сыяктуу минералдар урматында болсо чоңойууну жана кыртыштардын жакшырышын камсыздашат. Тиш мүлктөрү жана тиш түзүлүшүнүн чың болушуна жардам берет, теринин өңүн сулуу кылат, чачтардын чың болушун камсыздайт, бактериялык инфекциялар менен күрөшүүдө көмөкчү болот. Ошондой эле, кандагы холестеролду жөнгө салуучу таасирлери менен жүрөк кризисинин алдын алууда маанилүү ролго ээ. Крахмал жана майлардын майдаланып денеде колдонулушуна жардам беришет. Натыйжада күч-кубаттуураак болууну камсыздайт. Ошондой эле, мээнин жакшы иштешине таасир берет. Курамындагы D витамини жана башка минералдар жетиштүү деңгээлде денеге алынбаганда болсо, рахит (сөөк алсыздыгы), тиш мүлкү оорулары, зоб, гипертиреоз сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, учурда медицина балыктын курамындагы омега-3 май кислоталарынын ден-соолукка болгон абдан маанилүү ролун аныкташты. Ал тургай, бул майлар зарыл май кислоталары (EFA: essential fatty acid) деп кабыл алынган.
Балык майындагы омега-3түн пайдалары
Балык майында ден-соолугубуз үчүн өзгөчө абдан маанилүү болгон 2 башка «тойбогон» май кислотасы бар: EPA (eicosapentaenoic acid) жана DHA (docosahexaenoic acid). EPA жана DHA көптүк тойбогон майлар катары белгилүү жана маанилүү омега-3 май кислоталарына ээ. Адамдын денеси омега-3 жана омега-6 май кислоталарын өндүрө албайт, ошондуктан сырттан азыктар менен алышы керек.
Балык майынын –омега-3 май кислоталарын камтыгандыктан- адамдын ден-соолугуна пайдалары жөнүндө көптөгөн далилдер бар. Омега-3 май кислоталары өсүмдүк майларында бар болгонуна карабастан, адамдын ден-соолугун коргоодо абдан аз натыйжалуу. Ал эми деңиз планктондору омега-3 май кислотасын EPA жана DHA'га айлантууда абдан натыйжалуу. Балыктар бул планктондорду жегенде, EPA жана DHA'га бай болуп калышат. Ошондуктан балык дене үчүн абдан маанилүү болгон бул май кислоталарына эң бай азыктардын бири.
Балыктагы май кислоталарынын өмүргө пайдалары
Балыктагы май кислоталарынын негизги өзгөчөлүгү болсо – бул энергия өндүрүүгө салым кошушу. Бул май кислоталары денеде кычкылтекке кошулуп, электрондун которулушун ишке ашырат жана денедеги бир катар химиялык процесстер үчүн энергия беришет. Ошондуктан балык майына бай тамактануунун чарчоону жоготооруна, мээнин иштешин жана кыймыл жөндөмүн жакшыртаарына далилдер бар. Омега-3 адамдын энергия деңгээлин жана концентрация жөндөмүн да артырууда. Балыктын «мээ азыгы» деп аталышынын илимий негизи бар, себеби мээдеги майдын негизги компоненти – бул омега-3 май кислоталарындагы DHA.
Жүрөк жана кан-тамырдын чың болушунда балыктын мааниси
Балыктагы омега-3 май кислотасы кандагы холестеролду, триглисеридди жана кан басымын төмөндөтүп, жүрөктүн ден-соолугун коргоочу таасири менен белгилүү.158 Триглисерид бир май түрү жана курамындагы көп сандагы май жана аз протеин жагынан LDL'ге (жаман холестеролго) окшош. Триглисериддин жогору болушу өзгөчө холестерол жогору болгондо, жүрөк оорусу рискин артырат. Ошондой эле, балык майлары бир жүрөк кризисинен кийинки анормалдуу жүрөк ритмдеринин жашоого кооп туудурган рисктерин да азайтууда.
