20-кылымдын ортолоруна чейин «аалам чексиз көлөмгө ээ, чексиз мурдатан бери бар жана түбөлүккө чейин болот» деген көз-караш өкүмдарлык кылган.
20-кылымдын ортолоруна чейин «аалам чексиз көлөмгө ээ, чексиз мурдатан бери бар жана түбөлүккө чейин болот» деген көз-караш өкүмдарлык кылган. «Статикалык (туруктуу) аалам модели» деп аталган бул түшүнүк боюнча ааламдын кандайдыр бир башталышы да, аягы да жок эле.
Материалисттик философиянын да негизин түзгөн бул көз-караш ааламды туруктуу жана өзгөрбөс заттардын жыйындысы катары кабыл алып, бир Жаратуучунун бар экенин да жокко чыгарган. Бирок 20-кылымда өнүккөн илим жана технология материалисттерге фундамент болгон «туруктуу аалам модели» деген примитивдүү түшүнүктөрдү түп-тамырынан кыйратты.
21-кылымдын башы болгон бүгүнкү күндө ааламдын бир башталышы бар экендиги, жоктуктан чоң бир жарылуу менен бир заматта жаралганы заманбап физика тарабынан көптөгөн эксперимент, байкоо жана эсептөөлөр аркылуу далилденди. Мындан тышкары, ааламдын материалисттер жактагандай туруктуу эмес, тескерисинче тынымсыз бир кыймыл жана өзгөрүү ичинде экендиги, кеңейип бараткандыгы аныкталды. Учурда бул чындыктар бардык илим дүйнөсү тарабынан кабыл алынууда.
Курани Керимде ааламдын пайда болушу мындайча баяндалат:
Куранда берилген бул маалымат илимий ачылыштарга толук дал келет. Башында да айтылгандай, бүт ааламдын зат жана убакыт өлчөмдөрү менен бирге, жоктуктан (жок кезинде) чоң бир жарылуу менен пайда болгондугу – бул астрофизика тапкан далилдүү чындык. «Чоң жарылуу», түпкү аты менен айтканда «Биг Бенг» (Big Bang) теориясы бүт ааламдын болжол менен 15 миллиард жыл мурда жалгыз бир чекиттин жарылышы натыйжасында жоктуктан пайда болгонун далилдеди.
«Чоң жарылуудан» мурда зат деген нерсе жок эле. Зат, энергия, ал тургай, убакыт да болбогон, толугу менен метафизикалык деп айтууга боло турган бир жоктук чөйрөсүндө зат, энергия жана убакыт бир заматта жаратылган. Заманбап физика аныктаган бул улуу чындык Куранда бизге 1400 жыл мурдатан билдирилген.
Ааламдын кеңейиши
Астрономия илими али өнүгө элек бир доордо, 14 кылым мурда түшүрүлгөн Курани Керимде ааламдын кеңейиши жөнүндө мындайча билдирилет:
Астрономия илими али өнүгө элек бир доордо, 14 кылым мурда түшүрүлгөн Курани Керимде ааламдын кеңейиши жөнүндө мындайча билдирилет:
«Биз асманды «улуу бир күч менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз.»
Бул аяттагы «сема (асман)» сөзү Курандын көп жеринде космос жана аалам маанисинде колдонулат. Бул жерде да ушул мааниде колдонулган жана ааламдын кеңейүүчү экендиги билдирилген. Кыргызчага «Албетте, Биз кеңейтүүчүбүз (кеңейтип жатабыз)» деп которулган Арапча «инна ле мусиъуне» сүйлөмүндөгү «мусиъуне» сөзү «кеңейтүү» маанисине келген «евсеа» этишинен келип чыккан. «Ле» алдыңкы-мүчөсү болсо өзүнөн кийин келген ысым же сыпатка басым кошуп, «абдан көп, өтө» деген маанини кошот. Ошондуктан, бул сүйлөм «Биз асманды же ааламды өтө кеңейтип жатабыз» деген мааниге келет. Илимдин бүгүнкү жеткен жыйынтыгы да Куранда бизге билдирилген менен бирдей.
20-кылымдын баштарына чейин илим дүйнөсүндө өкүмчүлүк кылган бирден-бир көз-караш – бул «аалам туруктуу бир түзүлүшкө ээ жана түбөлүктөн бери уланып келүүдө» деген көз-караш эле. Бирок бүгүнкү күндүн технологиясы урматында жасалган изилдөө, байкоо жана эсептөөлөр ааламдын бир башталышы бар экенин жана тынымсыз «кеңейип баратканын» аныктады.
Орусиялык физик Александар Фридман (Alexander Friedmann) жана бельгиялык аалам таануучу Жорж Леметр (Georges Lemaitre) 20-кылымдын баштарында ааламдын тынымсыз кыймылда экенин жана кеңейип баратканын теориялык жактан эсептешти.
Бул чындык 1929-жылы байкоолор аркылуу да далилденди. Америкалык астроном Эдвин Хаббл (Edwin Hubble) ири бир телескоп менен асманды изилдеп жатып, жылдыздардын жана галактикалардын тынымсыз бири-биринен алыстап баратканын байкады. Бул ачылыш астрономия тарыхынын эң чоң ачылыштарынын бири деп саналууда. Хаббл бул изилдөөлөр учурунда жылдыздардын алыстыгына жараша кызыл түскө жакындаган бир жарык чыгарганын аныктады. Себеби белгилүү болгон физика мыйзамдары боюнча байкоо жасалган чекитти көздөй кыймылдаган жарыктардын спектри кырмызы түстү көздөй, байкоо жасалган чекиттен алыстаган жарыктардын спектри болсо кызыл түстү көздөй өзгөрөт. Хабблдын байкоолору учурунда болсо жылдыздардын нурларында кызылды көздөй бир өзгөрүү байкалган. Кыскача айтканда, жылдыздар тынымсыз алыстап баратышкан эле.
Жылдыздар жана галактикалар бир гана бизден эмес, бири-биринен да алыстап баратышкан. Бүт баары бири-биринен алыстаган бир аалам болсо тынымсыз «кеңейип бараткан» бир аалам деген мааниге келет. Ааламдын кеңейип бараткандыгы кийинки жылдардагы байкоолор менен да тастыкталды.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн ааламды желденип жаткан бир шардын бетине окшоштурууга болот. Шардын бетиндеги чекиттердин шар чоңойгон сайын бири-биринен алысташы сыяктуу, ааламдагы планеталар да аалам кеңейген сайын бири-биринен алыстоодо. Негизи бул чындык 20- кылымдын эң улуу илимпоздорунун бири деп саналган Альберт Эйнштейн тарабынан да теориялык жактан табылган эле. Бирок Эйнштейн ал доордо көпчүлүк тарабынан кабыл алынган «туруктуу аалам моделине» каршы чыкпоо үчүн бул ачылышын бир бурчка таштап койгон. Эйнштейн бул кылганын кийинчерээк «жашоомдун эң чоң катасы» деп айткан.
Бул илимий чындык али эч бир адам тарабынан билине электе Куранда кылымдар мурда айтылган. Себеби Куран – бул бүт ааламдын жаратуучусу жана ээси болгон Аллахтын сөзү.
Ааламдын аягы жана Биг кранч (Big Crunch)
Ааламдын жаратылышы, жогоруда да айтылгандай, Биг Бенг деп аталган чоң бир жарылуу менен башталган жана ошондон бери аалам кеңейүүдө.
Ааламдын жаратылышы, жогоруда да айтылгандай, Биг Бенг деп аталган чоң бир жарылуу менен башталган жана ошондон бери аалам кеңейүүдө. Илимпоздор аалам жыйындысы жетиштүү деңгээлге жеткенде, тартылуу күчү себебинен бул кеңейүүнүн токтоорун жана мунун ааламдын өз ичине чөгүп, кысылып башташына себеп болоорун айтышууда.
Кысылган ааламдын болсо аягында «Big Crunch» (Чоң кагылышуу, Биг кранч) деп аталган абдан жогорку бир температура жана кысылуу менен натыйжаланаарын айтышууда. Бул болсо биз билген бүт жашоо түрлөрү жок болот деген мааниге келет. Стэнфорд (Stanford) университетинин физика профессору Рената Каллош (Renata Kallosh) жана Андрей Линденин (Andrei Linde) бул жөнүндөгү түшүндүрмөсү мындай:
Ааламдын аягы кичирейүү жана жок болууну көздөй баратат. Көзгө көрүнгөн жана андан алыстардагы бизге көрүнбөгөн бүт нерселер бир протондон да кичинекей бир чекиттей кичирейет. Кара тешиктин ичинде турганыңыз сыяктуу... Кара энергияны эң жакшы төмөнкүдөй сүрөттөөгө болоорун түшүндүк: баскыч баскыч негативдүү абалга келген бул кара энергия ааламдын тең салмактуулугунун өзгөрүшүнө себеп болот жана кичирейип кыйрайт... Физиктер кара энергиянын негативдүү энергияга айланаарын жана ааламдын жакынкы бир келечекте кысылаарын билишет... Бирок бүгүнкү күндө биз бул кубулуштун башында эмес, балким ааламыбыздын жашоо циркуляциясынын ортосунда болушубуз мүмкүн экенин көрүп турабыз.
Big Crunch деп аталган бул илимий гипотезага Куранда мындайча ишарат кылынууда:
«Ошол күнү Биз асманды китептин барактарын кабаттаган сыяктуу кабаттайбыз, алгачкы жолу жаратып баштаган сыяктуу кайра аны (мурдакы абалына) кайтарабыз. Бул Биздин милдетибиздеги убада. Албетте, Биз (муну) жасоочубуз.»
Энбия Сүрөсү, 104
Башка бир аятта болсо асмандардын мындай абалы төмөнкүчө сүрөттөлүүдө:
«Алар Аллахтын кудуретин жакшылап (толугу менен) аңдап түшүнүшкөн жок. Чындыгында, Кыямат күнү жер толугу менен Анын уучунда, асмандар да оң колу менен түрүлүп бүктөлгөн болот. Ал шерик кошкондорунан таза жана Улуу.»
Big Crunch теориясы боюнча, аалам алгач жай, бирок барган сайын ылдамдап чөгүп баштайт. Андан соң болсо аалам чексиз тыгыздык жана чексиз ысык температурада, чексиз кичинекей бир чекит абалына келет. Сүрөттөлгөн бул илимий теория Куран аяттарына дал келет. (Эң туурасын Аллах билет.)
Ысык түтүндөн жаралуу
Учурда илимпоздор жылдыздардын түтүндөн, ысык бир газ булутунан, пайда болооруна күбө болушууда. Ысык газ жыйындысынан пайда болуу ааламдын жаратылуусуна да тиешелүү.
Учурда илимпоздор жылдыздардын түтүндөн, ысык бир газ булутунан, пайда болооруна күбө болушууда. Ысык газ жыйындысынан пайда болуу ааламдын жаратылуусуна да тиешелүү. Куранда да ааламдын жаратылуусу бул илимий ачылыштарды тастыктай турган абалда сүрөттөлгөн:
«Ал жакта (жерде) анын бетинде чайпалбас тоолорду жаратты, анда берекелерди жаратты жана каалап-издегендер үчүн тең кылып ал жердеги ырыскыларды төрт күндө жаратты. Андан соң түтүн абалындагы асманга кайрылды; ага жана жерге мындай деди:
Бул аятта «асман» деп которулган «сема» сөзү менен бүт аалам айтылууда. Аятта «түтүн» деп которулган «духанун» сөзү болсо учурда илимпоздор кабыл алган, ааламдын калыптанышынан мурдакы затты, ааламдын жаратылуусундагы ошол космостук жана ысык бир түтүндү сүрөттөөдө. Катуу заттарга жабышып учкан бөлүкчөлөрдү камтыган, газ абалындагы масса болгон мындай түтүн абалы аяттагы сөз менен толук сүрөттөлөт. Байкалгандай, Куранда ааламдын бул баскычтагы көрүнүшүн сүрөттөгөн эң ылайыктуу сөз колдонулган. Илимпоздор болсо ааламдын түтүн абалындагы ысык бир газ массасынан пайда болгонун 20-кылымда гана аныкташты.
Мындан тышкары, «кийин түтүн абалындагы асманга кайрылды» сүйлөмүндөгү «кийин» деп которулган «сүмме» сөзүнүн «мунун ордуна, мындан башка, мындан тышкары, анын үстүнө, кайра, дагы бир жолу» сыяктуу башка маанилери да бар. Бул жерде «сүмме» сөзү бир убакыт маанисинде эмес, кошумча түшүндүрмө үчүн колдонулууда. Ааламдын жаратылуусу жөнүндөгү мындай бир маалыматтын Куранда билдирилиши, албетте, Курандын илимий бир керемети.
«Асмандар менен жердин» бири-биринен бөлүнүшү
Куранда асмандардын жаратылышы жөнүндө маалымат берилген башка бир аят болсо төмөнкүдөй:
Куранда асмандардын жаратылышы жөнүндө маалымат берилген башка бир аят болсо төмөнкүдөй:
«Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)?»
Аяттын «бири-бирине бириккен» деп которулган «ратк» сөзү Арапча сөздүктөрдө «бири-бирине бириккен, бөлүнбөй турган абалда, аралашкан» маанилерине келет. Б.а. толук бир бүтүндү түзгөн эки затты сүрөттөө үчүн бул сөз колдонулат. Аяттагы «бөлдүк» деген сөз болсо Арапча «фатк» этиши; бул этиш жабышкан, бир абалдагы бир нерсени жарып, майдалап тышкы чыгышы маанисине келет. Мисалы, уруктун бүчүрлөнүп, топурактан сыртка чыгышы Арапчада ушул этиш менен айтылат.
Эми аятты кайра карайлы. Аятта асмандар менен жердин бирге, т.а. «ратк» абалында экени айтылууда. Андан соң бул экөө «фатк» этиши менен бөлүнүшүүдө. Т.а. бири экинчисин жарып, сыртка чыгууда. Чынында эле Биг Бенгдин алгачкы баскычын элестеткенибизде, ааламдын бүт затынын жалгыз бир чекитте чогулганын көрөбүз. Башкача айтканда, бүт нерсе, ал тургай али жаратыла элек болгон «асмандар жана жер» да бул чекиттин ичинде, бири-бири менен аралаш, бөлүнбөс абалда болушкан. Андан соң бул чекит күчтүү бир жарылуу менен жарылып бөлүнүүдө.
Асмандар менен жердин арасындагылардын жаратылуусу
Куранда асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын жаратылуусу жөнүндө көптөгөн аят бар:
Куранда асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын жаратылуусу жөнүндө көптөгөн аят бар:
«Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды акыйкат менен гана жараттык. Эч шексиз, ал саат жакындап келатат; демек (аларга карата) жакшы мамиле кыл.»
