Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Адам эмнеден жаратылган?

Адамдын жаратылышы жөнүндө көп аяттар бар. Бул аяттарда Аллах, адамдын ар башка нерселерден жаратылганын билдирет. Кээ бирлеринде адамдын топурактан, кээ бирлеринде кургак ылайдан, кээ бирлеринде суудан, кээ бирлеринде болсо alak’тан жаратылганы билдирилет. Бул ар башка сөздөрдүн болушу, карама-каршылык катары көрсөтүлүүгө аракет кылынса да, бул жерде карама-каршылык жок. Бул ар башка баяндоолордун баары чындыкты билдирет.

Адамдын жаратылышы ар башка кадамдарда жана ар башка этаптардын ичинде болгон. Бул этаптардын ар башкалыгынан улам аяттарда бул кадамдар ар башкача билдирилген. Эми аяттарды бир-бирден карап көрөлү: Адемдин биринчи жаратылышы негизинен топурактан.

إِنَّ مَثَلَ عِيسَىٰ عِندَ ٱللَّهِ كَمَثَلِ ءَادَمَ خَلَقَهُۥ مِن تُرَابٍ ثُمَّ قَالَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Шексиз, Аллахтын алдында Исанын абалы, Адемдин абалы сыяктуу. Аны топурактан жаратты, анан ага “бол” деши менен ал дароо боло калды. (3 Али Имран сүрөсү, 59)

Аллах Адемди алгач топурактан жараткан. Адамда бар болгон бардык атомдор топуракта да бар. Аллах топуракты колдонуп жатканда адамды белгилүү бир түрдө пландап, сүрөт берген. Бул этапта дагы топурактан келип чыккан, анын суу менен аралашмасы болгон ылайды колдонгон. Негизинен теги топурак, бул топурак ылай абалында адам катары калыптанып кургатылган. Бул дагы бир этап:

Эсиңдеби, Раббиң периштелерге айткан эле: “Мен, кургак чоподон, калыптанган ылайдан бир адамзат жаратам.” (15 Аль-Хижр сүрөсү – 28)
Адемдин жаратылышынан тышкары жалпысынан адамдын өзүнчө жаратылышы бар. Бул жаратылыштын башталышы болсо жатындарга куюлган мани. Аяттарда билдирилген адамдын ушул жаратылышы.

وَٱللَّهُ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٍ ثُمَّ مِن نُّطْفَةٍ ثُمَّ جَعَلَكُمْ أَزْوَٰجًا وَمَا تَحْمِلُ مِنْ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلْمِهِۦ وَمَا يُعَمَّرُ مِن مُّعَمَّرٍ وَلَا يُنقَصُ مِنْ عُمُرِهِۦٓ إِلَّا فِى كِتَٰبٍ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٌ

Аллах силерди топурактан жаратты, анан бир тамчы маниден (nutfe’ден). Анан силерди жуп-жуп кылды. Анын билими болбостон, эч бир ургаачы боюна бүтпөйт жана төрөбөйт да. Өмүр сүргөнгө, өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылган). Чындыгында бул, Аллах үчүн оңой. (35 Фатыр сүрөсү – 11)

Мариям сүрөсүндөгү аятта болсо ортодо эч нерсе жок кезде адамдын мындайча көзгө көрүнбөгөндөй кичинекей сперма жана жумуртка клеткаларынан жаратуусунан улам, “мурун эч нерсе болбогон кезде” деген сөздү колдонууда:

أَوَلَا يَذْكُرُ ٱلْإِنسَٰنُ أَنَّا خَلَقْنَٰهُ مِن قَبْلُ وَلَمْ يَكُ شَيْـًٔا

Адам мурун, эч нерсе болбогон кезде, чындыгында Биз аны жаратканыбызды (эч) ойлобойбу? (19 Мариям сүрөсү – 67)

Чындыгында ортодо адам жок кезде Аллах кереметтүү план ичинде адамды жараткан. Жумуртка сперма менен биригиши менен эненин курсагында alak (түйүлдүк) пайда болот. Бул да адамдын жаратылышындагы дагы бир этап. Адамдар бул этаптан өтүп жаратылышат.

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ ٱقْرَأْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلَّذِى خَلَقَ خَلَقَ ٱلْإِنسَٰنَ مِنْ عَلَقٍ

Жараткан Раббиңдин аты менен оку. Ал, адамды бир alak’тан жаратты (Аль-Алак сүрөсү – 1/2)

Жыйынтыгында адамдын жана Адемдин жаратылышында өткөн этаптар эске алынганда, жогоруда билдирилген аяттардын баары бир чындыкты билдирери жана алардын ортосунда сөзсүз карама-каршылык жок экени ачык көрүнүп турат.