Америка медицина биримдиги тарабынан жасалган бир изилдөөдө жумасына 5 порция балык жеген аялдарда жүрөк кризисине чалдыгуу деңгээлинин 1/3ге азайганы аныкталган. Мунун себеби балык майындагы омега-3 май кислоталарынын кандын азыраак коюлушуна себеп болушунда деп кабыл алышууда. Кандын тамырлардагы кадимки ылдамдыгы саатына 60 км жана кандын жетиштүү деңгээлде суюк болушу, тыгыздыгынын, көлөмүнүн, ылдамдыгынын нормалдуу деңгээлде болушу абдан маанилүү. Каныбыз үчүн эң чоң коркунуч –каноо сыяктуу керектүү учурлардан тышкары учурларда- бул кандын коюлуп агуусунун начарлашы. Балык майлары кандагы тромбоциттердин (денеде каноо болгондо канды коюлаткан кан бөлүкчөлөрү) бири-бирине жабышышына тоскоол болуп, кандын коюлушун азайтууда мааниси чоң. Антпесе кандын коюлушу тамырлардын тарайышына себеп болот. Бул болсо эң башта жүрөк, мээ, көз жана бөйрөктөрдүн жана башка денедеги көптөгөн органдардын кан менен жетиштүү азыктана албашына, жай иштешине жана акырындап функцияларын жоготушуна себеп болот. Мисалы, артериялар коюлуу себебинен толугу менен тосулуп калганда, тамыр турган жерге жараша жүрөк кризиси, мунжулук же башка оорулар пайда болушу мүмкүн.
Омега-3 май кислоталары эритроциттердин ичиндеги кычкылтек ташуучу гемоглобин молекуласынын өндүрүшүндө жана клетка кабыкчасынан өтүүчү азыктарды текшерүүдө да маанилүү рол ойнойт жана денеге зыяндуу майлардын зыянына тоскоол болот. Изилдөөлөр балыктагы омега-3 май кислоталарынын жүрөк кризиси рискин азайтаарын аныктады.
Жаңы төрөлгөн наристелердин чоңойушундагы мааниси
Омега-3 май кислоталары адамдын мээси жана торчосунун маанилүү бир компоненти болгондуктан, өзгөчө жаңы төрөлгөн наристерлердин муктаждыгына байланыштуу, өткөн он жылда маанилүү изилдөөлөргө тема болду. Омега-3түн наристенин эне курсагындагы өрчүшү жана жаңы төрөлгөн наристенин чоңойушундагы маанилүүлүгүн тастыктаган көптөгөн далилдер бар. Омега-3 өзгөчө кош бойлуулук периоду боюнча жана наристелик кездин баштарында мээ жана нервдердин нормалдуу өрчүшү үчүн абдан маанилүү. Эне сүтү болсо табигый жана кемчиликсиз бир омега-3 кампасы болгондуктан, илимпоздор эне сүтүнүн маанисине өзгөчө басым жасашууда.
Тарамышка пайдасы:
Ревматизмдик артрит оорусунда (ревматизмге байланыштуу тарамыш инфекциясы) эң маанилүү риск – бул тарамыштарда пайда болгон бузулуунун калыптандырууга болбой турган бир зыянга жол ачышы. Омега-3 май кислотасына бай тамактануунун артриттин пайда болушуна тоскоол болоору, шишиген жана назик тарамыштардагы ооруларды да жеңилдетээри далилденген.159 Мээ жана нерв системасынын нормалдуу иштешине болгон пайдалары Омега-3 май кислотасынын мээ жана нерв системасынын жакшы иштешине таасир берээри көптөгөн изилдөөдө аныкталган. Мындан тышкары, балык майынын депрессия жана шизофрения белгилерин жеңилдете алаары, алзеймер (аlzheimer) оорусунун (эс-тутум жоготушуна себеп болуучу, күнүмдүк кыймылдарга тоскоол болуучу бир мээ оорусу) алдын алаары көрсөтүлгөн. Мисалы, депрессияга кабылган жана 12 жума бою 1 грамм омега-3 май кислотасы керектеген адамдарда тынчсыздануу, капалануу жана уйку көйгөйлөрү сыяктуу белгилердин азайганы далилденген.160 Инфекциялык ооруларга пайдасы, иммундук системаны күчтөндүрүшү Омега-3 май кислоталары ошол эле учурда инфекциянын алдын алуучу кызмат аткарышат.161 Ошондуктан;
Ревматизмдик артрит (ревматизмге байланыштуу байламта инфекциясы), Остеоартрит (акырындап байламталардын функциясын бузуучу бир оору), Язвалык колит (ичеги инфекциясына байланыштуу жаралар) жана Lupus (териде жара пайда болушуна себеп болуучу тери оорусу) ооруларынын баарында колдонууга болот.