Илимпоздор башында ысык бир газ массасынын чогулганын, андан соң бул массанын бөлүктөргө бөлүнүп, галактикалык заттарды, андан кийин жылдыздарды жана планеталарды пайда кылганын айтышууда. Б.а. жер жана ошондой эле бардык жылдыздар бириккен абалдагы газ массасынан бөлүнгөн бөлүктөр. Бул бөлүктөрдүн кээ бирлери күндөрдү, планеталарды түзүп, натыйжада көптөгөн күн системалары жана галактикалар пайда болгон. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, аалам «ратк» (бирге, чогуу) абалдан «фатк» болгон (бөлүктөргө бөлүнгөн). Куранда ааламдын пайда болушу илимий түшүндүрмөлөрдү тастыктаган эң ылайыктуу сөздөр менен баяндалууда.
Ар бир бөлүнүү болгон сайын, космосто жаңы пайда болгон негизги планеталардан башка бир канча бөлүкчө сыртта калган. Бул ашыкча бөлүкчөлөрдүн илимий аталышы «жылдыздар арасындагы галактикалык зат». Жылдыздар арасы заттын 60%ы суутек, 38%ы гелий жана 2%ы болсо башка элементтерден турат. Жылдыздар арасы заттын 99%ы газ, 1%ы болсо оор элементтердин 0,0001- 0,001 чоңдуктагы чаңчаларынан турат.
Илимпоздор бул заттарды астрофизикадагы өлчөөлөр жагынан абдан маанилүү дешет. Бул заттар чаң, түтүн же газ деп атоого боло турганчалык жука. Бирок бул заттардын баары эске алынганда, космостогу галактикалардын жыйындысынан чоң бир масса пайда болот. Жылдыздар арасы мындай галактикалык заттардын бар экени алгачкы жолу 1920-жылы аныкталганына карабастан, жогорудагы аяттарда «экөөсүнүн арасындагылар, экөөсү арасындагы нерселер» деп которулган «ма бейнехума» сөзү аркылуу Куранда бул бөлүкчөлөрдүн бар экенине кылымдар мурда көңүл бурулган.
Ааламдагы кемчиликсиз тең салмактуулук
Ааламдагы миллиарддаган жылдыз жана галактика кемчиликсиз бир тең салмактуулук ичинде алар үчүн аныкталып коюлган орбиталарында кыймылдашат.
«Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат.»
Мүлк Сүрөсү, 3-4
Ааламдагы миллиарддаган жылдыз жана галактика кемчиликсиз бир тең салмактуулук ичинде алар үчүн аныкталып коюлган орбиталарында кыймылдашат. Жылдыздар, планеталар жана спутниктер бир тараптан өз окторунда, экинчи тараптан болсо өздөрү тиешелүү болгон системалар менен бирге айланышууда. Ал тургай, кээде ичинде 200-300 миллиард жыздызы бар галактикалар бири-биринин ичинен өтүп кетишет. Мындай өтүү учурунда ааламдагы улуу тең салмактуулукту буза турган эч бир сүзүшүү болбойт.
Ааламдагы ылдамдык түшүнүгү дүйнө чоңдуктары менен салыштырганда абдан ири чоңдуктарда. Миллиарддаган, триллиондогон тонна оордуктагы жылдыздар, планеталар жана сандык мааниси бир гана математиктер түшүнө алгандай чоңдуктагы галактикалар жана галактика жыйындылары космос ичинде кереметтүү бир ылдамдык менен кыймылдашат.
Мисалы, жер саатына 1670 км ылдамдык менен өз огунун айланасында айланат. Учурда эң ыкчам октун саатына орточо 1800 км ылдамдыкка ээ экенин эске алсак, жердин ушунчалык чоң болгонуна карабастан, ылдамдыгынын канчалык чоң экенин түшүнүүгө болот.
Жердин күндүн айланасындагы ылдамдыгы болсо октун ылдамдыгынан дээрлик 60 эсеге чоң: саатына 108000 км. (Мынчалык чоң ылдамдык менен кыймылдай алчу бир унаа жасала алганда, жерди 22 мүнөттө айланып чыгууга болоор эле.) Бул чоңдуктар бир гана жерге тиешелүү. Күн системасы болсо мындан да кызык. Бул системанын ылдамдыгы логикабыздын чегине сыйбай тургандай чоң. Ааламда системалар чоңойгон сайын ылдамдык өсөт. Күн системасынын галактика борборунун айланасындагы айлануу ылдамдыгы саатына 720000 км. Болжол менен 200 миллиард жылдызды камтыган «Саманчынын жолу галактикасынын» космостогу ылдамдыгы болсо саатына 950000 км.
Албетте, мынчалык татаал жана ыкчам кыймылдаган бир системанын ичинде чоң кырсыктардын болуу ыктымалдуулугу абдан жогору. Бирок мындай болбойт жана биз бейпилдик ичинде өмүр сүрөбүз. Себеби ааламдагы бүт нерселер Аллах койгон кемчиликсиз тең салмактуулукка ылайык иштөөдө. Мына ушул себептен аятта билдирилгендей, бүт бул система ичинде эч бир «карама-каршылык жана төп келбестик» жок.
Ааламдагы абдан аяр эсеп
Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (системага) салган, белгилүү бир өлчөм (эсеп) менен жараткан.
«Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат.»
Мүлк Сүрөсү, 3-4
«Аллахтын жети асманды бири-бири менен бир төп келүүчүлүк ичинде жаратканын көрбөй жатасыңарбы?»
Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (системага) салган, белгилүү бир өлчөм (эсеп) менен жараткан.
Материалисттик философия «ааламдагы жана табияттагы бардык системалар өзүнөн-өзү иштеген бир машина сыяктуу» жана «алардагы кемчиликсиз тең салмактуулук жана системанын жаратуучусу – бул кокустуктар» деген догманы жактайт. Бирок бүгүнкү күндө материализмдин жана анын калп илимий таянычы болгон дарвинизмдин жараксыз экени илимий тараптан толук далилденди.
20-кылымдагы астрофизика тармагында болсун, биология тармагында болсун көптөгөн илимий ачылыштар ааламдын жана жандуулардын жаратылганын далилдеди. Бир тараптан дарвинизмдин гипотезалары бир-бирден кыйрап отурганда, экинчи тараптан болсо ааламдын жоктон жаратылганын көрсөткөн Биг Бенг теориясы жана заттык дүйнөдө улуу бир долбоор, план жана «кылдат бир жөнгө салуу» (fine tuning) бар экенин көрсөткөн ачылыштар материализмдин догмаларынын негизсиз экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Жандуу нерсенин пайда болушу үчүн керектүү болгон шарттарды караганыбызда бир гана жердин мындай өзгөчө бир чөйрөгө ээ экенин көрөбүз. Жашоого ыңгайлуу болгон бул чөйрөнү камсыздоо үчүн болсо санап бүтүүгө мүмкүн болбогондой көп сандагы шарттар бир эле учурда, тынымсыз ишке ашууда. Ааламда болжол менен 100 миллиард галактика жана ар биринде орточо 100 миллиард жылдыз жана дагы ошончо планета бар экенин эске алсак, анда жерде мынчалык өзгөчө бир чөйрөнүн пайда болушунун маанисин жакшыраак түшүнүүгө болот.
Биг Бенгдин жарылуу ылдамдыгынан атомдордун физикалык тең салмактуулуктарына, төрт негизги күчтүн чоңдуктарынан жылдыздардын алхимиялык процесстерине, күн таркаткан нурдун өзгөчөлүгүнөн суунун суюктук (агуучулук) даражасына, айдын жерге болгон алыстыгынан атмосферадагы газдардын катышына, жердин күнгө болгон алыстыгынан анын огунун орбитасына болгон кыйшайуу деңгээлине, жердин өз огундагы айлануу ылдамдыгынан жер бетиндеги океандардын, тоолордун функцияларына чейинки бардык детальдардын баары биздин өмүр сүрүшүбүзгө абдан кереметтүү тактыкта ыңгайлуу. Учурда илим чөйрөсү ааламдын мындай өзгөчөлүктөрүн «Адамдык принцип» (Anthropic Principle) жана «кылдат бир жөнгө салуу» (Fine Tuning) түшүнүктөрү менен сүрөттөөдө. Бул түшүнүктөр ааламдын максатсыз, өз башынча, кокустан пайда болгон бир зат жыйындысы эмес экенин, тескерисинче адамдын жашоосуна багытталган бир максатка ылайык, абдан кылдат долбоорлонгонун көрсөтөт.
Жогорудагы аяттарда Аллахтын жаратуусундагы өлчөм жана төп келүүчүлүккө көңүл бурулууда. Фуркан Сүрөсүнүн 2-аятында «өлчөп бычуу, тууралоо, өлчөп жасоо» маанилерине келген «такдийр» сөзү Мүлк Сүрөсүнүн 3-аяты менен Нух Сүрөсүнүн 15-аятында болсо «төп келишкен» маанисине келген «тибака» сөзү колдонулууда. Мындан тышкары, Аллах Мүлк Сүрөсүндө «карама-каршылык, туура келбестик, төп келбестик, тең салмаксыздык» маанилерине келген «тефавутин» сөзү аркылуу төп келбестик издегендин аны таба албашын билдирүүдө.
20-кылымдын аягына жакын колдонулуп баштаган «кылдат бир жөнгө салуу» (fine tuning) сөзү да ушул аяттарда айтылган чындыкты тастыктоодо. Акыркы 20-30 жыл ичинде көптөгөн илимпоздор ааламдын бир кокустуктар жыйындысы эмес экенин, тескерисинче ар бир детальда адамдын жашоосун көздөгөн кереметтүү бир долбоор жана жөнгө салуу бар экенин көрсөтүштү. Ааламдагы көптөгөн өзгөчөлүк ааламдын жашоо үчүн өзгөчө долбоорлонгонун апачык көрсөтүүдө. Физик Др. Карл Гиберсон (Karl Giberson) бул чындыкты мындайча баяндайт:
Акыркы 40 жылдан бери физика жана космологиядагы өнүгүүлөр илим терминологиясына «долбоор» сөзүн кайра алып келди. 1960-жылдардын башында физиктер адамдын жашоосу үчүн «кылдат жөнгө салуу» жасалган бир ааламдын эшигин толук ачышты. Ааламда жашоонун бар болушунун эч мүмкүн болбогон жана эч кемчиликсиз бир тең салмактуулуктагы физикалык факторлордон көз-каранды экенин аныкташты.
Англиялык астрофизик проф. Жорж Ф. Эллис (George F. Ellis) бул кылдат жөнгө салуу жөнүндө мындай дейт:
(Ааламдагы) мындай комплекстүүлүккө мүмкүндүк берген мыйзамдарда таң калыштуу бир кылдат жөнгө салуу көрүнүп турат. Ааламдагы мындай комплекстүүлүктүн ишке ашышы «керемет» сөзүн колдонууга мажбурлайт.
Биг Бенгдин жарылуу ылдамдыгы:
Ааламдын пайда болуу учуру болгон Биг Бенгде курулган тең салмактуулуктар ааламдын кокустан пайда боло албашынын көрсөткүчтөрүнүн бири. Австралиядагы Adelaide университетинен атактуу, математикалык физика профессору Пол Дейвистин (Paul Davies) ою боюнча Биг Бенгден кийин ишке ашкан кеңейүү ылдамдыгы эгер миллиард көбөйтүү миллиардда бир (1/1018) чоңдукта эле башкача болгондо, аалам жарала алмак эмес.9 Стивен Хокинг (Stephen Hawking) да Убакыттын кыскача тарыхы аттуу эмгегинде ааламдын кеңейүү ылдамдыгындагы мындай кереметтүү тең салмактуулукту мындайча кабыл алат:
Ааламдын кеңейүү ылдамдыгы ушунчалык критикалык болгондуктан, Биг Бенгден кийинки биринчи секундада бул чоңдук эгер жүз миң миллион көбөйтүү миллиондо бирге кичирээк болгондо эле, аалам азыркы абалына келбестен мурун өз ичине чөгүп кетмек.
Төрт күч:
Учурда заманбап физика кабыл алган «төрт негизги күчтүн» - гравитациялык күч (планеталардын тартылуу күчү), электромагниттик күч, күчтүү ядролук күч жана алсыз ядролук күчтүн- байланышы жана тең салмактуулугу урматында ааламдагы бардык физикалык кыймылдар жана түзүлүштөр пайда болот. Бул күчтөр бири-биринен кереметтүү айырмаларга ээ. Атактуу молекулярдык биолог Майкл Дентон (Michael Denton) бул күчтөр арасындагы назик тең салмактуулукту мындайча түшүндүрүүдө:
Эгер гравитациялык күч бир триллион эсе күчтүү болгондо, анда аалам абдан кичинекей бир жерде болмок жана өмүрү да абдан кыска болмок. Орточо бир жылдыздын массасы азыркыдан бир триллион эсе кичинекей болмок жана өмүрү да бир жылдай эле болмок. Башка тараптан, эгер гравитациялык күч биразга эле алсызыраак болгондо, эч бир жылдыз же галактика эч пайда боло алмак эмес. Башка күчтөр арасындагы тең салмактуулуктар да абдан назик «эсептелген». Эгер күчтүү ядролук күч биразга эле алсыз болгондо, анда ааламдагы жалгыз тең салмактуу элемент суутек болмок. Башка эч бир атом боло алмак эмес. Эгер күчтүү ядролук күч электромагниттик күчкө салыштырмалуу биразга эле күчтүүрөөк болгондо, анда ааламдагы жалгыз тең салмактуу элемент ядросунда эки протону бар бир атом болмок. Мындай учурда ааламда эч суутек болмок эмес, жана жылдыздар жана галактикалар эгер пайда болушса да, азыркы түзүлүштөрүнөн такыр башкача болмок. Кыскасын айтканда, эгер бул негизги күчтөр жана өзгөрүүчүлөр азыр ээ болгон маанилеринин дал өзүндөй мааниге ээ болушпаса, эч бир жылдыз, супернова (supernova), планета жана атом болмок эмес. Жашоо да болмок эмес.
Асман планеталары арасындагы аралыктар:
Асман планеталарынын космостогу жайгашышы жана араларындагы чоң боштуктар жерде жандуулардын жашай алышы үчүн керектүү шарт. Асман планеталары арасындагы аралыктар жердеги жашоону колдой турган абалда көптөгөн ааламдык күч менен ыңгайлуу бир эсеп ичинде жаратылган. Майкл Дентон (Michael Denton) Nature's Destiny (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде суперновалар жана жылдыздар арасындагы аралыктардагы тең салмактуулуктарды мындайча түшүндүрүүдө:
Суперновалар жана негизи бардык жылдыздар арасындагы аралыктар абдан критикалык нерсе. Галактикабыздагы жылдыздардын бири-бирине болгон орточо алыстыгы 30 миллион миля. Эгер бул аралык биразга азыраак болгондо, планеталардын орбиталары туруксуз абалга келмек. Эгер көбүрөөк болгондо, бир супернова тарабынан жайылган зат ушунчалык чачыранды абалга келмек, натыйжада биздикине окшогон планета системалары чоң бир ыктымалдуулук менен эч пайда боло алмак эмес. Эгер аалам жашоого ыңгайлуу бир жер боло турган болсо, анда супернова жарылуулары абдан так бир көлөмдө ишке ашышы керек жана бул жарылуулар менен башка бардык жылдыздар арасындагы аралык абдан так бир алыстыкта болушу зарыл. Бул алыстык учурда ансыз деле бар болгон алыстык.10 Жердин тартылуу күчү:
Эгер күчтүүрөөк болгондо: жердин атмосферасы абдан көп аммиак жана метан чогултмак, бул болсо жашоого абдан терс таасир бермек.
Эгер алсызыраак болгондо: жердин атмосферасы абдан көп суу жоготуп, жашоо болмок эмес.
Күнгө болгон алыстык:
Эгер алысыраак болгондо: планета абдан муздап, атмосферадагы суу айлануусуна тескери таасир бермек жана планета муз дооруна кирмек.
Эгер жакыныраак болгондо: планета ысыктан куурулуп, атмосферадагы суу айлануусуна тескери таасир бермек жана жашоо мүмкүн болбой калмак.
Жердин үстүңкү катмарынын калыңдыгы:
Эгер калыңыраак болгондо: атмосферадан жердин үстүңкү катмарына абдан көп санда кычкылтек берилмек.
Эгер ичкерээк болгондо: жашоонун мүмкүн болбой калышына себеп боло турганчалык көп санда вулкандык кыймылдар болмок.
Жердин өз огунда айлануу ылдамдыгы:
Эгер жайыраак болгондо: түн менен күндүздүн арасындагы температура айырмалары абдан чоң болмок.
Эгер ылдамыраак болгондо: атмосфера шамалдары абдан чоң ылдамдыктарга жетип, бороон жана чапкындар жашоону мүмкүн эмес кылмак.
Жердин магнит талаасы:
Эгер күчтүүрөөк болгондо: абдан күчтүү электромагниттик бороондор болмок.
Эгер алсызыраак болгондо: күн шамалы деп аталган жана күндөн чыккан зыяндуу бөлүкчөлөрдөн жер корголбой калмак. Эки учурда тең жерде жашоо мүмкүн болмок эмес.
Альбедо (Albedo) таасири: (жер бети тарабынан жутула албастан артка чагылган күн нуру)
Эгер күчтүүрөөк болгондо: ылдам муз доору башталмак.
Эгер алсызыраак болгондо: күкүрттүн таасири ашыкча ысыкка себеп болуп, жер алгач айсбергдердин ээриши натыйжасында суу астында калмак, андан соң күйүп калмак.
Атмосферадагы кычкылтек менен азоттун катышы:
Эгер көбүрөөк болгондо: жашоо функцияларын ылдамдатуучу тескери таасир болмок.
Эгер азыраак болгондо: жашоо функцияларын жайлатуучу тескери таасир болмок.
Атмосферадагы көмүр кычкыл газы жана суунун деңгээли:
Эгер көбүрөөк болгондо: атмосфера абдан бат ысымак.
Эгер азыраак болгондо: атмосферанын температурасы төмөндөмөк.
Озон катмарынын калыңдыгы: - Эгер көбүрөөк болгондо: жер бетинин температурасы абдан төмөндөмөк.
Эгер азыраак болгондо: жер жүзү ашыкча ысып, күндөн келген зыяндуу ультра-кырмызы нурларга карата бир коргоо калбай калмак.
Жер титирөө кыймылдары:
Эгер көбүрөөк болгондо: жандуулар үчүн тынымсыз бир кыйроо болмок.
Эгер азыраак болгондо: океандын түбүндөгү азыктар сууга аралашмак эмес, океан жана деңиздеги жашоо, натыйжада бүт дүйнө жандыктарына тескери таасир болмок.
Жердин огунун кыйшайган абалы:
Жердин огу орбитасына 23 даражалык бир бурч менен кыйшайып турат. Жыл мезгилдери ушул кыйшайуунун урматында пайда болот. Бул кыйшайуу учурдагы маанисинен көбүрөөк же азыраак болгондо, жыл мезгилдери арасындагы температура айырмасы жогорку даражаларга жетип, жер бетинде жан чыдагыс ысык жаз-жайлар жана ашыкча суук кыштар болмок.
Күндүк чоңдугу:
Күндүн ордунда кичирээк бир жылдыздын болушу жердин ашыкча суушуна, чоң бир жылдыздын болушу болсо жердин ысыктын күйүп-куурулушуна себеп болмок.
Ай менен жердин арасындагы тартылуу таасири:
Эгер көбүрөөк болгондо: айдын күчтүү тартылуу күчүнүн атмосфера шарттары, жердин өз огундагы айлануу ылдамдыгы жана океандардагы суунун жээкке көтөрүлүп-төмөндөөлөрүнө (прилив) болгон катуу таасирлери болмок.
Эгер азыраак болгондо: күчтүү климат өзгөрүүлөрүнө себеп болмок.
Ай менен жердин арасындагы аралык:
Эгер дагы бираз жакыныраак болгондо, ай жерди сүзмөк.
Эгер алысыраак болгондо, ай космосто жоголуп кетмек.
Эгер жакыныраак болгондо, айдын жерге таасир берип, себеп болгон суунун көтөрүлүп-төмөндөөлөрү кооптуу деңгээлдерге жетмек. Океандын толкундары материктердин төмөн жерлерин каптамак. Натыйжада пайда болгон сүрүлүү океандардын температурасын жогорулатып, жерде жашоо үчүн керектүү болгон аяр температура тең салмактуулугун жок кылмак.
Эгер бираз алыста болгондо, океандын көтөрүлүп-төмөндөө кубулуштары азаймак жана бул болсо океандардын кыймылынын азайышына себеп болмок. Кыймылы аз суу океандагы жашоого кооптуулук жаратмак, ошол эле учурда дем алган абабыздагы кычкылтек деңгээлине кооптуулук жаралмак.11 Жердин температурасы жана көмүртек негиздүү жашоо:
Жашоонун негизи болгон көмүртек элементинин болушу белгилүү чектердеги температурадан көз-каранды. Көмүртек – бул аминокислота, нуклеин кислотасы жана протеиндер сыяктуу жашоону түзгөн негизги органикалык молекулалар үчүн керектүү бир зат. Ошондуктан жашоо бир гана көмүртек негиздүү боло алат жана бул үчүн болсо температура эң аз -20 0C, эң көп +120 0C болушу керек. Жердин температурасы дал ушундай аралыктарда.
Бул жерде саналгандар жерде жашоонун пайда болушу жана жандуулуктун уланышы үчүн керектүү, абдан кылдат тең салмактуулуктардын бир канчасы гана. Бир гана бул жерде саналгандар эле ааламдын жана жердин кокустуктар натыйжасында, кокустук окуялардын биринин артынан экинчисинин болушу натыйжасында пайда боло албашын дапдаана көрсөтүү үчүн жетиштүү. 20- кылымда колдонулуп баштаган «кылдат бир жөнгө салуу», «адамдык принцип» түшүнүктөрү Куранда кылымдар мурда билдирилген «төп келүүчүлүк жана өлчөө менен жаратылууну» тастыктап жатат.
Күн, ай жана жылдыздын түзүлүшүндөгү айырма
Белгилүү болгондой, күн – бул күн системасындагы жалгыз нур булагы. Технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен астрономдор айдын бир нурдун булагы эмес экенин, бир гана күндөн келген нурду чагылтаарын аныкташты.
«Силердин үстүңөрдө абдан бекем жети-асман курдук. Абдан жаркыраган бир шам (Күн) жасадык.»
Белгилүү болгондой, күн – бул күн системасындагы жалгыз нур булагы. Технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен астрономдор айдын бир нурдун булагы эмес экенин, бир гана күндөн келген нурду чагылтаарын аныкташты. Жогорудагы аятта айтылган «шам» сөзү да – Арапчада ысыктык жана жарык булагы болгон күндү эң сонун сүрөттөгөн «сираж» сөзү.
Аллах Куранда ай, күн жана жылдыздар сыяктуу асман планеталары жөнүндө сөз кылганда, ар башка сөздөрдү колдонууда. Булардан күн жана айдын түзүлүштөрү арасындагы айырма Куранда мындайча айтылган:
«Жана Айды булардын арасында бир нур кылып, Күндү болсо (жарык кылуучу жана ысытуучу) бир шам кылган.»
Бул аятта ай үчүн жарык (Арапча «нур»), күн үчүн шам чырак (Арапча «сираж») сөздөрү колдонулган. Бул сөздөрдөн ай үчүн колдонулган сөз жарыкты чагылткан, жаркыраган, кыймылсыз бир массаны сүрөттөйт. Күн үчүн колдонулган сөз болсо тынымсыз күйүп турган, ысыктык жана жарыктын булагы, асмандагы бир түзүлүш маанисине келет.
Ал эми «жылдыз» сөзү Арапчада «пайда болгон, көрүнгөн» маанилерине келген «нежеме» тамырынан чыккан. Мындан тышкары, жылдыз төмөндөгү аяттагы сыяктуу нуру менен караңгылыктарды жаруучу, жаркыроочу, өзүн-өзү сарптоочу жана күйүүчү маанилерине ишарат кылган «сакиб» сөзү менен да сыпатталган:
Учурда айдын өзүнөн нур чыгарбашы, күндөн келген нурду чагылтаары белгилүү. Күн жана жылдыздардын болсо өз нурларын чыгараарын билебиз. Куранда бул чындыктар адамдардын асман телолору жөнүндө маалыматы абдан чектелүү бир доордо, т.а. мындан 14 кылым мурда билдирилген.
Орбиталар жана айлануучу аалам
Ааламдагы улуу тең салмактуулуктун эң маанилүү себептеринин бири – бул албетте асман телолорунун белгилүү орбиталар менен жүрүшү.
Ааламдагы улуу тең салмактуулуктун эң маанилүү себептеринин бири – бул албетте асман телолорунун белгилүү орбиталар менен жүрүшү. Жылдыздар, планеталар жана спутниктер бир тараптан өз окторунда, экинчи тараптан көз-каранды болгон система менен бирге айланышууда, аалам бир заводдун тиштери сыяктуу кылдат бир система ичинде иштөөдө.
Ааламдын биз көрө алган бөлүгүндө 100 миллиарддан көп галактика бар жана кичинекей галактикаларда болжол менен бир миллиард, чоң галактикаларда болсо бир триллиондон көп жылдыз бар. Бул жылдыздардын көпчүлүгүнүн планеталары, бул планеталардын болсо спутниктери бар. Бардык бул асман телолору абдан назик, так эсептер менен аныкталган орбиталарга ээ. Жана миллиондогон жылдан бери баары өз орбитасында башкалары менен теңдешсиз бир төп келүүчүлүк жана система ичинде агып (учуп) жүрөт. Булардан башка дагы көптөгөн куйруктуу жылдыз да өзү үчүн белгиленген орбитада сүзүп жүрөт.
Ааламдагы орбиталар бир гана асман телолоруна тиешелүү эмес. Күн системабыз, ал тургай, башка галактикалар башка борборлор айланасында абдан кыймылда болушат. Жер жана аны менен бирге күн системасы жыл сайын мурдакы ордунан 500 миллион км алыстайт. Асман телолорунун орбиталарынан кичине эле жылып кетишинин системаны кыйрата турганчалык маанилүү натыйжаларга себеп болушу мүмкүн экени эсептелген. Мисалы, жер орбитасында кадимкиден көп же аз 3 миллиметрлик бир жылып кетүүнүн себеп болушу мүмкүн болгон натыйжалары бир булакта мындайча сүрөттөлгөн:
Жер күндүн айланасында айланып жатып, ушундай бир орбита чийет; ар бир 18 миляда түз сызыктан болгону 2,8 мм алыстайт. Жер чийген бул орбита кылчалык да адашпайт; себеби орбитадан 3 миллиметрлик бир алыстоо да чоң кырсыктарга себеп болмок: алыстоо 2,8 ордуна 2,5 миллиметр болгондо, орбита абдан кенен болмок жана баарыбыз тоңуп калмакпыз; алыстоо 3,1 миллиметр болгондо, баарыбыз куурулуп, күйүп өлмөкпүз.
Асман телолорунун дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул орбиталарынан тышкары өз огунда да айланышы. Куранда «Айлануучу асманга ант болсун» (Тарык Сүрөсү, 11) аяты болсо дал ушул чындыкка ишарат кылат. Албетте, Куран түшүрүлгөн доордо адамзат учурдагы сыяктуу космосту миллиондогон киллометр алыстарга чейин байкоо жүргүзө ала турган телескопторго, өнүккөн байкоо технологияларына, заманбап физика жана астрономия маалыматтарына ээ эмес эле. Ошондуктан космостун, аятта билдирилгендей, «кылдат (аяр) жолдор жана орбиталар менен жабдылган» (Зарият Сүрөсү, 7) экенин ал доордо илимий тараптан аныктоо мүмкүн эмес эле. Бирок ал доордо түшүрүлгөн Курани Керимде бул чындык бизге апачык кабар берилген; себеби Куран – бул Аллахтын сөзү.
Күндүн жол алган багыты
Куранда күн жана ай жөнүндө айтылганда ар биринин белгилүү бир орбитасынын бар экени баса белгиленет:
Куранда күн жана ай жөнүндө айтылганда ар биринин белгилүү бир орбитасынын бар экени баса белгиленет:
«Түндү, күндүздү, күндү жана айды Ал жараткан; ар бири бир орбитада сүзүп жүрөт.»
Жогорудагы аятта айтылган «сүзүү» сөзү Арапчада «сабаха» деп айтылат жана күндүн космостогу кыймылын түшүндүрүү үчүн колдонулууда. Бул сөз күндүн космосто кыймылдап баратканда, башкаруусуз эмес экени, өзүнүн огунда айланаары жана айланып баратканда бир жолдо сүзөөрү маанисине келет. Күндүн бир жерде турбашы, белгилүү бир орбитада кыймылдаары дагы бир аятта мындайча билдирилүүдө:
«Күн да ал үчүн (белгиленип) коюлган бир ордун көздөй агып (сүзүп) баратат. Бул улуу жана кудуреттүү, даанышмандын буйругу.»