Мындан тышкары, миелинди (нерв клеткаларын курчаган кабыкчаны) коргоочу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен;
Глаукома (көздүн ичиндеги кан басымынын жогорулашы натыйжасында сокурдукка себеп болчу оору), Көп жактуу склероз (мээ жана жүлүндө кыртыштын катуулашы натыйжасында пайда болгон өлүмгө себеп болчу оору), Остеопороз (сөөк кыртышында структуралык алсыздоого себеп болуучу оору) жана Шекер ооруларын дарылоодо колдонулат.
Ошондой эле;
Мигрен ооруларында, Анорексияда (өлүмгө себеп болчу тамактануу бузуктугу), Күйүктү дарылоодо Тери менен байланыштуу ооруларды дарылоодо да жардамчы болоору айтылууда.
Көп санда омега-3 май кислотасына ээ болгон балык менен азыктанган Гренландия эскимолору жана япондор сыяктуу элдер жүрөк, кан-тамыр ооруларына, астма жана псориаз сыяктуу ооруларга азыраак чалдыгаарын көрсөткөн абдан көп маалыматтар бар. Балык, ушул себептен, дарылоочу бир азык катары да сунушталат. Омега-3 май кислоталары жүрөктүн чың болушу үчүн далилденген пайдалары менен учурда тамактануу адистери кеңеш кылган негизги заттардын бири.
Бул жерде жалпысынан айтылып өткөн балыктын пайдаларына күн сайын жаңылары кошулууда. Болгондо да балыктын пайдаларын аныктоо көптөгөн илимпоздун, алдыңкы технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен жабдылган изилдөө борборлорунун колдонулушу менен гана мүмкүн болду. Мынчалык баалуу бир азык булагына Куранда ишарат кылынышы жана Кехф Сүрөсүндө өзгөчө чарчоону басуучу бир азык катары билдирилиши да албетте абдан терең мааниге ээ. Балыктан алынган бардык пайдалар Раббибиз бизге берген чоң бир немат-жакшылык. Бүт азыктардагы сыяктуу балыктардагы кемчиликсиз түзүлүштү да биз үчүн жараткан – бул ааламдардын Рабби болгон Аллах.
Чочконун эти жана ден-соолукка зыяндары
Чочконун этинин ден-соолукка көптөгөн зыяндары бар. Мындай зыяндар өтмүштө болгон сыяктуу, ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан учурда да бар.
«Ал силерге өлүмтүктү, канды, чочконун этин жана Аллахтан башканын аты менен (башкага аталып) союлган (жандык)ты толук арам кылды. Бирок ким эч башка жолсуз муктаж абалда калса, чегинен чыкпай, сугалактык кылбай (жесе), ага бир күнөө жок. Чынында Аллах кечиримдүү, коргоочу.»
Чочконун этинин ден-соолукка көптөгөн зыяндары бар. Мындай зыяндар өтмүштө болгон сыяктуу, ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан учурда да бар. Биринчиден, чочко фермаларда, жакшылап каралган жерлерде багылса да, баары бир өзүнүн заңдарын жечү бир жандык. Мындай жаман нерселер менен азыктангандыктан жана биологиялык түзүлүшү себебинен чочконун денеси башка жандыктарга салыштырмалуу бир топ көп антитело өндүрөт. Ошондой эле чочконун денесинде башка жандыктарга жана адамга салыштырмалуу абдан жогору дозада чоңойуу гормону өндүрүлөт. Мындай көп дозадагы антителолор жана чоңойуу гормону сөзсүз түрдө кан айлануу аркылуу чочконун булчуң кыртышына да өтүп чогулат. Ошондой эле, чочконун этинде абдан көп өлчөмдө холестерол жана липид бар. Натыйжада бардык мындай жогорку дозадагы антителолор, гормондор, холестерол жана липиддерди камтыган чочконун этинин адамдын ден-соолугуна маанилүү бир коркунуч экени илимий далилденди.
Учурда чочконун эти көп керектелген АКШ, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн калкынын маанилүү бөлүгүн түзгөн ашыкча семиз адамдардын болушу эми табигый бир көрүнүшкө айланды. Чочконун этине таянган бир тамактануу натыйжасында ашыкча чоңойуу гормонун алган адамдын денеси алгач абдан семирүүдө, андан соң дене деформацияга –формасынын бузулушуна- кабылууда.
Мындан тышкары, чочконун этиндеги ден-соолукка зыяндуу заттардын бири – бул «трихина» паразити. Адамдын денесине киргенде, түздөн-түз жүрөк булчуңдарына жайгашып, өлүмчүл кооптуулук жаратуучу трихина паразити чочконун этинде көп кездешет. Учурдагы технология менен трихиналуу чочколорду аныктоо мүмкүн болсо да, мурдакы кылымдарда мындай ыкма белгисиз эле. Ошондуктан, чочконун этин жеген бүт адамдар үчүн трихина паразитине кабылуу жана өлүмгө чалдыгуу риски бар эле.