Куранда билдирилген бул чындыктар бир гана биздин доордогу астрономиялык байкоолор менен аныкталды. Астрономия адистеринин эсептөөлөрү боюнча күн Solar Apex деп аталган бир орбита боюнча Вега жылдызын көздөй саатына 720000 киллометрлик абдан чоң бир ылдамдык менен кыймылдап баратат. Бул болжолдуу эсеп менен күндүн күн сайын 17 миллион 280 миң км жол басып өтөөрүн көрсөтөт. Күн менен бирге анын тартылуу системасы ичиндеги бардык планеталар жана спутниктери да ошончо жолду басышат.
Айдын орбитасы
Айдын орбитасы башка планеталардын спутниктери сыяктуу бирдей бир орбитада эмес. Ай орбитасында баратканда жердин кээде алдына, кээде артына өтөт.
«Биз ай үчүн да бир катар барчу жерлерди аныктап койдук; аягында ал эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат). Күн айга жете албайт, түн да күндүздөн алдыга өтүп кете албайт. Баары бир орбитада сүзүп жүрүшүүдө.»
Айдын орбитасы башка планеталардын спутниктери сыяктуу бирдей бир орбитада эмес. Ай орбитасында баратканда жердин кээде алдына, кээде артына өтөт. Ошол эле учурда жер менен бирге күндүн айланасында айлангандыктан, космосто тынымсыз «S» тамгасына окшош бир орбита чийет. Айдын космостогу мындай орбитасынын калыбы Куранда «эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат)» сүйлөмүндө сүрөттөлгөндөй, кургаган курма дарагынын бутагынын ийрилигине абдан окшошууда. Аяттагы «уржун» сөзүнүн мааниси куурап ичкерген, тырышкан курма бутагы жана курма дарагынын мөмөлөр жыйылып алынган соң калган бөлүгүн айтуу үчүн колдонулат. Мындан тышкары, бул бутактын «эски» сөзү менен айтылышы да абдан сырдуу, себеби курма бутагынын эскиси ичкерээк жана ийрирээк.
Албетте, 1400 жыл мурун айдын орбитасы жөнүндө маалыматка ээ болуу мүмкүн эмес эле. Учурдун технологиясы жана илимий жетишкендиктери менен аныктала алган мындай түзүлүштүн Куранда мынчалык так бир окшоштуруу менен билдирилиши Курандын дагы бир илимий керемети.
Ай жылынын эсептелиши
Жогорудагы биринчи аятта Аллах айдын адамдар үчүн бир жыл эсептөөдө бир өлчөө болоорун апачык билдирген. Мындан тышкары, бул эсептердин айдын орбитасында айланышы учурундагы көрүнүштөрүнө жараша жасалаарына да көңүл бурулган.
«Күндү бир жарык кылуучу, айды бир нур кылган жана жылдардын санын жана эсепти билишиңер үчүн ага орундарды аныктап койгон – Ал (Аллах). Аллах буларды акыйкат менен гана жаратты. Ал билүүчү бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден баяндап берүүдө.»
Жогорудагы биринчи аятта Аллах айдын адамдар үчүн бир жыл эсептөөдө бир өлчөө болоорун апачык билдирген. Мындан тышкары, бул эсептердин айдын орбитасында айланышы учурундагы көрүнүштөрүнө жараша жасалаарына да көңүл бурулган. Жер-ай жана жер-күн түздүктөрү арасындагы бурч тынымсыз өзгөрүп тургандыктан, биз айды ар кайсы убакта ар кандай абалда көрөбүз. Мындан тышкары, айды көрө алышыбыз айдын күндөн алган жарыкты чагылтышы натыйжасында мүмкүн болгондуктан, айдын күн тарабынан жарык кылынган тарабы жердеги байкоочу үчүн тынымсыз калып өзгөртөт. Мындай өзгөрүүлөр эске алынып, бир катар эсептөөлөр жасалат жана бул адамдарга жылды эсептөө мүмкүнчүлүгүн берет.
Мурда 1 ай адамдар тарабынан эки толгон ай арасындагы аралык же айдын жердин айланасында айланган убактысы катары эсептелчү. Бул эсеп боюнча 1 ай 29 күн 12 саат жана 44 мүнөткө ээ эле. Бул «камарий (ай боюнча) ай» эсеби деп аталат. 12 камарий ай болсо румий календарь боюнча 1 жыл болот. Бирок жердин күндү айланып бүтүшүн 1 жыл деп кабыл алган миладий (учурда колдонулган) календарь менен румий календарь арасында жыл сайын 11 күндүк бир айырма пайда болот. Кехф Сүрөсүнүн 25-аятында да бул айырмага мындайча көңүл бурулган:
«Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл болушту (турушту) жана дагы тогуз (жыл) кошушту.»
Аяттагы убакытты мындайча түшүндүрүүгө болот: 300 жыл х 11 күн (ар бир жыл үчүн пайда болгон айырма) = 3300 күн. 1 күн жылынын 365 күн 5 саат 48 мүнөт жана 45,5 секундадан тураарын эске алсак, анда 3300 күн/365,24 = 9 жыл. Башкача айтканда, миладий календарь боюнча 300 жыл румий календарь боюнча 300+9 жылга барабар. Байкалгандай, аятта кылдат эсептерге таянган бул 9 жылдык айырмага көңүл бурулган. (Эң туурасын Аллах билет). Албетте, Куранда мындай бир маалыматка көңүл бурулушу Курандын илимий кереметтеринин бири.
Тартылуу күчү жана орбиталык кыймылдар
Теквир Сүрөсүнүн 15-аятындагы «хуннес» сөзү бырышып сиңүүчү, артка кетүүчү, артка кайтуучу сыяктуу маанилерге келет. 16-аятта «ордун ээлөөчүлөргө» деп которулган Арапча сөзү болсо «куннес».
«Жок; сиңип айлануучу (планета)ларга ант ичем, бир агым ичинде ордуна баруучуларга;»
Теквир Сүрөсүнүн 15-аятындагы «хуннес» сөзү бырышып сиңүүчү, артка кетүүчү, артка кайтуучу сыяктуу маанилерге келет. 16-аятта «ордун ээлөөчүлөргө» деп которулган Арапча сөзү болсо «куннес». «Канис» сөзүнүн көптүк түрү болгон «куннес» сөзү белгилүү трасса, уяга кирүү, кыймылдагы нерсенин уясы, уясына кирип сактануучулар маанилерине келет. 16-аяттагы «агым» сөзү болсо «жарайан» сөзүнөн чыккан жана агып баруучу маанисине келген «жарийа» сөзүнүн көптүк түрү болгон «жавар». Бул сөздөрдүн маанилерине көңүл бурулганда, планеталардын тартылуу күчтөрү жана орбита айланасындагы кыймылдарына ишарат кылынып жатат деп айтууга болот.
Жогорудагы аяттарда колдонулган бул сөздөр тартылуу күчтөрүнөн келип чыккан орбиталык кыймылдарды толук сүрөттөйт. Булардан «хуннес» сөзү менен планеталардын өз борборлорун көздөй жана күн системасынын борбору болгон күндү көздөй тартылууларына көңүл бурулууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Тартылуу күчү ааламда ансыз деле бар болгон бир күч, бирок бул тартылуу күчүнүн математикалык формулалар менен аныкталышы 17-18-кылымдарда жашаган Исаак Ньютон тарабынан мүмкүн болгон. Кийинки аяттагы «альжавари» сөзү болсо бул тартылуу күчүнө карама-каршы күч болгон борбордон качуу күчүнөн келип чыккан орбиталык кыймылдарга басым жасоодо. Албетте, агып (сүзүп) жүрүүчүлөр маанисине келген «альжавари» сөзүнүн «хуннес» (борборду көздөй тартылуу, кысылуу, сиңүү) жана «куннес» (трасса, уяга кирүү, кыймыл абалындагы нерсенин уясы) сөздөрү менен колдонулушу 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон маанилүү бир илимий чындыкка көңүл бурууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Мындан тышкары, Куранда ант ичилген нерселердин бири болгон бул аяттар бул жагдайдын маанисине көңүл бурган дагы бир аят.
Жердин жана космостун көлөмдөрү
Бул аятта учтары деп которулган сөздүн Арапчасы «актар». «Актар» Арапчада көлөм (диаметр) маанисине келген «кутур» сөзүнүн көптүк түрү, жана асмандардын жана жердин көптөгөн көлөмдөрү (диаметрлери) бар экенин билдирүүдө.
«Эй жин жана инсан коомдору, эгер асмандардын жана жердин учтарынан ашып-өтүүгө күчүңөр жетсе, ылдам ашкыла; бирок «улуу бир күч (султан)» болбостон аша албайсыңар.»
Бул аятта учтары деп которулган сөздүн Арапчасы «актар». «Актар» Арапчада көлөм (диаметр) маанисине келген «кутур» сөзүнүн көптүк түрү, жана асмандардын жана жердин көптөгөн көлөмдөрү (диаметрлери) бар экенин билдирүүдө. Арапчада сөздүн колдонушуна жараша жекелик түрдө же көптүк түрдө (экиден көппү) же жуптук формада колдонулганын түшүнүүгө болот. Ошондуктан сөздүн бул жердеги колдонуу формасы аркылуу –экиден көп экенин билдирген көптүк форма аркылуу- дагы бир кереметтүү маалымат билдирилүүдө.
Белгилүү болгондой, үч өлчөмдүү нерсе бир калыптуу тоголок формага ээ болсо гана бир көлөм (диаметр) жөнүндө сөз кылууга болот. Көлөмдөр сөзү болсо бир калыптуу болбогон бир тоголок формага гана тиешелүү болушу мүмкүн. Аятта тандалган бул сөз –көлөмдөр- жердин геоид формасына ишарат кылышы жагынан маанилүү. Аятта дагы бир көңүл бурула турган нерсе – бул көлөмдөр жөнүндө сөз болуп жатканда жер бети жана асмандардан өз-өзүнчө сөз кылынышы.
Албетте, Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча аалам кеңейүүдө; бирок бул галактикалар жана башка космос телолору космосто айланага таркап жатат деген мааниге келбейт. Бул космос кеңейип жатат жана бул учурда галактикалар арасындагы аралык алыстап баратат дегенди билдирет.
Рахман Сүрөсүнүн 33-аятындагы «асмандардын көлөмдөрү» сөзү да космостун айлана сымал формасына ишарат кылууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Космостун ар кайсы жерлеринен космостун көлөмдөрү ар түрдүү чыгат, ошондой эле тынымсыз кеңейген космостун көлөмдөрү да тынымсыз өзгөрүп турат. Бул жагынан караганда аятта «көлөм» сөзүнүн көптүк түрдө колдонулушу абдан терең маанилүү жана Курандын бүт нерсенин илимине ээ болгон Раббибиздин вахийи экендигинин көрсөткүчтөрүнүн бири.
Атмосферанын кабаттары
Куран аяттарында аалам жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул асмандын жети кабат болуп жаратылганы:
Куран аяттарында аалам жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул асмандын жети кабат болуп жаратылганы:
«Силер үчүн жердегилердин баарын Ал жаратты. Анан асманды максат кылып аларды жети асман кылып Ал жасады. Жана Ал баарын билүүчү.»
Куранда көп аятта колдонулган асман сөзү бүт ааламды айтуу үчүн колдонулган сыяктуу, жердин асманын айтуу үчүн да колдонулат. Сөздүн бул мааниси эске алынганда, жердин асманынын, б.а. атмосферанын 7 кабаттан тураары айтылууда.
Учурда жердин атмосферасынын үстү-үстүнө тизилген ар башка катмарлардан тураары белгилүү болду.19 Химиялык курамы же аба температурасы өлчөө катары кабыл алынып жасалган аныктамаларда жердин атмосферасы 7 катмар деп белгиленген.20 Учурда дагы эле 48 сааттык аба ырайы божомолдорунда колдонулган жана «Limited Fine Mesh Model» (LFMII) деп аталган атмосфера модели боюнча да атмосфера 7 кабат. Заманбап геологиялык аныктамалар боюнча атмосферанын 7 катмары төмөнкүчө саналат:
1- Тропосфера 2- Стратосфера 3- Мезосфера 4- Термосфера 5- Экзосфера 6- Ионосфера 7- Магнитосфера Бул жөнүндөгү дагы бир керемет болсо Фуссилет Сүрөсүнүн 12-аятындагы «Ар бир асманга буйругун вахий кылды» сүйлөмүндө орун алган. Т.а. аятта Аллахтын ар бир катмарды белгилүү бир кызмат менен милдеттендиргени билдирилүүдө. Кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк карала тургандай, жогоруда саналган катмарлардын ар биринин адамдардын жана жер бетиндеги бардык жаныбарлардын пайдасына абдан маанилүү кызматтары бар. Жамгырлардын пайда болушунан зыяндуу нурлардын тосулушуна, радио толкундардын чагылтылышынан метеориттердин зыянсыз абалга келтирилишине чейин ар бир катмардын өзүнө тиешелүү бир функциясы бар.
Төмөнкү аяттар болсо бизге атмосферанын 7 катмарынын көрүнүшү жөнүндө маалымат берүүдө:
«Аллахтын жети асманды бири-бири менен бир төп келүүчүлүк ичинде жаратканын көрбөй жатасыңарбы?»
Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан...
Мүлк Сүрөсү, 3
Бул аяттарда «төп келүүчүлүк» деп которулган Арапча «тибакан» сөзү ошол эле учурда «катмар, бир нерсенин ылайыктуу капкагы жана жапкычы» маанилерине да келет, жана жогорку катмардын ылдыйкы катмарга туура келишине басым жасайт. Сөз көптүк мааниде колдонулганда болсо «кабат кабат» маанисине келет. Аятта сүрөттөлгөн кабат кабат абалындагы асман, албетте, атмосфераны толук сүрөттөгөн бир түшүндүрмө.
20-кылымдын технологиясы болмоюнча, эч аныктоого мүмкүн болбогон мындай маалыматтардын 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Курани Керимде апачык билдирилиши болсо албетте абдан улуу бир керемет.
Корголгон чатыр
Аятта айтылган асмандын мындай өзгөчөлүгү 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр менен далилденди.
Куранда Аллах асмандын абдан маанилүү бир өзгөчөлүгүнө мындайча көңүл бурат:
«Асманды корголгон бир чатыр кылдык; алар болсо мунун аяттарынан жүз бурушууда.»
Аятта айтылган асмандын мындай өзгөчөлүгү 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр менен далилденди.
Жерди толук курчаган атмосфера жандуулардын өмүр сүрүшү үчүн абдан маанилүү функцияларды аткарат. Жерге жакындаган чоң-кичине көптөгөн метеоритти майдалап жок кылат жана алардын жерге түшүп жандууларга чоң зыян беришине тоскоол болот.
Атмосфера, мындан тышкары, космостон келген жана жандуулар үчүн зыяндуу болгон нурларды фильтрден өткөрөт. Атмосферанын мындай өзгөчөлүгүнүн абдан өзгөчө тарабы – бул атмосферанын бир гана зыянсыз деңгээлдеги нурларды, т.а. көзгө көрүнгөн нур, инфра-кызыл нурлар жана радио толкундарды өткөрүшү. Булардын баары жашоо үчүн керектүү нурлар. Мисалы, атмосфера тарабынан белгилүү санда өтүшүнө уруксат берилген ультра-кырмызы нурлар өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашы жана натыйжада бардык жандыктардын жашоосун улантышы үчүн зор мааниге ээ. Күн тарабынан чыгарылган күчтүү ультра-кырмызы нурлардын көпчүлүгү атмосферанын озон катмарында сүзгүчтөн өтөт жана жер бетине жашоо үчүн керектүү болгон аз бөлүгү гана жетет.
Атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү булар менен эле чектелбейт. Жер космостун орточо -270 даражалык тоңдуруучу суугунан да атмосфера урматында сактанат.
Жерди зыяндуу таасирлерден коргогон бир гана атмосфера эмес. Атмосферадан тышкары «Ван Аллен тилкемдери» деп аталган жана жердин магниттик талаасынан келип чыккан бир катмар да планетабызга келген зыяндуу нурларга карата бир калкан кызматын аткарат. Күндөн жана башка жылдыздардан тынымсыз таркаган бул нурлар адамдар үчүн өлтүрүүчү таасирге ээ. Өзгөчө күндө бат бат болуп турган жана «жаркыроо» деп аталган энергия жарылуулары Ван Аллен тилкемдери болбосо, жердеги бүт жашоону жок кыла ала турган күчкө ээ.
Ван Аллен тилкемдеринин жашообуз үчүн маанисин Др. Хью Росс (Dr. Hugh Ross) мындайча баяндайт:
Жер күн системасындагы планеталар арасынан эң жогорку тыгыздыкка ээ. Бул көп сандагы никель-темир борбору чоң бир магникттик талаага жооп берет. Бул магниттик талаа Ван Аллен радиациядан коргоочу катмарын пайда кылат. Бул катмар жер бетин радиация бомбалоосунан коргойт. Эгер бул коргоочу катмар болбогондо, жерде жашоо болмок эмес. Магниттик талаасы бар жана аскалуу аймактардан турган дагы бир планета – бул Меркурий. Бирок бул магниттик талаанын күчү жердикинен 100 эсе аз. Ван Аллен радиациядан коргоочу катмары жерге гана тиешелүү.
Өткөн жылдарда аныкталган бир жаркыроодо ачыкка чыккан энергиянын Хиросимага ташталганга окшогондон 100 миллиард атом бомбасына тең келээри эсептелген. Жаркыроодон 58 сааттан соң компастын көрсөткүчтөрүндө ашыкча кыймылдар байкалган. Жер атмосферасынын 250 км үстүндө температура абдан өзгөрүп, 2500 0C'ге жогорулаган.
Кыскача айтканда, жердин бетинде аны ороп-курчаган жана тышкы факторлордон коргогон кемчиликсиз бир система иштейт. Мына ушул жерди курчаган асмандын коргоочу калкан өзгөчөлүгүн Аллах бизге көптөгөн кылым мурда Куранда билдирген.
Асмандын там кылынышы
Бул аятта асман сүрөттөлүп жатканда Арапча «ессемае бинаен» сөзү колдонулууда. Бул сөз купол, чатыр маанилери менен бирге Арап көчмөндөрү тарабынан колдонулган чатырга окшош бир жапкычты да сүрөттөйт.
«Ал силер үчүн жер бетин бир төшөк, асманды бир там кылды. Жана асмандан жамгыр жаадырып, аны менен силер үчүн (ар түрдүү) түшүмдөрдөн ырыскы чыгарды. Демек (булардын баарын) билип туруп Аллахка шериктер кошпогула.»
Бул аятта асман сүрөттөлүп жатканда Арапча «ессемае бинаен» сөзү колдонулууда. Бул сөз купол, чатыр маанилери менен бирге Арап көчмөндөрү тарабынан колдонулган чатырга окшош бир жапкычты да сүрөттөйт.22 Жана бул чатырга окшош түзүлүш менен басым жасалган жагдай – бул сырткы факторлордон бир коргоонун коюлгандыгы.
Биз көбүнчө байкабасак да, башка планеталардагы сыяктуу жерге да көп санда метеорит түшүп турат. Башка планеталарга түшкөндө, ири кратерлер (оюктар) ачкан бул метеориттердин жерге зыян бербешинин себеби – бул жерди курчаган атмосферанын түшүп келе жаткан метеориттерге карата абдан каршы турушу. Метеорит бул туруштукка көп чыдай албайт жана сүрүлүүдөн улам күйүп массасынын көп бөлүгүн жоготот. Ошентип ири кырсыктарга жол ачышы мүмкүн болгон коркунуч атмосфера урматында тосулган болот. Аллах жогоруда айтылган атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү жөнүндөгү аяттардан тышкары, төмөнкү аятта да бул өзгөчө жаратылууга көңүл бурууда:
«Аллахтын жердегилерди жана деңизде Анын буйругу менен сүзүп жүрүүчү кемелерди силердин пайдаланууңарга бергенин көргөн жоксуңбу. Жана (Өз) уруксаты болмоюнча, асманды жердин үстүнө түшүүдөн сактайт. Шексиз, Аллах адамдарга карата боорукер, абдан мээримдүү.»
Мурдакы бөлүмдө да айтылган атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү жерди космостон, т.а. сырткы факторлордон коргоодо. Жогорудагы аяттарда асман үчүн колдонулган там сөзү менен да толугу менен асмандын Пайгамбарыбыз (сав) доорунда билиниши мүмкүн болбогон ушул тарабына көңүл бурулууда. Бул маалыматтардын алдыңкы технология менен жабдылган космос унаалары, ири телескоптор жок кезде, 1400 жыл мурда Курани Керимде билдирилген болушу Курандын чексиз илим ээси Раббибиздин вахийи экенин көрсөтөт.
Артка кайтаруучу асман
Курани Керимде Тарык Сүрөсүнүн 11-аятында асмандын «артка кайтаруучу» өзгөчөлүгү жөнүндө мындайча айтылат:
Курани Керимде Тарык Сүрөсүнүн 11-аятында асмандын «артка кайтаруучу» өзгөчөлүгү жөнүндө мындайча айтылат:
Куран котормолорунда «кайтуучу» деп которулган «режъи» сөзү «артка кайтаруучу» маанисине келет.
Белгилүү болгондой, жерди курчаган атмосфера көптөгөн катмардан турат. Ар бир катмардын жандуулуктун пайдасын көздөгөн маанилүү кызматы бар. Изилденгенде ар бир катмардын ага жеткен затты же нурларды космоско же жер бетине кайра кайтаруу өзгөчөлүктөрүнүн бар экени аныкталган. Бул жерде атмосфера катмарларынын артка кайтаруучу өзгөчөлүгүн бир канча мисал менен карайлы.
Мисалы, 13-15 км бийиктиктеги тропосфера катмары жер жүзүнөн көтөрүлгөн суу буусунун топтошуп, оордошуп жаан-чачын абалында жерге кайра кайтышын камсыздайт. 25 км бийиктиктеги стратосферанын астыңкы катмары болгон озоносфера космостон келген радиация жана зыяндуу ультра-кырмызы нурларды чагылтып, жер бетине жете албастан космоско кайра кайтышын камсыздайт. Ионосфера катмары болсо жер бетинен чыккан радио толкундарды бир спутник сыяктуу жер бетинин ар кайсы аймактарына кайра чагылтып, уюлдук байланыштын, радио жана телевизор берүүлөрүнүн алыс аралыктарга жетишин камсыз кылат. Магнитосфера катмары болсо күндөн жана башка жылдыздардан чыккан зыяндуу радиоактивдүү бөлүкчөлөрдү жер бетине жеткирбей артка кайтарат.
Асман катмарларынын жакынкы жылдарда эле аныкталган мындай өзгөчөлүгүнүн кылымдар мурда Куранда билдирилиши Курандын Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу тастыктоодо.
Темирдеги сыр
Темир – Куранда көңүл бурулган элементтердин бири. Курандын «Хадид», б.а. «Темир» аттуу сүрөсүндө мындайча буюрулат:
Темир – Куранда көңүл бурулган элементтердин бири. Курандын «Хадид», б.а. «Темир» аттуу сүрөсүндө мындайча буюрулат:
«... Жана анда күчтүү бир катуулук жана адамдар үчүн (ар түрдүү) пайдалар бар темирди да түшүрдүк...»
Темир жердеги үчүнчү эң көп тараган элемент жана жердин үстүңкү катмарынын беш пайызын түзөт. Темир элементи жерде мынчалык көп санда болгонуна карабастан, темирдин пайда болушу жерде ишке ашкан эмес. Заманбап астрономиялык ачылыштар жердеги темир металлынын космостогу башка ири жылдыздардан келгенин аныктады.
Хадид Сүрөсүнүн 25-аятында темир үчүн колдонулган «энзелна», б.а. «түшүрүү» сөзүн кыйыр мааниде адамдардын кызматына берилүү маанисинде деп ойлоого да болот. Бирок сөздүн жамгыр жана күн нурлары үчүн колдонулган «асмандан физикалык мааниде түшүрүү» деген чыныгы мааниси алынганда, аяттын жогоруда айтылган бул маанилүү илимий чындыкка ишарат кылганын көрөбүз.
Бир гана жердеги эмес, бүт күн системасындагы темир тышкы космостон келген. Себеби күндүн ысыктыгы темир элементинин пайда болушу үчүн жетиштүү эмес. Күндүн үстүңкү бет температурасы 6000 0C, ядросунун ысыктыгы болсо 20 миллион 0C. Темир күндөн бир топ чоң жылдыздарда, бир канча жүз миллион даражага жеткен ысык температураларда гана пайда боло алат. Нова (жаңы жылдыз) же Супернова (өтө жаңы жылдыз) деп аталган бул жылдыздардагы темирдин саны белгилүү бир деңгээлден өткөндө, жылдыз аны көтөрүп жүрө албай калат жана жарылат. Темирдин космоско таркалышы мына ушул жарылуулар натыйжасында мүмкүн болот.
Илимий бир булакта бул жөнүндө мындай маалыматтар орун алган:
Көбүрөөк жыл болгон Супернова кубулуштарын көрсөткөн далилдер да бар: деңиз түбүндө чогулган темир-60 болжол менен 5 миллион жыл мурда күндөн 90 жарык жылы алыста болгон бир Супернова жарылуусунун далили деп жоромолдонгон. Супернова жарылуусунда пайда болгон темир-60 1,5 миллион жыл бөлүнүү өмүрү болгон радиоактивдүү бир изотоп. Жердин астыңкы катмарларындагы темир-60 изотобу жакынкы космостогу элементтердин нуклеосинтезден өтүп, алгач жер атмосферасына, ал жерден болсо жердин астыңкы катмарларына өтүшү натыйжасында пайда болгон.
Байкалгандай, темир заты жерде пайда болгон эмес, суперновалардан чыгып, дал аятта билдирилгендей «түшүрүлгөн». Бул маалыматтын Куран түшүрүлгөн 7-кылымда илимий тараптан аныкталышынын мүмкүн эмес экени болсо анык. Бирок бул чындык бүт нерсени чексиз илими менен курчаган Аллахтын сөзү болгон Куранда орун алган.
Учурдагы астрономия илими бизге башка элементтердин да жерден башка жерде пайда болгонун көрсөтүүдө. Аяттагы «темирди да түшүрдүк» сүйлөмүндөгү «да» сөзү ушул чындыкка ишарат кылып жатышы мүмкүн. Бирок аятта темирге өзгөчө көңүл бурулушу болсо, 20-кылымдын аягында алынган маалыматтар эске алынганда, абдан ойлонтот. Атактуу микробиолог Майкл Дентон (Micheal Denton) Nature's Destiny (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде темирдин маанисине төмөнкү сөздөрү менен басым жасаган:
Бардык металлдар арасында темирден да маанилүүсү жок. Бир жылдыздын ядросунда темирдин чогулушу супернованын жарылышына түрткү болот жана натыйжада жашоо үчүн керектүү болгон атомдордун бүт ааламга жайылышына шарт түзөт. Темир атомдору жердин алгачкы баскычтарында ядродо пайда кылган тартылуу күчүнөн чыккан жылуулук жердин башындагы химиялык айырмачылыктарына себеп болуп, атмосферанын жана аягында гидросферанын пайда болушун камсыз кылган. Жердин ядросундагы ээриген темир чоң бир магнит кызматын аткарат жана жердин магниттик талаасын пайда кылат. Бул талаа урматында жердин бетин жогорку энергиялуу кыйратуучу космостук радиациядан коргогон Ван Аллен радиация катмарлары пайда болот жана абдан маанилүү болгон озон катмарын космостук нурдун кыйратуусунан коргойт.
Темирдин атому болбосо, ааламда көмүртекке байланыштуу жашоо мүмкүн болмок эмес; суперновалар болмок эмес, жердин алгачкы баскычтарындагы жылынышы ишке ашмак эмес, атмосфера же гидросфера болмок эмес. Коргоочу магниттик талаа болмок эмес, Ван Аллен радиация катмарлары пайда болмок эмес, озон катмары болмок эмес, (адамдын канында) гемоглобинди пайда кыла турган эч бир металл болмок эмес, кычкылтектин реактивдүүлүгүн басаңдата турган металл пайда болмок эмес жана кычкылданууга таянган бир метаболизма пайда болмок эмес.
Жашоо жана темир менен кандын кызыл түсү менен алыстагы бир жылдыздын өлүмү арасындагы мындай сырдуу жана жакын байланыш металлдардын биология жагынан маанилүү экенин көрсөтүү менен эле тим болбостон, ааламдын биологиялык тараптан маанисине да басым жасайт.