Байкалгандай, бул себептердин баары Раббибиздин чочконун этине тыюу салышынын себептеринин бир бөлүгү. Мындан тышкары, Раббибиздин бул буйругу ар кандай шартта ден-соолукка зыяндуу таасирлери бар болгон, контрольсуз өндүрүлгөн учурда болсо өлүмгө да себеп болушу мүмкүн болгон чочконун этин жештен толук коргойт.
20-кылымга чейин чочко этинин адамдын ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч жараткан зыяндары бар экенин билүү мүмкүн эмес эле. Учурдагы медициналык аппараттар, биологиялык тесттер менен даана аныкталган бул зыянга карата али эч ким микроп, бактерия, трихина, гормон, антитело сыяктуу түшүнүктөрдү билбеген кезде 14-кылымда түшүрүлгөн Куранда так бир чара көрүлүшү да Курандын Улуу илимдүү Раббибиздин вахийи экенин көрсөткөн кереметтердин бири. Бүгүнкү күндө да чочкону өндүрүүдө алынган ар кандай чара жана контрольго карабастан, чочконун этинин физиологиялык жактан адамдын денесине ыңгайлуу бир азык эмес экени, адамдын ден-соолугуна зыян берүүчү бир эт түрү экени өзгөрбөгөн бойдон калды.
Шыпаа булагы бир өсүмдүк: зайтун
Куранда көңүл бурулган азыктардын бири – бул зайтун. Акыркы жылдарда жасалган изилдөөлөр зайтундун бир гана даамдуу бир азык эле эмес, ошондой эле ден-соолукка да абдан пайдалуу экенин аныктады.
Куранда көңүл бурулган азыктардын бири – бул зайтун. Акыркы жылдарда жасалган изилдөөлөр зайтундун бир гана даамдуу бир азык эле эмес, ошондой эле ден-соолукка да абдан пайдалуу экенин аныктады. Зайтун жана зайтундун майы да абдан жакшы азык. Куранда зайтун дарагынын майына болсо төмөнкү аятта көңүл бурулган:
«Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт нерсени Билүүчү.»
Бул аятта «мубарекетин зейтунетин» сөзү менен зайтун «берекелүү, куттуу, сансыз пайда берүүчү» маанилерине келген мубарек сыпаты менен сыпатталган. «Зейтуха» сөзү менен билдирилген зайтун майы, башка катуу майлардын тескерисинче, бардык адистер тарабынан эң биринчиден жүрөк жана кан-тамырдын чың болушу үчүн жана башка себептерден улам эң көп сунушталган май түрү катары белгилүү. Зайтун майынын ден-соолукка пайдаларын мындайча саноого болот:
Жүрөк жана кан-тамырдын чың болушуна пайдалуу болушу
Зайтун жана зайтун майынын ичиндеги май кислоталарынын көпчүлүгү «моно тойбогон майлар». Моно тойбогон майларда холестерол жок. Ошондуктан зайтун майы кандагы холестеролду жогорулатпайт, тескерисинче контрольдоп турат. Зайтун майы мындан тышкары, денеге абдан керек болгон (EFA: essential fatty asit) омега-6 май кислотасына (линолеикалык кислота) ээ. Мындай өзгөчөлүгү үчүн ден-соолук уюму да (Дүйнөлүк ден-соолук уюму/WHO) тамыр катуулугу, шекер оорулары көп кездешчү коомдордо колдонулган майлардын ичиндеги май кислотасынын эң аз 30%ынын омега-6 май кислотасы (линолеикалык кислота) болушун сунушташууда; бул болсо зайтундун баалуулугун өстүрүүдө.
Бул темадагы изилдөөлөр 1 жума бою күн сайын 25 миллилитр –болжол менен 2 аш кашык-табигый зайтун майын керектеген адамдардын азыраак LDL (жаман холестерол) жана көбүрөөк антиоксидант деңгээлин көрсөткөнүн аныктаган.167 Антиоксиданттар «эркин радикалдар» деп аталган денебиздеги зыяндуу заттарды таасирсиз кылышы жана клетканын кыйрашына тоскоол болушу жагынан абдан маанилүү заттар. Мындан тышкары, зайтун майын колдонуунун холестерол деңгээлин төмөндөтөөрү жана жүрөк ооруларынын алдын алаары көптөгөн изилдөөлөр тарабынан тастыкталган.