Темир атомунун мааниси бул баяндардан апачык көрүнүүдө. Куранда атайын темирге көңүл бурулушу да бул заттын маанисине басым жасоодо. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда темир колдонулчу жана ар кандай курал-шаймандар жасалчу эле; бирок темирдин адамдын жашоосундагы мааниси жөнүндөгү маалыматтар абдан аз эле. Жердин ядросунда темирдин бар экени, адамдын канында темир бар экени жана темирдин жандуулар үчүн абдан чоң мааниге ээ экендиги 20-кылымга чейин билинбеген чындыктар эле.
Куранда темирдин маанисине көңүл бурган дагы бир сыр бар. Ичинде темир жөнүндө айтылган Хадид Сүрөсүнүн 25-аяты эки математикалык сырды камтыйт: «Аль-Хадид» - Курандын 57-сүрөсү. «Аль-Хадид» сөзүнүн Арап тилиндеги сандык мааниси, т.а. эбжеди эсептелгенде да ушул эле сан чыгат: «57». (Эбжед эсеби жөнүндө «Куранда эбжед эсеби» бөлүмүн караңыз)
Бир гана «хадид» сөзүнүн сандык мааниси 26. 26 саны болсо – бул темирдин атом номери.
Мындан тышкары, 2003-жылдан бери MagForce Nanoterapi деп аталган бир ракты дарылоо ыкмасында темир кычкыл бөлүкчөлөрү колдонулууда. Германиядагы дүйнөгө таанымал Charite ооруканасынан Др. Андреас Жордан (Dr. Andreas Jordan) иштеп чыккан бул ыкма (жогорку температуралуу магниттик суюктук) рак клеткаларын таза клеткаларга зыян бербестен жок кылууда. Мындай дарылоо ыкмасы кыскача төмөнкүдөй:
1- Ичинде темир кычкыл бөлүкчөлөрү бар суюктук атайын бир шприц менен шишиктин ичине жөнөтүлөт. Бул бөлүкчөлөр шишик клеткаларына жайылат. Бул суюктуктун 1 см кубунда темир кычкылдан турган жана эритроциттерден 1000 эсе кичине, миллиондогон бөлүкчөлөр бар жана булар кан-тамырларда оңой гана айлана алышат.
2- Оорулуу андан соң күчтүү магниттик таасири бар бир аппараттын астына жаткырылат.
3- Сырттан жиберилген мындай магниттик агым шишиктин ичиндеги темир бөлүкчөлөрүн кыймылдатып баштайт. Бул процессте темир кычкыл бөлүкчөлөрүн камтыган шишиктеги температура 45 0C'ге чейин көтөрүлөт.
4- Ысыктан өзүн коргой албаган рак клеткалары бир канча мүнөт ичинде алсыздайт же жок болот. Андан соң жасалган химиотерапия аркылуу шишик толугу менен жоголушу мүмкүн.
Бул ыкманын кеңири колдонулушу өлүмгө себеп болушу мүмкүн болгон мындай оорунун айыктырылышында абдан маанилүү бир алдыга жылуу болмокчу. Рак сыяктуу кеңири тараган бир ооруну дарылоодо Куранда айтылгандай «адамдар үчүн (ар кандай) пайдалары бар темирдин» колдонулушу абдан көңүл бурат (Хадид Сүрөсү, 25). Куранда бул аят менен темирдин адамдын ден-соолугуна болгон пайдаларына да ишарат кылынып жаткан болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)
Убакыттын салыштырмалуулугу
Убакыттын салыштырмалуулугу учурда далилденген бир чындыкка айланды. Бирок бул чындык өткөн кылымдын баштарында Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы менен ортого коюлган.
Убакыттын салыштырмалуулугу учурда далилденген бир чындыкка айланды. Бирок бул чындык өткөн кылымдын баштарында Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы менен ортого коюлган. Ал доорго чейин адамдар убакыттын салыштырмалуу бир түшүнүк экенин, чөйрөгө жараша өзгөрүшү мүмкүн экенин билишчү эмес. Бирок атактуу илимпоз Альберт Эйнштейн салыштырмалуулук теориясы менен бул чындыкты апачык далилдеди. Убакыттын масса жана ылдамдыктан көз-каранды бир түшүнүк экенин ортого койду. Андан мурда эч ким бул жагдай жөнүндө ачык сөз кылган эмес эле.
Жалгыз бир жерде, т.а. Куранда убакыттын салыштырмалуу экенин көрсөткөн маалыматтар берилген эле. Бул жөнүндөгү кээ бир аяттар төмөнкүдөй:
«... Чынында, сенин Раббиңдин Кабатында бир күн силер санап жаткандан миң жыл сыяктуу.»
«Периштелер жана Рух (Жебрейил) Ага узундугу элүү миң жыл болгон бир күндө чыга алышууда.»
Меариж Сүрөсү, 4
610-жылы түшүрүлүп баштаган Куранда убакыттын салыштырмалуулугунун мынчалык апачык айтылышы – анын Аллахтан келген бир китеп экендигинин дагы бир далили.
Алты күндө жаратылуу
Куран менен заманбап илимдин арасындагы төп келүүчүлүктүн бир мисалы – бул ааламдын жашы: космос изилдөөчүлөрү ааламдын жашын 16-17 миллиард жыл деп эсептешти. Куранда болсо бүт ааламдын 6 күндө жаратылганы айтылууда.
«Чынында силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, анан аршка истива кылган Аллах...»
Куран менен заманбап илимдин арасындагы төп келүүчүлүктүн бир мисалы – бул ааламдын жашы: космос изилдөөчүлөрү ааламдын жашын 16-17 миллиард жыл деп эсептешти. Куранда болсо бүт ааламдын 6 күндө жаратылганы айтылууда. Бир караганда ар башкадай көрүнгөн бул убакыт тилкелери арасында чынында абдан таң калыштуу бир дал келүүчүлүк бар. Чынында ааламдын жашы менен байланыштуу колубуздагы бул эки сандын экөөсү тең туура. Т.а. аалам Куранда билдирилгендей 6 күндө жаратылган жана бул убакыт периоду биздин убакытты кабылдообуз боюнча 16-17 миллиард жылга туура келүүдө.
1915-жылы Эйнштейн убакыттын салыштырмалуу экенин, чөйрөгө, саякат кылган адамдын ылдамдыгына жана ошол учурдагы гравитациялык күчкө жараша убакыттын өтүү коэффициентинин да өзгөрөөрүн айткан. Убакыттын өтүү коэффициентиндеги мындай айырмачылыктар эске алынганда, Курандын жети аятында билдирилген ааламдын жаратылуу мөөнөтүнүн илимпоздордун божомолдоруна абдан жакын экенин көрөбүз. Куранда билдирилген 6 күндүк убакытты 6 доор (период) деп кабыл алсак да болот. Себеби убакыттын салыштырмалуулугу эске алынганда, «күн» учурдагы шарттарда гана жердеги 24 сааттык бир убакыт периодун түшүндүрүүдө. Бирок ааламдын башка бир жеринде, башка бир убакта жана шартта «күн» бир топ узун убакытты камтыган бир период болот. Бул аяттардагы (Сажда Сүрөсү, 4; Йунус Сүрөсү, 3; Худ Сүрөсү, 7; Фуркан Сүрөсү, 59; Хадид Сүрөсү, 4; Каф Сүрөсү, 38; Араф Сүрөсү, 54) 6 күн (ситтети эййамин) сөзүндөгү «эййамин» сөзү «күндөр» маанисинен тышкары, «доор, период, көз ирмем, мөөнөт» маанилерине да келет.
Ааламдын алгачкы убактарында убакыт учурда биз көнгөн өтүү ылдамдыгынан бир топ эсе ылдам өткөн. Мунун себеби мындай: Биг Бенг учурунда аалам абдан кичинекей бир чекитке батырылган эле. Бул чоң жарылуу учурунан бүгүнкү күнгө чейин ааламдын кеңейиши жана ааламдын көлөмүнүн керилиши ааламдын чектерин миллиарддаган жарык жылы алыстарга жылдырды. Натыйжада Биг Бенгден бүгүнкү күнгө чейин космостун кеңейип жатышы ааламдын саатында абдан маанилүү натыйжаларга себеп болду.
Биг Бенг учурундагы энергия ааламдык сааттын убакыттын өтүү ылдамдыгын миллион жолу миллион (1012) эсе жайлаткан. Аалам жаратылганда, ааламдык убакыттын өтүү коэффициенти, бүгүнкү эсеп менен, миллион жолу миллион эсе чоң эле, т.а. убакыт бат өтүп жаткан эле. Ошондуктан биз жерде миллион жолу миллион мүнөт жашаган убакытта ааламдык саат үчүн болгону бир мүнөт өткөн болот.
6 күндүк убакыт периоду убакыттын салыштырмалуулугу эске алынып эсептелгенде, 6 миллион жолу миллион (триллион) күнгө туура келет. Себеби ааламдык саат жердеги сааттын өтүү ылдамдыгынан миллион жолу миллион эсе ылдам өтүүдө. 6 триллион күн болсо 16,427 миллиард жылга туура келет. Бул сан учурда ааламдын болжолдуу жаш интервалына туура келет.
6 000 000 000 000 күн / 365,25 = 16 427 104 723 жыл Башка тараптан карасак, жаратылуунун 6 күнүнүн ар бири, биздин убакыт кабылдообуз боюнча, бири-биринен айырмалуу убакыттарга туура келет. Мунун себеби – бул убакыттын өтүү коэффициентинин ааламдын кеңейишине жараша барган сайын азайышы. Биг Бенгден бери ааламдын чоңдугу эки эсеге чоңойгон сайын убакыттын өтүү коэффициенти эки эсеге төмөндөп отурган. Аалам чоңойгон сайын ааламдын эки эселенүү ылдамдыгы да барган сайын жайлаган. Мындай кеңейүү чоңдугу Физикалык космологиянын негиздери аттуу окуу китептеринде түшүндүрүлгөн, дүйнөнүн бүт тарабында белгилүү болгон бир чындык. Жаратылуунун ар бир күнүн дүйнөдөгү убакыт менен эсептегенибизде төмөнкүдөй абалды көрөбүз:
Убакыт башталган учурдан баштап каралганда, жаратылуунун 1-күнү (1-доор) 24 саат болгон. Бирок бул убакыт биздин жердеги убакыт кабылдообуз боюнча 8 миллиард жылга барабар.
Жаратылуунун 2-күнү (2-доор) 24 саат болгон. Бирок бул биздин кабылдоолорубуз боюнча мурунку күндүк жарымына барабар, т.а. 4 миллиард жыл.
3-күн (3-доор) болсо мурдакы күндөн, т.а. 2-күндүн жарымындай болгон. Т.а. 2 миллиард жыл.
4-күн (4-доор) 1 миллиард жыл.
5-күн (5-доор) 500 миллион жыл.
жана 6-күн (6-доор) 250 миллион жыл болгон.
Натыйжада: Жаратылуунун 6 күнү, б.а. 6 доору жердеги убакыт менен эсептелип, кошулганда жалпысы 15 миллиард 750 миллион жыл болот. Бул сан ааламдын жашы боюнча жасалган учурдагы болжолдуу эсептерге абдан жакын.
Бул жыйынтык 21-кылымдын илими аныктаган чындыктар. Илим 1400 жыл мурда Куранда кабар берилген бир чындыкты дагы бир жолу тастыктоодо. Куран менен илим арасындагы мындай төп келүүчүлүк Курандын бүт нерсени билген жана жараткан Аллахтын вахийи экендигинин кереметтүү далилдеринин бири.
Тагдыр чындыгы
Калифорния университетинин нейрофизиологу Проф. Бенжамин Либет (Benjamin Libet) 1973- жылы жасаган эксперименттеринин жыйынтыгында биздин тандоолорубуздун алдын-ала аныкталаарын, аң-сезимдин болсо бүт нерсе болуп бүткөн соң жарым…
Калифорния университетинин нейрофизиологу Проф. Бенжамин Либет (Benjamin Libet) 1973- жылы жасаган эксперименттеринин жыйынтыгында биздин тандоолорубуздун алдын-ала аныкталаарын, аң-сезимдин болсо бүт нерсе болуп бүткөн соң жарым секундадан кийин кабылдаарын аныктаган. Бул абал башка нейрофизиологдор тарабынан да «өтмүштө жашап жатабыз жана аң-сезим бүт нерсе болуп бүткөндөн жарым секундадан кийин көрсөткөн бир «монитор» сыяктуу» деп жоромолдонууда.
Ошондуктан биз кабылдаган жашоо, көз-ирмемдерибиздин эч бири чыныгы, өз убактысында эмес, чыныгы окуялардан жарым секундадай кеч калууда. Бенжамин Либет изилдөөлөрүн мээ операцияларынын наркоз берилбестен, т.а. оорулуунун аң-сезими толугу менен ордунда кезинде жасала алышынан пайдаланып ишке ашырган. Либет эксперимент жасалып жаткандардын мээлерине төмөн электрдик заряддар менен сигнал жиберип, колдоруна тийүү сезимин пайда кылганда, эксперимент жасалып жаткандар бул «тийүүнү» болжол менен жарым секунда мурда сезгенин айтышкан. Бенжамин Либет мындай өлчөөлөрү натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: демейде бардык кабылдоолор мээге жөнөтүлүүдө. Бул жерде аң-сезимдин түпкүрүндө (подсознание) бааланып, жоромолдонуп жатканда, адам (аң-сезим) эч нерседен кабары болбойт. Аң-сезимибизде болгон, т.а. биз байкаган маалыматтар болсо бир топ кечигүүдөн соң кортекске (аң-сезим жайгашкан аймакка) жөнөтүлүүдө.
Бул жыйынтык кыскача мындай мааниге келет: бир булчуңду кыймылдатуу чечими бул чечимди аңдап-байкоодон мурда ишке ашат. Дайыма нейрологиялык же кабылдоо процесси менен биздин ал процессти көрсөткөн ой-пикир, сезим, кабылдоо же кыймыл-аракетти аңдап-кабылдашыбыз арасында бир кечигүү бар. Б.а. биз бир чечим алынган соң гана ал чечимди байкап, кабылдайбыз.
Проф. Бенжамин Либеттин эксперименттеринде мындай кечигүү 350-500 миллисекунда арасында болгон, бирок эң маанилүүсү бул сандардагы айырма эмес. Себеби Либеттин ою боюнча, мындай кечигүү болгон эле болсо, бул чоң же кичинекей болсун, бир саат же бир микросекунда болсун айырмасы жок, биздин заттык дүйнө деп кабылдаган ушул көз ирмемдеги жашообуз дайыма өтмүштө болууда. Бул ар бир ойдун, сезимдин, кабылдоонун же кыймылдын биз али биле электе ишке ашканын көрсөтөт, бул болсо келечектин толугу менен биздин колубузда эмес экенин далилдейт.