Зайтун майы канда айлануучу LDL аттуу зыяндуу холестерол деңгээлин төмөндөтүп, ошол эле учурда HDL аттуу пайдалуу холестерол деңгээлин болсо жогорулаткандыктан, жүрөк жана кан-тамыр ооруларына дары катары сунушталууда. Жүрөк жана кан-тамыр оорулары көп кездешкен өлкөлөрдө көбүнчө көп холестеролго ээ «тойгон майлар» керектелүүдө.
Ошондой эле, зайтун майы денедеги омега-6 май кислотасынын омега-3 май кислотасына болгон катышын да бузбай сактайт. Омега-3 жана омега-6 май кислоталарынын денеге белгилүү бир көлөмдө алынышы абдан маанилүү. Себеби бул катыштарда тең салмаксыздык болгондо, жүрөк, иммундук система менен байланыштуу оорулар жана рак да кошо көптөгөн оору пайда болууда. Ушул себептерден улам көп адамдар зайтун майы менен ден-соолугун чыңап келишүүдө. Америка жүрөк коомчулугу жүрөк ооруларынын рискин төмөндөтүү үчүн көп сандагы «моно тойбогон майлар» диетасынын 30% аз майлуу диетага бир альтернатива боло алаарын айтууда.
Рактын алдын алышы
The Archives of Internal Medicine'де жарык көргөн бир эмгек көп санда «моно тойбогон май» керектеген аялдардын көкүрөк рагына кабылуу рискинин төмөнүрөөк экенин көрсөткөн.168 Нью-Йоркто Буффало университетинин изилдөөчүлөрү жүргүзгөн башка бир изилдөөдө болсо зайтун майы сыяктуу өсүмдүк майларында кездешчү бир май болгон B-ситостериндин простат рагы клеткаларынын пайда болушуна тоскоол болууда көмөкчү болоору айтылган. Изилдөөчүлөр B-ситостерин клеткаларга «бөлүнбө» буйругун берүүчү клетка ичиндеги байланыш системасын күчтөндүрөт, натыйжада, клетка чоңойушу контрольсуз абалга келбестен мурун, ракка тоскоол болууга мүмкүн болот деген жыйынтыкка барышкан.
Оксфорд университетиндеги докторлор тарабынан жасалган акыркы бир изилдөөдө болсо зайтун майынын ичеги рагынан коргоочу өзгөчөлүккө ээ экени аныкталган. Докторлор зайтун майынын ичеги рагынын башталышына тоскоол болуу үчүн ашказандагы кислота менен реакцияга кирээрин аныкташкан. Оксфорд изилдөөчүлөрү, ошондой эле, зайтун майынын өт суюктугун азайтып, DAO (диаминоксидаз аттуу энзим) деңгээлин жогорулатып, анормалдуу клеткалардын көбөйүшүнөн жана рактан коргоочу экенин аныкташкан.169 Артриттин (тарамыш инфекциясы) алдын алышы Изилдөөчүлөрдүн жыйынтыктары боюнча, көп санда зайтун майы жана бышкан жашылча жеген адамдарда тарамыштардагы хроникалык инфекциялык оору болгон ревматизмалык артрит болуу риски төмөндөшү мүмкүн.
Сөөктүн өрчүшүнө көмөкчү болушу
Зайтун майындагы E, A, D, жана K витаминдери жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн сөөктөрүнүн өрчүшүнө көмөкчү болуу, кальцийди турукташтырып, сөөктөрдү күчтөндүрүшү жагынан абдан маанилүү. Ошондой эле, улгайгандарга да өзгөчө сунушталууда, себеби сиңиши оңой жана минералдар менен витаминдердин денеде колдонулушуна көмөкчү болот. Мындан тышкары, сөөк минерализациясын (минералдардын сөөктөрдө чөгүшү) кыймылга келтирип, кальций жоготууга тоскоол болот.170 Сөөктөр организмдин минералдык түзүлүшүнүн кампасын түзөт жана сөөктөрдө минерал топтолбосо сөөктүн жумшарышы сыяктуу олуттуу оорулар пайда болот. Бул жагынан зайтун майынын скелет түзүлүшүнө абдан оң пайдасы бар.
Улгайуунун алдын алышы
Зайтун майындагы витаминдер клетка жаңылоочу өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан, улгайууну дарылоодо да колдонулат, терини азыктандырышат жана коргошот. Азыктар денебизде энергияга айлантылып жатканда, оксидант деп аталган кээ бир заттарды чыгарат. Зайтун майы ичиндеги көп сандагы антиоксидант заты менен зыяндуу заттардын зыянынын алдын алат, клеткаларды жаңылайт, кыртыш жана органдарыбыздын улгайышын кечеңдетет. Ошондой эле, зайтун майы денебизде клеткаларды кыйратуучу, улгайтуучу «эркин радикалдарды» басып туруучу Е витаминине да бай.
Жаш балдардын чоңойушуна салым кошушу
Зайтун жана зайтун майы ичиндеги линол кислотасынан (омега-6 май кислотасы) улам жаңы төрөлгөн наристелер, чоңойуп жаткан балдар үчүн абдан пайдалуу бир азык. Линол кислотасынын жетишсиздиги наристенин өрчүшүнүн жайлашына жана бир катар тери ооруларынын пайда болушуна себеп болот.
Зайтун майы денебиздеги зыяндуу заттардын зыянынын алдын алуучу антиоксидант элементтерди жана адам үчүн абдан маанилүү болгон май кислоталарын камтыйт. Булар болсо гормондорго жардам берет жана клетка кабыкчасынын пайда болушуна көмөкчү болушат.
Зайтун майы адамдын сүтүндөгү май кислотасынын катышына окшош, тең салмактуу бир курамга ээ. Адамдын денеси тарабынан өндүрүлө албаган, ошол эле учурда дене үчүн сөзсүз керек болгон мындай негизги май кислоталарга зайтун майы жетиштүү бир булак болот. Бул факторлор зайтун майын жаңы төрөлгөн наристелер үчүн абдан пайдалуу кылууда.
Төрөттөн мурда жана кийин наристе мээсинин жана нерв системасынын табигый өрчүшүнө салым кошкондуктан, адистер тарабынан энелерге бир гана зайтун майы сунушталууда. Эне сүтүнө жакын көлөмдө линол кислотасын камтуу менен бирге майсыз уй сүтүнө зайтун майы кошулганда, эне сүтүндөй табигый бир азык булагына айланат.
Кан басымын түшүрүүчү таасири:
Archives of Internal Medicine журналынын 2000-жылдын 27-мартындагы санында жарыяланган бир эмгек зайтун майынын жогорку кан басымын төмөндөтөөрүнө дагы бир жолу басым жасаган. Мындан тышкары, зайтун дарагынын жалбырагынан кан басымын төмөндөтүүчү дарылар жасалууда.
Ички органдарга пайдалары:
Ысык же муздак болсун, кандай абалда керектелсе да, зайтун майы ашказан кислотасын азайтып, ашказанды гастрит жана ашказан жарасы (язва) сыяктуу оорулардан коргойт. Мындан тышкары, өт суюктугун иштетип, эч кемчиликсиз абалга келишин камсыздайт. Өттүн тазалануу процессин жөнгө салат жана өт ташы рискин азайтат. Ошондой эле, ичиндеги хлор урматында боордун иштешине көмөкчү болот жана натыйжада дененин калдыктардан тазаланышын жеңилдетет. Мындан тышкары, мээ артерияларынын чың болушуна да жардам берет.
Ушундай көптөгөн өзгөчөлүктөрүнөн улам зайтун майы акыркы жылдарда адистердин көңүлүн абдан бурууда. Адистердин жоромолдорунун кээ бирлери төмөнкүдөй:
Ден-соолук жана тамактануу тармагында алдыңкы авторитеттердин бири, CNN'дин сыйлыктуу корреспонденти The Food Pharmacy (Азыктануу фармацевтикасы) жана Food-Your Miracle Medicine (Тамак-аштар – кереметтүү дарыларыңыз) китептеринин автору жана ошол эле учурда эл аралык бир журналист Jean Carper:
Жаңы Италия изилдөөсү зайтун майынын LDL холестеролунун артерияларды тосуп калуу өзгөчөлүгү да кошо кээ бир оору процесстери менен согушкан... антиоксиданттарга ээ экенин аныктаган.
Диетолог жана тамактануу адиси Pat Baird:
Зайтун майынын көп тараптуулугу... анын ден-соолукка болгон пайдасы жөнүндө али биле элек көп нерсе бар.