Проф. Бенжамин Либет башка кээ бир эксперименттеринде манжаларын каалаганда кыймылдатуу тандоосун эксперимент жасалып жаткандарга калтырган. Манжаларын кыймылдатуу учуру мээлеринен байкоо жасалган адамдардын бул чечимди кабыл алуудан мурда тиешелүү мээ клеткаларынын кыймылга келгени байкалган. Башкача айтканда, адамга «кыл» буйругу келүүдө, кыймылды жасоо үчүн мээ даярданууда; адам болсо 0,5 секундадан кийин гана муну аңдап-байкоодо. Бир кыймылды жасоо чечимин алып, анан жасап жаткан жок, ал үчүн мурдатан аныкталган кыймылдарды жасоодо. Бирок мээ убакытты жөнгө салып, адамдын чынында ушул көз ирмемди өтмүштө башымдан өткөрдүм деген сезимин жок кылууда. Демек, ушул учур дегенде чынында өтмүштө аныкталган бир окуяны жашап жатабыз. Байкалгандай, бул изилдөөлөр Инсан Сүрөсүнүн 30-аятында билдирилгендей, бүт нерсенин Аллахтын каалоосу менен ишке ашаарын тастыктап жатат.
Жаратылыштагы жуптар
Эркектик-ургаачылык «жуп» түшүнүгүн түшүндүрөт, бирок аяттагы «билбеген канча нерселерден» сүйлөмүнүн мааниси терең. Бүгүнкү күндө аят ишарат кылган маанилердин бирин көрүүдөбүз.
«Жерден өсүп жаткандардан, алардын напсилеринен (алардын өзүнөн) жана али билбеген канчалаган нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улуу.»
Эркектик-ургаачылык «жуп» түшүнүгүн түшүндүрөт, бирок аяттагы «билбеген канча нерселерден» сүйлөмүнүн мааниси терең. Бүгүнкү күндө аят ишарат кылган маанилердин бирин көрүүдөбүз. Заттын жуптар абалында жаратылганын аныктаган англиялык илимпоз Поль Дирак (Paul Dirac) 1933-жылы Физика боюнча Нобель сыйлыгын алган. «Parité» деп аталган бул ачылыш заттын анти-зат деп аталган бир жубунун бар экенин аныктаган. Анти-зат затка тескери өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, затка тескери болгон анти-заттын электрондору плюс, протондору болсо минус заряддуу. Бул чындык илимий бир булакта мындайча орун алган:
... Ар бир бөлүкчөнүн тескери заряддуу бир анти-бөлүкчөсү бар. Кайдыгерлик (тең салмактуулук) байланышы бизге бул жуптардын бар болушу жана жок болушунун бүт жерде жана дайыма бир убакта ишке ашканын көрсөтүүдө.
Жаратылыштагы жуптардын дагы бир мисалы – бул өсүмдүктөр. Ботаниктер өсүмдүктөрдө жыныстык айырма бар экенин 100 жыл мурун гана аныктай алышты. Бирок Куранда өсүмдүктөрдүн жуптар абалында жаратылганы 1400 жыл мурда төмөнкү аяттар менен апачык билдирилген:
«Ал асмандарды түркүксүз жараткан, муну көрүп турасыңар. Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду кылды жана ал жерде ар бир жандыкты көбөйтүп жайды. Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк.»
«(Раббим) жер бетин силер үчүн бир бешик кылды, анда силер үчүн жолдор төшөдү жана асмандан суу түшүрдү; муну менен ар түрдүү өсүмдүктөн жуптарды чыгардык.»
Ошол сыяктуу мөмөлөр да ургаачы жана эркек болуп эки башка түзүлүшкө ээ. Куранда бул маалымат Рад Сүрөсүнүн 3-аятында айтылууда:
«Ал жерди жайды, ал жерде туруктуу тоолор жана дарыяларды жаратты, ал жерде ар түрдүү мөмөдөн эки жуп (эркек-ургаачы) жаратты. Түндү күндүздүн үстүнө оройт. Албетте, мында ой жүгүрткөн бир коом үчүн аяттар бар.»
Аятта «жуп» деп которулган «зевжейни» сөзү Арап тилинде «түгөй» маанисинде колдонулган «зевж» сөзүнөн келип чыгат. Белгилүү болгондой, жетилген өсүмдүктөрдүн түшүмдөрүнүн акыркы абалы – бул мөмөлөрү. Мөмөдөн мурунку баскыч болсо – бул гүл. Гүлдөрдүн болсо эркектик жана ургаачылык органдары бар. Гүлгө чаңча ташылып, төлдөтүү ишке ашканда (эркек менен ургаачы көбөйүү клеткалары кошулганда), мөмө байлап баштайт. Убакыттын өтүшү менен мөмө жетилет жана урук төгүп баштайт. Бул чындык, т.а. мөмөлөрдө ар башка жыныстарга тиешелүү өзгөчөлүктөр бар экени, Куранда ишарат кылынган дагы бир илимий чындык.
Атомдон майда бөлүкчөлөр
Грек философу Демокрит атактуу атом теориясын сунуштагандан бери адамдар зат атом деп аталган абдан кичинекей, эч бөлүүгө жана жок кылууга мүмкүн болбогон бөлүкчөлөрдөн турат деп ишенип келишкен эле.
Грек философу Демокрит атактуу атом теориясын сунуштагандан бери адамдар зат атом деп аталган абдан кичинекей, эч бөлүүгө жана жок кылууга мүмкүн болбогон бөлүкчөлөрдөн турат деп ишенип келишкен эле. Бирок илим жана технологиядагы өнүгүүлөр атомдор жөнүндөгү мындай маалыматтарды кыйратты. Бүгүнкү күндө болсо заманбап илим заттын эң кичинекей бирдиги деп эсептелген атомдун да бөлүкчөлөргө бөлүнүшү мүмкүн экенин аныктады. Өткөн кылымда гана аныкталган бул чындык Куранда мындан 1400 жыл мурда адамдарга билдирилген:
«... Асмандарда жана жерде кыпындай (зерре, атомдой) оордуктагы эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).»
«... Жерде жана асманда кыпындай (зерре, атом салмагында) болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу).»
Көңүл бурулган болсо бул аяттарда «зерре» жана мындан да кичинекей бөлүкчөлөр жөнүндө сөз болууда. Арап тилинде колдонулган «зерре» сөзү «адамдар билген эң кичинекей бөлүкчө, чаң, атом» деген маанилерге келет.
Мындан 20 жыл мурдага чейин «атомдорду түзгөн эң кичинекей бөлүкчөлөр – бул протондор жана нейтрондор» деп кабыл алынып келген эле. Бирок жакында гана атомдун ичинде бул бөлүкчөлөрдү түзгөн абдан кичинекей бөлүкчөлөрдүн бар экени аныкталды. Атомдун ичиндеги «кичинекей бөлүкчөлөрдү» жана алардын өзгөчө кыймылдарын изилдөө үчүн «Элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасы» аттуу бир физика тармагы пайда болду. Элементардык бөлүкчөлөр физикасы жүргүзгөн изилдөөлөр төмөнкү чындыкты ачыкка чыгарды: атомду түзгөн протон жана нейтрондор да чынында «кварк» деп аталган андан да төмөнкү бөлүкчөлөрдөн турат. Адамдын акылы аңдап-түшүнө албагандай кичинекей болгон протонду түзгөн кварктардын чоңдугу болсо абдан таң калыштуу: 10-18 (0,000000000000000001) метр.
Бул жерде дагы бир көңүл бурчу жагдай бар: зерре жөнүндөгү аяттарда өзгөчө салмакка көңүл бурулган. Аяттагы «мискале зерретин» (зерре салмагындагы) сүйлөмүндөгү «мискал» сөзү «салмак» маанисинде. Чынында эле атомду бөлүнө ала турган абалга алып келген протон, нейтрон жана электрон сыяктуу бөлүкчөлөрдүн ошол эле учурда атомдун салмагын түзгөн компоненттер экени аныкталган. Бул тараптан караганда, «зерренин» көлөмүнө же башка бир өзгөчөлүгүнө эмес, салмагына көңүл бурулушу – Курандын дагы бир илимий керемети.
Кара тешиктер
20-кылымда ааламдагы асман телолору жөнүндө көптөгөн жаңы ачылыштар жасалды. Бүгүнкү күндө жаңы гана аныкталган мындай телолордун бири – бул кара тешиктер.
20-кылымда ааламдагы асман телолору жөнүндө көптөгөн жаңы ачылыштар жасалды. Бүгүнкү күндө жаңы гана аныкталган мындай телолордун бири – бул кара тешиктер. Кара тешиктер энергиясы түгөнгөн бир жылдыздын өзүнүн ичин көздөй кысылышы жана эң аягында жылдыздын ордуна чексиз тыгыздык жана нөл көлөмгө ээ абдан чоң бир тартылуу талаасынын пайда болушу натыйжасында пайда болууда. Кара тешикти үстүңкү беттик тартылуу күчү абдан күчтүү болгондуктан жана жарык анын ичинен кача албагандыктан, эң ири телескоптор менен да көрө албайбыз. Бирок өз ичине чөккөн жылдыз турган ордунун айланасына болгон таасири менен гана билинет. Аллах Вакыа Сүрөсүндө жылдыздардын ордуларына ант ичүү менен бул темага мындайча көңүл бурган:
«Жок, жылдыздардын орундарына ант ичем. Шексиз, бул эгер билсеңер, чынында улуу бир ант.»
«Кара тешик» түшүнүгү алгачкы жолу 1767-жылы англиялык илимпоз Жон Митчелл (John Michell) тарабынан айтылып, «кара тешик» термини алгачкы жолу америкалык физик Жон Арчибальд Уилер (John Archibald Wheeler) тарабынан 1969-жылы колдонулган. Мурдалары бардык жылдыздарды көрө алабыз деп гипотеза жасалса, акыркы жылдары космосто биз нурларын көрө албаган жылдыздардын да бар экени аныкталган. Себеби энергиясын түгөткөн жылдыздардын нурлары да жоголууда.
Кара тешик – бул бир массанын жарык чыга албай тургандай кичинекей бир жерде чогулушу. Күчтүү тартылуу күчү фотондорду жана эң ыкчам бөлүкчөлөрдү да бул аймакта кармап калат. Күндөн 3 эсе чоң массага ээ болгон кадимки бир жылдыздын күйүшү жана жарылышы натыйжасында пайда болгон кара тешиктин көлөмү болгону 20 км болот. Кара тешиктер «кара», т.а. түздөн-түз көрүүгө болбойт. Өздөрүн кыйыр түрдө, башка асман телолорун өзүнө тарткан тартылуу күчү аркылуу таанытышат. Төмөнкү аятта да кыямат күнү тасвири менен бирге, бир тараптан кара тешиктер жөнүндөгү мындай илимий ачылышка да ишарат болушу мүмкүн:
Мындан тышкары, чоң массага ээ жылдыздар космосто бүгүлүүгө себеп болушат. Бирок кара тешиктер космосто бүгүлүүгө гана себеп болушпайт, ошол эле учурда астрофизиктер айткандай, космосту тешип өтүшөт. Бул өчкөн жылдыздардын кара тешиктер деп аталышынын себеби да ушул. Тарык Сүрөсүнүн үчүнчү аятында болсо «тешүүчү жылдыз» жөнүндө сөз болот:
«Асманга жана Тарыкка ант болсун, Тарыктын эмне экенин сага эмне кабар берет? (Караңгыны) Тешкен жылдыз.»
Аяттын Арапчасында «тешик» маанисине келген «сакб» уңгусунан «тешик ачуучу, тешүүчү жана тешип өтүүчү» маанилерине келген «эссакибу» сөзү колдонулууда. Кара тешиктерди сүрөттөгөн илимий эмгектерде болсо «тешик ачуу, тешүү» маанилерине келген англисче «puncture» сөзү колдонулууда. Кара тешиктердин өзгөчөлүгүн сүрөттөө үчүн Куранда колдонулган бул сөз абдан терең маанилүү. Аятта жылдыздар жөнүндөгү бул маалыматка да көңүл бурулган болушу – Курандын Аллахтын сөзү экенин далилдеген дагы бир маанилүү маалымат.
Кагуучу жылдыздар: пульсарлар
Курандын 86-сүрөсү болгон «Тарык» - «тарк» уңгусунан чыккан бир сөз. Сөздүн чыныгы мааниси бир добуш чыга тургандай кылып катуу уруу, сүзүү маанилерине келет.
«Асманга жана Тарыкка ант болсун, Тарыктын эмне экенин сага эмне кабар берет? (Караңгыны) Тешкен жылдыз.»
Курандын 86-сүрөсү болгон «Тарык» - «тарк» уңгусунан чыккан бир сөз. Сөздүн чыныгы мааниси бир добуш чыга тургандай кылып катуу уруу, сүзүү маанилерине келет. Сөздүн эң түпкү мааниси болгон «сокку», «катуу уруучу» маанилери эске алынганда, бул сүрөдө абдан маанилүү бир илимий чындыкка ишарат кылынганы аныкталат. Алгач аятта бул жылдыздарды сүрөттөгөн башка сөздөрдү карайлы:
Жогорудагы аяттагы «эттарики» сөзү түндү тешүүчү, караңгыны жаруучу жылдыз, түнкүсүн чыгуучу, тешип өтүүчү, уруучу, кагуучу, кескин жылдыз маанилерине келет. Мындан тышкары аяттагы «вав» сөзү менен ант ичилип, ант ичилген нерселердин, т.а. асмандын жана Тарыктын, маанисине көңүл бурулууда.
Жоселин Белл Бурнелл (Jocelyn Bell Burnell) 1967-жылы Англия Кембридж университетинде жасаган изилдөөлөрү учурунда бир калыптуу бир радио сигналын кармаган эле. Бирок ал доорго чейин жүрөктүн согушу сыяктуу бир калыптагы соккулардын булагы болушу мүмкүн болгон бир асман телосу билинчү эмес. Бирок 1967-жылы астрономдор өз огунда айланган ядродогу заттын тыгыздыгы өскөн сайын жылдыздын магниттик талаасынын да тыгыздыгынын өскөнүн жана натыйжада жылдыздын уюлдарында жердин магниттик талаасынан 1 триллион эсе көп күч пайда болоорун аныкташты. Мынчалык ыкчам айланган жана мынчалык күчтүү магниттик талаага ээ болгон бир заттын жылдыз ар бир айланган сайын конус сыяктуу болгон абдан күчтүү радио толкундары түзгөн бир нурду таркатаарын байкашты. Кийинчерээк бул сигналдардын булагынын нитрон жылдыздарынын абдан чоң бир ылдамдыкта айланышы экени аныкталган. Бул нитрон жылдыздар «пульсарлар» деп аталат. Супернова жарылуулары менен өлүп «пульсар» абалына келген бул жылдыздар ааламдын эң оор массалуу, эң жаркыраган жана эң кыймылдуу телолору. Кээ бир улгайган пульсарлар өз айланаларында секундасына 600 жолу айланышат.