Гарвард университетинин Элдин ден-соолугу мектебинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Dr. Dimitrios Trichopoulos:
Америкалык аялдар тойгон майлардын ордуна көбүрөөк зайтун майы керектешкенде, көкүрөк рагы рискинде 50%га чейин төмөндөө болушу мүмкүн эле.
... Зайтун майы кээ бир жаман шишик түрлөрүнөн коргоочу таасирге ээ: простатит, көкүрөк, ичеги, шапкалуу клетка жана тамак шишиктери.
Майами университетинин медицина факультетинен D. Peck:
Зайтун майынын чычкандардын иммундук системасын күчтөндүрөөрү аныкталган...
Милан фармацевтика факультетинен Bruno Berra:
... табигый сызма зайтун майынын кичинекей полярдык элементтери LDL'дин кычкылданууга болгон тирешүүсүн маанилүү көлөмдө жогорулатат.
II. Federico университети терапия жана метаболизма оорулары бөлүмүнөн A. A. Rivellese жана G. Riccardi, M. Mancini:
Зайтун майы инсулин каршылыгына тоскоол болот жана кандагы глюкозанын жакшыраак башкарылышын камсыз кылат.
Napoli университетинин медицина жана химия факультетинен Patrizia Galletti:
Зайтун майы полифенолдорунун азык катары алынышы реактивдүү кычкылтек метаболиттер менен байланыштуу оорулардын рискин төмөндөтүшү мүмкүн –ашказан жана ичегилер менен байланыштуу кээ бир оорулар жана сосуддардын тосулуп калышы сыяктуу. Зайтун майы гидрокситирозолду адам эритроциттерин кычкылдануу коркунучунан коргойт.
Гарвард университетинин элдин ден-соолугу мектебинен Frank Sacks:
Зайтун майына бай бир диета ашыкча салмактуулукту башкарууда жана дарылоодо аз майлуу бир диетадан натыйжалуураак. Мындан тышкары, көбүрөөк убакка салмак жоготууга себеп болот жана салмакты башкаруу жеңилирээк... Байкалгандай, учурда көптөгөн илимпоздор зайтун майына негизделген бир азыктануу моделин эң идеалдуу деп айтышууда. Ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам күнүмдүк тамактануу рационунда дайыма болушу керек болгон эң негизги азыктар катары зайтун жана зайтун майы айтылууда. Аллах көп аятта көңүл бурган зайтун өсүмдүгүнүн пайдалары медицина илиминин өнүгүшү менен бирге аныкталды. Ал силерге асмандан суу түшүрөт. Ичер сууңар да ошондон, дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды) сугарасыңар. (Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Шексиз буларда пикир кылган элдер үчүн аят-далилдер бар. (Нахл Сүрөсү, 10-11)
Коронер By-Pass операциясы
Белгилүү болгондой, бүт органдар өмүрүн улантуу жана кызматын аткаруу үчүн кан аркылуу азыктанууга муктаж. Кан жүрөк булчуңубузга болсо «коронер артерия» деп аталган артериялар аркылуу келет.
«Биз сенин көкүрөгүңдү ачып-кеңейтпедикпи? Жана жүгүңдү азайтып-алып салбадыкпы? Ал (жүк) сенин белиңди бүккөн эле; Сенин зикириңди (атак-даңкыңды) көтөрбөдүкпү? Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.»
Инширах Сүрөсү, 1-6
Белгилүү болгондой, бүт органдар өмүрүн улантуу жана кызматын аткаруу үчүн кан аркылуу азыктанууга муктаж. Кан жүрөк булчуңубузга болсо «коронер артерия» деп аталган артериялар аркылуу келет. Атеросклероз учурунда бул кан-тамырларда кысылуу жана пробкалар пайда болушу мүмкүн. Бул абал күчөгөндө болсо кандын агымына тоскоол болунат жана жүрөк жетиштүү азыктана албай калат. Бул болсо жүрөктүн өз милдетин аткара албаганын көрсөткөн көкүрөк оорусуна жана жүрөк кризисине себеп болууда.
Жогорудагы аяттарда «Биз сенин көкүрөгүңдү ачып-кеңейтпедикпи» деп которулган «Э лем нешрах леке садреке» сүйлөмү ушундай бир жүрөк оорусуна жана бүгүнкү күндө жасалуучу коронер by-pass операцияларына бир ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Себеби аяттагы «лем нешрах» сөзү биринчи мааниси боюнча этти жана ушул сыяктуу нерселерди ачуу (жаруу) этишин билдирүүдө. Мындай операцияларда да көкүрөк сөөк узунунан экиге бөлүнүп, ичине кирилүүдө. Жасалган операция натыйжасында кан агымы кайрадан камсыз кылынууда жана көкүрөк оорусу жоголууда. Аяттагы кеңейүү сөзү ушул кан-тамырлардагы кысылуунун жок кылынышына ишарат болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, бул сүрөнүн артынан эле Аллахтын жүрөктүн чың болушуна пайдалуу бир өсүмдүк болгон «зайтунга» ант ичиши да (Тин Сүрөсү, 1) абдан терең мааниге ээ.
Кыймылдоонун, жуунуунун жана суу ичүүнүн ден-соолукка пайдалары
Куранда көңүл бурулган кыймыл-аракеттердин бири Аз. Айубка келген бир вахийди баяндаган аяттарда билдирилет:
Куранда көңүл бурулган кыймыл-аракеттердин бири Аз. Айубка келген бир вахийди баяндаган аяттарда билдирилет:
«Пендебиз Айубду да эстегин. Ал:
«Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. «Бутуңду кыймылдат. Мына жууна турган жана иче турган муздак (суу» деп вахий кылдык).»
Аз. Айубка шайтан берген кыйынчылык жана тынчсызданууга карата Аллах билдирген кеңештердин бири – бул «бутун кыймылдатышы». Аяттагы бул сөз кыймылдоонун, спорт менен машыгуунун пайдаларына ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) «Бутуңду кыймылдат, жерди теп» деп которулган «уркуд» сөзү Анбия Сүрөсүнүн 12- жана 13-аяттарында «чуркоо» маанисинде колдонулууда. Бул болсо бул жерде айтылган кыймыл-аракеттин «чуркоо» же «ылдам басуу» маанисинде болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.
Спорт учурунда өзгөчө бут булчуңдары сыяктуу узун булчуңдардын кыймылдатылышы (изометрикалык кыймыл-аракеттер) менен кан айлануу ылдамдайт, клеткаларга баруучу кычкылтек көбөйөт. Натыйжада адамдын чарчоосу жоголот, уулуу заттардын денеден чыгышы натыйжасында болсо адам энергиялуу абалга келет. Ошол эле учурда дене микропторго карата бир топ чыдамкай абалга келет. Үзбөстөн көнүгүү жасап жүргөн адамдардын кан-тамырлары кенен жана таза болот. Бул болсо тамырлардын тосулушунун, жана натыйжада жүрөк ооруларынын алдын алат. Мындан тышкары, үзбөстөн, дайыма жасалган көнүгүүлөр кандагы шекердин тең салмактуулугун камсыздап, шекер оорусунун алдын алуучу рол ойнойт. Спорттун боорго болгон оң таасири – бул «жакшы холестерол» деп атоого мүмкүн болгон холестерол көлөмүн жогорулатышы. Ошондой эле, жылаң аяк жерде басуу денеде чогулган туруктуу электрдик зарядды жок кылууда эң мыкты ыкма болуп саналат. Бул ыкма дене үчүн бир зарядды жерге өткөрүү кызматын аткарат.
Мындан тышкары, аятта көңүл бурулгандай, жуунуунун да денедеги статикалык токту чыгарууда эң жакшы ыкма экени белгилүү. Жуунганда денеде чогулган кирден тышкары адамдын үстүндөгү капалануу жана кыйынчылык да азайат. Ошондуктан, жуунуу стресс жана температура оорулары кошо көптөгөн физикалык жана психологиялык ооруларды айыктыруучу таасирге ээ.
Аятта жуунуудан тышкары суу ичүү да сунушталган. Суунун дененин ар бир органына болгон пайдалары абдан көп. Тер бездери, ашказан, ичегилер, бөйрөктөр, тери жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн органдын чың болушу суунун жетиштүү көлөмдө ичилишинен көз-каранды. Бул багытта кандайдыр бир оору же кыйынчылыкты да кайра эле суу ичүү менен кетирүүгө болот. Чарчоону жана уйкусуроону жоюу үчүн да денедеги суунун көлөмүн жогорулатып, натыйжада уулуу заттардан тазалануу керек болот.
Ар бири дене жана рухубуздун чың болушу үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон бул кеңештердин чогуу жасалышы болсо эң идеалдуу натыйжаны берет. Бул кеңештердин баары Аллахтын «Куранда ыймандуулар үчүн шыпаа жана рахмат (мээрим) болгон нерселерди түшүрүүдөбүз...» (Исра Сүрөсү, 82) аятынын бир көрүнүшү.