Пульсар сөзү англис тилиндеги «pulse» этишинен келип чыккан. American Heritage сөздүгү боюнча бул этиш «бир калыптуу жана ритмдүү согуу» маанисине келет. Webster сөздүгү болсо бул сөзгө «ылдам уруу, жүрөк сыяктуу согуу» маанилерин берет. American Heritage сөздүгү боюнча ушуга окшош уңгуга ээ болгон башка бир этиш «pulsate» болсо «ритмикалык кеңейүү жана кысылуу, согуу» маанилерине ээ.
Мына ушул ачылыштан соң Куранда «тарык» б.а. «согуу» сөзү менен айтылгандын пульсар деп аталган нитрон жылдыздарга абдан окшош экени байкалган. Супернова ири жылдыздардын ядролору ичине чөгүп, нитрон жылдыздарын пайда кылат, бул кичинекей жана жогорку тыгыздыктагы, ыкчам айланган айлана абалындагы зат жылдыздын салмагынын жана магниттик талаасынын көп бөлүгүн камап калат жана кысат. Бат айланган бул нитрон жылдызы пайда кылган күчтүү магниттик талаанын жерден аныктоого мүмкүн болгон күчтүү радио толкундардын жайылышына себеп болоору аныкталган.
Тарык Сүрөсүнүн үчүнчү аятында болсо тешүүчү, жарып өтүүчү, тешик ачуучу, жаркыратуучу маанилерине келген «эннежму эссакибу» сөзү менен Тарыктын караңгыны тешип өтүүчү жаркыраган жылдыз экени баса белгиленген. Тарык Сүрөсүнүн экинчи аятында болсо «Тарыктын эмне экенин сага эмне кабар берет?» суроосундагы «эдраке» сөзү аңдап, түшүнүү маанисин берет. Күндүн бир канча эсеси болгон жылдыздардын кысылып кичирейиши натыйжасында пайда болгон пульсарлар аңдап түшүнүү кыйын болгон асман телолору арасында. Аяттагы суроо аркылуу бул согуучу жылдызды түшүнүү кыйын экенине басым жасалууда. (Эң туурасын Аллах билет.)
Байкалгандай, Куранда Тарык деп сүрөттөлгөн жылдыздар 20-кылымдын аягында ачылган пульсарларга абдан окшош жана бизге Курандын дагы бир илимий кереметин көрсөтүүдө.
Сириус жылдызы
Курандагы кээ бир сөздөр 21-кылымдын илимий маалыматтары менен изилденгенде бизге бир Куран керемети катары чыгууда. Булардын бири Нажм Сүрөсүнүн 49-аятындагы Сириус жылдызы:
Курандагы кээ бир сөздөр 21-кылымдын илимий маалыматтары менен изилденгенде бизге бир Куран керемети катары чыгууда. Булардын бири Нажм Сүрөсүнүн 49-аятындагы Сириус жылдызы:
«Чынында, «Шиъра (жылдызы)нын» Раббиси – Ал.»
Нежм Сүрөсү, 49
Арап тилинде «Шиъра» деп аталган Сириус жылдызынын бир гана «жылдыз» маанисине келген Нажм Сүрөсүнүн 49-аятында жайгашышы абдан маанилүү жагдай. Себеби илимпоздор түндөлөрү асмандын эң жаркыраган жылдызы болгон Сириус жылдызынын кыймылдарынын бир калыптуу болбошуна карап, анын бир жуп жылдыз экенин аныкташты. Ошондуктан Сириус – Сириус А жана Сириус В деп аталган эки жылдыздан турган бир топ жылдыз. Булардын чоңураагы болгон Сириус А Сириус Вга караганда жерге жакыныраак, жана өзгөчөлүгү – куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болгон эң жаркыраган жылдыз болушу. Сириус В жылдызынын өзгөчөлүгү болсо – бул телескопсуз көрүүгө мүмкүн болбошу.
Сириус топ жылдызы бири-бирин көздөй жаа абалында бир ок чийишет жана ар бир 49,9 жылда бир бири-бирине жакындап, асманда созулушат. Бул илимий маалымат учурда Гарвард, Оттава жана Leicester университеттеринин астрономия бөлүмдөрү бир добуштан кабыл алган илимий бир чындык. Кээ бир булактарда бул маалыматтар мындайча баяндалат:
Эң жаркыраган жылдыз Сириус – чынында бир жуп жылдыз... Айлануу периоду 49,9 жыл.
Белгилүү болгондой, Сириус-А жана Сириус-В жылдыздары бири-биринин айланасында ар бир 49,9 жылда бир жуп жаа сызыгы сызышып, айланышат.
Бул жерде көңүл бура турган жагдай – бул эки жылдыздын бир-биринин айланасында айланып жатканда жаага окшош эки орбита сызышы.
Бирок 20-кылымдын аягына жакын аныкталган бул илимий чындыкка кереметтүү абалда мындан 14 кылым мурда Куранда ишарат кылынган. Нажм Сүрөсүнүн 49- жана 9-аяттары чогуу окулганда, бул кереметти көрөбүз:
«Чынында, «Шиъра (жылдызы)нын» Раббиси – Ал.»
Нежм Сүрөсү, 49
«(Экөөсү арасындагы аралык) эки жаадай (болду) же андан да жакындашты.»
Нежм Сүрөсү, 9
Нажм Сүрөсүнүн 9-аятынан түшүнүлгөн «экөөсү арасындагы аралык» сөзү бизге бул эки жылдыз сызган орбитада бири-бирине жакындаарын билдирүүдө. (Эң туурасын Аллах билет.) Куран вахий кылынган доордо билүү эч мүмкүн болбогон бул илимий чындык бизге Курандын Улуу Раббибиздин бир сөзү экенин дагы бир жолу далилдөөдө.
Нур жана караңгылыктар
Белгилүү болгондой, айланада жарык булагы болбосо, бир адамдын айланасындагыларды куралсыз көз менен көрүшү мүмкүн болбойт. Бирок биз көрө алган нур – нур таркатуучу энергиянын абдан кичинекей бир бөлүгү гана.
«Мактоолор (хамд) асмандарды жана жерди жараткан, караңгылыктарды жана жарыкты (нурду) жасаган Аллахка тиешелүү...»
Белгилүү болгондой, айланада жарык булагы болбосо, бир адамдын айланасындагыларды куралсыз көз менен көрүшү мүмкүн болбойт. Бирок биз көрө алган нур – нур таркатуучу энергиянын абдан кичинекей бир бөлүгү гана. Адам көрө албаган, бирок нур чыгарган башка энергия түрлөрү да бар: инфра-кызыл, ультра-кырмызы, Х нурлары жана радио толкундар сыяктуу. Жана адам нурдун бул толкун узундуктары алдында сокур абалында.
Куранда «караңгылык» сөзүнүн дайыма «караңгылыктар» деп айтылышы да бул тараптан маанилүү. Арап тилинде «зулумат» деп айтылган «караңгылыктар» сөзү Куранда 23 аятта көптүк түрдө колдонулган. Жекелик түрдө болсо эч колдонулган эмес. Куранда караңгылык сөзүнүн мындай колдонулушу биз көрө алган жарык толкуну узундуктарынан башка дагы нур түрлөрүнүн болушу мүмкүн экенине көңүл бурууда.
Бул жердеги көптүк түрдө айтылышынын себебин илимпоздор жакында гана аныкташты. Толкун узундуктары – бул электромагниттик радиация катары таанылган энергиянын ар кандай түрлөрү. Электромагниттик радиациянын бардык ар кандай түрлөрү космосто энергия толкундары абалында кыймылдашат. Муну бир көлгө ыргытылган таштар пайда кылган толкундарга окшоштурууга болот. Жана бул көлдөгү толкундар ар башка чоңдуктарда болгон сыяктуу эле, электромагниттик радиациянын да ар түрдүү толкун чоңдуктары (узундуктары) бар.
Ааламдагы жылдыздын жана башка нур булуктарынын баары бир түрдүү нур чыгарышпайт. Мындай ар башка нурлар толкун узундуктарына карап класстарга бөлүнөт. Ар башка толкун узундуктары түзгөн кеңдик болсо абдан чоң. Эң кичинекей толкун узундугуна ээ болгон гамма нурлары менен эң чоң толкун узундугуна ээ болгон радио толкундар арасында 1025'тик (миллиард жолу миллиард жолу миллиарддык) бир айырма бар. Күн өзүнөн чыгарган нурлардын баарына жакыны бул 1025'тик кеңдиктин жалгыз бир бирдигине батырылган.
Бул сандын чоңдугун жакшыраак түшүнүү үчүн мындай бир салыштыруу жасоого болот. Эгер 1025 санын санагыбыз келгенде, күнү-түнү эч токтобостон санап, бул жумушту жердин жашынан 100 миллион эсе узун бир убакыт бою улантышыбыз керек болмок. Ааламдагы ар түрдүү толкун узундуктары мына ушунчалык кеңири бир кеңдикте таркаган. Күндөн чыккан толкун узундуктарынын болсо 70%ы 0,3 микрон менен 1,5 микрон арасындагы кеңдиктин ичинде. Бул интервалда үч түрдүү нур бар: көзгө көрүнгөн нур, жакын инфра-кызыл нурлар жана жакын ульра-кырмызы нурлар. «Көзгө көрүнүүчү нур» деп аталган бул нурлар электромагниттик кеңдиктин 1025'тен бирден да аз бир аралыкта болгонуна карабастан, жалпы күн нурларынын 41%ын түзөт.
Байкалгандай, көздөрүбүз көрө алган электромагниттик толкундар жарык спектринин абдан кичинекей бир бөлүгүн гана түзөт. Калган бөлүгү болсо адам үчүн кеңири масштабдуу караңгылык дегенди билдирет жана бул интервалдан (аралыктан) тышкаркы толкун узундуктары болсо адам сокур болгон (эч нерсе көрбөгөн) аймактар.
Жалынсыз күйүү
Нур Сүрөсүнүн бул аятында жарык чыгаруучу бир нерсе жөнүндө сөз болууда. Нур чыгарган нерсе болсо бир жылдызга окшотулууда.
«Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт нерсени Билүүчү.»
Нур Сүрөсүнүн бул аятында жарык чыгаруучу бир нерсе жөнүндө сөз болууда. Нур чыгарган нерсе болсо бир жылдызга окшотулууда. Аятта жылдызга окшотулган нур чыгаруучу нерсенин отунунун (энергиясынын) чыгышка да, батышка да тиешелүү болбошу болсо бул нерсенин физикалык чен-өлчөмдө эмес экенине бир ишарат болушу мүмкүн. Отун булагы энергия сыпатында деп ойлосок, анда аятта сүрөттөлгөн отундун электр энергиясына, жарык берүүчү нерсенин болсо электрдик чыракка ишарат кылып жаткан болушу ыктымал.
Электрдик чырак аяттагы сүрөттөөлөргө абдан туура келген, айнек ичинде, жылдыз сыяктуу жаркыраган жана нур чачуучу бир нерсе. Электрдик чырак шам чырак, газ чырагына окшогон жарык берүүчүлөр сыяктуу май менен жанбайт жана электрдик чыракта аяттагы сүрөттөөлөргө төп келген абалда, жалынсыз бир күйүү ишке ашат. Чырактын ичиндеги ысыкка чыдамкай вольфрам зымынын атомдору арасындагы титирешүү натыйжасында 2000 0C'ден жогорку бир температура пайда болот. Башка металлдарды ээритип жиберүүчү бул температура ушунчалык жогору болгондуктан, көзгө көрүнө тургандай күчтүү бир нурдун пайда болушуна себеп болот. Бирок мындай жогорку температурага карабастан, чырактын ичинде кычкылтек жок болгондуктан, аяттагы сүрөттөөлөргө туура келген абалда күйүү ишке ашпайт. Мындан тышкары, чырактын ортосунда жаркыраган зым да жаркыраган бир жылдыздын алыстан көрүнүшүнө абдан окшошууда.
Электрдик токтун дүйнө тарыхынын эң улуу ачылыштарынын бири экенин, дүйнөнүн дээрлик бүт тарабынын электрдик энергия менен иштеген чырактар менен жарык кылынганын эске алсак, аят ушул маанилүү ачылышка ишарат кылып жатат деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)
Бул жөнүндөгү дагы бир түшүндүрмө катары жылдыздардагы ядролук реакциялар натыйжасында пайда болгон нурду ойлоого болот. Жылдыздар – бул ядролук реакциялардан келип чыккан абдан чоң санда температура, нур чыгаруучу, абдан ысык, жаркыраган, айлануучу газ массалары. Жаңы пайда болгон ири жылдыздар көбүнчө өздөрүнүн тартылуу күчтөрү натыйжасында кысылып башташат. Мунун натыйжасында борборлорунун тыгыздыгы чоңураак жана температурасы жогорураак болот. Жылдыздын борборундагы заттын температурасы жетиштүү деңгээлге көтөрүлгөндө (эң аз 10 миллион oC болгондо) болсо, ядролук реакциялар башталат. Бир жылдыздын ичинде ишке ашкан кубулуш – бул суутектин ири бир энергия менен (биригүү менен) гелийге айланышы. Жылдыздарда массанын чоңдугунан келип чыккан тартылуу күчү 4 суутек атомун 1 гелий атомун түзө турган абалда аралаштырат. Бул учурда сыртка чыккан энергия массанын бетинен нур жана температура абалында сыртка таркайт. Суутек түгөнгөндө, жылдызда ушул сыяктуу андан да оорураак элементтерди пайда кылуу үчүн гелий күйүүсүн (биригүүнү (fusion)) улантат. Мындай реакциялар жылдыздын массасы түгөнгөнгө чейин уланат.
Бирок жылдыздардагы реакцияларда кычкылтек колдонулбагандыктан, күйүп жаткан отундагы сыяктуу кадимки бир күйүү ишке ашпайт. Жылдыздарда ири жалындар абалында көрүнгөн күйүү кубулушу да чынында күйүүдөн келип чыкпайт. Аятта да ушундай бир күйүү кубулушуна ишарат кылынууда. Мындан тышкары, аятта бир жылдыз, анын отуну жана жалынсыз бир күйүшү, т.а. реакциясы, жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлосок, анда аят жылдыздардагы нурдун пайда болушуна жана күйүү абалына ишарат кылууда деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)